16
№8 (17) 2014-жыл Бейиш Бейиш туура жолду танда №8 (17) 2014-жыл Кыргызстан Ислам Университети КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН КООМ – КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН ЧЫГА АЛБАЙТ АБИТУРИЕНТ 2014 КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИ 2014-2015-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу шарттары: Иш-кагаздарды кабыл алуу м==н=тъ: 08.07.14 – 09.08.14 Талап кылынуучу иш кагаздары: Паспорт (к=чърм=съ); Аттестат (к=чърм=съ); Мед. аныктама (0,86у); 3х4 =лч=мънд= сър=т (5даана); Айыл =км=тън=н же маала башчысынан аныктама; 1000(Мищ) сом (кагаз иштерине). Сынактар: 1.Кыргыз тили 2.Кыргыз адабияты 3.Кыргыз тарыхы 4.Жалпы география Эскертъъ! Сынактар тест търънд= жана ар бир сабактан 25 суроо болот. Дареги: Бишкек шаары. Гоголь к=ч=съ 57. Борбордук мечит аялдамасы Байланыш тел: 0777 002076, 0772 210116, 0700 233076, 0773 209652 (БАКАРА, 183–АЯТ) Кайрадан эшигибизди кагып улуу Рамазан айы кирип кел- ди. Улуу Рамазан башталардан алдын, бул ай тууралуу кыска- ча түшүнүк берели. Эмне үчүн Рамазанды ыйык деп санай- быз? Рамазан айында кандай ибаадаттарды аткарып, кандай иштерден тыйылуу керек? Алла Таала бир орунду экинчи орун- дан же бир айды экинчи айдан жөндөн-жөн эле ыйык кылып койгон эмес. Мисалы Мекке шаары ыйык шаар. Анын ыйык болуусунун себеби, бардык му- сулмандардын кыбыласы бол- гон Каьба ошол жерде. Рама- зандын ыйык болуусунун себе- би, бул айда кадыр кечеси бар. Ал эми кадыр кечесинин ыйык болуусунун себеби, бул кечеде Куран түшүрүлгөн. Демек, ур- маттуу мусулман бир тууганым. Рамазан айы Куран түшүрүлгөн ай. Куран түшүрүлгөн айда Ку- ранда тыюу салынган күнөөлөр- дү таштап, аткарууга буюрулган амалдарды аткарууга үйрөнүү керек. Шаабан айынын аягын- да Пайгамбарыбыз (Ага Алла- нын салам-салаваты болсун) сахаабаларына кайрылып: - «Оо, адамдар! Силерге улуу ай жакындап келе жа- тат. Алла Таала бул айда орозо кармоону парз, түндө- сү намаз окууну нафил кылды. Кимде-ким Рамазан айында нафил ибаадатты аткарса парз ибаадатты аткаргандай сооп берилет. Ал эми ким парз ибаадатты аткарса, башка айлардагы жетимиш парз- ды аткаргандай сооп алат. Кимде-ким адамдардын оозун ачтырып курсагын тойгузса, тозоктон жетимиш жылдык аралыкта алыс болот» - деп айтканда, сахаабалардын кээ бирөөсү: - Оо, Алланын элчиси, баа- рыбыздын эле адамдардын курсагын тойгозууга мүмкүнчү- лүгүбүз жок, биз эмне кылабыз – деп сурашты... 12-БЕТ

2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

  • Upload
    others

  • View
    25

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл Бейиш

Бейиштуура жолду танда

№8 (17) 2014-жыл Кыргызстан Ислам Университети

КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

КООМ – КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН

ЧЫГА АЛБАЙТ

АБИТУРИЕНТ 2014 КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИ2014-2015-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу шарттары:Иш-кагаздарды кабыл алуу м==н=тъ:08.07.14 – 09.08.14Талап кылынуучу иш кагаздары:

•Паспорт (к=чърм=съ);•Аттестат (к=чърм=съ);•Мед. аныктама (0,86у);

•3х4 =лч=мънд= сър=т (5даана);•Айыл =км=тън=н же маала башчысынан аныктама;•1000(Мищ) сом (кагаз иштерине).

Сынактар:1.Кыргыз тили 2.Кыргыз адабияты3.Кыргыз тарыхы4.Жалпы география

Эскертъъ! Сынактар тест търънд= жана ар бир сабактан 25 суроо болот.Дареги:Бишкек шаары. Гоголь к=ч=съ 57. Борбордук мечит аялдамасыБайланыш тел: 0777 002076, 0772 210116, 0700 233076, 0773 209652

(БАКАРА, 183–АЯТ)

Кайрадан эшигибизди кагып улуу Рамазан айы кирип кел-ди. Улуу Рамазан башталардан алдын, бул ай тууралуу кыска-ча түшүнүк берели. Эмне үчүн Рамазанды ыйык деп санай-быз? Рамазан айында кандай ибаадаттарды аткарып, кандай иштерден тыйылуу керек? Алла Таала бир орунду экинчи орун-дан же бир айды экинчи айдан

жөндөн-жөн эле ыйык кылып койгон эмес. Мисалы Мекке шаары ыйык шаар. Анын ыйык болуусунун себеби, бардык му-сулмандардын кыбыласы бол-гон Каьба ошол жерде. Рама-зандын ыйык болуусунун себе-би, бул айда кадыр кечеси бар. Ал эми кадыр кечесинин ыйык болуусунун себеби, бул кечеде Куран түшүрүлгөн. Демек, ур-

маттуу мусулман бир тууганым. Рамазан айы Куран түшүрүлгөн ай. Куран түшүрүлгөн айда Ку-ранда тыюу салынган күнөөлөр-дү таштап, аткарууга буюрулган амалдарды аткарууга үйрөнүү керек. Шаабан айынын аягын-да Пайгамбарыбыз (Ага Алла-нын салам-салаваты болсун) сахаабаларына кайрылып:

- «Оо, адамдар! Силерге

улуу ай жакындап келе жа-тат. Алла Таала бул айда орозо кармоону парз, түндө-сү намаз окууну нафил кылды. Кимде-ким Рамазан айында нафил ибаадатты аткарса парз ибаадатты аткаргандай сооп берилет. Ал эми ким парз ибаадатты аткарса, башка айлардагы жетимиш парз-ды аткаргандай сооп алат.

Кимде-ким адамдардын оозун ачтырып курсагын тойгузса, тозоктон жетимиш жылдык аралыкта алыс болот» - деп айтканда, сахаабалардын кээ бирөөсү: - Оо, Алланын элчиси, баа-рыбыздын эле адамдардын курсагын тойгозууга мүмкүнчү-лүгүбүз жок, биз эмне кылабыз – деп сурашты... 12-БЕТ

Page 2: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл БейишБУЛ ЖУМАДА ЭМНЕ КЕП02

1 0 - и ю н ь күнү Аалымдар ке-ңешинин кезектеги 2-жыйыны болуп өттү. Кеңештин күн тар-тибинде жети маселе каралды. Алардын не-гизгиси - Рамазан айы-нын биринчи күнүн тактоо жана Орозо, Курман айт күндөрүн белгилөө, Фитир са-дакасынын, Зекеттин жана Үшүрдүн өлчөмүн бекитип, фатва чыгаруу болду. №1-фатва-га ылайык: 2014-жылдын 28-июнь, ишемби күнү Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилди. Ушул жылдын 28-июль, дүйшөмбү күнү Орозо айт майрамы деп белгиленсе, 4-октябрь, ишемби күнү Курман айт майрамы деп белгиленди. Бирок, фатвада эскертилген-дей, жогоруда көрсөтүлгөн күндөр айдын чыгуусу боюнча бир күн-гө айырмалануусу мүмкүн.

Ошондой эле №4-фатванын негизинде орозо фитирдин өл-чөмү төмөнкүдөй белгиленди. Садака-фитир жан башына 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3кг 200грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы өлчөмүндө берилет.

Аталышы Буудай Мейиз Ун Арпа Курма

Орточо баасы 20сом 200сом 30сом 14сом 150сом

Өлчөмү 1,600 кг 1,600 кг 1,600 кг 3,200 кг 3,200 кг

Фитирдин баасы 32 сом 320 сом 48 сом 45 сом 480 сом

Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баа-лардын кайсысынан чыгарса өз ыктыяры.

Аалымдар кеъешме ёткёрдщ

Куран жаттоо боюнча сынак жыйынтыкталды12-июнь күнү борбордук мечитте, КМДБнын “Окуу жайлар, карылар

жана балдар үйү” бөлүмү уюштурган Республикалык масштабдагы Куран жарыш мелдеши болуп өттү. Финалдык мелдешке 30 пара боюнча он бир, 20 пара боюнча он беш жана 10 пара боюнча отуз эки бала ат салышып, жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында, алдыңкы орундарды ээлешкен жеңүүчүлөргө сыйлуу белектер ыйгарылып, эң мыкты деп табылгандарына ноябрь айында Сауд Арабиясында боло турган Куран жарышына жолдомо ыйгарылды. Андан сырткары Сауд Арабиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдуррахман бин Саид бин Мухаммед Аль Жума эки жеңүүчүгө ажылык сапарга жолдомо берүүнү элчиликтин атынан убада кылды.

Нарындык имамдар жарышыштыНарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраевдин буйругу менен

март айында жарыяланган, Нарын облусундагы дин кызматкерлери үчүн өткөрүлүп жаткан “Үлгүлүү райондук баш имам-хатиб”, “Үлгүлүү имам” жана “Мыкты мечит” сынагы жыйынтыкталды. Атайын түзүлгөн топ облустагы бардык мечиттерди кыдырып, атайын даярдалган анкеталарды айыл өкмөтүнө, мектептерге, айыл тургундарына жана мечитке келүүчү жамаатка таратып, айыл имамы жана мечит тууралуу сурамжылоо жүргүзүшкөн. Бул сурамжылоодон сырткары топтун мүчөлөрү ар бир мечиттин жетишкен жактарын карап чыгышты. Натыйжада, 17-июнь күнү беш райондон дайындалган өкүлдөр менен атайын топтун мүчөлөрү акыркы чечимди чыгарышып, ага ылайык баш байгени, тагыраак айтканда, ажылык сапарга жолдомону жеңип алган үч имамды аныкташты.

Мындай иш-чаралар мечит имамдарынын кызматында так болуусуна шарт түзүп, өз иштерин кызыгуу менен алып баруусуна жардам берери белгилүү. Андыктан, бул сыяктуу иш-чараларды баардык аймактарда өткөрүп туруу колдоого аларлык иш.

Гезит ээси: Кыргызстан Ислам УниверситетиРектору: Абдишүкүр НарматовБашкы редактору: Алайчы СеитбековРедакциялык кеңеш: Абдишүкүр Нарматов Чубак ажы ЖалиловОрозали АдрановРавшан Акимбай уулуБаяндамачылар: Бакыт Ниязов,Эрмек Айтышев, Мирланбек АкматалиевКабарчылар: Султан Ташматов, Заирбек Калыков, Абдуллаева МухаббатДизайнер: Руслан Абдырахманов

Окурмандардын жана маектештердин материалдары гезиттин көз карашын билдирбейт.

Редакцияга келген кол жазмалар жана сүрөттөр кайтарылбайт. Гезиттен алынган материалдарга "Бейишке" шилтеме берилүүгө тийиш

Сүрөттөр өздүк архивден жана интернет булактарынан алынды. Гезит редакциянын компьютердик басма бөлүмүндө даярдалды.

2014-ж, 25-июньРедакциянын дареги: Бишкек шаары,

Гогол көчөсү 53. тел: 0773 40 50 42 E-mail: [email protected] Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

Каттоо күбөлүгү №1099«ММК колдоо борбору» фондунун басмаканасында басылды

Нускасы: 7000. Буйрутма №1520

ГЕЗИТ ЖАМААТЫ

КИУнун студенттери диплом алышты9-июнь күнү Кыргыз Улуттук Тарых музейинде Кыргызстан Ислам

Университетинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Быйылкы жылы университетти он үч бала жана жыйырма кыз ийгиликтүү бүтүрүп диплом алышты. Мындан сырткары эл-жерине мыкты кызмат көрсөткөнү үчүн бир катар мугалимдер, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери жана диний ишмерлер Кыргызстан Ислам Университетинин ардак баракчасы жана баалуу сыйлыктары менен сыйланды.

Page 3: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл БейишИБАДАТ03

Орозо Исламдагы беш парздын бири. Рамазан айында отуз күн кар-малат.

Алла Таала Куранда: «Оо, ыйман келтирген пенделер! Силерден мур-дагыларга парз кылынган сыяктуу эле силерге да орозо кармоо парз кылын-ды, такыба болууңар үчүн» - деп айт-кан. (Бакара, 183–аят).

Ибн Умар (Алла андан ыраазы бол-сун) кабарлаган хадисте, Пайгамбары-быз (Ага Алланын салам-салаваттары болсун):

“Ислам беш нерсе менен негиздел-ген: Алладан башка сыйынууга татык-туу зат (илах) жок, Мухаммад анын элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, ажылык кылуу жана оро-зо кармоо” – деп айткан. (Муслим).

Орозонун өкүмүАр бир балакат жашына жеткен

эркек жана аялга Рамазан айында орозо кармоо парз. Орозону мусул-ман, акыл-эстүү (жинди эмес), бала-кат жашына жеткен адам кармоого милдеттүү. Оорулуу жана сапардагы адамга орозону башка убакта тутуп берүүгө уруксат берилген. Хайыз (этек кир) жана нифас (төрөттөн кийинки кан) көрүп жаткан аялдар да орозо

кармашпайт жана каза болгон орозо-сун башка убакта кармашат. Жогорку шарттардын баары табылган адам орозо кармабай койсо, чоң күнөөкөр болот.

Орозонун тилдеги жана шариаттагы маа-

нисиОрозо - арабдын "савмун" деген

сөзүнөн алынган. Савмундун тилдеги мааниси - тыйылуу. Ал эми шарият-тагы мааниси - таң аткандан күн бат-канча жегенден, ичүүдөн, жыныстык катнаш кылуудан орозо кармаймын деген ниет менен тыйылуу.

Рамазандын башталуусу

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын са-лам-салаваты болсун): «Жаңы айды көрүп орозону баштагыла жана жаңы айды көрүп оозуңарды ачкыла (оро-зону токтокула), эгер күн бүркөк болуп ай көрүнбөсө Шаьбанды отуз күн кы-лып толтургула» - деп айткан. Ошон-дуктан Шаьбандын жыйырма тогузун-да жаңы айды кароо адамдарга мил-

дет, эгер жаңы ай көрүнсө орозону баштайт, эгер көрүнбөсө Шаьбанды отуз күн кылып анан орозону баштайт.

Шаьбандын жыйырма тогузунда, бүркөк күнү, айды көрдүм деп бир адам күбөлүк берсе жана ал адилет-түү мусулман болсо анын аял-эркек, кул же азат экенине карабастан күбө-лүгүнө ишенүүгө болот.

Орозону бузуучуларТөмөнкү учурларда орозо бузулат,

кийин ошол күн үчүн каза орозо кар-майт, кафарат болбойт:

• Майда ташты же данекти жутуп алса

• Кулагына же мурдуна дары куйса• Ичине куюлган дары курсагына

жетсе• Таң ата элек деген күмөн менен

саарлык тамагын жесе• Күн батты деген күмөн менен

оозун ачып алса• Аялын өпкөндө же кармалаганда

мани суусу түшсө

Кафарат кылуучу амалдар

Кафарат - акы төлөө деген мааниде. Эгер орозо тутуучу атайлап, себепсиз эле тамак жесе, же суусундук ичсе, же күндүзү аялы менен жакындык кылса, анда ошол күн үчүн кафарат кылууга милдеттүү болуп калат.

Кафараттын өлчөмү - бир кулду азат кылуу. Ага күчү жетпесе катары менен эки ай орозо кармоо. Эгер ага да күчү жетпесе, анда алтымыш кедей-кемба-галды тойгузуу керек.

Орозону бузбай тур-ган амалдар

Эгерде эсинен чыгарып жеп, ичип,

же жыныстык байланыш кылып койсо орозо бузулбайт. Уктап калып түшүн-дө жунуп болсо, аялын караса мани суусу түшсө, аялын өпсө, бирок мани суусу түшпөсө, кан алдырса, сурма койсо, мурду канаса, кусса ж.б.у.с. орозо бузулбайт.

Орозонун казасыОрозонун казасын кармоого атайын

дайындалган убакыт жок. Бирок, мүм-күн болушунча батыраак кармоо за-рыл. Эгер бир адам бир канча күн каза кылган болсо, аны үзгүлтүксүз кармоо шарт эмес. Кааласа бөлүп-бөлүп кар-маса да болот. Бул Рамазандан калган казасын кармап бергенче кийинки Рамазан келип калса, алгач келген Ра-мазандын орозосун кармай берет да, калган казасын кийин кармап берет.

Мирланбек Акматалиев

ОРОЗО

Оомат Тыныбеков, Грек рим күрөшүнүн машыктыруучусу, КМС

Ислам беш парз-дын үстүнө курулган. Орозо ошонун бири болуп эсептелет. Неги-зи адамдын организми жыл бою иштеп, орозо-до эс алат деп ойлойм. Ашказанга топтолгон керексиз заттар оро-зо аркылуу тазаланат. Сообу көп - ибадат. Ден соолукка пай-дасы өтө көп жана адамдын мүнөзүнө да таасири чоң, чыдамдуулукту, сабыр-дуулукту үйрөтөт. Бул баарына эле на-сип боло бербейт. Орозо бейишке алып барат буюрса.

Акылбек Асанбек уулу, студент

Алла Тааланын мусулман пенделери-не берген белеги десем жаңылышпайм. Орозо напсини тарбиялоо болуп эсептелет. Бул диета эмес. Көпчүлүк адамдар ушул жагына карап кармашат. Орозо бул жеп ичүүдөн гана оолак болбостон тилди, кулакты ушак-тан коргоп, көздү да ар түрдүү арам нерселерден сактоо болуп эсептелет.

Эрлан Нурматов, студент

Алла Таала ыйык Куран-Карим-де пайгамбарыбызга орозону парз кылган-дыгын жарыялап: «(Оо Мухаммед), силерден мурдагы коомдорго парз болгон сыяктуу эле силерге да оро-зо парз кылынды» деп айткан. Демек, бардык коомдордун өздөрүнүн орозосу болгон. Ошол себептен бул орозонун өзүнүн көптөгөн сообу жана артыкчы-лыктары бар. Жараткан өзүнүн кулда-рына жакшылыктарды эсепсиз ыроо-логон. Бул орозону да ошондой нээмат-тардын бири деп ойлойм.

Айзат Тобокеева, студент.

Орозо көптү тү-шүндүрөт. Мисалы, орозону адам баласы ден соолугун чыңдаш үчүн жана напсисин тарбиялаш үчүн кар-майт. 14 кылым мурун сахабалар орозонун келишин 6 ай мурда күтүшкөн жана орозо өтүп кеткенден кийин 6 ай орозонун кабыл болушун суранып дуба кылышкан. Орозонун сообу аябай чоң. Анын Акыреттеги кай-рымжысы Аллага гана маалым. Ошон-

дуктан, Алланын парзын аткарып оро-зо кармап сооп тапкыла деп айтмакчы-мын.

Диларом Саидтажиева, студент.

Исламдын беш түркүгүнүн үчүнчүсү - Орозо. Рамазан айын-да орозо кармоо мусул-мандардын парзы бо-луп саналат. Рамазан айындагы орозо хиж-раттын экинчи жы-лында парз кылынган. Бул ай ар тарабынан берекелүү жана ыйык. Ислам дини ушул айда туулган, дүйнөнү нурга бөлөгөн ыйык Куран да ушул айда түшкөн жана миң айдан ар-тыгыраак болгон «Кадыр кечеси» да ушул айдын ичине камтылган. Ички дүйнөбүздү туура эмес түшүнүктөрдөн, сыртыбызды жаман адаттардан таза-лаган айлардын султаны - Рамазан.

Нурайым Орозали кызы, сту-дент.

Орозо Аллахтын буйругу. Бизге эмне зыян, эмне пайдалуу экенин Аллах жакшы билет. Орозонун биз-дин дүйнөбүз, Акы-

ретибиз үчүн пайдасы чоң жана биз билбеген сыр болуп калган пайдалары да талашсыз. Медицинада айтылган-дай адамдын ичегилеринде жана жоон ичегиде пайда болуп шлагды жылына 40 күн аз тамактануу менен чыгарууга болот. Бирок менин айтайын дегеним, орозону ден соолук үчүн, же эл көрсүн үчүн эмес Алланын ыраазычылыгы үчүн кармоо керек.

Гүлнур Адылкан кызы, сту-дент.

Орозону кыш мезгилине салышты-рам, себеби кышында кар көп жааса, күзүндө түшүм да ошончо көп болот. Орозонун би-ринчи он күнү - Аллах-тын мээрими, экинчи он күнү - күнөөлөрдүн кечирилиши, үчүнчү он күнү - тозоктон кутулуу.

Суроо салган: Султан Ташматов

Page 4: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл Бейиш

«КЫРК ХАДИС» ЖАНА АНЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮОН БИРИНЧИ ХАДИС:

ШЕКТҮҮ АМАЛДАР-ДАН САКТАНУУ

Пайгамбарыбыздын (Ага Ал-ланын салам-салаваты болсун) не-береси жана Анын жыпар жыттуу сүймөнчүгү болгон Хасан бин Али ибн Абу Талиб (Алла андан ыраазы болсун) айтат: “Мен Алланын элчи-синен мына бул сөздөрдү жаттап алганмын: “Сени шектенүүгө сал-ган нерсени таштагын да, шектен-бей турган нерсени ал”. (Тирмизи, Нисаи)

Хадистен алына турган сабактар:

1. Шектүү нерселерден сак-

тануу зарыл.Ибадатта, мамиледе жана

жалпы эле амалдардын баарында шек-күмөн туудурган нерселерден сактануу зарыл. Шек-күмөндөн сак-тануу – адамды такыбалыкка алып барат. Шек-күмөндүү иштерге кө-ңүл бурбастан аткара берүү адам-дын арам иштерди аткара берүүсү-нө жол ачат. Исламда арамдан тыюудан алдын арамга себеп бо-луучу иштерге тыюу салынат. Ант-кени, ар бир иштин себебин алдын алса, андан кайтаруу жеңил болот.

2. Анык иш менен шек-кү-мөндүү иш бирге келип калса эмне кылуу керек?

Эгерде кайсы бир иштин анык экендиги белгилүү болсо, ага амал кылып күмөндүү ишти таштоого болот. Шариятта «Анык ишеничти күмөн жок кылбайт» деген эреже

бар. Бул эрежени жакшы түшүнүү үчүн, төмөнкү мисалга көңүл бура-лы: бир адам даарат алды. Андан соң “дааратым бузулуп калдыбы» деген күмөн пайда болду б.а. ал даарат алганын толук билет да, би-рок бузган-бузбаганын эстей албай жатат. Мындай учурда анык болуп турган иш этибарлуу болот да, ал адам даараттуу болуп эсептелет.

3. Күмөндүү нерселерден сактанып, бир гана адал-таза амалдарга берилүү жөнүндө на-кыл сөздөр:

Абу Зар ал-Гифари (Алла ан-дан ыраазы болсун) айтат: “Арам болуп калуусунан коркуп, айрым адал нерселерден баш тартуу – та-кыбалыктын белгиси”.

Абу Абдурахман Амри айтат: “Такыба пенде күмөндүү нерселер-ди күмөн туудурбай турган адал-

таза нерселерге алмаштырат”. Фузайл айтат: “Адамдар такы-

балыкты оор нерсе деп ойлошот. Мен эки жол турган болсо, ар да-йым кыйыныраагын тандайм. Сени күмөнгө салган нерселерди таштап, күмөнгө салбай турган анык-адал нерселерди ал”.

Хассан бин Абу Синан: “Такы-ба болуу оңой: качан сага бир иш шектүү болсо, андан баш тарт”.

Язид бин Зариң мурастан өзү-нө тиешелүү болгон беш жүз миң динардан (алтын) баш тартты. Ант-кени, анын атасы султандын кыз-матын кылат эле. Ушундай мурас-тан баш тарткан Язид өмүр бою се-бет токуп, жашоо-тирилигин ошону менен өткөрдү.

Бүбүназира Канат кызы

БИЛИП АЛ04Кадыр түн Алла Таа-

ла тарабынан акыркы Пай-гамбар Мухаммадга (Ага Алланын салам-салаваты болсун) жана анын үммөтү-нө берилген белек. Бул түн-дө аткарылган ибадат - миң күндүк ибадатка барабар. Пайгамбарыбыз (Ага Алла-нын салам-салаваты болсун) айткан: "Алла Таала Кадыр түндү менин үммөтүмө ыра-йымдуулук кылып берген, мындан башка үммөттөргө берилген эмес". Экинчи бир хадисте минтип айткан: "Си-лерге Рамазан айы келди. Анда бир кече бар, ал - миң айдан артыгыраак. Кимде-ким ушул кечеден куру калса, анда ал баардык жакшылык-тан куру калат, бирок бул кечеден бактысыз адам гана куру калат".

КАДЫР ТҮНДҮН МААНИСИ:

"Кадыр" деген сөз, ис-лам аалымдары тарабынан үч түрдүү чечмеленген:

1."Өкүм түнү" - деген маанини б.а. Алла Тааланын тагдырында өкүмү чыгарыл-ган иштердин ажыратылган түнү деген маанини билди-рет. Бул жерде айтылып жат-кан "тагдыр" эзелки белги-леп коюлган өкүм-чечимдер-дин ачыкка чыгуусу болуп эсептелет.

2. "Кадыр-барктуулук, улуулук" - деген мааниде.

3. "Тардык, кысылуу" - деген мааниде. Мунун маа-ниси - бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелер-ге жер тардык кылат. Кээ бир

ислам аалымдарынын пики-ринде, "кысылуунун" артын-да чоң жакшылыктар болот. Курандагы алгачкы аян, сү-йүктүү Пайгамбарыбызга (Ага Алланын салам-салава-ты болсун) Жабрайил периш-тенин катуу кысуусу менен башталган.

КАДЫР ТҮНДҮН УБАКТЫСЫ:

Кадыр түндүн так убактысы айтылган эмес. Исламда кээ бир маанилүү иштердин убактысы так көрсөтүлгөн эмес. Мисалы: Жума күнүндөгү дуба кабыл болуучу убакыт, беш убак намаздын арасынан даража-

сы жогору болгон "ортоңку намаз", айтып туруп дуба кылса, дуба сөзсүз кабыл бо-луучу Алла Тааланын "Ысмы Аьзамы" ж.б. Бул нерселер адамдар өздөрү аракет кы-лып ибадат кылсын үчүн жашырылып коюлган. Ошол сыяктуу эле Кадыр кечеси да Рамазан айынын ичине жа-шырылган. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салава-ты болсун): "Кадыр кечесин Рамазан айынын ичинен из-дегиле", "Кадыр кечеси - Ра-мазандын так түндөрүндө", "Кадыр кечеси - Рамазандын акыркы он күнүндө" деген сыяктуу хадистерди айткан. Кадыр түн Рамазандын жы-йырма жетинчи түнүндө де-ген да айтымдар да бар.

КАДЫР ТҮН-ДҮН АРТЫКЧЫ-ЛЫКТАРЫ:

Бул түндө Куран түшү-рүлгөн. Куран түшүрүлгөн деген сөздү Ислам аалымда-ры эки түрдүү чечмелешет. 1. Куран түшүрүлө баштады деген мааниде. Ыйык Куран аяттары Рамазан айында тү-шүрүлө баштаган. 2. Бул түнү Куран дүйнө асманына түшү-рүлдү деген мааниде.

Бул түндө жасалган ибадаттардын сообу - миң айлык ибадаттын сообуна барабар. Бул түнү Жабрайил (алайхис салам) баштаган пе-риштелер жер бетине түшүп, таң атканча адамдарга са-

лам-тынчтык тилеп турушат. Бул түнү кимде-ким ыклас менен ибадат кылса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Пайгамбарыбыз (Ага Алла-нын салам-салаваты бол-сун): "Кимде-ким кадыр түн-дү ишенүү менен сооп үмүт кылып өткөрсө, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет" - деп айткан.

КАДЫР ТҮНДҮ КАНТИП ӨТКӨ-РӨБҮЗ:

1. Кадыр кечесинде ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша намаз окуусу керек

2. Куран окуй алгандар Куран окуп, окуй албагандар аны угуусу керек

3. Көп дуба кылуу ке-рек. Айша энебиз Пайгамба-рыбыздан (Ага Алланын са-лам-салаваты болсун): " Оо, Алланын элчиси, мен Кадыр кечесин таап калсам, кантип дуба кылайын" - деп сура-ганда, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): "Аллахумма инна-ка афуввун, тухиббул афва фаңфу анни" - деп, дуба кыл-гын деген. Дубанын мааниси: "Аллахым, Сен Кечирим-дүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң, мени да кечир"

4. Куран аяттарын, ха-дистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек

5. Өткөн күнөөлөргө тооба кылуу керек

6. Алланы зикир кылуу керек

7. Өзүң жана өткөндөр үчүн дуба кылуу керек

Калыков Заирбек

Page 5: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл БейишИШЕНИМ05

БЕЙИШКЕ БИРИНЧИ КИРҮҮЧҮЛӨР

Эң биринчи бейиш-ке кире турган адам - Му-хаммад пайгамбарыбыз

, эң обо-лу бейишке кире турган үммөт - бул Мухаммаддын

үммөтү жана бул үммөттөн эң алдын кире турган адам бул - Абу Бакр

.Анас

риваят кылган хадис-те, Аллахтын элчиси

: “Эң би-ринчи бейиштин дарбаза-сын кага турган адам мен болом” – деп айткан. (Мус-лим, 505).

Анас ри-ваят кылган дагы бир ха-дисте, Аллахтын элчиси

айтат: “Бейиштин дарбазасына келип, ачкыла деп айтам, анан кароолчу: “Сен ким-сиң? – деп сураганда, мен: “Мухаммадмын” - деп жооп берем, ал: “Сенден мурун-ку келгендерге эшикти ач-поого буюрулганмын”- деп айтат. (Муслим, 507).

Абу Хурайра риваят кыл-

ган хадисте, Пайгамбар минтип

айткан: “Биз акыркы үммөт болсок да, кыямат күнү би-ринчи болобуз, бейишке эң биринчи кире турган биз болобуз”. (Бухари, 2017).

Абу Хурайра риваят кыл-

ган хадисте, Пайгамбар : “Мага

Жабраил келип, бейишке кире турган үммөтүмдүн эшигин көргөздү” – деп айтты. Ошондо Абу Бакр: “Ошол убакта сени менен бирге карап турсам кана” - деп кошумчалады. Пай-гамбар : “Оо, Абу Бакр, менин үммө-түмдөн биринчи бейишке кире турган адам сен боло-суң” – деп жооп берди. (Абу Дауд, 4654).

БЕЙИШКЕ ЭСЕП-КЫСАП-СЫЗ КИРЕ ТУРГАНДАР

Бул үммөттөн эң би-ринчи бейишке кире тур-ган топ - ыйманы бекем, такыба, жакшы амалдарды аткарган, акыйкат динде жүргөндөр. Алар караңгы түндө толгон айдай болуп, бир сапка тизилишип, бе-йишке чогуу киришет. Абу Хурайра риваят

кылган хадисте, Пайгамбар : “Бейиш-

ке кире турган эң биринчи топтун келбети - караңгы түндөгү толгон айдай бо-лот, алар бейиште какыры-нып-түкүрүнбөйт, ажатка-нага да барышпайт. Алар-дын бейиштеги идиштери алтын, тарактары алтын менен күмүштөн, алардын түтөткү салчу идиштерин-де жыпар жыттуу “уд” талы бар. Терлери мисктей жыт-туу болот. Ар бир адамга экиден аял берилет, алар ушунчалык сулуу жана тунук болгондуктан, бал-тырларынын сөөгүндөгү чучуктары көрүнөт. Ал эки аялдын ортосунда талаш-тартыш жана жек көрүү болбойт. Бейишке кирген адамдардын жүрөктөрү, бир адамдын жүрөгүндөй болуп, алар Алланы эртели кеч аруулап турушат” – деп айткан. (Бухари, 3245).

Сахл бин Саьд риваят кыл-

ган хадисте, Пайгамбар минтип айткан:

“Менин үммөтүмдөн бе-йишке жетимиш миң же жети жүз миң адам сөзсүз кирет, алар чогуу киришет, алардын жүздөрү караңгы түндөгү толгон айдай бо-лот”. (Бухари, 3247).

Абу Бакр

риваят кылган хадисте, Пайгамбар : “Бе-йишке менин үммөтүмдөн эсеп-кысапсыз жетимиш миң адам кирет, алардын жүздөрү караңгы түндөгү толгон айдай, жүрөктөрү бир адамдын жүрөгүндөй болот. Мен Алла Тааладан: “Дагы кош” – деп суран-дым, анан Ал мага алардын ар бирине, дагы жетимиш миңден кошуп киргизгенге уруксат берди” - деп айткан. (Ахмад, 22).

Төмөнкү хадисте, Ал-ланын элчиси жогоруда ай-тылган жетимиш миң адам-дын сыпатын жана белги-лерин баяндаган.

Ибн Аббас риваят кылган хадисте, Пай-гамбар : “Мага бардык үммөттөр көргөзүлдү, бир пайгамбар бир топ үммөтү менен өттү, дагы бир пайгамбар топ адамы менен өттү, дагы бири он адам менен өттү, дагы бир пайгамбар беш адам менен өттү, дагы бир пайгамбар өзү жалгыз өттү. Карасам, жоон топ адам кө-рүндү, мен: “Оо, Жабраил, тигил топ менин үммөтүм-бү? – деп сурасам, ал: “Жок, сен асманды кара” – деди. Карасам андан да чоң жа-маат бар экен. Жабраил: “Мына ошолор сенин үммө-

түң, алардын алдында тур-гандарына эсеп-кысап жана азап болбойт” – деди. Мен: “Эмне үчүн?” – деп сурасам, ал: “Алар денелерин күй-гүзүү менен дарылашпайт, дем салып бер деп бирөө-лөрдөн суранышпайт, бир нерсени жаман жакка жо-рубайт, алар Кудайга гана тобокел кылышат” – деди. Ошондо Уккаша бин Михсан туруп, пайгамбарга: “Мени ошолордон болсун деп Ал-ладан тилечи?” – деди эле, пайгамбарыбыз: “Оо, Алла Таала, Уккашаны алардын бири кыл!” – деп дуба кыл-ды. Ошондо дагы бир адам туруп: “Мени да ошолордун бири болсун деп дуба кыл-чы?” – деп суранды. Пай-гамбарыбыз болсо: “Укка-ша сенден озуп кетти” - деп жооп берди. (Бухари, 5705).

Аалымдардын ай-туусунда, бул адамдар Алла Таала Куранда “жакын бол-гондор” жана “алдыда бо-луучулар” деп айткан адам-дар болуусу мүмкүн. Алла Таала бир аятта: “Алдыда болуучулар – алдыда бо-лушат, ошолор Аллага жакын болгондор. Наим бейишине абалкы момун-дардан көбүрөөк жамаат-тар, Акыркылардан азы-раак жамааттар кирет” - деп айткан.

ТОЗОК САКЧЫЛАРЫ

Тозокто кызмат кыл-

ган сакчы периштелер бар. Алар Алла буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер. Алла Таала айтат: “О, ыйман келтирген пенделер! Өзү-ңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон коргоп калгыла! Анын отундары адамдар-дан жана таштардан, үс-түндө болсо, Алла буюр-ган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нер-сени дароо аткара турган орой жана күчтүү периш-телер турат!” (Тахрим сү-рөсү, 6-аят).

Ал периштелердин саны он тогузга жетет. Алла Таала айтат: «Мен

аны жакында “Сакар” то-зогуна киргиземин. (О, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң. Ал (өзүнө таш-талган эч бир кылмышкер-ди) калтырбайт жана жөн койбойт. (Терини карар-тып,) өзгөртүп коөт! Анын үстүндө он тогуз (орой пе-риштелер) бар». (Муддас-сир сүрөсү, 26-30-аяттар).

Каапырлар бул сан боюнча да сыноого дуу-шар болушту, анткени алар “биз көппүз, мындай аз сандагы периштелерге үстөмдүк кылабыз” - деп ойлошуп, ал периштелер-дин бирөөсүнүн күчү бүт-күл ааламдагы адамзатына күчү жетишин билишпеди. Ошондуктан Алла Таала жогорудагы сөзүн улай мындай деп айткан: «Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кыл-

дык жана алардын санын каапыр болгон адамдар-ды сыноо үчүн, китеп элдери (жөөттөр менен христиандар) анык билип алуулары үчүн жана ый-мандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана ки-теп (Тоорат, Инжил) берил-ген элдер менен момун-дар (периштелердин саны боюнча) шектенип кал-башы үчүн, ал эми жүрө-гүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Алла бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шек-тенип) сүйлөшү үчүн (Алла тозок периштелеринин санын он тогуз даана кыл-ды). Алла мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каала-ганын Туура Жолго салат.

(Оо, Мухаммад, периште-лерден турган) Раббиңдин аскерлеринин санын бир Өзү гана билет. Жана бул насааттар адамдар үчүн эскертүүдөн башка нерсе эмес» (Муддассир сүрөсү, 31-аят).

Ибн Ражаб мин-тип айттат: “Мурунку жана акыркы аалымдардын айткандарынан белгилүү болгондой, каапырлар периштелердин саны ме-нен сыноого кабылышкан, алар периштелерди өл-түрүп салабыз деп, алар

менен тирешип, туруштук бере алабыз деп ойлошту, бир периштеге адам бала-сынын баары бириксе да, күчтөрү жетпешин билиш-педи”. (Тахвийф минан-наар, 174).

Ошол периштелерди Алла Таала “Тозок сакчыла-ры” деп атаган. Алла Таала айтат: «Анан тозоктогу-лар тозок кароолчусуна: «Раббиңерден сурагыла, бизден бир күн болсо да азапты жеңилдетсин?!» - дешти». (Гаафир сүрөсү, 49-аят).

Бактияр Токтогазы уулу

Page 6: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл Бейиш06

(Уландысы, башы өткөн сандарда)

8. ӨЗҮН ПАЙ-ГАМБАР ДЕП АТАГАН ЖАЛГАНЧЫЛАРДЫН ЧЫГУУСУ.

Кыяматтын дагы бир белгиси - өзүн пайгамбармын деп атаган жал-ганчылардын чыгуусу. Пайгамбары-быз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) алардын саны отузга жакын болорун айткан. Хадисте: "Өздөрүн Алланын элчисимин деп эсептеген отузга жакын жалганчы чыкмайын-ча Кыямат болбойт" - деп айтылган. (Имам Бухари).

Чындыгында, Пайгамбарыбыз-дын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) заманынан баштап бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жалганчылар чыкты. Мындай жалганчылар Кыя-матка чейин чыга берет. Анткени, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын са-лам-салаваты болсун) бир жолу хут-ба кылып жатып: "Аллага касам, отуз жалганчы чыкмайынча Кыямат бол-бойт, алардын акыркысы кыйшык көздүү Дажжал болот" - деп айткан. (Имам Ахмад).

Ошондой эле Савбан (Алла ан-дан ыраазы болсун) келтирген ха-дисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): "Менин үм-мөтүмдүн кээ бирөөлөрү мушрик-терден өтүп, эстеликтерге сыйынма-йынча жана өздөрүн пайгамбар деп

эсептеген отуз жалганчы чыкмайын-ча Кыямат болбойт. А мен болсо, пай-гамбарлардын акыркысымын, мен-ден кийин пайгамбар келбейт" - деп айткан. (Тирмизи, Абу Дауд).

Ал эми Хузайфа (Алла андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): "Менин үммөтүм-дөн жыйырма жети жалганчы чыгат, алардын төртөөсү аял. Чындыгында мен пайгамбарлардын акыркысы-мын, менден кийин пайгамбар чык-пайт" - деген. (Имам Ахмад, Табара-ни).

Тарыхта биздин убакка чейин жыйырма жети жалганчы чыккан. Алардын төртөөсү аялдар болгон. Булардын баары өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Булардан сырткары да көптөгөн жалганчылар чыккан жана чыга берет. Бирок, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты бол-сун) айткан отузга жакын жалган-чынын артынан ээрчиген жана ага ишенген адамдары болот. Алар адам-дардын арасында чоң бөлүнүп-жары-лууну жана бузукулукту таратышат. Ал эми азыркы учурдагы "Мен өлүп тирилдим", "Бейишти көрүп келдим, тозокту көрүп келдим", "Түшүмдө аян келди" деген сыяктуу сөздөрдү айтып чыккан жалганчыларды эч ким ээрчибейт. Алар болгону өздө-рүнүн материалдык кызыкчылыгы үчүн жалган айтып чыккан, же жин-шайтандарга кул болуп калган "көзү ачыктар" эле. Алардын Пайгамбары-быздын (Алла андан ыраазы болсун)

"Отузга жакын жалганчы чыгат" - де-ген хадисине тиешеси жок.

ӨЗҮН ПАЙ-ГАМБАР ДЕП ЖА-РЫЯЛАГАН КЭЭ БИР ЖАЛГАНЧЫЛАР:

1. Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) жашоосу аяктап калган мезгилде, Йе-мендик ал-Асвад Аьнсий аттуу адам өзүн пайгамбар деп жарыя кылган. Ал өзү мусулман болгон. Анан динден кайтып кетет. Бул - пайгамбарыбыз-дын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) заманындагы биринчи дин-ден кайтуу эле. Ал түн ичинде өзүнө асмандан вахий келгендигин айтып, айланасына адамдарды топтой баш-тайт жана Йеменде үч-төрт ай өкү-мүн жүргүзүп турат. Пайгамбары-быз Йемендин мусулмандарына кат жөнөтүп, аларды жалганчыны жок кылууга чакырат. Катты туура кабыл алган мусулмандар аны өлтүрүшөт. Ал өлтүрүлгөндөн кийин Йеменде кайрадан Ислам күчүнө кирип, адам-дар дин менен жашай башташат.

2. Толиха бин Хувайлид ал-Аса-дий. Бул адам да өзүн пайгамбар деп жарыя кылган. Мусулмандар аны менен бир канча жолу согушушкан. Акырында ал кайрадан динди кабыл алып, мусулман болгон.

3. Мусайламатул-каззаб. "Му-сайлама жалганчы" деген ат менен белгилүү болгон бул адам да өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Ал, түн ичинде өзүнө вахий келе баштага-нын айтып чыккан. Абу Бакр Сыд-дык (Алла андан ыраазы болсун) ага каршы аскерлерин жөнөтөт. Аскерди Халид бин Валид, Икрима бин Абу Жахил жана Шархабил бин Хасана (Алла алардан ыраазы болсун) баш-тап барат. Мусайлама аларга каршы кырк миң аскер менен тосуп чыгат. Айыгышкан катуу согушта Мусайла-ма өлтүрүлгөн. Аны Ухуд согушунда Хамзаны (Алла андан ыраазы болсун) өлтүргөн Вахш бин Харб өлтүрөт. Вахш бин Харб Хамзаны (Алла андан ыраазы болсун) өлтүргөндөн кийин, пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) чакыруусу менен динди кабыл кылган болчу. Ал Хамазаны өлтүргөн күнөөсүн жууш үчүн атайын Мусайламанын арты-

нан түшүп, акыры аны өлтүрөт. Му-сайлама өлүрүлгөндөн кийин Ислам дини кайрадан өркүндөй баштаган.

4. Сажаах бинт Ал-хаарис ат-Таглибия. Бул аял араб христианда-рынан болгон. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) дүйнөдөн өткөн соң, өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Айланасына көптө-гөн адамдарды топтоп, айланасында-гы урууларды басып алган. Ал жүрүп отуруп Ямамага чейин жетет. Ошол жерде Мусайламага жолугуп, ага турмушка чыгат. Мусайлама өлтү-рүлгөндөн кийин өз жери Таглабага кайтып кетет. Кийин Исламды кабыл алган. Өмүр аягында Басрага көчүп барып, ошол жерде каза болгон.

5. Мухтар бин Абу Убайд ас-Сакафи. Бул адам таабиьиндердин заманында чыккан. Шийиттердин арасынан чыккан бул жалганчы, өзү-нө Жибрийил периште түшкөндүгүн айтып чыккан. Мусьаб бин Зубайр ага каршы бир канча жолу согушуп, акырында Мухтарды өлтүргөн.

6. Харис бин Саьид. Димаш-кодон (Дамаск) чыккан бул адам да өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Ха-лифа Абдул Малик бин Марван анын жалганчылыгы тууралу билип, ага аскерлерди жөнөтөт. Харис изин жа-шырып, жашынып калат. Аскерлер аны таап Халифага алып келишет. Ха-лифа бир топ илимдүү адамдарды ага киргизип, аны Исламга кайтарууга аракет кылат. Бирок, Харис тооба кы-луудан баш тарат жана өлтүрүлөт.

7. Мирзо Гулам Ахмад Кадиа-ни. Он тогузунчу кылымда Индиядан чыккан бул жалганчы да өзүн пай-гамбар деп жарыя кылган. Ал өз ай-ланасына топтогон адамдарга "акыр-кы пайгамбар" экендигин айткан. Өзүнүн пайгамбарлыгын далилдөөгө далаалат кылган бир канча китеп-терди жазган. Ошол замандагы Ис-лам дининин душмандары аны дин-ге каршы курал катары колдонуп, ага материалдык жардамдарын көрсө-түп турушкан. Натыйжада, анын жо-лун жолдогондор көбөйүп, азыркы учурга чейин "Ахмадия", "Кадиания" деген агымдар жашап келет. Ал эми бир китебинде "Менин үйүмө чума оорусу кирбейт" деп жазган Ахмад Кадиани дал ушул оору менен ооруп, ажаткана ичинде жан берген.

(Уландысы бар)

Мусулман пенденин башына тщшкөн ар бир мщшкщл-көйгөйдщн артында жакшылык болот. Бирок, адам ошол көйгөйдщ көтөрө албай, тагдырга нааразы болуу менен кайра кщнөөкөр болуп калат. Ааиша (Алла андан ыраа-зы болсун) кабарлаган хадисте, пай-гамбарыбыз (Ага Алланын салам-сала-ваты болсун): "Мусулмандын башына тщшкөн ар бир кыйынчылык щчщн, эгер кичинекей тикен сайылса да, анын кщнөөсщ кечирилет" деген. (Муслим, 2575). Хадистен тщшщнщктщщ болгон-дой ар бир машакаттын өзщнө жараша жакшылыгы бар. Катуу ооруп калсаң, көбщрөөк кщнөөң кечирилет, колуңа тикен сайылса азыраак кщнөөң кечи-

рилет. Бирок, мындай сыйга татыктуу болуу щчщн башка тщшкөн кыйынчы-лыкты көтөрө билщщ керек. Кыйын-чылыкка туруштук берщщдө адамдар төрт тщрдщщ болот:

1. Шщкщр кылуучу2. Ыраазы болуучу3. Сабыр кылуучу4. Нааразы болуучуБулардын ичинен нааразы бо-

луучулар – арам ишти аткарган болу-шат. Алар Алланын тагдырына каршы болуп, кщнөөкөр болушат.

Сабыр кылуучулар – важиб амал-ды аткарган болушат. Пенденин ба-шына кандай кыйынчылык тщшсө да, анын Алланын тагдыры экенине моюн

сунуп, сабыр кылуу – важиб. Булар са-быр кылган щчщн соопко ээ болушат.

Ыраазы болуучулар – мындай кыйынчылыктарга көңщл да бурбайт. Алланын тагдыры деп ага ыраазы бо-лушкандыктан, аларда эч кандай кай-гы-капа болбойт. Булардын даражасы сабыр кылуучулардан да жогору турат.

Шщкщр кылуучулар – кыйын-чылык бергени щчщн Аллага шщкщр кылышат б.а. кубанычта болушат. Ант-кени, алар бул кыйынчылыктын артын-да жашынып жаткан жакшылыктарды жакшы билишет. Буладын даражасы ыраазы болуучулардын даражасынан да бийик болот.

КОЛУҢА ТИКЕН САЙЫЛСА, КҮНӨӨҢ КЕЧИРИЛЕТ

Page 7: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл Бейиш

(Уландысы, башы өткөн сандарда)

КУРАН НУСКАСЫ-НЫН КӨБӨЙҮҮСҮ

Усман (Алла андан ыраазы болсун) ха-лифалык доорунда мусулмандар үчүн көп-төгөн эмгектерди жасаган. Алардын бири – анын Куранды топтоосу. Куран пайгамба-рыбызга (Ага Алланын салам-салаваты болсун) 23 жылдын ичинде түшүп бүткөн. Сүрөлөр кээде толук түшсө, кээде аят-аят болуп түшүп турган. Түшкөн сүрө, аяттарды

“Куттабул вахи” б.а. “Аян жазуучулар” деп аталган кырктан ашуун сахаба дарактын кабыгына, терилерге ж.б. жазууга ыңгай-луу болгон нерселерге жазып турушкан. Мындан сырткары Куран аяттарын өз ал-дынча жазып алышкан жана аны жатка жаттаган сахабалар да болгон. Бул учурда пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-сала-ваты болсун) хадистерин жаздырган эмес, анткени адамдар Куран аяттары менен хадистерди аралаштырып алуусунан чочу-лаган. Ошондой эле пайгамбарыбыз Куран аяттарын бир китеп кылып топтоого да буй-руган эмес. Себеби ал учурда аяттардын түшүүүсү уланып турган. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) ар

бир аятты сахабаларга окуп, анын маани-син түшүндүрүп берчү. Сахабалар ага амал кылып, көбү аяттарды толук жаттап алчу. Рамазан айында Жибрийил периште ке-лип, түшкөн сүрөлөрдүн баарын пайгамба-рыбызга дагы бир сыйра окутуп чыкчу. Эң акыркы Рамазан айында, пайгамбарыбыз Куранды Жибрийил периштеге эки жолу окуп берген. Аны сахабалар угуп турушкан. Мына ушунан улам сүрөлөрдүн тартиби өзгөргүс болуп, Курандын бир тамгасы да өзгөрбөй сакталып калган.

Абу Бакр (Алла андан ыраазы болсун) халифа болуп турган учурда, Мусайлама аттуу жалганчы менен болгон согушта Ку-ранды жатка билген сахабалардан жети-миштен ашууну шейит болот. Ушул окуя-дан кийин Умар (Алла андан ыраазы бол-сун) Абу Бакрга Куранды бир китеп кылып топтоо сунушун айтат. Анткени, Куранды жатка билген карылардын азаюусу менен келечекте Курандын кээ бир аяттары да унутулуп калабы деген коркунуч болгон. Алгач Абу Бакр (Алла андан ыраазы бол-сун) ага көнбөйт. Пайгамбар (Ага Алланын салам-салаваты болсун) кылбаган ишти мен кантип кыламын деген мааниде жооп берет. Бирок, Умардын (Алла андан ыраа-зы болсун) бир канча жолку түшүндүрүүсү-нөн кийин ага макул болот. Экөө “Аян жа-зуучулар” деп аталган сахабалардын баш-чысы болгон Зайид бин Саабитке ойлорун айтышат. Анан кимде Куран аяты жазылган болсо, аны эки күбө менен алып келсин

деп буйрук беришет. Ошентип, Куранды жатка билген сахабалар ар бир жазылган аятты кылдаттык менен окуп, Зайид бин Саабит аны бир китеп кылып топтой баш-тайт. Курандын бул нускасы Умар (Алла ан-дан ыраазы болсун) өткөндөн кийин, анын кызы Хафсанын колунда калат.

Усман (Алла андан ыраазы болсун) мына ошол жалгыз нускадагы китепти ал-дырып, ошол эле Зайид бин Саабит, Абдул-лах бин Зубайр, Саьид бин Аас, Абдурах-ман бин Хаарис бин Хишаам ж.б. Куранды жатка билген сахабалардан бир топ түзүп, аны көчүрүүгө буйруйт. Булар окууну, жа-зууну жакшы билген, такыба жана кылдат сахабалар болгон. Алар Куран бардык ай-тымдарды өз ичине камтуусу үчүн араб граматикасына тиешелүү болгон “Нукат” чекиттерди койбой жазышкан. Даяр бол-гон эмгектерди Усман менен Зайид (Алла алардан ыраазы болсун) бир канча жолу окуп, текшерип чыгышкан. Анан бир канча нуска жазышып, аны ислам борборлоруна жөнөтүшкөн. Бул Усмандын (Алла андан ыраазы болсун) доорундагы эң чоң эмгек болгон. Ошентип ыйык Куран мусулман-дардын жүрөгүндө жана текчелеринде сакталып калды. Алла Таала Куранды кыя-матка чейин Өзү сактоого убада берген жана Ал - Убадасын Аткаруучу.

Арзыкул Ырайымкулов, Ал-Азхар Эл аралык университетинин студенти

САХАБАЛАР ДИНДИН КЪЗГЪСЪ

ТААЛИМ07

“ХУМАЗА ” СҮРӨСҮНҮН ТАФСИРИ Кыргызстан Ислам университетинин проректору

Равшан Акимбай уулу

Түшүүсү: Меккеде түшкөнАяты: 9 аяттан туратАталышы: Хумаза - адамдарды кыйбат

кылуучу, тили жана кыймыл-аракети ме-нен шылдыңдоочу деген мааниде. Лумаза – адамдарды алардын көзүнчө көзү жана кашы менен ишаара кылып шылдыңдоочу-лар. Сүрө мына ушундай адамдар тууралуe айтылгандыктан “Хумаза” деп аталган.

Байланышы: Бул сүрө Аср сүрөсү ме-нен байланышып, анда адам баласы жалпы зыянга учурагандыгы тууралуe айтылган болсо, бул сүрөдө ошол зыяндардын бирөө-сү жөнүндө баяндалат.

Түшүүсү: Сүрөнүн түшүүсү тууралуу бир нече пикирлер бар. Кээ бир тафсир-чилер Ахнас ибн Шурайх деген адамга түшкөн деп айтышат. Мукаатил: “Алланын элчисин жамандап, шылдыңдаган Валид бин Мугыйрага түшкөн” деп айтат. Ошон-дой эле, Умай бин Халафка түшкөн деген да айтымдар бар. Сүрө булардын баарына тиешелүү деп айтсак да болот.

Котормосу: ويل لكل همزة لمزة Вайлуль-ли-кулли хумазатиль-лумаза.

Мааниси: Тили жана амалы менен кый-бат кылуучуга (вайл) катуу азап болсун.

Тафсири: Вайл тозоктун түбүндөгү аза-бы өзгөчө оор болгон өрөөн. Анда жогор-кудай сыпаттары бар инсандар гана азапта-лышат. Вайл - шерменде болсун, катуу азап болсун деген мааниде да колдонулат. Бар-дык мусулман аалымдары гыйбаттын арам экенине бир көз-карашта.

-Аллазии жама’а маалав الذي جمع مال وعددهва ‘аддадах

Мааниси: Ал мал-дүнүйө топтоп, аны санады.

Тафсири: Хумаза жана лумаза кылуучу-

лар инсандарды өздөрүнөн төмөн сезип, өздөрүн адамдардан жогору көтөрүп мен-менсишет. Алар өзүнүн малы көбөйгөнү-нө манчыркап жана сыймыктанып, малын эсептеп ушунча малым бар деп өзүн башка-лардан өзгөчө эсептей баштайт.

Яхсабу анна маалухуу يحسب أن ماله أخلده ахладах

Мааниси: Албетте анын малы - аны тү-бөлүктүү калтырат деп күмөн кылган эле

Тафсири: Өзүнүн малына, байлыгына ишенип, башкаларды шылдың кылат. Би-рок, ал эч качан өлүмдөн кийинки сурак жөнүндө ойлонбойт. Алланын алдында мал-байлыгына эсеп берүү тууралуу оюна да келбейт. Жаратуучунун алдында инсан-дын даражасы - мал дүнүйөсү менен эмес, такыбалыгы, адамкерчилиги жана моюн сунуусу менен болот.

Каллаа, ляюмбазанна كل لينبذن في الحطمة филь-хутома

Мааниси: Жок, жок! Албетте, ал хутома-га (быркыратуучу) ыргытылат.

Тафсири: Мындай адамдарды бийиктик-тен төмөн көздөй ыргытуу менен азаптайт. Бийиктитен ыргытылган адам, анын түбүнө жеткенче эле оор азап тартат. Бийиктиктен ыргытуу өзүнчө бир азаптын түрү. Пай-гамбарыбыздын (Ага Алланын салам-сала-ваттары болсун) хадисинде: «Асман менен жердин аралыгынан да бийиигирээк жер-ден ташталат» - деп айтылган.

-Ва маа адроока маль-ху وما أدراك ما الحطمةтома

Мааниси: Быркыратуучу эмне экенди-гин сен кайдан билесиң?

Тафсири: Сүйлөмдүн суроо иретинде келүүсү – азаптын адам акылы жетпей тур-гандай оор экендигинен кабар берет.

ه الموقدة Наарул-лаахиль-муукада نار اللـМааниси: Ал - Алланын жагылган отуТафсири: Ал от - Алланын буйругу ме-

нен кызытылган жана эч качан өчпөйт. То-зоктогу оттун да түрлөрү бар. Алар адам-дардын жасаган күнөөсүнө жараша болот.

-Аллатии татто التي تطلع على الفئدةли’у ‘алаль-аф’ида

Мааниси: Ал (от денени көзөп өтүп) жү-рөккө чейин жетет.

Тафсири: Ал от жүрөктөргө чейин кө-төрүлөт жана жүрөктөрдү оройт. Абдан катуу ысыгы менен тирүү абалда аларды күйгүзөт. Адамдын дене мүчөлөрүнөн эң катуу ооруй турган жери – жүрөк. Эмне үчүн Алла Таала бул аятта жүрөктү айтты? Анткени, булар да адамдарды кыйбат-ушак кылып жүрөгүн ооруткан.

ؤصدة -Иннахаа ‘алайхим му’со إنها عليهم مда

Мааниси: Албетте, анын үстү жабылганТафсири: Алланын тозогунун үстү жа-

былган. Андан чыгып кетүүнүн эч кандай жолу жок. Пайгамбарыбыздын (Ага Алла-нын салам-салаваты болсун) сахабаларга баяндаган акырет азаптары тууралуу сөз-дөрүн уккан мушриктер, ал жерден кутулуп чыгып кетебиз го деп ойлошкон. Аларга жооп катарында, бул аят түштү. Жогоруда-гы аталган гыйбатчылар - Валид ибн Му-гыйра, Умай ибн Халаф, Ахнас ибн Шу-райх.

مددة Фии ‘амадим-мумаддада في عمد مМааниси: Узун-узун устундарга (темир

чынжырлар менен байланган).Тафсири: Алар тозоктун үстү жабылган-

дан кийин, кызытылган кишен-чынжырлар менен устундарга бекем байланган абалда азапталат. Тозоктун жабылуусу жана алар-дын устунга байлануусу – алар үчүн жан чыдагыс азап болот.

Оо, Аллахым! Баарыбызды тозок отунан сактап, Өз мээримиң менен бейишке кирги-зе көр!

Page 8: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл Бейиш

23-июль түнү кадыр түн. 28-июль орозо айт күнүЭскертүү: Айдын көрүнүшүнө карата бир күнгөайырмаланышы мүмкүн

Талас 8

Токтогул 10

Кадамжай 20

Ош 12

Чаткал 25

Исфана 30

Баткен 25

Жалал - Абад 15

Чоң - Алай 17

Бишкек убактысыБишкек убактысынынкийин ачылган аймактар(мүнөт менен)

Бишкек убактысынынмурда ачылган аймактар(мүнөт менен)

Каракол 10

Балыкчы 5

Нарын 6

ОРОЗО – КҮН УЗУН УБАККА ЭМЕС, ДАРАЖАСЫ БИЙИК УБАКТЫСЫНА КЕЛДИ.

ОРОЗО – КҮН ЫСЫК УБАККА ЭМЕС, СООБУ КӨП УБАКТЫСЫНА КЕЛДИ.

КҮН ЫСЫКТА ОРОЗО КАРМАСАҢ – ТОЗОК АПТАБЫНАН АЛЫС БОЛОСУҢ.

УЗУН КҮНДӨ ОРОЗО КАРМАСАҢ – КЫЯМАТТЫН УЗУН КҮНҮНДӨ КӨЛӨКӨДӨ БОЛОСУҢ.

БУЛ ДҮЙНӨДӨ КУРСАГЫ АЧКА БОЛГОНДОР – АКЫРЕТТЕ КӨҢҮЛҮ ТОК БОЛОТ.

Багымдат Бешим АсырОоз ачуу

ШамКуптан

1 Ишемби 28 3:03 3:08 5:25 13:05 18:23 20:49 22:09

2 Жекшемби 29 3:04 3:09 5:26 13:05 18:23 20:49 22:09

3 30 3:05 3:10 5:26 13:05 18:23 20:49 22:09

4 Шейшемби 1 3:05 3:10 5:27 13:05 18:23 20:49 22:09

5 Шаршемби 2 3:06 3:11 5:27 13:06 18:23 20:49 22:09

6 Бейшемби 3 3:07 3:12 5:28 13:06 18:23 20:49 22:09

7 Жума 4 3:08 3:13 5:28 13:06 18:23 20:49 22:09

8 Ишемби 5 3:09 3:14 5:29 13:06 18:23 20:48 22:08

9 Жекшемби 6 3:10 3:15 5:29 13:06 18:23 20:48 22:08

10 7 3:11 3:16 5:30 13:06 18:23 20:48 22:08

11 Шейшемби 8 3:13 3:18 5:31 13:07 18:23 20:47 22:07

12 Шаршемби 9 3:14 3:19 5:32 13:07 18:23 20:47 22:07

13 Бейшемби 10 3:15 3:20 5:32 13:07 18:23 20:47 22:07

14 Жума 11 3:16 3:21 5:33 13:07 18:23 20:46 22:06

15 Ишемби 12 3:18 3:23 5:34 13:07 18:22 20:46 22:06

16 Жекшемби 13 3:19 3:24 5:35 13:07 18:22 20:45 22:05

17 14 3:21 3:26 5:35 13:07 18:22 20:45 22:05

18 Шейшемби 15 3:22 3:27 5:36 13:08 18:22 20:43 22:03

19 Шаршемби 16 3:24 3:29 5:37 13:08 18:21 20:43 22:03

20 Бейшемби 17 3:25 3:30 5:38 13:08 18:21 20:43 22:03

21 Жума 18 3:27 3:32 5:39 13:08 18:21 20:42 22:02

22 Ишемби 19 3:28 3:33 5:40 13:08 18:20 20:41 22:01

23 Жекшемби 20 3:30 3:35 5:41 13:08 18:20 20:40 22:00

24 21 3:31 3:36 5:41 13:08 18:19 20:40 22:00

25 Шейшемби 22 3:33 3:38 5:42 13:08 18:19 20:39 21:59

26 Шаршемби 23 3:35 3:40 5:43 13:08 18:18 20:38 21:58

27 Бейшемби 24 3:36 3:41 5:44 13:08 18:18 20:37 21:57

28 Жума 25 3:38 3:43 5:45 13:08 18:17 20:36 21:56

29 Ишемби 26 3:40 3:45 5:46 13:08 18:17 20:35 21:55

30 Жекшемби 27 3:41 3:46 5:47 13:08 18:16 20:34 21:54

31 28 3:43 3:48 5:48 13:08 18:16 20:33 21:53

ЧислоОоз

бекитүүКүндүнчыгуусу

Дүйшөмбү

Дүйшөмбү

Дүйшөмбү

Дүйшөмбү

Дүйшөмбү

Page 9: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл БейишРамазан айында тёмёнкщ амалдарды аткарууга аракет кыл!

Рамазан айында тёмёнкщ иштерди аткаруудан сактан!

1. Рамазан айында Таравих жана тахажуд намазын оку! Таравих намазы ыйык Рамазан айында гана б.а. бир жылда бир ай окулуучу намаз. Анын руханий пай-дасы, сообу абдан кёп. Ал эми Тахажуд намазын орозо мезгилинде окубасаъ ка-чан окуйсуъ?! Ансыз да саарлык ичщщ щчщн турасыъ, ошол мезгилде даарат алып, эки ирекет намаз окуудан эринбе! Балким, чын ыклас менен окулган эки ирекет намаз сени тозок отунан тосуп калуусу мщмкщн. Пайгамбарыбыздын (Ага Алла-нын салам-салаваты болсун): “Рамазан айында кимде-ким ишенщщ жана сооп щмщт кылуу менен намаз окуса, анын ёткён кщнёёлёрщ кечирилет” деген сёзщн эсиъден чыгарба! Кщнёёбщз канча экенин ёзщбщз жакшы билебиз, демек орозону пайдаланып калалы!

2. Рамазан айында Куран окууну унутпа! Бул ай - Ку-ран тщшщрщлгён ай. Бул айда пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Жиб-рийил периштеге Куран окуп берип турган. Курандын бир тамгасын окуган адамга он сооп иш жазылат. Ал эми Ра-мазан айында ар бир сооптуу иш жетимиш барабар кёбё-йёрщн унутпа!

3. Рамазан айында буга че-йин жасаган кщнёёлёрщъё тоо-ба кыл! Кщнёёъ ат кётёргщс кёп экенин ёзщъ жакшы билесиъ. Рамазанда кщнёёдён тазала-нып, жеъил чыгууга аракет кыл. Бул айдын алгачкы он кщнщ – ырайымдуулук, ортоъ-ку он кщнщ – кечиримдщщлщк, ал эми акыркы он кщнщ – то-зоктон куткаруу экендигин эсиъден чыгарба.

4. Рамазан айында садака берщщгё шашыл! Садака кылууга эч нерсем жок деп ойлобо. Бир чёйчёк суу табуу сага кыйынбы? Же бир курма берщщгё да кщчщъ жетпейби? Рамазан айында бир адамга суу, же курма берип ооз ачырса, анын курсагын тойгузгандай соопко ээ болот. Бул адам Акыретте пайгамбары-быздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) булагынан суу ичщщгё татыктуу болот.

5. Рамазан айында кёбщрёёк дуба кыл! Орозо туткан адамдын ооз ачар алдындагы дубасы ка-был болорун унутпа! Ёзщъё, ата-энеъе, жубайыъа, балдарыъа, тууган-уруктарыъа жана жалпы мусулман элине жакшылык ти-леп дуба кыл! Чын ыклас менен кылган сенин дубаъдын себеби менен, бир туугандарыъ динге ки-рип, ырыскыъ кёбёйщп, жашооъ жеъилдеп калуусу толук мщмкщн.

1. Рамазан айында кёзщъдщ арамдан сакта! Бул айда баш-ка учурда адал болгон та-мактануу сыяктуу иштерден тыйыласыъ. Анан эмне щчщн башка учурда арам болгон иштен тыйыла албайсыъ? Орозодо адал иштен тыйы-лып, арам иштен тыйылбоо, бул – акмакчылык. Орозонун негизги максаты – арамдан тыйылууну щйрёнщщ. Мына ушул мщмкщнчщлщктщ пайда-ланып кал!

2. Рамазан айында ти-лиъди арамдан сакта! Адам-дардын кёптёгён кщнёёлёрщ тилдин айынан болот. Ыйык орозодо бир гана ашказанга орозо кармабастан, тилге да орозо кармоо керек. Кыйбат, ушак, жалган, сёгщнщщ сыяк-туу жаман адаттардан орозо кармап, тилибизди зикир, Ку-ран ж.б. жакшы сёздёр менен алек кылалы! Тилдин айынан орозодо табылчу сооптордон куру кол калбайлы.

3. Рамазан айында уру-шуп-талашуудан сактан! Оро-зо – адамды жамандыктан тосуп туруучу кёшёгё. Акы-ретте тозок отунан тосуучу кёшёгё болот. Ошондуктан, аны бузуп албай сактоого аракет кыл! Бул айда башка-ларга щнщъдщ кётёрщп сщй-лёбё, кечиримдщщ бол! Эгер сага кимдир бирёё жаман сёз айтып, сени менен урушуп-талашууну кааласа, “Мен орозо кармаган адаммын” деп, бир ооз сёз менен жооп кайтарып кой!

4. Рамазан айында уба-кытты текке кетирщщдён сактан! Орозо бул уйкунун, же телевизор кёрщщнщн айы эмес. Убактыъды уйку, же башка керексиз иштер менен ёткёрбё! Бул ай бир жылда бир келщщчщ, мусулмандын мщмкщнчщлщгщ, аны туура пайдалансаъ, ийгиликке же-тесиъ. Туура эмес пайдалан-саъ ийгиликтен куру кол ка-ласыъ!

5. Рамазан айында жаман адаттардан арыл! Арак, таме-ки, насыбай сыяктуу жаман адаттардан арылуу орозодо абдан жеъил. Эртеден бери тартпай жщргён тамекини ооз ачкандан кийин тартууга шашылба! Эртеден бери эмне щчщн тартпай жщрдщъ, жак-шылап ойлонуп кёр. Жара-туучу Алланын буйругун ат-карып, эртеден бери тартпа-дыъ, ал эми ооз ачкандан ки-йин эмнеге тартып жатасыъ?! Же Алланын буйругун кщндщз аткарып, кечинде аткарбай койсо боло береби? Жок. Ой-лон. Аракет кыл. Дуба кылып, сурангын. Мындай жаман адаттардан кутулуу сен щчщн кыйын эмес!

Page 10: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл Бейиш

ЖУБАЙЛАР ОРТОСУНДАГЫ АДЕПКыргызстан Ислам Университетинин окутуучусу Айтышев Эрмек

Пайгамбарыбызды жакындан тааныйлы

НАСААТ10

Алла Таала пенделерин жубу ме-нен жараткан. Адамдардын жуп болуп, үй-бүлөө куруп жашоосунда коом үчүн көп пайдалар бар. Ошондуктан Ислам дини да үй-бүлөө куруп, өмүр сүрүүгө үндөйт.

Алла Таала айтты: «Алла силер үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратып, жуптарыңардан силер үчүн балдар-ды, неберелерди жаратты жана си-лерди адал - таза ырыскылар менен азыктандырды. Анан алар жалганга (айкелдерге) ыйман келтиришип, Алла Тааланын жакшылыктарына каапыр болушабы»?! (Нахл сүрөсү, 72-аят).

Алла Таала айтты: «Анын аят - бел-гилеринин (дагы бири) – Анын силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңор-до сүйүү жана мээрим пайда кылы-шы. Албетте мында пикир кыла тур-ган коом үчүн аят - үлгүлөр бар». (Рум сүрөсү, 21-аят).

Аял-эркектин үй бүлө куруп жа-шоосу напсини сактоого жана туяк кал-тырып, урукту сактап калууга себепчи болгондуктан, Ислам дининде аял ме-нен эркектин ар биринин укуктары, милдеттери жана экөөнүн ортосунда сакталуучу адептер бар.

Алла Таала айткан: «Жакшы иш-терде алар (аялдар) үчүн эрлеринин алдында милдеттери бар сыяктуу эле укуктары да бар». (Бакара сүрөсү, 228-аят).

Эркектин (күйөөнүн) милдеттери:

1. Махр берүү. Алла Таала айткан: «Аялдарыңарга махрларын (алар си-лердин никеңерге өтүп, өзүн силерге

тапшыргандыгы үчүн акы катары) сөз-сүз (чын көңүлдөн ыраазылык менен) бергиле»! (Ниса сүрөсү, 4-аят).

2. Абалына жараша аялын жана бал-дарын тамактандырып, кийиндирип жана турак - жай менен камсыз кылуу. Алла Таала минтип айткан: «Бай - дөө-лөттүү киши өз байлыгынан (т.а. бай-лыгына жараша) каржыласын. Ким-дин ырыскысы тар (кембагал) болсо, анда Алла өзүнө тартуу кылган нер-седен (т.а. өз абалына жараша) каржы-ласын»! (Талак сүрөсү, 7-аят).

Алла Таала дагы бир аятта минтип айткан: «Аларды (энелерди) абалына жараша кийиндирип, тойгузуу - ата-нын милдети». (Бакара сүрөсү, 233-аят).

Ошондой эле дагы бир аятта: «Алар-га өзүңөрдүн турак - жайыңардан ку-дуретиңер жеткен жерден турак бер-гиле»! – деп айтылган. (Талак сүрөсү, 6-аят).

3. Аялына динди жана андагы за-рыл маселелерди үйрөтүү. Аялын на-маз окууга ж.б. ибадаттарга буйруу. Шариятта жабууга буюрулган денесин ачуудан, эркектерге аралашуудан ж.б. Ислам дининде тыюу салынган нерсе-лерден кайтаруу. Алла Таала айткан: «Оо, ыйман келтирген пенделер! Силер өзүңөрдү жана үй - бүлөөңөр-дү отуну адамдар менен таштардан болгон тозоктон сактагыла»! (Тахрим сүрөсү, 6-аят).

4. Эгер эркек көп аялдуу болсо, алар-дын баарын каржылоодо, багууда, тү-нөөдө ж.б.у.с. нерселерде адилеттүү болуу. Алла Таала айтты: «... эми эгер (алардын арасында) адилеттүүлүк кыла албай калуудан корксоңор, анда бир аялга (үйлөнгүлө)»! (Ниса сү-рөсү, 3-аят).

5. Аялына жакшы мамиледе болуу.

Алла Таала айткан: «Алар (аялдар) ме-нен жакшы, ынтымактуу жашагы-ла»! (Ниса сүрөсү, 19-аят).

6. Аялынын төшөгүнө төрт айдан ашык убакыт жатпай койбоо. Кошул-ган учурда, шариятта көрсөтүлгөн жол-до кошулуу. Алла Таала айткан: «(Оо, Мухаммад), сенден ошондой эле айыз (этек кири) жөнүндө сурашат. Айт-кын: «Ал жийиркеничтүү (зыяндуу) нерсе. Демек айыз маалында аялда-рыңардан оолак болгула жана таза болгонго чейин жакындашпагыла! Таза болгондон кийин гана аларга Алла буюрган тараптан келгиле»! (Бакара сүрөсү, 222-аят). Алланын эл-чиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун): «Аялынын артына кошулган киши, каргышка калат» - деп айткан. (Абу Дауд, 2162).

7. Бири - биринин сырын ачпоо жана айыптарын башкаларга айтпоо. Ал-ланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кыямат күнүндө Алланын астындагы адам-дардын эң төмөн даражадагысы - бири-бирине кошулуп, анан аялы-нын сырын жайылткан киши болот». (Муслим, 1437).

Аялдын милдеттери:1. Алла тыйбаган жолдо күйөөсүнө

баш ийүү. Күйөөсүнүн мал - мүлкүнө жана балдарына көз салып сактоо. Алла Таала айткан: «Эркектер өз аялдары үстүндө жетекчи. Буга себеп Алла алардын бирөөлөрүн - бирөөлөрү-нөн (эркектерди аялдардан) даража-сын бийик кылганы жана эркектер (аялдары жана үй - бүлөөлөрү үчүн) өз мал - мүлктөрүнөн сарп-каражат кылгандыктары. Демек, Алла Таала-га кулчулук кылып, Ага жана эрле-

рине баш ийип, алар жокто Алланын сактоосу (жана жардамы) менен (эрле-ринин мал - мүлктөрүн жана өз абийир-лерин) сактоочу аялдар - жакшы аял-дар». (Ниса сүрөсү, 34-аят). Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламда-ры болсун) айтты: «Аял күйөөсүнүн үйүндө (бала-чака жана мал-мүлкүнө) кароочу, жана ага жоопкер». (Бухари, 893).

2. Күйөөсүнүн үйүнөн анын урук-саты жана ыраазылыгысыз чыкпайт. Башка эркектерди карабайт. Эркектер арасында үнүн бийик көтөрбөйт. Кү-йөөсүнүн жакындары менен жакшы мамиледе болот. Алла Таала айткан: «Момун аялдарга да айткын, көздө-рүн (чоочун эркектерге кароодон) то-сушсун жана абийирдүү жерлерин (арамдан) сакташсын. Ошондой эле көрүнүп тургандан башка кооздук-жасалгаларын (т.а. үстүлөрүндөгү ки-йимдеринен башка кооздук-жасалгала-рын чоочун бирөөлөргө) көрсөтүшпө-сүн»! (Нур сүрөсү, 31-аят).

3. Күйөөсүнө жакшы мамиледе бо-луу. Сөзүндө, кыймыл-аракетинде ж.б. жумшак болуу. Алла Таала айтты: «Жакшы иштерде алар (аялдар) үчүн эрлеринин алдында милдеттери бар сыяктуу эле укуктары да бар. Дагы эркектер үчүн (аялдар) үстүндө бир даража (артыкчылык) бар». (Бакара сүрөсү, 228-аят).

4. Күйөөсү кошулууну кааласа, андан себепсиз баш тартпоо. Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары бол-сун) айтты: «Күйөөсү аялын төшөккө чакырганда, аялы (эч кандай себепсиз эле) баш тартса жана ал аялына ачуу-ланган абалда түнөсө, периштелер ал аялга таң атканча каргыш айтат». (Бухари, 3237. Муслим, 1436).

62-хадис. Малик бин Динар айтты: “Пайгамбар

адамдар менен бирге тамактанган-да гана тоюп жебесе, өзү эч качан нанга жана этке тойгон эмес”. (Ах-мад, 13447).

63-хадис. Нуман бин Башир айтты: “Силер каалаган

тамакты жеп, каалаган суусундук-ту ичип жатпайсыңарбы? Мен пай-гамбарыбыздын курсагын тойгузууга начар курма да таба ал-бай калган учурларын көргөнмүн”. (Муслим, 2977).

64-хадис. Айша энебиз айткан: “Биз Мухаммаддын үй-бү-лөсү болуп туруп, бир ай от жак-пай (тамаксыз) калчубуз, (жегени-биз) болгону курма жана суу болор эле”. (Тирмизи, 2371).

65-хадис. Анас бин Малик айтты: “Пайгамбардын

үйүндө эт менен нан конок келгенде гана чогуу болуп калбаса,

башка убакта эртең мененки жана кечки тамакта чогуу болгон эмес”.

66-хадис. Айша энебиз айтты: “Мухаммаддын үй-бүлөсү арпа нанга эки күн катары менен тойбостон жүрүп, Пай-гамбар бул дүйнө менен кош айтышты”. (Бухари, 6687).

67-хадис. Ибн Аббас айтты: “Алланын элчиси үй-бүлөсү менен бир нече түн ачка калып, кечки тамакка эч нерсе тап-пай калат эле, алардын наны кө-бүнчө арпа наны болчу”. (Тирмизи, 2360).

68-хадис. Сахл бин Саңддан : “Пайгамбар (ак

ундан жасалган) нан жегенби? – деп сурашты. Сахл: Аллахтын элчиси (ак ундан жасал-ган) нанды көрбөстөн Улуу жана Кудуретүү Аллага кайтты – деп жооп берди. Андан: Пайгамбардын

заманында силерде элек

болгонбу? - деп сурашканда, ал: Жок, бизде элек болгон эмес – деди. Анда арпаны кандай (нан) кылат элеңер? – деп сурашты. Ал: “Аны үйлөп, кебектери учуп кеткенден кийин камыр жууруйт элек” - деди. (Бухари, 5413).

69-хадис. Айша энебиз айтты: “Алланын элчиси арпа нанга эки күн катарынан той-бостон, дүйнөдөн өттү”.

70-хадис. Анас айтты: “Алланын элчиси үстөл үстүндө (тамак) жеген эмес жана жум-шак нан да жебестен дүй-нөдөн өткөн”. (Бухари, 6450).

71-хадис. Каңб бин Малик айт-ты: “Пайгамбар бармактарын үч жолудан жалачу”. Башка бир ри-ваятта: “Үч бармагын жа-

лачу”. (Үч жолудан жалачу деген сөзүнөн башкасы Сахих Муслимде келген, 2032).

72-хадис. Анас айтты: “Пайгамбар тамак жегенде үч бармагын жалап коөт эле”. (Муслим, 2034).

73-хадис. Каңб бин Малик айтты: “Пайгамбар

үч бармагы менен жеп, анан алар-ды жалап койчу”.

Шермухаммад Акматжан уулу

Page 11: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл БейишХИКАЯ11

БИР ТУУГАН ТАБЫЛБАЙТ

Хажжаж бин Юсуфтун заманында күнөөкөр деп шектел-ген үч адам кармалат. Алардын күнөөлөрү аныкталгандан кийин, баштарын алууга өкүм чыгары-лат. Ошентип, өкүм ишке ашчу күн келип, адамдар аянтка чогу-лат. Казы эл алдына өкүмдү угузуу үчүн чыгып бара жатканда бир аял анын бутуна жыгылып, көз жаш аралаш арыз-арманын айта баштайт. Бул окуяга көз чапты-рып турган Хажжаж аялды өзү-нө алып келүүнү буйруйт. Көрсө, бул аял тиги кылмышкерлерге жан соога сурап келген экен. Хажжаж бул адамдардын ага кандай жа-кындыгы бар экенин сурады эле, аял:

- Алардын бири менин өмүрлүк жолдошум, экинчиси тун уулум, үчүнчүсү болсо бир тууган иним, - деп жооп берди. Бул аялга үч жа-кын адамынан ажыроо кандай оор болорун сезген Хажжаж аялга ка-рап:

- Макул, мен сага бир мүмкүндүк берейин, сенин жакын адамыңды бошотуп берем, бирок бирөөсүн гана, сен кимисин кааласаң ошону-сун, - деди. Аял көп ойлонгон жок:

- Оо, падыша, андай болсо ме-нин инимди бошотуп бериңиз, - деди токтоо. Хажжаж бир азга таңдана түштү. Ал, аял баласын тандайт го, деп ойлоп турган бол-чу. Бирок, аял анын оюна кайчы пи-кирин айтты.

- Эмне үчүн иниңди бошотууну каалап жатасың, балаң менен жолдошуң сага кымбат эмеспи? – таңданганын жашыра албай су-рады Хажжаж. Аял баягысындай эле токтоолук менен жооп берди:

- Падышам, күйөөмдөн ажыра-сам, башка бирөөгө турмушка чы-гуум мүмкүн. Уулумдан ажырасам, Кудай буйруса, дагы төрөп алам. Бирок, бир тууганымды жерди түрө кыдырсам да кайра таба ал-байт эмесминби, ошон үчүн бир тууган мен үчүн кымбат. Аялдын жообуна Хажжаждын ичи жы-лыды. “Тагдырыңарга ушундай акылдуу аялды жараткан Алла-га шүгүр кылгыла” деп үчөөсүн тең өлүмдөн азат кылып жибер-ди. Ошентип акылдуу аял жакын адамдарын өлүмдөн сактап калган экен.

ЖАМАН КҮМӨНШарактаган поезддин тар ку-

песинде төрт адам бара жатты. Күйөөсү менен аялы, анан ата ме-нен бала. Баланын жашы отузга чамалап калса да, жаш баладай мадыраңдап, ары-бери көз чап-тырып атасын сөзгө тартат. Жетимишке чамалап калган ата-нын жүзүнөн да кубанычтын нуру төгүлгөнсүп турат. Ата-бала ку-банган сайын, тиги жубайлардын көңүлү чөгүп, жүздөрүнөн аларды аёо сезими байкалат. Анткени, жашы отузга жетип калган бул байкуш жигит беш жашар бала-нын кылыгын кылып жаткан. Ата-сы да ага кайыл болуп, анын ар бир сөзүнө маани берип олтурат. Тиги экөө, бирде акылынан ажырап кал-ган баланы аяшса, бирде ошондой баланы багып жүргөн атаны аяп, үнсүз олтурушту.

- Атаке, караңызчы! Бак-дарак-тардын баары биздин артыбыздан кууп келе жатат! – деп кыйкырды жигит, терезден колун чыгарып. Ата да терезеге үңүлүп:

- Ой-иий, карачы, ырас эле баа-ры жылып жүрөт турбайбы, - деп коштоду уулун. Бир аздан кийин, уулу дагы кыйкыра баштады:

- Атаке! Мобу жаныбарларды карачы! Биз менен куушуп ойноп жатышат! Ата да уулуна кошу-луп терезеден кол булгалады. Аңгы-ча шытырап жамгыр жаап келди. Бала колуна тамган эки-үч тамчы

жамгыр суусун атасына көрсө-түп, күлүмсүрөдү:

- Атаке, мынабу жамгыр там-чыларын карачы, кандай кооз. Бала менен атанын мындай оор абалы-на чыдабай кетти көрүнөт, тиги жубайлар сөзгө аралашты:

- Уулуңуздун абалы оор экен, - деди күйөөсү.

- Ушунча жашка келгенче даа-рыгерлерге көрсөтпөдүңузбү, эми сизди кыйнайт го байкуш, - деп сөз кыстарды аялы. Атанын нурдуу жүзү бир аз кумсара түшкөндөй болду, бирок кубанычтын белгиси дагы эле билинип турду. Эмнегедир көзүнө жаш айлана калды. Жеңи менен көзүн сүртүп, акырын шы-бырады:

- Ооба, мен азыр да дарыгерден келе жатам, бирок силер ойлогон дарыгерден эмес, көз дарыгери-нен келе жатам. Жыйырма жыл-дан бери жарыктыкты көрбөгөн уулумдун көзү эми ачылып, жарык ааламды бүгүн көрүп олтурат.

Өзүнчө жаман күмөн кылып алган жубайлар бири-бирин карап ыңгайсыз абалда калышты. Би-рок, жыйырма жылдан бери кайгы чеңгелинен чыга албай келген ата жүрөгүнө толгон кубаныч менен жаш баладай эркелеген жигит-тин боё күлкүсү, купе ичине пайда боло калган бир аз ыңгайсыздыкты сүрүп чыгып, кайрадан шаңгыра-ган үндөр менен күлкүлөр жаңыра баштады. Болгону бул жолу эки эмес, төрт адамдын үнү угулуп жатты...

СУЛАЙМАН ПАЙ-ГАМБАР ЖАНА

ТӨРТ ЧЫМЧЫК Сулайман пайгамбар аскер-

лери менен деңиз жээктеп келе жаткан. Кокустан деңиз тарап-тан төрт чымчык учуп келип, жээктеги ташка коно калышты. Конор замат чыйпылдап бири-би-ри менен сүйлөшө баштады. Су-лайман пайгамбар аларды аңдай калды да, сөзүнө кулак төшөдү.

- Мына ушул макулуктар жаралбай эле калса жакшы бол-мок, - деди биринчи чымчык.

- Жаралгандан кийин, эмне үчүн жаралган себебин билишсе жакшы болмок, - деди экинчиси.

- Эмне себептен жаралга-нын билгенден кийин, ошого амал кылышса жакшы болмок, -деп ко-шумчалады үчүнчүсү.

- Эгер амал кылышса, амалда-рын чын ыклас менен аткарышса жакшы болмок, - деп аяктады сө-зүн, төртүнчү чымчык.

Сулайман пайгамбар терең ойго чөмүлүп, акырын бастырып кет-ти...

Page 12: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл Бейиш

Рамазан Куран тъшърълг=н айЖУМА ХУТБАСЫ12

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишъкър Нарматов

Бисмил-лаахир-рахмаанир-рохиим. Мээримдүү жана ыра-йымдуу Алланын аты менен баштаймын. Алла Таалага мак-тоо айтабыз, андан жардам сурайбыз жана күнөөлөрүбүз үчүн кечирим тилейбиз.

Күбөлүк берем Ал, Алла жал-гыз, Анын эч кандай шериги жок. Ал, Алла бир айдан экин-чи айды фазилеттүү кылып жа-раткан. Ал, Алла улуу Рамазан айында орозо кармоону парз кылган жана ушул айда ыйык Куранды түшүргөн. Рамазанда орозо кармаган адамдарга чек-сиз соопторду убада кылып: «орозо кармоочунун сообун мен гана билем, ал мен үчүн тамак жана суусундук ичүүдөн ошон-дой эле кумар каалоосунан ты-йылды» деп айткан.

Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Алланын кулу жана акыркы элчиси. Пайгамбары-быз (Ага Алланын салам-са-лаваты болсун) улуу Рамазан айынан кандай тарбия алуу ке-ректигин бизге үйрөткөн жана бул айды туура пайдаланууга чакырган. Рамазан сабактарын окутуучу улуу мугалим Му-хаммад пайгамбарыбызга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабалары-на Алланын саламы жана сала-ваты болсун.

Урматтуу мусулман бир туу-ганым!

Кайрадан эшигибизди кагып улуу Рамазан айы кирип кел-ди. Улуу Рамазан башталардан алдын, бул ай тууралуу кыска-ча түшүнүк берели. Эмне үчүн Рамазанды ыйык деп санай-быз? Рамазан айында кандай ибаадаттарды аткарып, кандай иштерден тыйылуу керек? Алла Таала бир орунду экин орун-дан же бир айды экинчи айдан жөндөн-жөн эле ыйык кылып койгон эмес. Мисалы Мекке шаары ыйык шаар. Анын ыйык болуусунун себеби, бардык му-сулмандардын кыбыласы бол-гон Каьба ошол жерде. Рама-зандын ыйык болуусунун себе-би, бул айда кадыр кечеси бар. Ал эми кадыр кечесинин ыйык болуусунун себеби, бул кечеде Куран түшүрүлгөн. Демек, ур-маттуу мусулман бир тууганым. Рамазан айы Куран түшүрүлгөн ай. Куран түшүрүлгөн айда Ку-ранда тыюу салынган күнөө-лөрдү таштап, аткарууга бую-

рулган амалдарды аткарууга үйрөнүү керек. Шаабан айынын аягында Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты бол-сун) сахаабаларына кайрылып:

- «Оо, адамдар! Силерге улуу ай жакындап келе жатат. Алла Таала бул айда орозо кармоону парз, түндөсү намаз окууну на-фил кылды. Кимде-ким Рамазан айында нафил ибаадатты ат-карса парз ибаадатты аткарган-дай сооп берилет. Ал эми ким парз ибаадатты аткарса, башка айлардагы жетимиш парзды аткаргандай сооп алат. Кимде-ким адамдардын оозун ачты-рып курсагын тойгузса, тозок-тон жетимиш жылдык аралык-та алыс болот» - деп айтканда, сахаабалардын кээ бирөөсү:

- «Кимде-ким бир жутум суу же бир курма менен ооз ачтыр-са, тозоктон жетимиш жылдык аралыкта алыс болот» - деп жооп берди. Мына ушул эсепсиз сооп-тор берилүүчү Рамазан айында Алла Таала, башка айларда адал болгон үч ишти аткаруудан тыюу салды. Тамактануудан, суусундук ичүүдөн жана аял ме-нен эркектин жакындашуусу-нан. Ар бир акылдуу адам Алла Тааланын адал иштерге тыюу салганын көрүп туруп, Рамазан орозосунун эмне үчүн парз бол-гондугун түшүнө алат. Рамазан бизди адал иштерден тыюу ме-нен бирге, арам иштерди толук таштоого тарбиялайт. Албетте Рамазандын бул тарбиясын Ал-лака чындап ыклас кылган, оро-зону эмне үчүн кармап жаткан-дыгын билген адамдар гана ала алат. Алла Таала Куранда : - «Оо, ыйман келтиргендер! Силерден мурунку элдерге парз кылын-ганы сыяктуу, силерге да орозо кармоо парз кылынды.Такыбаа болушуңар үчүн» - деп айткан.(Бакара. 183-аят.) Ушул аятта Алла Таала жөн гана орозонун парз болгондугун айтпастан, өтө маанилүү болгон үч нерсени айткан. Аяттын башында Алла Таала ыйман келтиргендерге кайрылып жатат. Демек орозо-ну ыймандуулар гана кармай алышат. Ал эми ыймандын орду кайда? Албетте ыймандын орду жүрөктө. Аяттын уландысын-да, орозо кармоо парз кылын-ды деп айтылган. Чындыгында орозо кармаган адамды сырткы келбетинен билүүгө болбойт жана анын кандай ниет менен

кармаганын да билүү мүмкүн эмес. Демек орозонун орду да жүрөктө экен. Аяттын акырын-да орозо кармоонун негизги себеби такыбаа болуу экенди-ги айтылат. Такыбаалык деген эмне? Такыбалык Аллака чын ниеттен ишенип, Ал буюруган ишти аткаруу жана тыюу салган иштен тыйылуу. Демек такы-баалуулуктун орду да жүрөктө.

Урматтуу мусулман бир туу-ганым!

Жогорудагы аяттан түшү-нүктүү болгондой Рамазан бул жүрөктү тазалоонун айы. Жү-рөктү эмнеден тазалайбыз? Албетте жүрөктөрүбүздөн орун алып жайланышып ал-ган күүнөлөрдөн тазалайбыз. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир ха-дисинде:

- «Орозо кармап, бирок жал-ган сүйлөөдөн, кыйбат кы-луудан, ушак таратуудан өзүнү тыя албаган адам ачка жүргөн-дөн башка эч нерсеге жете ал-байт» - деген. Эртеден кечке та-мактанбай, суусундук ичпей жү-рүп бирок күнөө иштерден өзүн тыйбаса, кармаган орозодон эмне пайда? Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) экинчи бир хадисинде сахабаларына кайрылып:

- «Куру жалак калуучу адам-дын ким экенин билесиңерби» - деп сурады. Сахабалар:

- Колунда тыйыны да, буюму да жок адам, куру жалак калуучу болот – деп жооп беришти. Пай-гамбарыбыз (Ага Алланын са-лам-салаваты болсун) аларга:

- «Жок, куру жалак калуучу адам, ал менин үммөтүмдөн бир адам кыяматта окуган намазы, кармаган орозосу, берген зе-кети жана аткарган ажылыгы менен келет. Бирок ал бирөөнү сөгүп койгон, бирөөнүн малын тартып алган, бирөөнүн абийи-рин ачкан, бирөөнү урган, би-рөөнүн канын төккөн. Бул кыл-гандары үчүн анын кылган жак-шылыктары тигилерге алынып берилет, эгер жакшылыктары жетишпей калса, тигилердин күнөөлөрү бул адамга жүктө-лүнөт да тозокко ташталынат» - деп түшүндүрүп берди. Орозо кармап бирок күнөөдөн өзү-нү тыя албаган адам Алланын алдына барганда куру кол ка-луусу мүмкүн. Албетте бул же-ңил нерсе эмес. Пайгамбарыбыз

(Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир жолу минбарга бу-тун коюп жатып «аамин» деди, экинчи тепкичке бутун койгон-до дагы «аамин» деди, үчүнчү тепкичке бутун койгондо да «аамин» деди. Минбарга чыгып кутбасын аяктаган соң, сахаба-лар ага кайрылып:

- Оо, Алланын элчиси. Мин-барга чыгып баратып адаттан тышкары үч жолу аамин деп айттың, ушуну түшүндүрүп бер-чи – деп сурашты.

- «Минбарга бутумду кой-гон мезгилде, Жибрийил мага: - орозо кармап бирок күнөөнү таштабаган адам бактысыз бол-сун – деп айтты. Мен ага аамин дедим. Экинчи бутумду койгон мезгилде, Жибрийил: - ата-эне-си же ал экөөнүн бири колунда картайганда аларды ыраазы кылып бейишке кире албаган адам бактысыз болсун – деп айтты. Мен ага аамин дедим. Үчүнчү тепкичке бутумду кой-гондо, Жибрийил: - сенин атың-ды угуп бирок салават айтпаган адам бактысыз болсун – деп айтты. Мен ага да аамин дедим» - деп түшүндүрүп берди. Ошон-дуктан, урматтуу мусулман бир тууганым, келиңиз улуу Ра-мазанда ашказан менен гана орозо кармабастан, жүрөгүбүз, тилибиз, көзүбүз, кыскасы бар-дык мүчөлөрүбүз менен орозо кармайлы. Орозо, бул тосуучу парда. Бул жашоодо күнөөдөн тосот. Акыретте тозоктон то-сот. Рамазан деген сөз араб ти-линде беш тамгадан турат. Ра тамгасы- рахмат, мим тамгасы- магфират б.а. кечирим, алиф тамгасы- амаанун минан-наари б.а. тозоктон аман болуу, зод тамгасы- зомаанун илал жаана-ти б.а. бейишке кепилдик, нун тамгасы- нуурун фил-жаннати б.а. бейиштеги нур. Аллахым ар бирибизди өз ырайымыңа алып, күнөөлөрүбүздү кечир. Тозоктон аман кылып, бейишке киргиз. Улуу Рамазан айын туу-ра пайдаланууну баарыбызга насип кыл.

Аллахым билип-билбей жа-саган күнөөлөрүбүздү кечирип, ыймандуу адамдар менен бирге кыл. Ассаламу алайкум ва рах-матул-лаахи ва барактуху.

Page 13: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл Бейиш13 ДИН ЖАНА АДАБИЯТ

Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын ысмы менен.

Урматтуу окурмандар!Менин бул чакан макаламды көңүл коюп оку-

гандар болсо, анда талкууга активдүү катышып, үн кошот деген ишеничтемин.

Орто кылымдын ойчул, философ акыны Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастаны орто мек-тептин окуу программасына киргизилип, окууучу-лардын гана окуу материалы болбостон, жалпы мусулман калкыбыздын, анын ичинде китеп сү-йүүчүлөрдүн да колдон түшпөс, издеп тапкыс ки-тебине айланды. Мунун сыры эмнеде? Мектепте программага ылайык чектелүү саат берилип, совет-тик эски программанын негизинде, атеисттик көз карашта чыгарманы бир жактуу окутуу каралган. Анда төрт өзгөрбөс каарман Күнчыкты, Айтолду, Акдилмиш, Өткүрмуш аркылуу илим, билимге ум-тулуу, адилеттүүлүк, дөөлөт, жүрүм-турум эрежеле-ри, кесип ж.б тууралуу айтылып, анын пайдасы жө-нүндө акындын ой толгоосу берилет.

Ал эми акын бабабыздын бул каармандары чын эле ойдон чыгарылган каармандарбы, же тарыхта жашап өткөн, болгондо да акыркы пай-гамбарыбыз Мухаммад Алейхиссаламдын ише-ничтүү сахаба-халифаларбы?

Анда ой учугун дастандан издеп көрөлү. «Кут-туу билим» дастанынын баш жагында «Пайгамба-рыздын шакирттери тууралуу» деген темадан төмөнкү саптарга көңүл буралы.

«Төрт шакирти өзүнүн ишенимдүү,Кеңешип баардык иште бирге жүрдү. Экиси кайнатасы- экөө-күйөөБаары тең мыкты адамдар, асыл бүлө» - дейт. Кызыгып окуган окурманга суроо туулат. Төрт

ишенимдүү шакирттери кимдер? Экиси кайнатасы- экөө-күйөө деген эмнени түшүндүрөт?

Ооба, Пайгамбарыбыздын өмүр баянын оку-ган адамга бул таң калычтуу деле эмес. Анткени Аллахтын элчиси Мухаммад Алейхиссалам Хадича энебиздин көзү өткөндөн кийин өзүнүн ишенич-түү сахабаларынын бири Абу Бакирдин кызы Айша энебизге үйлөнөт жана анын колунда көз жумганы айтылат. Дагы бир сахабасы Умар бин Хаттабдын өтүнүчү менен жесир калган кызы Хафсага үйлөнөт. Ал эми экөө-күйөө дегени: кызы Рукыяны сахабасы Осмон бин Аффанга берет, анын өлүмүнөн кийин, дагы бир кызы Умму Гүлсүндү да нике кыят.

Сүйүктүү кызы Фатиманы Абу Талибдин уулу Алиге берет.

Ошентип, Пайгамбарыбызга төрт сахабасынын экөө-кайната; экөө-күйөө болуп жатат. Дастанда алардын ар бири тууралуу төмөнкүчө жазылган сап-тар бар:

"Баарынан эң мыктысы биринчи АтыкКиши эле кудай деген акылы артык.Мал-жанын, өз жыргалын көздөбөдүКудайымдын ак жолу-көздөгөнү.

Дагы бири теңдеши жок Фарух болдуСөзгө бек ишке тыкан асыл ойлуу.

Андан соң Осмон эле акылы молЖоомарттык, кеңдик жактан бербеген жолБаарына колу жетип иши мененПайгамбар эки кызын ага берген.

Мураскордун баарынан Аалы күчтүү,Акылы баатырдыгы ашып түштү.Колу ачык пейили да болгон жакшы,Акылдан айкөлдүктөн атак тапты.

Мага төрт түркүк сымал төртөө жолуТүркүк турса тирилик бар өмүр бою.Ушул эле беттеги түшүндүрмөдө: Атык-Абу Бакир пайгамбардын - бир аты. Ос-

мон да пайгамбардын аты деп берилген.Алар Абу Бакир, Фарух (Умар), Осмон, Али - Му-

хаммаддын (с.а.в) шакирттер же сахабалары эмес-пи?!

1. Атык-Абу Бакир, ислам динин алгач кабыл алган мусулман.

2. Фарух-Умар бин Хаттаб, алгачкы сахабалардан.3. Осмон-Осмон бин Аффан, алгачкы сахабалардан.4. Аалы-Али ибн Абу Талиб, жаш балдардан

динди алгач кабыл кылган сахаба. Демек, акындын түркүк сымал идеал кылып

алган каармандарынын чыныгы жүзүн ачып бере турган кандай сапаттары бар жана өз мезгилинде кандай кызмат өтөшкөн? Эмесе ар бирине кыскача токтололу.

Абу Бакир - алгачкы мусулман болгон он саха-банын бири. Пайгамабарыбыздын (с.а.в) жанында жүрүп, анын пайгамбарлыгын биринчилерден таа-ныган. Акылдуулугун, адилеттигин баалап, Аллах-тын элчиси көбүнчө анын пикирин уккан. Пайгамба-рыбыздын (с.а.в) көзү өткөндөн кийин сахабалар кеңешинде Абу Бакирди халифалыкка шайлашат. Ал эки жыл үч ай кызмат кылат.

Умар (Фарух) бин Хаттаб кыркынчы мусулман болгон адам. Анын чечкиндүүлүгү, мүнөзүнүн турук-туулугу, эрктүүлүгү менен сахабаларынын ичинен кадыры жогору болгон. Абу Бакир каза болгондон кийин халифалык Умарга ыйгарылат. Ал 10 жыл бул жумушту алып барат. Анын тушунда өлкө аймагы ке-ңейип, илим өнүгүп, адилеттик орнойт.

Осмон бин Аффан Умардын көзү өткөндө саха-балар кеңешинде дайындалып, 12 жыл мусулман-дарды жетектейт. Ал өзүнүн жоомарттыгы, кайрым-дуулугу менен өзгөчөлөнгөн.

Али бин Абу Талиб пайгамбарыбыздын (с.а.в) атасы Абдулланын бир тууганы Абу Талибдин уулу. Экөө бир үйдө чоңойгон. Пайгамбарыбызга (с.а.в) өтө берилгендигин бир кооптуу жагдай болгондо «Ата-энем сага садага» деген сөзүнөн билсек болот. Али бин Абу Талибдин мүнөзүндөгү кайраттулук, баатырдык, айкөлдүк, акылдуулук жана жоомарт-тык анын «Алланын кылычы» деген лакап атын тастыктап турган. Осмондун көзү өткөндөн кийин 5 жыл халифалык милдетин аткарган. Ушул жер-де пайгамбарыбыздын (с.а.в) сахабалары тууралуу айткан сөзүн келтире кетсек болот: «Сахабаларым жылдыздар сыңары, кимисин ээрчисеңер да туура, акыйкат жолдо болосуңар» - деп таамай айткан.

Мына урматтуу окурман, дастандагы өзгөрбөс, туруктуу каармандардын Күнтууду, Айтолду, Акдил-миш, Өткүрмүштөрдүн реалдуу тарыхый адамдар экенине ынаным кылсак болчудай.

Менин оюмча: Күнтууду - Фарух-Умар. Айтолду - Осмон бин Аффан.Акдилмиш - Али бин Абу Талиб.Өткүрмүш - Абу Бакирди элестетет.

Демек, дастандын автору Жусуп бабабыз да башка замандаштары сыяктуу ошол доордун агымы менен диний булактардан сабатын ачып өз атын та-рыхка калтырган теңдешсиз чыгармасын жаратканы талашсыз. Совет доорунда диний көз караштардын элеменнтери бар делип, «кара сандыктын» түпкүрү-нө катылган бул баалуу мурасыбыз- өлкөбуз эгемен-дик алган мезгилде да өз жүзүн ача албай жаткан-дай. Аттеистик саясаттын запкысынан дагы канча баалуу мурастарыбыз жок болгонун кайдан билдик. Ал түгүл «Манасыбызды» жогото ала жаздабадык беле.

Менин айтайын дегеним, эгемен өлкөбүздүн эркин саясатын өнүктүрүп, жаштарыбызга билим, таалим-тарбия берүүдө өз идеологиябызды түптөп, динибизди бекем тутуп, таза сактап, исламга туура багыт берүүнү унутпасак.

Ал эми мектептерде «Куттуу билим» дастанын окутууда туруктуу делген төрт каармандын прототи-би реалдуу инсандар экенин кооптонбой эле ачык айтып, пайгамбарыбыздын (с.а.в) топуктуу, ыйман-дуу, кайрымдуу, жоомарт, акылман өмүр жолун өр-нөк кылып айтсак неге болбоосун.

Дагы бир айта кетчү нерсе 2011-жылы басмадан чыккан «Куттуу билим» дастанына филология или-минин кандидаты Аскар Абдыкадыр Бекбо баш сөз жазган. Анда Аскар мырза: «Ойчул акын Жусуп Ба-ласыгындын философиялык кредосун кыскача квие-тизмден-гуманизмге деп туюнтсак болот. Анткени орто кылымдагы официалдуу диний идиологиянын негизги жоболорунун биринен башкача айтканда жашоого кайдыгер карап, жараткандын гана ыра-йымына ишенип, анын эркине баш ийип тиричилик кылууну талап кылган квиетизмден четтеп, гума-низмге чакырат» - деп жазган.

Орто кылымдагы диний идеологиянын негизин ислам дини, Куран Карим түзгөнү бардык мусул-мандарга белгилүү. Ал эми Куран аяттарында жана пайгамбарыбыздын (с.а.в) хадистеринде: «Алма быш, оозума түш деп кол куушуруп отура бер» де-ген эмес. Анда адамдын жан дуйнөсүн тазартып, адал эмгек менен ата-эненди, үй-булөндү багып, адилеттүү, кайрымдуу, кечиримдүү жана билимдүү бол деп айтылат. Биз ислам динин «квиетизм» деп жэрибестен, өз идеологиябызыдын негизин андан түптөсөк, жаштарыбыз ыйманга келип, «карылар үйүнүн» эшиги жабылып, таштанды балдар азайып, мамлекет башындагы чиновниктерибиз мыйзам ал-дында адилеттүү болор беле деп ойлоймун.

Бул макалам өз окурмандарын табаар деген ой-домун.

Жалал-Абад областы, Аксы району, Ак-Дөбө айылы, Бугуева Гулбаркан, пенсионер.

(Редакциядан: алыскы Аксыдан келген, ар-дактуу эс алуудагы апабыздын бул макаласын эч нерсесин өзгөртпөстөн жарыялоону туура таптык. Анткени апанын козгогон маселеси кайсы бир деңгээлде чындыкка жакын деп айт-сак болот. Балким, бул макаладан кийин элинин тарыхы жана келечеги үчүн күйгөн, атеисттик көз караштан сырткары да ой жүгүртө алган биздин тилчи, тарыхчыларыбыз бул жаатта өз изилдөөлөрүн жүргүзөт деген ишеничтебиз).

Page 14: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл Бейиш14

P.S. Урматтуу окурман-дар! Сиздерди кызыктырган суроолорго биздин гезит аркы-луу жооп алсаңыздар болот. Суроолор жалаң гана диний маанайда болуу керек жана та-лак маселесине тиешеси жок болуусу зарыл. Анткени, талак маселеси телефон, же СМС аркылуу чечилбейт. Ошондой эле жашоо-турмушка тиеше-лүү суроолорду да жөнөтпө-гөнүңүздөр оң. Суроолор СМС аркылуу гана кабыл алынат жана гезит аркылуу жооп бе-рилет. Телефон аркылуу жооп берилбейт. СМС кыска, так жазылса жакшы болот. СМС жөнөтүү үчүн телефон номе-ри 0(773) 40-50-42.

Суроо: Ассалааму алай-кум. Базардагы эттер «убойный цехтен» келтирилет. Аппарата «Бисмиллаахи Аллааху Акбар» сөзү айтылбай мууздалса жеген этибиз кандай болуп калат? 0770 56 50

Жооп: Эгерде эттин анык ошол жактан келгенин билсеңиз жана ал жерде адалданбай союл-ганына шектенсеңиз, анда такы-балык үчүн ал этти жебегениңиз оң. Азыр Аллага шүгүр адал мууздалган эт саткан орундар көп. Өзүңүзгө күмөн болгон иш-тен сактанып, күмөнү жок ишти кылганыңыз жакшы.

Суроо: “Тасбих” намазы-ны өткөндөр үчүн хадия кылып окуса болобу? 0772 75 12

Жооп: Өтүп кеткен жакын адамдарыңыздын кээ бир ат-карылбай калган ибадаттарын (мисалы ажылык, орозо сыяк-туу) аткарууга болот. Ал эми намаз окусаңыз, анын артынан дуба кылып, сообун гана багыш-тайсыз.

Суроо: Ассалааму алай-кум. Жин жана шайтандар туу-ралу айтып берсеңиздер. Алар кимдер? 0556 81 96

Жооп: Жиндер биз сыяк-туу эле Алла Тааланын маку-луктары. Алла Таала аларды оттон жараткан. Алар Адам ата-дан мурун жаратылган. Бирок, алардын жынсы бөлөк жана ин-сандардан айырмаланган жак-тары бар. Алар да биз сыяктуу жашайт, тамак ичет, көбөйөт, өлөт. Алардын да каапыры б.а. динге ишенбегендери бар, дин-ге ишенген мусулмандары бар. Алар адамдардан көп жашайт, өтө жогорку ылдамдыкта кый-мылдашат, сүрөтүн өзгөртүп ар кандай болуп кубула алат. Жа-шаган жерлери бузулган үйлөр, мончо, жердеги оюктар, жана

башка ыплас жерлер. Жеген та-мактары сөөк, тезек ж.б. Жакын-да «Жин шайтандар ааламы» ат-туу китеп жарыкка чыгат. Мына ошол китептен өзүңүздү кызык-тырган суроолоруңузга толук жооп алсаңыз болот.

Суроо: Казасы бар адам-дын беш убак намаздагы сүннөт-төрүнүн ордуна каза намаздарга ниет кылышы керек. Ошондо экөө тең орундалган болот деп айтылыптыр. Ушул туурабы?

Жооп: Эгерде намазыңыз бүгүн эле каза болсо, анда ошол намазды ниет кылып каза кыла-сыз. А эгер тээ мурдатан бери каза болгон намаз болсо, эн ал-гачкы намаздын казасы деп ниет кыласыз. Ооба, нафил намаз окуудан алдын казаны окуп алуу жакшы. Бирок, беш убак намаз менен бирге окулчу сүннөт на-маздарда казаны ниет кылууга болбойт. Бул намаздар «Рава-тиб» деп аталат.

Суроо: Ассалааму алай-кум. Менин атым Руслан. Ислам динине туура келеби же өзгөр-түш керекпи? 0779 50 44

Жооп: Эгерде адамдын аты Исламда тыюу салынган, же ага каршы келген ат болсо өзгөртүү керек. Болбосо аны өзгөртүү шарт эмес. Маселен сиздин аты-ңызды өзгөртүүнүн кажети жок.

Суроо: Ассалааму алей-кум. Түшкү саат бирден, бир жарымга чейинки убакта нафил намаз окуса болобу? Макрү убак кайсы учурда болот? 0777 24 64

Жооп: Күн чыгып жаткан учурда, чак түштө жана батып бара жатканда бардык эле на-маздарды окууга болбойт. Бир гана ушул күндүн Дигер нама-зын окуп жатканда күн батып кетсе, анын зыяны жок. Ал эми нафил намаздарды Багымдат-тын сүннөтүнөн кийин, Дигер намазынан кийин окууга бол-бойт. Намаз окууга тыюу салын-ган убактарды саат менен өлчөө-гө болбойт, анткени жыл мез-гилдеринин алмашышы менен убактысы жылып турат. Азыркы мезгилде бирден, бир жарымга чейин нафил окуса болот.

Суроо: Менин бир кур-бу кызым бар, беш убак намаз окуйт, бирок жоолук салынбайт. Кээде, базарга барганда, ата-энесинен сурабай акча алып ке-тет. Анын окуган намазы кабыл болобу? Ырахмат. 778 65 47

Жооп: Жоолук салынбага-ны да, сурабай акча алганы да намазга тиешелүү эмес. Намаз өзүнчө ибадат, жоолук өзүн-чө ибадат. Бирок, Алланын бир

буйругун аткарып жаткан адам экинчисине да көңүл бурушу ке-рек. Анткени динде өзүң каала-ган ишти аткарып, каалабаганын таштап коюуга болбойт. Эмне үчүн намаз окуйбуз? Алланын буйругун аткарып, Анын ыраа-зылыгына жетүү үчүн. А эмне үчүн жоолук салынбайбыз? Бул биздин Аллага болгон ишени-мибиздин (ыйманыбыздын) ал-сыздыгынын белгиси. Ошондой болсо да, намаз адамды баардык жамандыктардан кайтарат. Эгер беш убак намазды чын ыклас менен окуй берсе, Алла кааласа, курбуңуз жоолук да салынат, су-рабай акча алганын да токтотот. Сиз да ага жаман күмөн санабай, мусулман бир тууган катары туура жол көрсөтүүгө тийишсиз.

Суроо: Биз Бейиш гезитин дайыма алып окуйбуз, Сиздер-ге Алла ыраазы болсун. Бирок гезит бат-баттан чыгып турса жакшы болмок, сиздерде ушуга мүмкүнчүлүк бар го деп ишене-биз? 0778 76 23

Жооп: Сиздин талабыңыз жөндүү. Алла кааласа, сентябрь айынан баштап гезит ишин дагы жандандырабыз деген үмүт бар. Сиздер да дуба кылып туруңуз-дар.

Суроо: Үч күн, кырк кырк күн, төрт ай дааватка чыгуу парзбы? Эгер чыкпай койсоң намазың кабыл болбой калат дешет, ушул чынбы? 0555 80 28

Жооп: Үч күн, кырк күн жана төрт ай дааватка чыгуу парз эмес. Бирок, өмүр бою даават кылуу парз. Бул күндөр тартип үчүн гана киргизилген. Эгер кааласаңыз чыгып келе бериңиз, пайда аласыз бирок, зыянга учурабайсыз. Ал эми дааватка чыкпасаң намазың кабыл болбойт деп айтуу туу-ра эмес. Намаз өзүнчө ибадат. Дааватка чыкпасаңыз да Ал-ланын бир парзынан кутулган болосуз. Көбүнчө мындай сөз-дөрдү биз илимибиздин тайкы-лыгынан айтабыз да, адамдар-ды динге чакыруунун ордуна кайра качырып алабыз.

Суроо: Эмне үчүн гези-тиңердин атын «Бейиш» деп койгонсуңар, шариятка туура келеби?

Жооп: Мындай суроону сизден башка да бир топ адам-дар узатышкан. Бейиш бул кыргыз тилиндеги сөз. Бизде «Бейиш» деп аталган медици-налык борбор да бар. Кыргыз тилиндеги сөз болгондуктан

аны колдонууга болот. Ал эмес бейиштин Куранда айтылган «Жаннат» деген арабча аталы-шын да кээ бир мейманкана, ресторандарга коюп алышкан. Биздин негизги максатыбыз элибизге туура диний маалы-маттарды жеткирүү жана туура жол көрсөтүү. Андыктан, ге-зиттин аталышына эмес, анда берилген маалыматтарга көбү-рөөк көңүл бурганыбыз оң.

Суроо: Орозо убагында кандай амалдарды аткарбоо ке-рек? Кандай амалдар орозону бузбайт, ушулар туурасында айтып берсеңиздер? 0778 90 76..

Жооп: Орозо тууралуу гезиттин ушул санынан кенен маалымат алсаңыз болот. Ант-кени, гезиттин бул саны ата-йын орозого арналып чыккан-дыктан, анда орозо тууралуу көп маалыматтар берилди.

Суроо: Ороздо, күн ысык-та душка түшсө болобу? 0555 78 01..

Жооп: Орозо учурунда душка түшүүгө болот. Бирок ооз-мурунга суу кирип ке-түүсүнөн сактануу керек. Ал эми ваннага жатууга, же көлгө түшүп суу ичинде отуруп алуу-га болбойт.

Суроо: Орозо мезгилинде тиш пастасын колдонууга бо-лобу?

Жооп: Тиш пастасын кол-донууга болот. Бирок, аны ооз ачык убакта колдонуп, ооз бек учурда колдонбой коюу жак-шыраак.

СУРОО-ЖООП

Page 15: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл БейишСЫНАК БЕТ15

Куран ичинен беш суроонун жообу:

1. Курандын башкача аталыштары – Фуркан, Китаб, Зикр, Танзиил. 2. Куранда эң көп өкүм айтылган

сүрө - Бакара сүрөсү. 3. Курандагы эң узун аятта карыз

тууралуу айтылган, бул – Бакара сү-рөсүнүн 282-аяты. 4. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын

салам-салаваты болсун): “Худ, Ваа-киа, Мурсалат, Наба жана Таквир сүрөлөрү мени картайтты” - деген. 5. Куранда мааниси бир гана Алла-

га белгилүү болгон “Үзүлгөн тамга-лар” менен башталган 29 сүрө бар.

Өзүңдү текшер сынагы-нын жообу:

1. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) ыймандын шакчалары тууралуу айтканда, тө-мөнкүлөрдүн кайсысына токтол-гон?

а) намаз окуу б) уялуув) зекет берүүг) ажылык кылуу

2. Булардын кимисине намаз окуу парз эмес?

а) сокур адамгаб) бай адамгав) жинди адамгаг) дудук адамга

3. Орозодо окулуучу намаз

а) Тахажудб) Зухав) Тахиятул масжидг) Тарави

4. Мусулмандар алгач кайсы ме-читти карап намаз окушкан?а) Мадинадагы Набави мечитинб) Палестинадагы Акса мечитинв) Меккедеги Харам мечитинг) Стамбулдагы Султан Ахмед ме-

читин

5. Кайсы учурда намаз бузулбайт?

а) чүчкүргөндөб) күлгөндөв) сүйлөгөндөг) уктаганда

Куран ичинен беш суроо:

1. Куранды бир китеп кылып топ-тоо кимдин пикири менен ишке аш-кан?

2. Орозонун парз болуусу туура-луу аят кайсы сүрөдө келген?3. Курандын жүрөгү деп аталаган

сүрө кайсы?4. Курандын энеси, же Курандын

ачкычы деп аталган сүрө кайсы?5. Куранда айтылган, таягына

сүйөнгөн абалда жан берген пай-гамбар ким?

Өзүңдү текшер:

1. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) кайсы пай-гамбардын туткан орозосун эң жак-шы деп айткан?

а) Иса пайгамбардын б) Дауд пайгамбардынв) Муса пайгамбардынг) Нух пайгамбардын

2. Орозо кармоо кимге парз эмес?

а) Балакатка жете элек адамга б) Өтө арык адамгав) Өтө семиз адамгаг) Жумуштагы адамга

3. Бул амалдардын кайсынысы орозону бузбайт?

а) Таң ата элек деген күмөн менен саарлык тамагын жесеб) Чаңкаганда бир-эки ууртам суу

ичип алсав) Күн батты деген күмөн менен

оозун ачып алсаг) Саарлыкта уктап калса

4. Булардын кимисине убактылуу орозо кармабай турууга уруксат?

а) Этек кири келген аялга б) Базарда соода кылган адамгав) Талаада дыйканчылык кылган

адамгаг) Курулушта иштеген адамга

5. Бул амалдардын кайсысын оро-зодо күндүзү аткарууга болбойт?

а) Баласын өбүүгөб) Үйлөнүүгө в) Футбол көрүүгөг) Аялы менен жакындык кылууга

(Бул суроолордун жоопторун ге-зиттин кийинки санынан таба аласыздар)

ГЕЗИТТИН ӨТКӨН САНЫНДАГЫ СУРООЛОРДУН ЖООПТОРУ

Байып кетсең ...

Байып кетсең,Байлыгыңдан зекет бер,Андан кийин,Ажылыкты өтөп кел.Бул дүйнөдө кылган жакшы амалың,Акыретте бейиш-бакка жетелээр.

Байып кетсең, Жаратканга шүгүр де,Сараң болбо,Садакага,битирге.Кең болгонду кем кылбайт го, Кудайым,Жетимдердин кемтиктерин бүтүндө.

Байып кетсең, Чыгым кылып бекерге,Барганды кой, Саякаттап чет элге.Сооп издеп мечит кургун, жол салгын,Сен туулуп, суусун ичкен мекенге.

Байып кетсең,Сыйла ини-агаңды.Эл-журт мененБузуп алба араңды.Алтын-күмүш, жибек-шайга оронбой,Эсте атаңды, ооруп жүргөн апаңды.

Байып кетсең,Ыйманыңды курутпа.Дүнүйө деп,Акыретти унутпа.Ээ, тууганым! Сен мас болгон байлыкты,Алла берген, кайра аларын унутпа!

Казакчадан которгон: Мирланбек Акматалиев

Ыр сынак

Page 16: 2 ó ò ö õ Бейиш...2 ó ò ö õ Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 8 (17) 2014-жылчөмү төмөнкүдөй

№8 (17) 2014-жыл Бейиш

Гезитти таштанды жерге таштабаңыз Куран аяттары жазылган!

КАРШЫСЫНЫ ӨЗҮҢ ЖАЗ

Арык – се...Жалкы – эг...Ойдуң – те...

Жакын – ал...Жалган – кал..Бийик - жа...

Ачуу – тат...Жөө - ат...Жумшак – кат...

Толук – ча...Аппак – ка...Кыз – ба...

Тайыз – тер...Тар – кен..Коркок – эр...

АДЕП КАЙДАН БАШТАЛАТ?

- Алло, бул ким, ким керек сага? – деп кыйкырып жатты Ашым телефонго.

- Мен адептүү балдарга белек берүү үчүн чалып жатам, бул үйдө адептүү бала бар деп айтышты эле, – деген сылык үн угулду трубкадан. Ашым бир азга унчукпай турду да:

- Биздин үйдө бир эле бала бар, - деди акырын.

- Кичипейилдикке ошол ба-ланы чакырып коё аласыңбы?

- Ал менмин, менден башка эч ким жок.

- А анда мен номерден ада-шып калган окшойм, кечирим сурайм, - телефондун дыңылда-ган үнүн тыңшап Ашым унчукпай ойго батты. Эмне үчүн бул адам мени адептүү эмес деп ойлоп калды. Же мен телефондон туура эмес сүйлөп койдумбу?

Атасы жумуштан келер за-мат, Ашым суроо узатты:

- Ата, адептүү бала кандай

болуусу керек? - Адептин түрү көп балам,

- деп сөзүн баштады атасы, - улуу-ну урматтоо, кичүүлөргө жакшы мамиле кылуу, мектепте тартип-түү болуу, ата-энени тилин угуу мына ушулардын баары адепке кирет. Анан телефон менен сүй-лөшүүнүн да өзүнчө адеби бар. Маселен сен бүгүн телефон аде-бин сактабагандыгың үчүн, таты-накай белектен куру калдың. Не-гизи адеп деген үйдөн башталат.

Ашым таңдана сурады:- А сиз аны кайдан билип

алдыңыз? - Улуулар көптү билет,

уулум, андан көрө мындан ары дайыма адептүү болууга аракет кылсаң, мындай белектердин көбүн аласың, негизгиси улуулар-дын алкыш-батасына татыйсың, - деди атасы күлүмсүрөп.

- Ооба, мындан ары мен эң адептүү бала боломун деди, - Ашым да жайдары күлүмсүрөп.

ЧЕГИРТКЕ

Чырылдаган чегиртке,Чырылдабай кел ишке.Жаз айланып кыш келсе,Чын түшөсүң кейишке.

Кызык сенин мүнөзүң,Жыргап ойноп-күлөсүң.Кыш келерин унутуп,Кыйраткансып жүрөсүң.

Андай кылба чегиртке, Иш кылуудан эрикпе."Ким иштесе – ал тиштейт"Айтканыма терикпе.

КЕНЖЕТАЙ

Кенжетайдын достору

Достор, эгер силер бир жаш-тан беш жашка чейинки аралыкта болсоңор, мага сүрөтүңөрдү салып жибергиле! Сүрөт, Ислам дининин, же кыргыздын улуттук баалуулук-тарын чагылдырууга тийиш. Эси-ңерде болсун, сапатсыз сүрөттөр кабыл алынбайт. Менин дарегим: Бишкек, Гоголь көчөсү 53. Тел: 0773 40 50 42. [email protected]

Мухаммадали, 2 жашта, Бишкек шаары

«Мал-мүлкүн күнү-түнү жашыруун да, ачык да сарптагандар-дын сообу – Улуу Жараткандан берилет. Аларга (эч кандай) коркунуч жок, ошондой эле алар (акыретте) кайгырышпайт» (Бакара сүрөсү, 274-аят).«Эй, адам баласы! (Алла үчүн) кайрым кыл, сага да жакшы-лык жаасын!» (кудсий хадис:Бухари, Тафсир, 11/2; Нафакат 1; Муслим, Зекет, 36-37).

«Абу Бакир Сыддык» медресесине жатакана куруу жана медре-сени кеңейтүү үчүн мусулман бир туугандарыбыздан каржылык колдоо сурайбыз! Кел, бир тууган, Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн илим очогуна салым кошолу! Бүгүнкү жүз сомуң акыретте эсепсиз соопко айланарын унутпа! Бул окуу жай баарыбыздын орток кенчибиз! Өз кенчибизди өркүндөтөлү!

Дареги: Бишкек ш. Фрунзе көч. №145 (Алма ата көчөсү менен кесилиште)

Тел: (0996) 550559684; 0700004400

Урматтуу мусулман бир туугандар. Бейиш гезитин жер-жерлерге жеткирщщ щчщн сиздердин жардамыъыздарга муктажбыз. Ар бир айылда бул гезитти окууну каалаган бир туугандарыбыз бар. Аларга жардам берщщ сиздердин колуъуздарда. Аллах ыраазылыгы щчщн диний туура маалыматтарды таратып, соопко ээ болууну кааласаъыздар бизге жардам бериъиздер. Байланыш телефондору: 0 (772) 44-39-93, 0 (701) 50-02-43.ЖАРЫЯ!

16

КУЛАКТАНДЫРУУ