184
№6, 2016

№6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

  • Upload
    others

  • View
    172

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

№6, 2016

Page 2: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР!

Кадырлуу окурмандар! Мына ошентип, Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновация-лык технологиялары аттуу илимий-методикалык журналдын жаўы санын жарыкка чыгарып отурабыз.

Бїгїнкї кїндєгї билим берїї менен тарбиялоо процессине жаўы технологиялардын кир-гизилип жатышы салтка айланган метод, ыкмаларды жаўыртууга жасалган аракеттер коомдун єзгєрїшї менен тыгыз байланыштуу.

Коом талап кылгандай жаўычыл духтагы окутуу технологиясына єтїї зарылдыгынан улам И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун алдындагы Оку-туунун жаўы технологиялары кафедрасы демилге кєтєрїп, окумуштуулар менен практик муга-лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын окутууда жаўыча жол таап, ийгиликке жетїї максатына негизделген журналдын жаўы санын жарыялап, сиздерге сунуштап жатабыз.

Максатыбыз:- Окутуунун теориялык маселелери менен мугалимдердин иш тажрыйбаларын айкалышты-

руу аркылуу ийгиликке жетишїї;- Алдыўкы педагогикалык идеяларды жана технологияларды жайылтуу;- Окутуунун инновациялык технологиялары тууралуу маалыматтарды їзгїлтїксїз жарыя-

лап туруу;- Мектеп мугалимдеринин чыгармачыл иш тажрыйбаларын чагылдыруу;- Тажрыйба алмашуу менен аймактар аралык кызматташууну камсыз кылуу;- Окумуштуу – методисттер менен мугалимдердин тыгыз байланышын, кызматташтыгын

чыўдоо;- Кыргыз тили жана адабиятын окутуу боюнча илимий табылгаларды, иш тажрыйбаларды

жалпылоо менен окутуунун алгылыктуу жаўыча технологиясына жол табуу, аны коомчулукка сунуштоо.

Андыктан, ушул мїмкїнчїлїктєн пайдаланып, республикабыздын билим берїї тармагын-да эмгектенген, эне тилге кайдыгер карабаган инсандарды – окумуштууларды, методисттерди, педагогдорду, аспирант, магистранттарды кызматташууга чакырабыз.

Сунушталып жаткан журналдын, албетте, кемчиликтери жок деп айтуудан алыспыз. Сиз-дердин сунуш-пикирлериўиздер биз їчїн баалуу, андыктан Сиздерден жаўы идеяларды, муга-лимдик єнєркананын мыкта саамалыктарын жана сабактын иштелмелери менен кошо сунуш-пикир, каалоолорду кїтєбїз.

Келгиле! Аруу тилек, максаттарыбыздын оў жагына чечилишине ар бирибиз єз салымы-бызды кошолу! Журналыбыздын сапаттуу болушу Сиздердин колуўуздарда, урматтуу агартуу кызматкерлери!

Єзїўїздєрдїн иш тажрыйбаларыўызды башка кесиптештер менен бєлїшкїўїз келсе биз менен байланышыўыздар.

Биздин дарек:Бишкек шаары, Саманчин кєчєсї, 10.И. Арабаев атындагы КМУ Мамлекеттик тил жана маданият институту Окутуунун жаўы технологиялар кафедрасы Телефондор: 0 312 54 26 42 0 555 44 41 60; 0 770 18 20 84; 0 555 77 61 14 е-mail: [email protected]

Page 3: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

3Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

ИЛИМ КАЗЫНАСЫНАН

Улуу «Манас» эпопеясындагы башкы каармандардын бири Бакай-дын образын талдоо жана чечме-лөө төмөндөгүдөй жыйынтыктарга алып келди.

1.Эпостон ачык-айкын көрүн-гөн Бакайдын эң башкы сапаттары-нын бири-акылмандык. Бакайдын акылмандыгы анын жалпы улут-тук масштабда алысты мелжеп ой-лонуп, элдин өткөнү, бүгүнкүсү, келечеги жөнүндө толгонуп, Ма-нас экөөлөп түзгөн мамлекеттин ичинде жана тышында эмне болуп жаткандыгына көз салып, улуттун стратегиялык кызыкчылыктарын, жакынкы, алыскы мүдөөлөрүн ар дайым көз алдыда тутуп турганды-гында. Манаска жана кыраан кырк чорого жол көрсөтүп, манас ордодо тең салмактуулукту жана тынчтык-ты сактап тургандыгында. Бакайды саясатчы, мамлекеттик ишмер деп атаса болот. Бирок мамлекеттин ор-досунда Манастын кеңешчиси ка-тары биринчи ролду ойноп турса да, ал байлык чогултуу, көрдүнүйө жыйноо жөнүндө эч ойлонбойт. Ба-кай алдым-жуттуму жок, таза, ый-

Советбек БАЙГАЗИЕВ КАОнун вице-президенти‚ филол. илимдеринин доктору‚ профессор

АК КАЛПАК ЖУРТКА ЖАНА АДАМЗАТКА ЖАРЫГЫН ЧАЧКАН «МАНАС» ААЛАМЫНЫН ӨЧПӨС ЖЫЛДЫЗЫ

(“МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ АКЫЛМАН БАКАЙДЫН ОБРА-ЗЫНЫН МААНИСИ ЖӨНҮНДӨ)

мандуу мамлекеттик ишмер. Бакай-дын кеменгерлиги кыргыз элинин чачылганын жыйноо, үзүлгөнүн улоо, жоголгон жогун табуу боюнча алдыда жыйнаган милдеттер тур-гандыгын көрө билип, андыктан «Таласка салган тамың жок, талта-йып жатар чагын жок, Кең-Колго сайган багың жок, керилип жатар чагын жок», деп чоролорго дайы-ма эскертип, андан ары аларга оо балдар, «өпкө жарып, баш кесер, өт жарышып кан төгөр, өлчөсөң далай душман бар, кыр жагыңда Кытай бар», деп арышты кең таш-тап, алысты ойлонууга үндөп тур-гандыгында. Ошону менен бирге Бакайдын даанышмандыгы күнүм-дүк майда-чүйдө нерселерден, бий-лик-байлык азгырыктарынан жого-ру тура билип, жашоонун маңызы жөнүндө философчосунан терең ойлонгондугунда, өмүр кечирүүнүн тузу мансаптуулукта эмес, кишичи-лик кеңдикти, адамдык нарк-насил-ди сактоодо деп түшүнгөндүгүндө («Бакайдын хандыктан баш тарты-шы» аттуу алды жакта айтылган аң-гемени эске түшүрөлү).

Page 4: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

4 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Мына ушундай касиетинен улам Бакай «Манаста» «Туйгун Бакай олуя», «Акылы терең кеменгер», «Айла тапкыч акылман», «Капилет жерден сөз тапкан, караңгы түн-дө көз тапкан», «Бакай баатыр көк жалдын, акылы кенен дарыя», деп мүнөздөлгөн.

2. Дагы бир улуу сапаты – Ба-кайдын мекенчилдиги. Буга анын Ата журттун боштондугу, ак калпак элдин эркиндиги үчүн Манас менен кошо каруусун казык, башын ток-мок кылып, каарман күрөштүн жана согуштун өртүн кечкендиги, Манас ордонун, эгемендүү кыргыз мамле-кетинин сакталышы үчүн карыган кезинде кайраттанып тикесинен тик турганы (“Семетей” эпосунда), чыккынчылардын таманы астында калган мекендин кайгысын тартып, 90 жашка чейин Семетейдин Сей-тегин күтүп (“Сейтек” эпосунда), Ата журттун жакшылыгынан үмүт кылып жашагандыгы далил бо-лот. Өмүр – жашоосунун максатын жана маңызын бир боор элин бош-тондукка чыгаруудан көргөн Бакай, Абыке-Көбөш алты арам тарабынан Манас ордонун кайрытылгандыгы-на күбө болгондо, кыйраган ордо менен өзү да кошо кыйрап, көз жа-шын төгүп, ыйлап турду. “Кулаалы жайып куш кылып, курама жайып журт кылып”, Манас курган мамле-кеттин өлүп жок болушун, өзүнүн өлүмү катары санады. Каныкейди Букарга качырып жатканда, Бакай-дын каралуу Канышага эгерде Се-метейди аман-эсен чоңойтуп Та-ласка кайра алып келбесең, менин өлгөнүм ошол деген сөзүн эстейли.

Семетей чоңоюп, кайтып келип, кыйраган Манас мамлекетин кайра тирилтсе, Бакайдын да өлгөн жаны кайра тирилмек. Ушундайча ой-лонуу Бакайдын граждандык-пат-риоттук, мекенчилдик акыл эсинин, туюм-сезиминин көкөлөгөн бийик-тигин күбөлөйт. 12 жыл зарыгып күтүп жүрүп, акыры Каныкейдин, Семетейдин жардамы менен Манас курган эгемендүү кыргыз мамлеке-тинин Туусун кайра желбиретиши, Манас ордону тебелеп-тепсеген Абыке-Көбөш алты арамды бийлик-тен кулатып, Манастын уулу Семе-тейди такка отургузушу – Бакайдын уулу эрдиги. Көз карандасыз эркин Ата журт дегенде, башын канжыга-га байлап, өлүп берүүгө даяр турган Бакайдын мекенчилдиги – биз үчүн, кийинки муундар үчүн баа жеткис үлгү.

3.Үчүнчү өзгөчөлүгү – бүгүнкү тил менен айтканда, Бакайдын ту-баса дипломат экендиги. Бакайдын инсандар аралык, жамааттар аралык, калктар аралык алака-катыштардын дүйнөсүндө мамилелешүүнүн ачкы-чын таба билген кылдат айлакерлиги анын акылмандыгынан агып чыгат. Бакай ар бир адамдын өзгөчөлүгүн көрүп турат. Ал Букар шаарынын ханынын кызы Каныкейдин билим-дүүлүгүн, баатырлыгын, акылдуулу-гун байкап: “Теңдик менен албасак, зордукка көнөр жан эмес, олжо болуп бизге эле, оңой менен Ка-ныкей, колго тийчү ал эмес”, деп Манаска кеңешин айтып, ага өзгөчө мамиле кылуунун керекчилигин эс-кертет. Каныкейдин жеке өзгөчөлү-гүн эсепке алып мамиле жасоонун

Page 5: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

5Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

зарылдыгын айтып отурушу Бакай-дын психологиялык кылдаттыгын айгинелейт. Бакай өзүнүн карама-каршылыктуу татаал турмуштук тү-йүндөрдү, чыр-чатактуу жагдайлар-ды, конфликттерди амалын, “тилин” таап, жайгаштыра, жөнгө сала бил-ген (мисалы, сүйлөшүү жолу менен айтылуу алты хандын чатагынын басылышына аралжы болгондугун, Бээжинде өзгөргөн кырдаалдын “та-мырын” кармап, Манаска туура ке-ңешин берип, “Чоң Казат” – урушун узартпай токтоткондугун, Букардагы чырдын өртүн убагында өчүргөн-дүгүн Алманбет менен Чубактын чатагында ортого түшкөндүгүн ж.б эстейли) искусствосу менен бийик. Ошон үчүн ал “Манаста” “караңгы-да жол тапкан, көргөндүгү бар эле, камалганда сөз тапкан, чечендиги бар эле, үзүлгөндү улаган, жыгыл-ганды жөлөгөн, эпчилдиги бар эле, ажыраганды эптеген, айтышканды септеген” (Шапак манасчыдан) де-лип даңазаланат. Бакайдын ортого “көпүрө”, данакер боло билүү өнөрү бүгүнкү эгемендүү Кыргызстандын элчилерине, саясатчыларына жана мамлекеттик ишмерлерине табыл-гыс таалим-сабак. Кээде мамлекет-тик атка минерлерден “Манас” эпо-су боюнча экзамен алуу керек деген газеталарга жарыяланган сунуштар-да логика бар.

4.Бакайдын мүнөзүндөгү асыл касиеттер-адилеттүүлүк, чын-чылдык, адамгерчилик, сабыр-дуулук, туруктуулук. Бакай үчүн чындык бардыгынан жогору турат. Платон менин устатым, бирок чын-дык андан жогору турат деп Сократ

айткандай сөздү, Бакай да айта алат. Бакай жандай көргөн досу жана Ажо экенине карабай, Манаска кетирген кемчилигин бетине түз айтып, дайы-ма чындыкты туу катары карманат: “Элчилерге жана жуучуларга өлүм жок” деген эл аралык эреженин Манастын ордосунда бузулганын көрүп, абакка жабылган алты хан-дын элчилерин камактан чыгартып, аларга сый-урмат көрсөттүрүшү– Бакайдын адилеттүүлүгүнүн, калыс-тыгынын көрсөткүчү. Ал эми Ажо Манастын кеңешчисимин, хан Бакай аталган каадалуу жанмын деп ман-чыркап көтөрүлбөй, атынан түшүп, чечинип таштап, согуш талаасында-гы жарадар жоокерлерди өз колу ме-нен дарылап жатышы Бакайдын жө-нөкөйлүгүн, асыл адамгерчилигин, кишичилик касиетин мүнөздөйт. Семетейди 12 жыл, Сейтекти 14 жыл зарыгып-саргайып күткөн са-бырдуулугу, сүйгөн кызы Көрпаянга жетпеген көп жылдык ички арман-күйүтүнө түткөн чыдамкайлуулугу, Көрпаяндын сүйүүсүн барктаган улуулугу жана ага болгон өзүнүн ма-хабатына ак бойдон калган адамдык туруктуулугу Бакайга болгон кадыр-сыйыбызды, урматтообузду ого бе-тер күчөтөт.

5. Бакайдын адам тирлигинин негизи болуп эсептелген эмгек де-ген улуу нерсеге да өзүнүн көз карашы, философиясы бар. “Ма-настагы” кайталангыс керемет уста Бөлөкбайдын “ата журт үчүн тер-деген” эмгек-мээнети жөнүндөгү Бакайдын терең мазмундуу, курч монологу эмгекке арналган өзүнчө бир гимн сыяктуу. Ошону менен бул

Page 6: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

6 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

монолог манастын аскер куралда-рын жасаган тендешсиз чебер уста Бөлөкбайга сөз менен тургузулган эстелик өңдүү. Монологдун те-рең логикасын аңдасак, бул жерде эмгектин өзүнчө бир концепция-сы жатат. Бакайдын философиясы боюнча, эмгек – бакыттын, береке-байлыктын булагы, кара жанды да, калайык-калкты багуунун да, өзүн-дү жана өзгөнү сактоонун да ама-лы, өзүнүн кара жемсөө кызыкчы-лыктарын гана канааттандыруунун чегинен чыкпаган эмгектин кадыр-баркы болбостугу, башкалардын бакыбатына, жамааттын жакшылы-гына багышталган “ата журт үчүн тердеген” эмгектин маңыздуулугу, кундуулугу, социалдык-баалуулу-гу, эмгектин, адамдын адеп-ахлак-туулугунун көрсөткүчү, чен-өлчөмү жана кишинин өзүнүн ички жөн-дөм-мүмкүнчүлүктөрүн, адамдык патенциалын ачуунун, өзүн өлбөс кылуунун жолу.

Бакайдын кеменгер акылынан чыккан бул насыят кыргыздын дайы-ма көңүлүндө алдейлеп алып жүрө турган руханий мүлкү, ата мурасы.

6. “Манас” эпосунда Бакай би-римдик, ынтымак идеясынын жарчысы катары көрүнөт. Ал “сер-пишкенге бой бербес, сепил болуп калгыла”, деп калкты бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга үндөп, көсөм акылы менен көпчү-лүккө жол көрсөтүп турат. Бакай эл-журттун ички ынтымагын жана биримдигин жеңиштердин, ийги-ликтердин ачкычы, тышкы карса-натай күчтөрдүн кысымы алдында сепил сыяктуу кебелбес, ноюбас

болуунун кепилдиги, турмуштун бороон-бурганактуу жолдорунда калктын аман-эсен сакталышыны-нын куралы катары туюнат. Мына ошон үчүн ал 90 жашка чыкканча, өмүрүнүн акыр-аягына чейин ак калпак журттун ички ынтымак-би-римдигине доо кетирген Абыке-Кө-бөш алты арамга жана чыккынчы Канчоро-Кыяздарга каршы турган. Кеменгердин логикасы боюнча кал-дайган калың журтмун, сан жагы-нан сансызмын деп мактануу да эп мес. Эгерде ички ширелишкендиги жок болсо, калктын сан жагынан көптүгү капсалаңдуу кыйын-кезең-де ынанымдуу тирек болуп бербес. Мына ушундан улам Бакай ынты-магың жок болсо “пил да болсоң жыгыласың, миң да болсон кырыла-сың” “Ынтымактан качкандар, ыгы жок өзү кор болот” деген орошон осуятты айтып отурат. Ырасында эле, ичтен ыдырап, бөлүнүп-жары-луунун айынан далайлаган импе-риялар, калдайган калың журттар тарых сахнасынан орду-түбү менен жок болуп кеткендигин турмуш көп жолу далилдеп бербеди беле.

Манаска кастарын тиккен алты хандын чатагын сүйлөшүү аркылуу тынчтык жол менен жайгаштыры-шы Бакайдын улуттун ички бирим-дигинин гана идеологу эмес, эл ара-лык ынтымактын жактоочусу жана калк аралык мамилелерде, азыркы-ча айтканда, диалогдун күйөрманы экендигин да ырастайт.

7. Бакайдын баса белгилеп, ата-йын айта турган дагы бир сапаты-баатырдыгы. Ал көп кырдуу ин-сан. Бакай эпосто акылмандыгы,

Page 7: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

7Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

“караңгыда карсактын изинен жа-ңылбас” айлакерлиги жагынан гана эмес, кашкөй жоокердик, көкжал баатырдык сапаттары жагынан да ачылып көрүнөт. Бакайды боштон-дук үчүн болгон ар кандай майдан-дарда согуш өртүнүн эң алдыңкы чектеринен көрөбүз. Ал жеке жана массалык салгылашууларда өзүнүн “арстандыгын” далай жолу далил-деп көрсөтөт (Бакайдын бир эле Араник согушунда Кытайдын үч баатыры менен салгылашкан факты-сын көз алдыбызга туталы). Ошон үчүн Манас өзү “Бакай аты болбо-со, эрдиги менден кем эмес, артта жүрсө сан колдой, алдыда жүрсө ак жолтой” деп даңазалап, абакесин жогору баалаган. Бакай Манастын кошуунунда аскердик согуштук өнөргө атайын машыгуудан өткөн профессионал жоокер (“Көкөтөй-дүн ашында” Бакайдын кырк чоро менен бирге көпчүлүккө оюн түрүн-дө тартуулаган аскердик-согуштук өнөрүн эске түшүрөлү). Бакайдын майдан салгылашууларындагы же-ңиштеринин, ийгиликтеринин сыры бир чети ушунда.

8.Бакайдын Манас баатыр менен болгон достукка актыгы, түздү-гү, бекемдиги жана берилгендиги өзгөчө баага жана сыйга татыктуу. Манас менен Бакайдын достугу− чыныгы достуктун үлгүсү.

9. Ошону менен бирге мобу нер-сеге да көңүл буруп коюу керек. Фольклордук чыгармалардын каар-мандарына илимпоздор тарабынан жандуу личность эмес, шарттуу фигура», тигил же бул адамдык са-паттын «көркөм символу», аксана-

тай же карасанатай күчтүн «жалпы-ланган элеси» персонификациясы, «схема-маска» сыяктуу мүнөздө-мөлөр берилген учурлар аз эмес. «Манастагы» Бакайдын образына мындай аныктама берүүгө болбос эле. Бакайдын образы, ырас, кыр-гыз элинин акылмандыгын жана башка жаркын сапаттарын алып жү-рөт, ошону менен бирге бул каарман өзүнүн кайталангыс тагдыры, ой жүгүртүүсү, эмоционалдык толго-нуулары менен жашаган, жекелиги бар инсан, реалдуу турмуштук кыр-тыштан өсүп чыккан жандуу образ десек жаңылбас элек.

10.Бакайдын образы өзүнүн өзө-гүндө улуттук жана жалпы адам-заттык маанидеги универсалдык руханий, моралдык-этикалык, гума-нисттик нарктарды алып жүргөндү-гү менен “Манас” эпосунун мазму-нун байытып, дастандын деңгээлин дүйнөлүк бийиктикке көтөрүп тур-ган залкар образ. Образдуу айткан-да, Бакай руху Манас ааламынын Ала-Тоого жана адамзатка жарыгын чачкан өчпөс жылдызы.

Сөз акырында белгилей кете турган нерсе, европалык адамдын акыл-оюунун бийик рационал-дуулугу, азиялык адамдын ойлому-нун примитивдүүлүгү жөнүндөгү кээ бир “философтордун” ойлорун даанышман Бакайдын образы төгүн-гө чыгарып турат. Бакайдын мента-литети жана ой жүгүртүү масштабы кыргыз ойломунун жана рухунун өзүнүн алдыңкы үлгүлөрүндө Азия-да чоң маданияттын деңгээлине кө-төрүлгөндүгүнө күбө өтүп турган-дыгын белгилеп коюушубуз керек.

Page 8: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

8 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Бакайдын махабаты

Бакай акылмандык, баатырдык касиеттери жагынан гана сүрөттөл-бөстөн, эпосто ал өзүнүн пенделик толгонуулары, кайгы-муңу, сүйүү се-зимдери жана кишичилик сапаттары жагынан да ачылып көрүнөт. Сөздү мындайраактан баштап келели.

Буржазиялык, капиталисттик дейбиз би, демократиялык дейбизби, ушул коомдор тарыхта келип чык-канга чейинки илгерки доорлордун (мисалы, уруулук-кѳчмѳндүк, пат-риархалдык-феодалдык доорлордун) жалпы бир ѳзгѳчѳлүгү бар. Уруулук-феодалдык доор Европада болобу, Азияда болобу, «адам укугу», «адам эркиндиги», «жеке адамдын кол тийгис суверенитети», «ар бир кишинин ѳзүнѳ таандык болушу жана ѳз тагдырын ѳзү чечиши» деген сыяктуу цивилизациялык ка-тегориялар менен ой жүгүртүүгѳ кѳп жагынан чоочун. Мисалы, эки жаш-тын эркин сүйүүсү, эркин махабаты дейли. Экѳѳнүн ортосунда ашыктык оту алоолоп күйүп турат. Эми би-ри-бирине мажнун болгон эки жаш ѳздѳрүнүн ички каалоо-кумарлары боюнча баш кошууга тийиш. Баш ко-шуу, үйлѳнүү экѳѳ гана чече турган маселе, бул иш экѳѳнүн индивидуал-дуу жекече иши, экѳѳнѳ гана таан-дык. Бирок ушул экѳѳнѳ гана таан-дык ишти жүзѳгѳ ашыруу үчүн эч кимдин кѳзүнѳ карабай, социалдык-таптык айырмачылыктарга карабай эки жаш жүрѳк бири-бирине кол созуп, умтулган кезде балээнин баа-ры башталат. Дал ушул учурда уруу-лук-феодалдык замандын илгертен бери орнотуп койгон жоболору, дог-малары, темирдей тартиптери жана

бир орунда каткан нормалары «кам-чысын», кѳтѳрүп, кылычын кындан сууруп, эки жаштын алдынан чыга келет. Дал ушул социалдык «каскак» менен тосмону тооткусу келбеген эр-кин махабаттын ортосунда конфликт, катаал кагылышуу, кандуу кармаш болуп ѳтѳт. Доордун, замандын ав-торитардык күчү дайыма үстѳмдүк кылат. Натыйжада, батыш болобу, чыгыш болобу, кайсы гана аймакта болбосун, Ромеолордун жана Джуль-етталардын кайгылуу тагдыры келип чыгат. Мына ушундан улам улуу акын Расул Гамзатов «Ромео-Джуль-етта Дагестандын ар бир айылында болгон, бирок Шекспир гана болбоп-тур», деп бекеринен айткан эмес.

Уруулук-феодалдык заман адам ѳзүнүн сүйүү, үйлѳнүү маселесин ѳзү жеке чечпейт, ѳзү жеке танда-байт, ѳз тагдырын ѳзү аныктабайт, деп индивидуумдун жеке эрки жана тандоосу менен эсептешпей турат. Замана бул маселени жамаат, коом, ата-эне, бек, хан, мамлекет, байлык-бийлик чечет, тандайт, аныктайт, ин-сан ѳзүнѳ-ѳзү таандык эмес, урууга, жамаатка, мамлекетке, сословиеге, кастага таандык, эреже ушундай, деп кабагына кар жаадырып, муру-туна муз тоӊдуруп, мисирейип ту-рат. Мындай шартта чѳйрѳнүн эрки-не каршы ѳз жүрѳктѳрүнүн буйругу менен түбѳлүк кошулууну кѳксѳгѳн эки ашыктын эркин махабат кайыгы, коомдо үстѳмдүк кылган социалдык мамилелердин тосмолорунун жана догмаларынын «муз тоосуна» уру-нуп, кыйроого дуушар болору шек-сиз нерсе. Дал ушундай тагдырды учурунда «Манас» эпосундагы Ба-кай да башынан ѳткѳргѳн.

Page 9: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

9Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сүйүүгѳ байланыштуу баштан ке-чирген кейиштүү тарыхын Бакай ушу күнгѳ чейин досу Манаска да, кырк чоронун да эч кимисине айтпай, ичи-не катып келген. Кыргыздарга келип катылып, Алайдагы Нойгуттардын кереге уугун кыйратып, келин-кы-зын ыйлатып, баскынчылык кылган Шоорук ханды жеринде жеңип, ую-гунда багындырып, Манас кайра Та-ласка кайтып жөнөйт. “Маймуңдун чөлүн жакалап”, Чамбыл-Бел айма-гы менен кайтып келе жатканда, Ба-кайдын ичке жашырып келген күйү-тү козголот. Себеби анын армандуу махабатынын окуясы дал ушул Чам-был-Бел деген аймакта болуп ѳтүп-түр. Манастын аскери Чамбыл-Бел чѳлкѳмүнѳ келгенде, сүйгѳн кызы Кѳрпаяндын элеси кѳз алдына келип, Бакай чыдабай ичтеги арманын дос-торуна айтууга аргасыз болот. Кѳрсѳ, окуя мындайча болгон экен.

Бакай жаш кезинде Чамбыл-Бел аймагында жүрүп, түркмѳндѳрдүн Карач деген ханынын Кѳрпаян аттуу кызын сүйүп калат. Кѳрпаян да Ба-кайга ашык болуп, махабат ѳртүнѳ кабылат. Күндүзү оюнан, уктаса тү-шүнѳн кетпей, бири-бирине куштар-кумар болуп сүйүшкѳн Бакай менен Кѳрпаян үй-бүлѳ куруп, тагдырла-рын түбѳлүк бириктирүүгѳ умтулу-шат. Бирок тилекке каршы, Кѳрпаян-дын атасы хан Карачтын каалаганы башка экен. Бул чѳлкѳмдѳ үй-бүлѳ курууну сүйүшкѳн эки адамдын каалоосу, кѳѳдѳндѳгү кѳк сѳѳсү, жүрѳктѳрүнүн буйругу чечпейт экен. Кыздын жекече эрки, жекече чечи-ми деген болбойт экен. Кѳрпаяндын кимге ѳмүрлүк жар болорун хан Ка-рач жана анын иниси Жаналы че-

чет экен. Махабатка ушул экѳѳнѳн уруксат алыш керек экен. Личность, анын ѳз алдынчалыгы, жекече чечи-ми, ѳз бетинче кадам жасоого укук-туулугу, ѳз таалайын ѳзү табуу деген ыйык түшүнүктѳр менен ойлонууга ѳсүп келе элек патриархалдык Чам-был-Бел аймагынын менталитети ушундай экен. Ушундан улам эки жаштын романтикалык сүйүүсүнүн драмасы, кайгы-касирети башталат. Даражалуу касталык ой-сезимди туу туткан хан Карач иниси Жана-лы экѳѳ шарият-салт менен алдына түшсѳ да болбой, жетим, тентиген кыргызга (Саякбай Каралаевдин ва-рианты боюнча Бакай алты айында энесинен, бир жашында атасынан ажырап жетим калып, жаш кезинде далай эл-жерди кыдырган.) Кѳрпаян-ды берүүдѳн караманча баш тартып, Бакайды курал менен кубалап жок кылууга ашыгышат.

Бакай Көрпаянга жете албай, не-чендеген азаптуу күндөрдү, уйкусуз түндөрдү баштан өткөрөт. “Көр-паянга жете албай, капа болом бир далай, ай түгөнүп жыл өткөн, азап-туу мынча күн өткөн, кызыталак куу жалган, Бакайга кызыгын көрчү минеткен”, деп Бакай сыздап турат.

Кѳрпаянды сүйгѳнү ушунчалык деӊиз, махабат мүдѳѳсү адамча жай-чылык жол менен ишке ашпасын түшүнгѳн Бакай сүйгѳн кызын күч менен алуу үчүн Карач кан менен согушууга барат. Бирок канчалык баатыр болсо да, жалгыз адамдын колунан эмне келет. Бакай:

– Кѳрпаяндын айынанЖекеге чыга барышып,Жети күн тынбай сайышып,Арык кылдым ыргалтып,

Page 10: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

10 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Астымда тулпар малымды,Алалбай калдым ушинтип,Акыреттик жарымды.Кѳрпаянды алалбай,Тилегиме баралбай,Ай-талаага түшкѳмүн,Ай, жалгыздык, сени – деп,Бармагымды тиштедим, –

деп ѳткѳнүн эскерип, Манас менен кырк чорого арманын айтып турат. Акыры, айла жок, Бакай Карач кан-дын жерин таштап чыгып кетиптир. Ошондо, Кѳрпаян бѳдѳнѳдѳй кѳ-зүнѳн бѳлѳк-бѳлѳк жаш куюлтуп, кулундай «туйлап, ѳѳдѳ-тѳмѳн чы-ӊырып» ыйлайт. Аргасыз Бакайдан ажырап жатып, арманы аттын ба-шындай болгон Кѳрпаян сени жети жыл күтѳм деп зарлап, дагы кѳз жа-шын тѳгѳт.

Бакайдын «сыр ачуусунан» ан-дан ары тѳмѳнкүдѳй драмалуу жаг-дайдан кабар алабыз. Бакайдын ай-тып турган сѳзүн тыӊшайлы:

– Атасынын ѳзүнѳЖуучу түшүп жан келип,Аламын, – деп бейбакты, Туш-туш жактан кан келип,Жашылала суп кѳйнѳкКийбей койду, – деп уктум,Башымды кессеӊ мейлиӊ, – деп,Тийбей койду, – деп уктум.

Андан бери далай жыл ѳтсѳ да, Кѳрпаян турмушка чыкпай, атасы-нын тѳрүндѳ «кара далы» болуп отурат. Үӊүлүп баам салсак, ушул кичинекей ыр түрмѳгүнѳн бүтүндѳй бир адамдын мүнѳзүн, руханий тур-патын жана махабатынын күчүн кѳ-рүүгѳ болот. Кѳрпаян атасына куда бололу деп келген далай хандардын дѳѳлѳтүнѳ, атак-даӊкына, алтын-

күмүшүнѳ азгырылбаптыр. Атасы-нын тилине кѳнбѳгѳндүктѳн улам үй-бүлѳдѳ келип чыккан конфликт кызга канчалык психологиялык азаптарды алып келбеди дейсиӊ. Кѳрпаяндын ички драмасы, ѳрттѳ-нүп күйгѳн жан дүйнѳсү айтылбаса да сезилип турат. Бул жерде Бакай-дай акылман жигиттин асыл жан дүйнѳсүн баалай билген Кѳрпаян-дын руханиятынын жана интеллек-тисинин бийиктиги да ачык туюлуп турат. Кѳрпаян ѳзүнүн акыл-эс жана руханий-нравалык ѳнүгүшү жагы-нан ѳз чѳйрѳсүнѳн ѳйдѳ кѳтѳрүлгѳн ѳзгѳчѳ жан экен. Бакай аны «ур-гаачынын мыктысы, касиеттүү жан эле», деп кырк чоронун алдын-да бекеринен кѳкѳлѳтүп жаткан жок. «Башымды кессеӊ мейлиӊ», деген сѳзүнѳн Кѳрпаяндын беттегенин бербеген кѳктүгүн, чечкиндүүлүгүн, Бакайга болгон сүйүүсүнүн чексиз тереӊдигин, ѳзүнүн махабатына ак бойдон калган аруулугун, адамдык туруктуулугун кѳрүп турабыз. Сап-тардын подтекстинен кѳптүн ара-сындагы жалгыздыктын трагизми жана алды жактан күдѳр үзбѳгѳн үмүт жарыгы сезилет.

Дале болсо, тагдырдан үмүт кы-лып, кудайдан жакшылык тилеп, ушу күнгѳ чейин ѳзүн күтүп жүргѳн Кѳрпаянды ойлоп, Бакай:

– Ашыкты таштап, Манас, – деп,Ар жылга кеткен мен кандай?Асылым Бакай келет, – деп,Арман менен күн санап,Боздоп жүргѳн ал кандай?Бакай кан, – деп зарланып,Күйүп жүргѳн ал кандай?Күнүм келип жете албай,Күүлѳнгѳн Бакай мен кандай, –

Page 11: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

11Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

деп Манаска карап, кѳѳдѳнүнѳн кѳк түтүн бурулдатып, күйүтүнѳ чыда-бай тегеренип кетет.

Карасаӊ ушу күнгѳ чейин Бакай да үйлѳнбѳй жалгыз. Буга чейин со-гушта жеӊилген тарап канча ирет айдай сулуу бийкечтерди кыргыз-дарга тартууга берди. Бакай алар-дын бирине да кѳӊүл бурган жок. Үйлѳнсѳм деп бир да аялзатына на-зарын түшүргѳн эмес. Анын жүрѳгү бир гана Кѳрпаян деп согуп калган. Махабаттын айынан башка ургаачы-ны кѳрбѳй, кѳзү «кѳр» болгон Ба-кай ботосун жоготкон ингендей бир гана Кѳрпаян деп боздоп келиптир. Акыры, Манас менен Чымбыл-Бел-ден ѳтүп баратып Бакай чыдабай: «Башкадан эми кѳѳнүм ток, тик-тегеним Кѳрпаян, ошондон башка дартым жок», – деп жүрѳк сырын Манаска айтып отурат.

Күтпѳгѳн жерден досунун сүйүү тарыхын, арман-күйүтүн укканда, Манас буга кандай реакция жаса-ды? Муну билиш үчүн тѳмѳнкү сап-тарды ѳз кѳзүбүз менен окуйлу:

«Асыл Бакай, абаке,Бүгүн айттыӊ чыныӊды, Казыр айттыӊ жан аба,Кѳѳдѳндѳгү сырыӊды,Жанаалы, Карач – эки канДеген сѳзгѳ кѳнбѳсѳ, Кѳрпаянды бербесе,Буласын булап аламын,Бузукту чогуу саламын.Аккула тулпар, АйбанбозАлмак-салмак минемин,Айткан сѳзгѳ кѳнбѳсѳ, Кѳрпаянды бербесе, Айдап, кырып баарысын,Мекеге чейин сүрѳмүн!»

Бакайдын сыр тѳгүүсүн (испо-ведь) угуп, катуу толкунданган Ма-нас ѳзүнүн алысты кѳргѳн акылы аркылуу Бакай менен Кѳрпаяндын туюкка кептелип турган кырдаалы кандай кадамга муктаж экендигин дароо кѳрдү. Азуусун айга жанып турган кыргыз Ажосу добулбасын дүӊгүрѳтѳ бир уруп, кыраан кырк чоросун Чамбыл-Белдеги кара мүртѳз Карач ханга каршы кѳтѳрдү.

Сѳздү кыскартып, акыркы на-тыйжаны айтсак, кырк чородон кыргын таап кала жаздап, жеӊилген Карач хан менен Жанаалы камчы-ларын моюндарына салып, Манас-тын алдында тѳрт бүгүлүп кечирим сурап, башыбызды аман коюӊуз, бизди букара кылып алыӊыз, алты-мыш кундуз, миӊ жамбы алым алып туруӊуз, «кыз жакшысы Кѳрпаян, тартууга аны берели», дешип жа-лынып-жалбарып, жан соогалашат.

Бакай үчүн жарк этип капыстан күн чыккандай болот. Эки адамдын армандуу махабатынын кѳп жыл-дык чиеленген түйүнү күтүүсүздѳн, мына ушинтип, оӊ жагына чечилет. Кѳрпаян сулууну «адими торко кий-гизип, Артору тулпарга мингизип», Бакайга кошуп, Таласка аттантышат.

Айкѳл Манас досу Бакайга ушин-тип, эстен кеткис чоӊ жакшылык кы-лат. Махабат мажнундарын «кѳздѳн учкан кѳк жээктерине» жеткизет.

«Олжо катын» болуп кетти, деп Чамбыл-Белдегилер ушактап жа-тышса да, сүйгѳнүнѳ кошулуп, Та-ласка кетип бараткан жолдо Кѳр-паяндын ичинде кандай майрам, кандай улуу той болуп, махабаттын жеӊиши салтанаттап жаткандыгын, ал эми Бакайдын ѳӊүмбү же түшүм-бү, деп дендароо болуп, бакытка ча-

Page 12: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

12 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

кап кетип бараткандыгын кѳз алды-га элестете берели.

Кыскасы, жыйынтыктап айткан-да, Бакай менен Кѳрпаяндын махабат тарыхы жѳнүндѳгү баян-бул «Ма-нас» дастанынын ичиндеги ѳзүнчѳ бир дастан. Бул баянды ѳзүнчѳ бѳ-лүп алып, махабат жѳнүндѳгү кыска жана нуска айтылган, бирок мазмуну тереӊ чыгыш дастандарынын бири десек да болот. Бакай менен Кѳр-паяндын сүйүү тарыхы бир мыкты кино чыгармага же драмалык спек-таклге негиз болуп берчү кызыктуу тарых. Кыргыз кино, театр ишмерле-ри эртедир-кечтир «Манастагы» бул сюжетке кѳӊүл бурбай койбос деп үмүттѳнүүгѳ болот.

«Манастын» ичиндеги бул дас-танда биз үйрѳнѳ турган кандай таа-лим-сабак, тарбиялык маӊыз бар? Бакай менен Кѳрпаяндын махабат тарыхы – бул сүйүүдѳгү турук-туулуктун, адеп-актыктын, сүйгѳн адамына акыр-аягына чейин ак жана түз бойдон калуунун, ѳзүнүн махабат бак-таалайы үчүн буюктурган бур-ганактарга жана бороондорго жал-танбай кѳкүрѳк тоскон рухий каар-мандыктын, максат артынан кууган ѳжѳрлүктүн үлгүсү. Бул окуя караӊ-гылыкка камаса, жылчыктан жарык-ты шыкаалаган улуу үмүттүн, айла-насына коргон салса, алкакты жарып чыккан ак сүйүүнүн, жерге кѳмсѳ, ак соё болуп ѳнүп чыккан ашыглык кү-чүнүн символу сыяктуу кѳрүнѳт.

Белгилеп кете турган нерсе, Чыгыш дастандарынын сюжетин-де демейде сүйүшкѳн эки жаш би-ри-биринен кара күч, зордук менен ажыратылат. Натыйжада, Лайли менен Мажнундун, Аксаткын менен Кулмырзалардын, Ак Мөөр менен

Болоттордун кайгылуу драмалары пайда болот. Ал эми Манас эпосун-да сүйүшкѳн эки ашык жанагинтип тескерисинче, күч менен бирикти-рилип жатат. «Манастагы» Бакай менен Кѳрпаяндын тарыхынын уникалдуулугу жана парадоксал-дуулугу ушунда. Манас баатырдын Чамбыл-Белдеги Карач канга кар-шы жасаган аскердик акциясы Ба-кай менен Кѳрпаяндын махабатына карата алганда, ѳзүнүн тереӊ гума-низми менен айырмаланат. Анткени аскердик акция зордук-зомбулукка таянган кара күчтү ооздуктоо үчүн жана махабатка, жакшылыкка жол ачуу үчүн жасалды.

Чыныгы махабатты поэтизация-лагандыгы жана тунук сүйүүгѳ ка-рата акыйкат мамиленин жасалыш зарылчылыгы жѳнүндѳгү идеяны даӊазалагандыгы – «Манас» эпосу-нун мазмунунун гуманисттик би-йиктигинин кѳрсѳткүчү.

Кѳркѳмдүк-эстетикалык жагы-нан алганда, Бакай менен Кѳрпаян-дын баянынын сюжети курч жана кызыктуу курулган. Окурман сап-тан сапты кубалап окуп отуруп, сю-жеттин акырына кантип чыкканын билбей да калат. Окуяны кѳркѳм шѳкѳттѳлүшү бутагы таамай тий-ген чечендикке жана образдуулукка чулганган. Ѳзүнүн махабат тарыхы жѳнүндѳгү Бакайдын сыр ачуусу чын жүрѳктѳн чыккан интонация-сы жана кыйла даражадагы психо-логизми менен ѳзгѳчѳлѳнѳт. Бакай менен Кѳрпаяндын баянын ырдоодо Саякбай Каралаев согуштук эпизод-дорду тартуунун гана устасы эмес, эпикалык поэзиядагы лиризмдин да чебери экенин демонстрациялап кѳрсѳтүп ѳткѳн.

Page 13: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

13Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Аннотация: Бул макалада жаңы талаптарга ылайык кыргыз адабия-ты окуу китептерин жазуунун тео-риялык-методологиялык негиздери тууралуу сөз болот. Автор атал-ган предмет боюнча окуу китеп-теринин тарыхына кыска экскурс жасап, азыркы окуу китептеринин жалпы кемчилдиктерин көрсөтөт. Эмгекте кыргыз адабияты окуулук-тарынын мазмунуна коюлуучу жал-пы талаптар белгиленет.

Аннотация: В данной статье речь пойдет о теоретике-методо-логических основах написание учеб-ников по кыргызской литературе в соответствии новыми требова-ниями. Автор показывая некото-рые недостатки нынешних учебни-ков, дает краткий экскурс истории учебника по данному предмету. Так-же дается общие требование по со-держанию учебника.

Annotation: This article focuses on the theoretical and methodological basics of writing textbooks in Kyrgyz literature according to new requirements. The author shows some shortcomings in current textbooks, gives a brief digression to the history of textbook on the subject. It provides general requirements on the content of the textbook.

Түйүндүү түшүнүктөр: мамле-кеттик стандарт, окуу китеби, көр-

көм адабият, образ, образуулук, окуу китебинин мазмуну, окуу процесси, текст, методикалык аппарат.

Ключевые слова:гос стандарт, учебник, художественная лите-ратура, образ, образность, содер-жание учебника, учебный процесс, текст, методический аппарат.

Key words: state standard, textbook, fiction, image, imagery, content of the textbook, teaching process, text, methodical device.

Кайсыл гана доор, кайсыл гана мамлекеттик түзүм болбосун жаш муундарына билим берүү озуйпа-сын аркалоочу мекемелерди ачат, алардын бири – азыркы учурда мек-тептер, азыркы мектептин башкы максаты – жаш муундарга билим берүү, ал эми ошол билим берүүнүн түпкү көздөгөнү – окуучуларын илимдин, билимдин жана билгич-тиктердин системасы менен курал-дандыруу.

Мезгил менен кошо билим берүү парадигмалары канчалык өзгөрүп келгендигине, билим берүү мекеме-леринин мазмундук жана формалык жактан ар түрдүү багытта модерни-зациялангандыгына карабай окуу китеби окутуу процессинин башкы каражаты болуп келген жана азыр да ийгиликтүү келе жатат. Окуу китеби бул же тигил окуу предметинин маз-мунун чагылдырат, ошол эле кезде

Абдыкерим МУРАТОВ, И.Арабаев атындагы КМУ,

педагогика илимдеринин доктору, профессор

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ: ТИПТҮҮ КЕМЧИЛДИКТЕРИ ЖАНА АЛАРГА

КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР

Page 14: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

14 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

окутуу процессинин жүрүшүн ал-дын ала аныктайт, окуу стандартта-ры жана окуу программалары талап кылган заманбап илимий-билим-дерди сунуш кылат, мугалим менен окуучунун байланышын түзүүгө шарт даярдайт. Жалпы мектеп окуу китептери гуманитардык, физика-математикалык, табият таануучулук, көркөм-эстетикалык ж.б. багыттарга карата өзгөчөлүктөргө ээ.

Окуу китебинин негизги кызма-ты төмөнкүлөр менен байланышат:

• маалыматтык – билимдердин талап кылган көлөмүн берет;

• текшерүүчү-коррекциялоочу – окуу процессинин жүрүшүн тек-шерип жана жөнгө салып турат;

• мотивдештирүүчү – окуу предметине окуучунун кызыгуусун жогорулатат.

Мектепте окутулуучу предмет-тердин ичинде кыргыз адабияты предмети улуттук жана айрым чет элдик жазуучулардын чыгармала-рын кыргыз тилинде таанышты-руу менен окуучулардын руханий-адамгерчилик сапаттарын, эстети-калык табитин, диалектикалык ой жүгүртүүлөрүн, турмушту жана адамды таанып билүүсүн, тил бай-лыктарын өстүрүүгө багытталат. Дал ушул предмет аркылуу азыр-кы балдар тарыхый узак доорлор-го сүңгүп кирип, адам мүнөздөрүн, турмуш көрүнүштөрүн аңдап билет, көркөм образдар менен «кошо ара-лашып» алардын тагдырына күйүп бышат. Адабият предметинин ба-шаты, негизги булагы, азыктанып турган тамыры – көркөм адабият, көркөм адабият болсо эң бирин-

чи кезекте – сөз өнөрү. Андыктан бул предметтин окуу китебинин ниет-тилеги – окуучуга сөз өнөрүн таанытуу, аны сөз өнөрүнө баштап кирүү жана аларга сөз аркылуу таа-лим-тарбия берүү.

Адабият окуу китеби – муга-лим менен анын окуучусунун ко-луна тийгенге чейин далай жолу ийленип, бышырылуучу, бир катар адистердин элегинен өтүүчү татаал процесстин акыбетинен жаралуучу акыл эмгегинин туундусу.

Окуу китеби материалдарды тандоодо жана жайгаштырууда мамлекеттик стандартка жана окуу программасына таянат. Окуу ките-бинин автору адегенде бул же тигил тема боюнча өз оюн оозеки бышы-рып, болочоктогу окуу китебинин концепциясын иштеп чыгат, прог-раммада сунушталган темаларды сааттарга ылайыктап план-проспек-тин жазып, анда кайсыл материал-дарга канча көлөм берүүнү тандайт, андан соң айрым темаларды иштеп, китептин жалпы стилин, мазмун-ду берүүнүн бирдиктүү формасын аныктап алат. Андан соң даяр кол жазманы сунуштайт, ал жерден тие-шелүү министрликтин алдындагы адистер, рецензенттер, эксперттер окуп, баа беришет, оңдоолорду, тү-зөтүүлөрдү киргизет, ошондон ки-йин макулдашылса, министрликтин коллегиясы аны пайдаланууга су-нуштайт, андан кийин басуу про-цессинде редакторлор, корректор-лор кол жазманы дагы иштеп ийге келтирет.

Демек жогорудагы процесстин майнаптуулугу, автордун тиешелүү

Page 15: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

15Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

адистер менен иштешүүлөрү – бо-лочоктогу китептин сапаттуу жара-лышынын биринчи мүмкүнчүлүгү.

Окуу китеби – окуу процессинин жаны, деми, ал эми окуу процесси билим берүүнүн жана тарбиялоонун башкы тиреги. Окуу китеби – адабий тексттерден, алардын үзүндүлөрү-нөн жана методикалык аппараттан куралат жана белгилүү бир көлөмгө ээ болот. Адабият окуу китебинин милдеттери – окуучуларга адабий, адабий-теориялык маалыматтарды берет, анын инсанын өнүктүрүүгө шарт даярдайт, оң сапаттарга тар-бияланууга жол көрсөтөт, окууга кызыктырат, билимин текшерүүгө көмөктөшөт, адабий чыгарманы туура түшүнүүгө, кеп маданиятын өстүрүүгө жардам кылат ж.б.

Окуу китеби же окуулук – окуу адабияттарынын негизги жана же-тектөөчү түрү, поездин вагондорун локомотив тарткандай башка окуу колдонмолору вагондор болсо, окуу китеби составдын локомотиви.

Окуу китеби – класста, сабак процессинде мугалимдин жетекчи-лигинде да, окуучунун өз алдынча иштөөсүндө да, үйгө берилген тап-шырмаларды аткарууда да, өтүлгөн-дөрдү ар дайым кайталап жүрүүсүн-дө да, өтүлө электерге байкоо жүр-гүзүүсүндө да колдонула берүүчү универсалдуу колдонмо. Анда или-мийлик менен жеткиликтүүлүк оп-тималдуу айкалышып, окуучуларга ошол предметтин жалпы бир или-мий ажарын, дидарын ачып берүүгө тийиш.

Окуу китеби эки түрдүү ку-рамдан түзүлөт: биринчиси – текст

(негизги компенент – теориялык жана фактылык материалдар; ко-шумча – документтер, үзүндүлөр, справкалар; түшүндүрмө – эскер-түүлөр, комментарийлер, анык-тоолор, тактоолор); экинчиси – тексттен тышкаркы компоненттер (суроо-тапшырмалар, таблицалар, көрсөткүчтөр, иллюстративдик ма-териалдар ж.б.).

Андыктан да окуу китебин бул же тигил илим жыйнаган билим казынасы, ошол илимий-билимдер-дин чагылдырылышы, берилиши катары кароо менен жогорудагы таанып билүү материалдарынын, тапшырмалардын, көнүгүүлөрдүн, маалыматтардын комплекси деп тү-шүнүүбүз керек, ал эми ошол комп-лекс окуучулардын андан ары билим алуусуна, таанып-билүү компетент-түүлүктөрүнүн калыптануусуна шарт түзүп, сүрөөн жаратышы анын өз милдетин аткарганы болушу деп эсептелет. Окуу китеби жыл сайын эле өзгөрө бербей, кандайдыр бир деңгээлде туруктуу жана ошол эле кезде мобилдүү болушу зарыл.

Кыргыз адабияты окуу китепте-рин илимий-педагогикалык негиз-де жазуу – XX кылымда гана баш-талган көрүнүш. Адегенде өткөн кылымдын 20-жылдарда «Алиппе» жана «Эне тили» китептери иштел-ген, алардын авторлору (И.Арабаев, К.Тыныстанов) адабий материал-дарды сунуштап, ошол алгачкы со-веттик китептер аркылуу негизинен арибдерди үйрөнүү, окууга жана жазууга көнүгүү – жалпысынан эл-дин сабатын ачуу максаты көздөл-гөн. 30-жылдарда акын-жазуучулар

Page 16: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

16 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

(У.Абдукаимов, М.Абдыкеримов, А.Токомбаев, А.Осмонов ж.б.) окуу хрестоматияларын түзүшкөн жана ошол мезгилдин шартына ылайык көбүнчө ал жыйнактарга орус ти-линен которулган тексттерди сунуш кылышкан. Ушул салт 40-жылдар-дагы окуулуктарда (К.Рахматуллин, К.Нанаев) андан ары улантылып, бирок кыргыз адабиятынын мате-риалдары улам көбөйө баштаган. Кыргыз адабияты окуу китептерин-деги бурулуш 1948-жылы чыккан З.Бектенов менен Т.Байжиев жазган «Кыргыз адабияты» окуу китеби болуп, анда кыргыз фольклорунун классификациясы, айрым тексттер жана аларга түшүндүрмөлөр, тал-доолор берилип, эң бай жана маз-мундуу материалдар камтылган. Тилекке каршы, дал ушул китептен буржуазиялык-улутчулдуктун бел-гилерин көргөн саясый айыптоочу-лар ал окуулукту пайдалануудан чыгарышып, авторлорун түрмөгө отургузууга салым кошкон. Көрү-нүп тургандай, окуу китептерин жазган авторлордун чыгармачылы-гы илимий, методикалык ишмер-дүүлүк гана болбостон алар саясый фигураларга айланган.

50–60-жылдарда окуу китепте-рин жазууга жана даярдоого про-фессионал адабиятчылар жана пе-дагогдор (Б.Керимжанова, Б.Ма-ленов, Ш.Үмөталиев, Ж.Таштеми-ров. В.Н.Шнейдман, Н.Кангелдиев, Ж.Самаганов, К.Асаналиев, А.Са-дабаев ж.б.) тартылган, алар окуу китептерине кошо хрестоматия-ларды да иштешкен, жалпысынын кыргыз адабияты окуулуктарынын

тарыхындагы жаңы кадам болгону менен ал китептердин методикалык аппараттары солгун болгон, мате-риалдар ашкере саясый боёктор ме-нен шөкөттөлгөн.

70–90-жылдарда окуу китепте-рин жазууда К.Артыкбаев, К.Има-налиев, Т.Саманчин, Б.Алымовдун эмгектери чоң болду, алар окуу ки-тептеринин методикалык жагын ду-рус камсыздашты.

Андан кийин негизинен эгемен-дүүлүк жылдарында адабият боюн-ча окуу китептерин түзүүгө, даяр-доого, жазууга Б.Исаков, А.Сман-баев сыяктуу мектеп мугалимдери тартылды, С.Байгазиев, Н.Ишекеев, А.Мусаев, А.Муратов, А.Турду-гулов, С.Момуналиев, К.Акматов, Т.Үсөналиев өңдүү жаңыча ой жү-гүрткөн муун окутуу кыргыз, орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мек-тептер үчүн кыргыз адабияты окуу китептерин жазууга аралашты.

Ошентип, кыргыз адабияты окуу китептерин жазуунун тарыхы оош-кыйыш жолдорду басып өттү.

Азыркы учурда кыргыз ада-биятын окутууну негизинен жети багытка ажыратсак болот:

1. Кыргыз адабиятын билим бе-рүү кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде (эне тилиндеги ада-бият) окутуу.

2. Кыргыз адабиятын билим бе-рүү орус тилинде жүргүзүлгөн мек-тептерде (өлкөнүн мамлекеттик ти-линдеги адабияты) окутуу.

3. Кыргыз адабиятын билим берүү өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептерде (өлкөнүн мамлекеттик тилиндеги адабияты) окутуу.

Page 17: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

17Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

4. Кыргыз адабиятын билим берүү тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде (өлкөнүн мамлекеттик тилиндеги адабияты) окутуу.

5. Кыргыз адабиятын Кытай, Өз-бекстан, Тажикстандагы окутуу кыр-гыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер-де (башка өлкөлөрдүн атуулдарынын эне тилиндеги адабияты) окутуу.

6. Кыргыз адабиятын Кыргыз-стандагы башка улуттардын тил үй-рөнүү курстарында, жекшембилик мектептеринде үйрөтүү.

7. Кыргыз адабиятын Орусияда-гы, Казакстандагы эмгек мигрантта-рынын жана ошол өлкөдөгү мекен-дештерибиздин балдары окуган жек-шембилик мектептерде колдонуу.

Демек келечекте ушулардын ар бирине окуу китептерин жазуу жана окуу-методикалык комплекси менен жабдуу зарыл. Алар эки түрдүү (ки-теп-кагаз форматында жана элект-рондук форматта) болууга тийиш.

Кыргыз адабияты окуу китеп-терин окуу процессин компетент-түүлүккө негизденип жүргүзүүнүн талаптарына ылайык иштеп чыгуу үчүн учурдагы окуу китептеринин типтүү кемчилдиктерин аныктап алганыбыз ылайыктуу.

Учурдагы окуу китептеринин типтүү кемчилдиктери

Соңку мезгилдеги талдоолор кыргыз адабияты боюнча колдо-нулуп жүргөн окуу китептеринин төмөнкүдөй кемчилдиктери орун алып келе жаткандыгын белгилейт:

• окуу китептеринде факт, маа-лыматтардын жыштыгы жана анын тескерисинче жогорудагылардын негизинде ой жүгүртүүгө шарт тү-

зүүчү материалдардын жетишсиз-диги;

• акын-жазуучулардын өмүр баяндарынын өтө чубалжытып ке-ңири бериле бериши, алардын биог-рафияларын окшош баяндоо;

• бир китептен экинчисине өтүп жүрө берүүчү кайталоолор, окшоштуктар, ар түрдүү класстын окуу китептерин жазган авторлор-дун арасында китептерин координа-циялоо жумуштарынын жеткилик-түү жүргүзүлбөгөндүгү;

• окуу китептеринин методи-калык аппараттарында суроо-жооп-тордун, тапшырмалардын окшош-тугу, бир жактуулугу, супсактыгы;

• окуучуларды дискуссияга ча-кырган, өз турмуштары менен бай-ланыштырган материалдардын аз-дыгы;

• башка илимий билимдер ме-нен интеграциялоого маани берил-бегендик;

• ар кандай маселеге сынчыл мамиленин дээрлик жоктугу;

• материалдардын стилинин ке-легейлиги, супсактыгы;

• окуу китептеринин балдарга жакын эместиги, бала менен «бала болуп сүйлөшүүгө» жөндөмсүздүгү;

• жогорку класстарда тексттер ашкере академизм менен окуучулар өздөштүрүүгө кыйын илимий тилде жазылып калгандыгы;

• айрым темалардын, бөлүм-дөрдүн, же жалпы китептин көлө-мүнүн окуу программасында бө-лүнгөн саат санына ылайык келбей калышы;

• бир топ учурда окуу прог-раммасы, мамлекеттик стандарт ме-нен туура келбей жатышы ж.б.

Page 18: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

18 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Заманбап, жаңы муундагы окуу китеби жалгыз өзү окутуу процес-син толук натыйжалуу ишке ашыра албайт, аны үчүн башка жардамчы окуу куралдары да керек болот, алар мисалы, төмөнкүлөр:

1. Окуу китеби2. Адаптацияланган окуу хрес-

томатиясы 3. Кошумча жана класстан тыш-

каркы окуу үчүн тексттер жыйнагы4. Окуу техникалык каражатта-

ры (фильмдер, спектаклдер, сабак-тардын фрагменттери, жазуучулар-дын сөздөрү, дидарлашуулары ж.б. тексттер жазылган дисктер, компь-ютер жана интернет, спутник теле-видениеси ж.б.)

5. Мугалим үчүн ар бир окуу ки-тебин коштогон методикалык кол-донмо

6. Окуучу үчүн ар бир окуу ки-тебин тереңдеткен колдонмо китеп

7. Адабият таануу жана биобиб-лиографиялык сөздүктөр; адабият боюнча схемалар, таблицалар; көр-көм чыгармаларды негиздеп тар-тылган фотолор жана колдо тартыл-ган сүрөттөр; акын-жазуучулардын жана айрым чыгармалардын неги-зиндеги альбомдор; адабий чыгар-малар боюнча музыкалар ж.б.

Жогорудагылардан эң башын-да окуу китеби, же окуулук (учеб-ник) тургандыктан биз болочоктогу кыргыз адабияты окуу китептерине коюлган талаптарды иштеп чыктык, ал моделди ишке ашыруу улуттун келечегине көрүлгөн камкордук болмокчу.

I. Кыргыз адабияты окуу ки-тебинин мазмунуна коюлуучу жалпы талаптар

1. Кыргыз адабияты окуу ки-теби КР Конституциясынын, Жо-горку Кеңеш кабыл алган «Билим берүү тууралуу» мыйзамдын, КР билим берүү жана илим министрли-ги бекиткен окуу планынын, адабий билим берүү боюнча мамлекеттик стандарттын, окуу программасы-нын талаптарын жана негизги жо-болорун аткарууга тийиш.

2. Кыргыз адабияты окуу ки-тептерин жазуу учурунда авторлор илимдин соңку жетишкендиктерин, тарыхый табылгаларды жана заман-бап ачылыштарды колдоно билиши керек.

3. Кыргыз адабияты боюнча окуу китептеринин мазмуну окуу-чулардын курак өзгөчөлүгүнө ыла-йык келиши милдеттүү талаптар-дын бири.

4. Кыргыз адабияты окуу китеп-тери окуучулардын адабият предме-тине болгон кызыгууларын артты-рышы керек.

5. Кыргыз адабияты окуулукта-рына материалдарды берүүдө, алар-дын ырааттуулук сактоодо жана китептин мазмунун окуучуларга жеткирүүдө дидактиканын акыл-эс-түүлүк жана активдүүлүк, көрсөтмө-лүүлүк, ырааттуулук, бекемдик, или-мийлик, теория менен практиканын байланыштуулугу, уланмалуулук ж.б. принциптери эске алынат.

6. Тексттерди жана тексттен үзүндүлөрдү сунуш кылууда жана адабий көрүнүштөрдү талдоодо программа үчүн көркөм чыгарма-

Page 19: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

19Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

ларды тандап алуудагы төмөндөгү-дөй чен-өлчөмдөр окуулуктарда да жетекчиликке алынат: адеп-ахлак-тык чен-өлчөм (чыгарманын бийик моралдык-этикалык асыл нарктарга, гуманисттик идеяларга тарбиялоочу мүмкүнчүлүгү, тарбиялык-тааны-туучулук потенциалы; эстетикалык-көркөмдүк чен-өлчөм (чыгарманын көркөм формасынын кооздугу жана анын окурмандар арасындагы рей-тингинин жогорулугу); лингвисти-калык чен-өлчөм (адабий тилдин нормасында, жалпы калк үчүн мү-нөздүүлүгү); психологиялык-педа-гогикалык чен-өлчөм (чыгарманын окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө, кабылдоо мүмкүнчүлүгүнө, таа-нып-билүүчүлүк кызыкчылыгына, муктаждыгына ылайык келиши); жанрдык-тематикалык чен-өлчөм (чыгармалардын жанрдык жана те-матикалык ар түрдүүлүгү).

7. Жалпы билим берүүчү мек-тептердин адабият окуу китептерин жазууда (түзүүдө) V – XI класстар-да кыргыз адабиятын окутуунун үч этабы сакталат. Мамлекеттик стан-дарт жана окуу программасы анык-таган ал этаптар төмөнкүлөр:

I этап. V– VII класс – адабияттык окуу курсу (литературное чтение).

II этап. VIII – IX класс – тары-хый-адабий курстун элементтерин ичине алган, системалык курска жа-кындатылган адабияттык окуу.

III этап. X–XI класс – кыргыз адабиятынын тарыхый-системалуу курсу.

8. Мына ушул этаптарга карата окуу китептери төмөнкүдөй форма-ларда жазылат:

• V–VII класстар үчүн – хрес-томатия-окуу китеби, же окуу хрес-томатиясы.

• VIII – IX класстар үчүн – окуу хрестоматиясынын элементтерин ичине алган окуу китеби.

• X–XI класстарүчүн – тары-хый-адабий, системалуу курстун окуу китеби.

9. Булардын ичинен кайсынысы болбосун жалпысынан окуулук, же окуу китеби деп аталат.

10. Этаптар боюнча окуу китеп-терин жазууда төмөнкүдөй өзгөчө-лүктөр эске алынат.

I этап – адабияттык окуу курсу. Мында окуу хрестоматиясына бе-рилген убакыт-саатка карай чыгар-малар толук же үзүндү түрүндө су-нушталат, зарыл учурда автор туу-ралуу маалымат берилиши мүмкүн (бирок башка класстагы ошол автор тууралуу маалыматты кайталабай туруп). Берилген тексттер окууга жана окуганын түшүнүүгө, ошол тексттин тегерегинде баарлашууга ылайыкталат. Адабият теориясы-нан жөнөкөй маалыматтар берилет. Мисалы: адабий каарман, көркөм чыгарманын жанрлары, тектери, түрлөрү, алардын айрымасы, сюжет жана композиция, троп жана анын түрлөрү (салыштыруу, эпитет, ме-тафора, гипербола, литота), образ, образдуулук, прототип ж.б.

II этап – адабияттык окуунун системалык курска жакындатылган мезгили, б.а., бул учурда VIII – IX класстын окуучуларына жазуучу-нун өмүр баяны алдыда окула тур-ган чыгармага байланыштуу бери-лет, анын мурдагы өтүлгөн чыгар-

Page 20: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

20 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

малары эске алынат, материалдар көркөм окуу жана талдоо менен бирге эле ал чыгарманын тектик, түрлүк, жанрдык бөтөнчөлүктөрү, каармандардын образ деңгээлине көтөрүлүшү, ошол образдын чы-гармадагы ролу, башка образдар менен байланышы, карым-катышы, сюжеттик сызыктык динамикасы, чыгарманын мазмун жана форма биримдиги бир катар терең үйрөнү-лүп, жазуучунун чыгармачылык бө-төнчөлүгү, чыгармасынын идеясы, темасы, проблематикасы, образда-ры, поэтикасы бир катар учурда ада-бият тарыхы, адабий процесс, ошол чыгарма сүрөттөлгөн жана жазыл-ган мезгилдеги коомдук-тарыхый кырдаал, мезгил менен байланыш-та үйрөнүү элементардык формада болсо да ишке ашырылат. Бул курс кийинки класстарда чыгармаларды тарыхый-адабий негизде үйрөнүүчү системалык курска өткөөл учур, ада-бий окуу курсу менен системалык курстун көпүрөсү болуп эсептелет. Демек VIII – IX класстын окуу ки-тептери мына ушул өзгөчөлүктөргө ылайык жазылат. Анда чыгармалар же алардын үзүндүлөрү менен бир-ге эле окуу китебинин авторлору ошол чыгарманын жазылыш тары-хы, андагы көтөрүлгөн маселелер, образдар, чыгарманын тили боюн-ча адабий-теориялык талдоолорду жүргүзөт, окуучуларды жогорудагы маселелердин тегерегинде ой жү-гүртүүгө шыктандырат.

III этап – кыргыз адабиятынын тарыхый өсүш эволюциясын көр-сөткөн обзордук бөлүмдөрдү жана адабий портреттерди камтыйт. Ада-

бий обзорлор жалпылоочу мүнөздө, адабий процесстин негизги тенден-циялардын ачып берүү багытында болсо, портреттик бөлүмдөрдө чы-гармалары сунуш кылынган автор-лордун биографиясын, чыгармасын (чыгармаларын) тарыхый-адабий негизде үйрөтүү максаты көздө-лөт, андыктан бул курс системалык, же тарыхый курс деп аталат. Прог-рамманын талабы боюнча бул курс-та «Искусствонун турмуш менен байланыштуулук принциби жетек-чиликке алынат. Класста чыгарма-нын эстетикалык жана адеп-ахлак проблемаларына көңүл буруу өзгөчө актуалдашат. Жазуучунун өмүр-бая-ны доор жана окулуучу чыгармала-ры менен байланышта каралат. X–XI класстардын адабият курсу обзор-дук жана монографиялык темалар-ды ичине алат. Адабий обзорлордо ошол мезгилдик тил кенин социал-дык тарыхый өзгөчөлүгүн, учурдун коомдук-саясий, рухий эстетикалык таламдарынын адабияттын темати-касына жана проблемасына тийгиз-ген таасири, чыгармалардын, ада-бий-көркөм процесстин мүнөздүү касиеттери кыска, так сыпатталат. Айрым этаптык мүнөздөгү урунт-туу чыгармаларга кыскача токтолуп, алардын жалпы адабий өнүгүштөгү ордун белгилеп көрсөтүү максатка ылайык».

Бул курстун окуу китептери көр-көм чыгарманын тексттери менен тааныштырбайт (аны үчүн өзүнчө хрестоматия, антология жыйнактары түзүлөт же көлөмдүү чыгармалары өзүнчө китептерден окулат), ошол сунуш кылынган чыгарма окуу ки-

Page 21: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

21Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

тебинин автору тарабынан талдоого алынат. Талдоо процессинде окуу китебинин автору чыгармалардан алынган чакан үзүндүлөрдү, ошол материалга байланыштуу жазуучу-нун күндөлүктөрүн, маектерин, кат-тарын, чыгарманы талдоого алган адабият таануу материалдарын, та-рыхый-документалдык маалымат-тарды ж.б. зарыл деп эсептелген булактарды киргизиши мүмкүн. Эң негизгиси жазуучунун ошол чыгар-маны жазуусунун себептери, жазы-лыш шарттары, темасы, идеясы, мез-гил үчүн актуалдуулугу, көркөмдүк-эстетикалык салмагы, чеберчилиги, сүрөткердик бөтөнчөлүгү так, даа-на көрсөтүлүп, адабий процесстеги орду белгиленип, улуттук адабиятка кошкон салымы ачылышы керек.

Конкреттүү бул же тигил чыгар-ма жөнүндө окуу китебиндеги ма-териалдар маалыматтык мүнөздөн тартып, адабий-эстетикалык тал-доолорго, чыгарма тууралуу анын автору менен полемикага чыгууга, окуучу менен чыгарманын орто-сунда көпүрөлүк милдет аткарууга тийиш. Бала дал ошол көпүрө ар-кылуу жазуучунун жан дүйнөсүнө өтүшү керек. Бирок мында окуу ки-тебин жазгандар «чайнап берген аш болбойт» принцибин катуу тутунуп, баланы ой жүгүртүүгө, талашып-тартышууга, сынчыл көз карашын калыптоого жана ошол аркылуу анын руханий дүйнөсүн байытууга өбөлгө жаратышы керек.

Чыгармалары окулган авторлор-дун өмүр баянын жана чыгарма-чылыгын берүүдө окуулуктардын авторлору ошол өмүр жолдун тар-

биялык, таалим берүүчүлүк жагы-на, жазуучунун таржымалынын өр-нөктүү учурларына басым жасап, аны адам катары жана атуул катары көрсөтүү менен ошол сапаттарынын көркөм чыгармаларында чагылды-рылышына өзгөчө маани берет.

11. Кыргыз адабияты боюнча окуу китептери аны пайдаланган окуучулардын гармониялуу өнүгү-шү үчүн негизги азык болгондуктан анын материалдары балдарды акыл-эс, эмгек, мекенчилдик, руханий, эстетикалык, дене-бой ж.б. жактан тарбиялоого салым кошуу үчүн ар тараптуу материалдар менен кам-сыз болушу кажет.

12. Окуу китебиндеги негизги маалыматтар такталган, ар тараптан аныкталган, шектенүүнү туудур-баган болушу керек. Анда энчилүү аталыштар, адам аттары, терминден жана түшүнүктөр толук унифика-цияланып, теориялык аныктамалар таасын берилиши кажет. Ошол эле кезде ар түрдүү талаштарды жара-туучу, белгилүү бир жообу жок су-роолор жана тапшырмалар сунуш кылына берет.

13. Окуу китеби балага жол көр-сөтүп, багыт гана берет, ал кайсыл бир жазуучу, анын кайсыл бир чы-гармасы тууралуу материалдардын кичирейтилген, минималдуу моде-ли, андыктан ошол китепте дагы көп кошумча материалдар менен таанышуу үчүн окуучуга сунуштар, пикирлер айтылат. Алар энциклопе-диялар, көркөм адабий чыгармалар, адабият таануу жана сын макалала-ры, эстетикалык, лингвистикалык, социологиялык, философиялык ж.б.

Page 22: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

22 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

багыттагы эмгектер, архивдик-до-кументалдык материалдар, мемуар-лар, искусство чыгармалары, ай-мак таануу саякаттары ж.б. болушу мүмкүн.

14. Окуу китеби адабият боюнча материалдарды окуучуларга жет-кирүү максатын гана көздөбөйт, ал ошол материалдарды окуучулар кандай өздөштүргөндүгүн, бул же тигил теманы өздөштүрүү менен аны үйрөнүүчүлөр кандай компе-тенттүүлүктөргө жетишкендигин ырааттуу түрдө баалап, текшерип туруу милдетин да аркалайт.

15. Окуу китебинде маалымат-тарды бир жактуу, окшош бербей, аларды ошол материалга түздөн-түз тиешелүү сүрөттөр, иллюстрация-лар, таблицалар, фотолор ж.б. ме-нен жабдуу максатка ылайык келет.

II. Кыргыз адабияты окуу ки-тебинин мазмунунун дидактика-лык-методикалык иштелишине коюлуучу жалпы талаптар

1. Кыргыз адабияты окуу ки-тебинин мазмунунун баяндалышы азыркы дидактиканын жеткилик-түүлүк жана тууралык (аныктык, тактык) принцибине таянышы за-рыл.

2. Кыргыз адабияты окуу ките-бинин мазмуну адабият предмети-нин методикалык талаптарынан ке-лип чыгат.

3. Окуу китептери мурда өтүл-гөн материалдарга жана окуучулар-дын тажрыйбаларына ылайыкталат.

4. Окуу китептеринде суроо-тапшырмалар көп жактуу, көп ба-гыттуу болот.

5. Суроо-тапшырмалардын жана мазмундун татаалдык деңгээли ар түрдүү болгону ийги.

6. Окуу китебинде бул же ти-гил суроо-тапшырмаларды чечүүдө окуучунун ой жүгүртүүсүнө кеңири жол ачуу зарыл.

7. Окуу китеби баланын интел-лектуалдык, эмоционалдык-баа-луулук, эрктик, эстетикалык ишмер-дүүлүктөрүн өнүктүрүүгө шарт тү-зүп, репродуктивдүү тапшырмалар, анын ичинде оюнга, кызыктуу окуя-ларга, баяндарга, окуу материалда-рын топтоштурууга, салыштырууга, жалпылоолорго, жекелештирүүгө негизделген чыгармачылык иштер кеңири болушу шарт.

8. Окуу китептеринде даяр ма-териалдар, мисалы, адабий текст-тер гана болбостон, ошолордун не-гизинде окуучу өз алдынча ой жү-гүртө алган, аны ойлонууга түткөн өз алдынча ишмердүүлүктү ишке ашыруучу материалдар да кеңири берилиши керек.

9. Окуу материалдары окуучу-лардан даяр маалыматтарды гана талап кылбастан, тааныш эмес жаг-дайларды, стандарттуу эмес учур-ларды да сунуштап, алардан чы-гуунун, ошондой кырдаалдардан жол табуунун жолдорун да үйрө-түүсү керек.

10. Окуу китебинде ар бир тема-нын материалдарынын курамы окуу материалын уюштуруунун этаптары менен байланыштырылат: бирин-чиси – издөө тибиндеги тапшыр-малардын системасы, ал белгилүү бир максатка алып кирет; экинчиси – окуучунун өз алдынча иштеринин жыйынтыктарын окуулуктун мате-

Page 23: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

23Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

риалдары (түшүнүктөр, маалымат-тар, аракеттер, маалыматтар) менен байланыштыруу, салыштыруу, би-риктирүү; үчүнчүсү – биринчи жана экинчи этапта алган билим жана билгичтиктерди колдоно билүү.

III. Кыргыз адабияты окуу ки-тебин жазуунун принциптери

Кыргыз адабияты окуу китебин жазууда төмөнкүдөй жалпы прин-циптер эске алынууга тийиш:коммуникативдүүлүк, б.а.,

окуу китебинин окуучу менен баар-лашууга, пикир алышууга, байла-ныш түзүүгө жарамдуулугу;комплиментардуулук, б.а., аны

дагы башка окуу каражаттары менен толуктоого мүмкүн болорлугу; моделдөөчүлүк, б.а., окуп жат-

кан объект же көрүнүш боюнча за-рыл билимдердин моделин түзүүгө мүмкүн экендиги;автономдуулук, б.а., ар бир

окуу китебинин өз алдынча бүткөн, ырааттуу, баш-аягы бар эмгек боло тургандыгы.

Анын ичинен окуу китебинин мазмуну төмөнкүдөй принциптер менен аныкталат.гумандуулук, б.а., анын маз-

муну жалпы адамзаттык баалуулук-тарга, адамды, анан ичинен китеп менен таанышып жаткан окуучу-ну баарынын бийик коюуга, асыл нарктарды, баалуулуктарга сыйлай билүүгө негизделет;илимийлик, б.а., айтылып

жаткан ойдун, пикирдин илимге, теорияга жана практикага негизде-лиши, методологиялык таянычы-нын бекемдиги;

дүйнөнүн картиналарынын биримдиги, б.а., бул же тигил объ-ект же кубулуш башка объект же кубулуш менен биримдикте турары, дүйнөдө бардык нерсе бири-бирине менен чырмалышкан байланышта болору, дүйнө бир бүтүн нерсе экен-диги тууралуу философиялык ойлор окуучуларда пайда болушу керек;маданий дөөлөттөргө тая-

нуусу, б.а., анда элдин жалпы тары-хый табылгаларынын, этномаданий дөөлөттөрдүн берилиши;ар бир окуучунун үзгүлтүксүз

жалпы өнүгүүсү, б.а, окуу материал-дарынын ар бир окуучунун эмоцио-налдык, эрктик, руханий, адептик, интеллектуалдык, тилдик жактан жетилүүсү жана өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн кызмат кылышы;көрсөтмөлүүлүк, б.а, окуу-

лукта көптөгөн факт, мисал, цитата, сүрөт, иллюстрация, статистика-лардын, библиографиялык маалы-маттардан берилиши жана алардын балдардын ой жүгүртүүлөрүнө шарт түзүшү:инструменталдуулугу, б.а.,

окуулук алган билимдерди практика жүзүндө колдонууга механизмдер-ди даярдашы;интерактивдүүлүгү, б.а., окуу-

чу жана мугалимдин, окуу китеби-нин «кыймылдуу» диалогун, чы-гармачылык жандуу байланышын уюштурууга ылайыктуулугу.

I. Кыргыз адабияты окуу ки-тебинин түзүлүшүнө коюлуучу жалпы талаптар

Окуу китебинин түзүлүшү ар бир саатка бөлүнгөн темалардын

Page 24: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

24 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

материалдарынан же бир нече саат бөлүнгөн бири-бирине байланыш-туу темалардын курамынан (блогу-нан) турат.

1. Ал материалдар болжолдуу алганда төмөнкүлөрдөй тартипте ажыратылат.

a) Аталышы (оглавление). Мын-да главанын, параграфтын, теманын аталышы берилет. Алар тексттен башка чоңураак шрифтер менен те-рилет жана көрүнөө жайгаштыры-лат. М.: Эл башынан өткөн күндөр. Чыңгыз Айтматов. «Биринчи муга-лим» (повесттен үзүндүлөр). Ушул жерге автордун фотосу берилиши да мүмкүн.

б) Киришүү (предисловие). Бул бөлүмдө кайсыл бир тексттин ал-дындагы кыска кириш сөз берилет. Мисалы, бул же тигил чыгарманын жазылыш тарыхы, басылышы, та-ралышы, ошол чыгарманын автор-дун чыгармачылыгындагы жана кыргыз адабиятындагы орду, бул темага байланыштуу мурдагы мате-риалдар ж.б.

в) Негизги текст. Бул материал-дар окуу ишмердүүлүгүнүн негиз-ги жүгүн көтөрүп, адабий окуу са-бактарында адаптацияланган текст, системалык курста чыгарма туура-луу ой-пикирлер, талдоолор, тема боюнча текстти коштоочу материал-дар ж.б. жайгаштырылат.

г) Текшерүүчү суроолор жана тапшырмалар (Алган билим-билгич-тиктерди өздөштүрүүчү аппарат). Ар бир материалдын соңуна негизги тексттен кийин окуу китебинин тү-зүмүндө суроолор жана тапшырма-лар берилет. Ал жердеги суроолор

жана тапшырмалар: биринчиден, жаңы эле өтүлгөн материалдарды бышыктоо, окуучу менен мугалим-дин ортосунда баарлашуу түзүү кызматын аткарса; экинчиден, окуу китебин пайдаланып жаткандардын билим деңгээлин, компетенттүүлүк-төрүн текшерүү максатын көздөйт; үчүнчүдөн, кошумча материалдар-ды (маалыматтамалар, сөздүктөр, адабий чыгармалар, адабий сын эмгектери, искусство чыгармалары ж.б. булактар) пайдаланууга жардам берет. Алган билим-билгичтиктерди өздөштүрүүчү аппараттын негизги элементтери:

• суроолор жана тапшырмалар;• көнүгүүлөр;• эскертмелер жана көрсөтмө

берүүчү материалдар;• таблицалар;• тексттин айрым бир бөлүнгөн

учурлары;• иллюстрациялык материал-

дарга түшүндүрмө (аты, автору ж.б.)д) Иллюстрациялар. Негизги

тексттен тышкары да ар кандай ил-люстрацияларды сунуш кылуу, би-ринчиден, окуу материалдарын өз-дөштүрүүгө жардам берсе, экинчи-ден, ошол эле кезде китептин кооз-дугун да арттырат. XX кылымдын 60–80-жылдарындагы бир катар окуулуктарда атайын бир бет фор-масында живопистик чыгармалар түстүү сүрөт катары берилип кел-ген, мисалы, С.Чуйковдун «Совет-тик Кыргызстандын кызы», Г.Ай-тиевдин «Ысык-Көлдөгү чак түш», И.П.Гальченконун «Токтогулдун ка-малышы», Л.Ф.Дейманттын «Ток-тогул сүргүндө» ж.б. чыгармалары.

Page 25: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

25Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

ж) Көрсөткүчтөр. Мында сөз-дүктөр, энчилүү аттарга түшүндүр-мөлөр алфавиттик же хронология-лык тартип боюнча берилет.

з) Адабияттар (библиография). Зарылдыгына карата айрым учурда адабияттардын тизмеси алфавит же хронологиялык тартипте сунушта-лат.

и) Корутунду. Бул бөлүмдө өтүл-гөн темага байланышкан адабият таануу, эстетика боюнча макалалар-дан, социологиялык изилдөөлөрдөн үзүндүлөр. адабий-теориялык маа-лыматтар сунушталат.

2. Окуу китебинин түзүлүшү (түзүмү) так, даана болуп, бирдик-түү элементтери кайталанып туру-шу кажет.

3. Окуу китебинин түзүлүшү ар бир класстагы окуучулардын кура-гына ылайык алардын акыл ишмер-дүүлүгүнө негизделип, бөлүктөр-дүн жайгашышы, темалар, майда темалар, кара жана курсив тамгалар менен басылуучу учурлар, тексттин түстөр менен шөкөттөлүшү ыңгай-луу, кооз жана мазмунга кызмат кы-лып турушу керек.

II. Окуу китебинин полигра-фиялык аткарылышына кою-луучу жалпы талаптар

1. Окуу китеби окуучунун кол-донуусуна жайлуу жана ыңгайлуу болушу керек.

2. Сырткы мукаба баланы өзү-нө тарткандай кооз жана мазмундуу, маалыматтуу болушу зарыл.

3. Окуу китеби сапаттуу, бала-ны чарчатпай турган кагазга басы-лышы кажет.

4. Окуу китебинде шрифтердин көп түрдүүлүгү, алар да баланы кы-зыктыра тургандыгы, кызыл түс-төрдүн өтө көп колдонулбагандыгы, түстөрдүн гаммасы сакталышы туу-ра болот.

5. Иллюстрациялардын (сүрөт, чийме, фотография, схема ж.б.) ар түрдүүлүгү талап кылынат.

6. Иллюстрациялар текстти (жазууларды) толуктоого, коштоого кызмат кылышы, алар менен бир максатты көздөөсү жана окуучулар-дын кабылдоосуна ылайык болушу керек.

7. Иллюстрацияларга карата жазылган түшүндүрмө кыска жана так болсун.

8. Негизги тексттен бөлүп көр-сөтүүчү учурлар маанилүү, анчалык көп эмес жана белгилүү деңгээлде кызмат аткарып турушу зарыл.

9. Окула турган тексттин көлө-мү окуучунун окууга болгон кызы-гуусун көтөрүшү керек.

10. Текстте энчилүү аттар, ада-бий-теориялык түшүнүктөр, айрым маанилүү даталар шрифтерди бе-рүүнүн өзгөчө ыкмасы (карартуу, курсив, түстүү ж.б.) менен белги-ленсе оптималдуу болот.

VI. Кыргыз адабияты окуу ките-бине баа берүүнүн чен-өлчөмдөрү

1) Окуу китебинин сырткы, ички жасалгасы, конкреттүү класс-тын окуучуларынын көтөрүп, пай-даланып жүрүүсүнө ыңгайлуулугу.

2) Окуу китебиндеги иллюстра-циялардын, таблицалардын, сүрөт-төрдүн сапаттуулугу жана мазмун-дуулугу.

Page 26: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

26 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

3) Маалымат берүү кызматы: •окуу материалдарынын заман-

баптыгы;•окуу материалдарынын жаңы-

лыгы;•теориялык материалдардын

сапаттуулугу;•материалдардын таанып би-

лүүчүлүк касиеттеринин жогорулу-гу.

4) Мотивдештирүү кызматы: •окуу материалдарынын окуу-

чулардын кызыгууларын ойготууга түрткү бериши;

•окуу материалдарынын окуу-чулардын курактык өзгөчөлүгүнө ылайыктуулугу;

•окуу материалдарынын окуу-чулардын аймактык өзгөчөлүгүнө ылайыктуулугу;

•окуу материалдарынын окуу-чулардын эмоционалдык, психоло-гиялык өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн тандалышы;

•материалдардын баяндалыш стилинин кызыктуулугу, балдарга жакындыгы;

•материалдардын окуучулар-дын турмушуна, практикасына бай-ланыштуулугу.

5) Окуу китеби менен окуучу-лардын өз алдынча иштөө кызма-ты:

• окуу материалдарынын ара-сында окуучуларды өз алдынча иш-төөгө тарткан, мүмкүнчүлүк берген, кызыктырган көрсөтмөлөрдүн орун алышы;

• тапшырмаларды туура атка-рууга жол көрсөткөн окуу материал-дарынын болушу;

• окуучулардын билимин, бил-

гичтигин өзүн өзү текшерүү үчүн жардам берүүчү үлгүлөрдүн сунуш-талышы.

6) Окуу китебинин өнүктүрүүчү кызматы:

•окуу материалдарынын окуу-чуларды ар тараптуу өнүктүрүүгө шарт түзүүчү катары ырааттуулукта берилиши;

•суроо жана тапшырмаларда окуучулар үчүн проблемалардын коюлушу жана ал проблеманы ар түрдүү талашууга шарт түзүшү;

•өз алдынча иштөөгө тарткан, мүмкүнчүлүк берген, кызыктырган көрсөтмөлөрдүн орун алышы;

•окуу китебинде окуучулардын таанып билүү ишмердүүлүгүн өнүк-түрүүчү материалдардын арбын, омоктуу жана орундуу сунушталы-шы;

•окуу материалдарынын окуу-чулардын өз алдынча иштөөсүнө кеңири мүмкүнчүлүк жаратышы.

7) Окуу китебинин адабият му-гали минин башкаруу ишмердүүлү-гүнө байланыштуу кызматы:

• окуу материалдарынын мак-саттуулугу;

• окуу материалдарынын ирет-түү лүгү;

• окуу материалдарында пред-меттин ички жана предмет аралык байланыштардын сакталышы;

• окуу материалдарында пред-меттин мурдагы жана кийинки бө-лүмдөр менен байланыштын түзү-лүшү;

• окуу китебинин мазмунунун жана түзүмүнүн илимий жактан не-гизделиши, методологиялык таяны-чынын тууралыгы;

Page 27: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

27Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

• окуу китебиндеги материал-дардын окуу процессиндеги мүм-күнчүлүктөр менен эсептешүүгө ылайык келиши ж.б.

VII. Кыргыз адабияты боюн-ча электрондук окуу китептерине коюлуучу кошумча талаптар

Электрондук окуу китептери – мезгилдин талабы жана келечектүү көрүнүш. Ал китептер окуучу ме-нен мугалимдин бетме-бет, көзмө-көз байланышына негизделбестен ал аралыктан (дистанттык) билим алууга негизделет жана окуучу аны кагаз бетинен көрбөстөн компьютер мониторунан көрөт. Андай китеп-терге коюлган талаптар жогорудагы кагаздагы китептер тууралуу бел-гиленгендей эле болуу менен алар-ды аткарууда да кошумча бир катар эреже-нормалар сакталууга тийиш.

Алар төмөнкүлөр:• окуу предмети боюнча маалы-

маттардын толуктугу;• колдонууга ыңгайлуулугу;•жыйнактуулугу (компактуулу-

гу);• урунууга, издеген нерсени та-

бууга ыкчамдыгы (мобилдүүлүгү);• түстөрдүн ар түрдүүлүгү;• дизайндин кооздугу жана бай-

лыгы;•иллюстрациялардын, жалпы

эле көрсөтмөлүүлүктүн арбындыгы;• билими ар түрдүү деңгээлдеги

окуучуларга ылайыкталган вариант-тарынын болушу;

• лазердик компакт-дискте, флеш картта алып жүрүүгө ылайык-туулугу;

•маалыматтарды коштогон ани-мациялардын болушу;

•мультимедиялык технология-лардын (анимация, үн коштоо, ги-перссылка, видеосюжетж.б.) кеңири жана майнаптуу колдонулушу;

• электрондук окуу китептери-нин түзүмүнүн ачык системасы, б.а., ага колдонууга чейин, же колдонуу учурунда ким кааласа өзгөртүүлөр-дү, толуктоолорду, кыскарууларды киргизип алууга мүмкүн экендиги.

Адабияттар:

1. Беспалько, В.П. Теоретические ос-новы стандартизации образования. Педа-гогическое обеспечение государственного стандарта образования. [Текст] / В.П.Бес-палько – М.: ИРПО, 1994. – 3-42 с.

2. Гершунский, Б.С. Образовательно-педагогическая прогностика. Теория, ме-тодология, практика [Текст]: учебн. посо-бие / Б.С.Гершунский. – М.: Флинта: Нау-ка, 2003. – 768 с.

3. Гершунский, Б.С. Философия об-разования для XXI в. (В поиске практико-ориентированных образовательных кон-цепций) [Текст] / Б.С.Гершунский. – М.: Совершенство, 1998. – 608 с.

4. Гершунский, Б.С. Философия об-разования для XXI в.: учеб.пособ. для са-мообразования. Изд. 2-е, перераб. и доп. [Текст] / Б.С.Гершунский. – М.: Педагоги-ческое общество России, 2002. – 512 с.

5. Занков, Л.В. Избранные педагоги-ческие труды [Текст] / Л.В.Занков – М.: «Просвещение», 1990. – 435 с.

6. Исаков, Б., Исакова, Ч. Кыргыз ада-бияты. Орто мектептердин 8-классы үчүн окуу китеби. 1-бас., [Текст] Б.Исаков, Ч.Исакова. – Б.: 2002. – 400 б.

Page 28: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

28 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

7. Ишекеев, Н. Кыргыз адабиятын мектептерде окутуунун тарыхы [Текст] / Н. Ишекеев −Б.: 1994. −387 б.

8. Ишекеев, Н. Кыргыз адабиятынын окуу китептери: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги [Текст] Н.Ишекеев. – Б.: 2011 – 216 б.

9. Кудряшев Н.И. Теоретические ос-новы методики литературы (Методика как наука. Курс литературы в средней школе. Методы обучения):Автореф. дис. д-ра.пед. наук. – М., 1970. – 57 с.

10. Кыргызстандын жаштарын рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбия-

лоо концепциясы [Текст] // Кутбилим. – Бишкек, 2011, 29-сент.

11. Рысбаев С.К. Кыргыз тили, ада-бияты окуу китептердин маданиятты тү-зүүчүлүк функциясы тууралуу // И.Ара-баев атындагы КМУнын жарчысы. 2010, №2. – 41-45 бб.

12. Рысбаев С.К. Кыргыз тили жана адабияты мугалимине жүз кеңеш: “Педа-гогикалык технологиялар” сериясы. 4-ки-теп [Текст] / С.К.Рысбаев. – 2014. – 236 б.

13. Проблемы школьного учебника: Сб. ст. / [Редкол.:Ю.К.Бабанский и др.]. – М.:. Просвещение 1974-, 1987-1988 и.д. выпуск

Page 29: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

29Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Жогоруда айтылып өткөндөй, Ага-хан фонду аркылуу уюштуру-луп өткөрүлүп жаткан «Бирге окуй-буз» долбоору «күн сайын он беш мүнөттүк китеп окуу» акциясын сунуш кылууда. Албетте, бул бал-дарды үйдө ата-энелери менен бир-ге китеп окууга багыттоочу жана ага мүмкүнчүлүк түзүүчү «жакшы шылтоо» болуп калды. Ал тургай, Балдар телеканалын көрүп отурган ар бир ата-эне баласы менен бирге китеп окуу маданиятына күн санап тартылып баратат, китеп окуунун маани-маңызын дагы да тереңирээк түшүнүп баратат. Ата-энелер ошол телеберүүлөрдү карап отурушуп, атайын даярданып барып сынакка катышканы менен, жөнөкөй эле бир катар маалыматтарды начар окуу-чудан бетер билбей, жөнөкөй эле суроолорго жооп таба албай кыйна-лып отургандарын өз көздөрү менен көрүп, ийгиликтери болсо бирге ку-банып отурушат.

Мунун өзү бизде бир катар жыл-дар бою бала да, анын ата-энеси да китеп окуудан оолак болуп, окуган чыгарманы сюжеттик жана маани-лик жактан жөнөкөй эле талдап тү-шүнүүнү да унутуп баратканын да-лилдеп койду.

Албетте, бул теле берүүнүн не-гизги лейтмотиви - «күн сайын он

беш мүнөттүк китеп окуу» идеясын жайылтуу экени талашсыз. Анын уюштуруу ыкмасы –күн сайын үйдө, кечинде бала менен ата-энеси он беш мүнөттүк бош убакыт таап, ошол мүнөттү китеп дүйнөсүнө бирге саякат жасоого арноо, аз уба-кыт болсо да, аны пайдалуу иш ме-нен өткөрүү болуп саналат.

Деги эле, күн сайын кечинде гана эмес, эртең менен, сабак алдын-да башталгыч класстарда мугалим окуучулары менен амандашкан соң, кызыктуу бир аңгемеге, ырга же жо-мокко көңүлүн буруп, маанайларын жакшы сөз, пайдалуу ой жүгүртүү, жугумдуу кеп-сөз менен баштоого неге болбосун? Психологиялык жакшы маанайды түзүп алып, анан сабакты баштоо да кыйла натыйжа-луу болорун практик мугалимдер эң жакшы түшүнүшөт.

Анан калса, «күн сайын сабак алдында беш мүнөттүк китеп окуу» идеясы- бизге жаңылык деле эмес. Андай иш-чараларды республика-быздын булуң-бурчтарында эчактан бери эле башталгыч класстын таж-рыйбалуу мугалимдери өткөрүп ке-латышканы маалым.

Биздин оюбуз боюнча, андай «күн сайын сабак алдында беш мү-нөттүк китеп окуу» иш-чарасын өт-көрүп коюунун анча кыйынчылыгы

Cулайман РЫСБАЕВ, Кыргыз билим берүү академиясынын

лаборатория башчысы, п.и.д., профессор

«КҮН САЙЫН САБАКТА БЕШ МҮНӨТТҮК КИТЕП ОКУУНУ» УЮШТУРУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫ ЖАНА

АНЫН МАЗМУНУ ТУУРАЛУУ

Page 30: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

30 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

деле жок сыяктуу. Бирок маселе, аны «өткөрүү үчүн гана өткөрүү» эмес, балким аны өткөрүүнүн жа-ңыча технологиясын ойлонуу керек го?-деген ойдобуз. Анткени аны өт-көрүүнүн максаты, милдети, убак-тысы, узактыгы, каражаты, көлөмү, өткөрүү жолдору - деген сыяктуу методикалык маселелер да көңүлдө болсо, ашыкча болбосо керек. Эме-се, кептин тизгинин ушул пробле-мага буралы.

«Күн сайын сабак алдында беш мүнөттүк китеп окуу» иш –чарасы-нын максаты- өзү эле айтып отур-гандай, балдарды көркөм адабиятты окууга, ал аркылуу китеп мадания-тына балдарды тартуу, окурмандык ишмердүүлүккө багыттоо, окуу ар-кылуу ой жүгүртүүсүн, сөз кору ме-нен сүйлөө маданиятын өнүктүрүү экени талашсыз.

Эскерте кетер экинчи маселе-окулуучу чыгарманын көлөмү туу-ралуу болмокчу. Ири алдында ай-талы, мындай окууга сунушталган аңгеме, ыр же жомок эки барактан ашпашы керек. Анткени жай, көрк-түү окулган эки барак текст төрт же төрт жарым мүнөттүк убакытты алат. Ал эми анын мазмуну туура-луу фаулалык мүнөздөгү чакан аң-гемелешүү, ашып кетсе, бир же бир жарым мүнөткө гана созулушу шарт жана ал, сөзсүз түрдө, өтүлө турган сабактын нугуна, башкы идеясына, өтүлөр теманын табиятына жакын, мазмундаш, кызыктуу болуусу да эске алынса максаттуу болмокчу.

Дагы бир маселе, бул иш-ча-ра башталгыч класстарга айрыкча мүнөздүү жана ыңгайлуу экенди-

гин эске алсак, аларда күн сайын ар түрдүү ишмердүүлүккө багыттоочу төрттөн-бешке чейинки сабактар өтүлөт. Атап айтканда, алар: эне тили, адабий окуу, математика, орус тили, адеп, мекен таануу, музыка, сүрөт жана физкультура сабактары. Булардын ар бири баланын рухий маданиятын, акыл-эсин, дүйнөгө болгон көз карашын, дене тарбия ма-даниятын ж.б. өнүктүрүүгө кызмат кылат жана атуул катары калыптан-дыруунун негиздерин түзөт. Ошон-дуктан, «күн сайын сабак алдында беш мүнөттүк китеп окуу» иш-ча-расы окуучуну өнүктүрүүнүн ушул багыттары менен да шайкеш келүүсү жана ага кызмат кылуусу кажет. Ошондо гана ал «окуу» максаттуу жана жугумдуу болуусу ыктымал.

Демек, бул айтылган сөз атал-ган окуу күн сайын өтүлүүчү түр-дүү предметтердин ар бири менен мазмундаш, үндөш, бири менен экинчисин толуктоочу мүнөздөгү интеграциялык милдетти да аркала-шы толук мүмкүн. Тактап айтканда, «беш мүнөттүк» окуудагы окулуучу аңгеме, ыр же жомок эне тили, ада-бияты менен да, математика менен да, орус тили, чет тил менен да, сү-рөт,ыр, кол эмгек жана физкультура менен да мазмундаш болуп, сабакта айтылар ойду андан ары тереңдетип, аны менен интеграцияланып, тил-дин, математика менен сүрөт же кол эмгектин адам турмушундагы пай-далуулугун менен кеңири түшүндү-рүп, аны андан ары да терең өздөш-түрүүгө кызыктырып, ошону менен бирге ойлонтуп, ой жүгүртүүсүн өс-түрүү иши бирге жүрмөкчү.

Page 31: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

31Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Мында, дагы бир нерсени эске алалы: күн сайын биринчи сабакта бир эле предмет кайталана бербейт жана күн сайынкы сабактын жү-гүртмөсү ар түрдүүчө түзүлөт. Бал-ким, эне тили, же математика, бал-ким сүрөт же орус тили же адеп же мекен таануу сабагы же дагы башка предмет сабактын жүгүртмөсүндө биринчи кезекке коюлат. Ошондо күн сайынкы беш мүнөттүк китеп окуу иши- ошол күнкү биринчи са-бакка байланыштуу жүргүзүлөт.

Тактап айтканда, биринчи сабак математика болсо, математикалык мүнөздөгү сюжети жана тапшырма-лары бар аңгеме, ыр же жомок, эгер мекен таануу сабагы болсо, адамга мекендин ыйыктыгы тууралуу чы-гарма, эгер сүрөт, эгер көркөм өнөр сабагы болсо, өнөрлөрдүн турмуш-тагы пайдасы тууралуу же чет тили болсо, чет тилинин маанилүүлүгү, анын адам турмушундагы орду туу-ралуу чыгарма болсо-андан беш бе-тер орундуу болмокчу.

Эмесе, ишке өтөлү. Бул ирет эки сабакка байланыштуу эки жомокту кантип окуу ишке ашарын ойлонуп көрөлү.

Биринчиси-математика сабагы-на байланыштуу болсун. Адамдын акылын жана айла-амалын сына-ган ушундай акыл гимнастикасы жагдайындагы кызыктуу жомокту 2-класста кантип окуп берүү жана талдоо жагдайында кеп кылалы.

Мугалим мындай окуу сабагын күн мурунтан пландап, кандай чы-гарма, көлөмү канчалык, аны кан-тип көрктүү жана сезимдүү окуу керектигине даярдык көрөт. Анан

сабагын баштаарда: Урматтуу бө-бөктөр, азыр биз адамдын акылман-дыгын сынаган „Апенди жана каз-дар» аттуу жомокту окуйбуз. Көңүл коюп уккула. Эмесе, баштайбыз.

...Апенди бир күнү токтойго ба-рып семиз каз атып алат да, үйүнө келет. Аны байбичесине бышыртып алып, «муну жеке жегенде эмне» деп, тартуу кылмакка ханга жө-нөйт. Хан апендини кабыл алып, тартуусуна ыраазы болот да, казды өзүнө, аялына, эки кызы менен эки уулуна өз колу менен бөлүштүрүп берүүсүн өтүнөт.

– Ханым, макул десеңиз, мен каз-ды каалаганымдай бөлөйүн,- дейт апенди. Хан макул болот.

– Урматтуу ханым! Сиз эл ба-шысыз, акылман журт башысыз. Үйдүн ээсисиз жана кожоюнусуз. Акыл баштан чыгат – деген элибиз. Ошондуктан, каздын башы сиздики болсун, – деп апенди каздын башын кесип, хандын алдына коет.

Хан апендинин кебинде бир ой бар экенин байкап, муюп угат, эр-кине коет. Апенди казды бөлүштү-рүүсүн улантат:

– Ал эми моюну-байбичесиңиз-дики болот. Анткени сиз байбиче-ңиздин кеңешин ар дайым угасыз. Моюн кайда бурулса, баш ошол жакка бурулат. Ошондуктан, каздын моюну-байбичеңиздики болушу шарт.

Хан бул сөзгө да каршы сөз айта албай муюйт. Анан каздын эки ка-натын кесип, тасмал жээгинде оту-рушкан эки кызынын алдына коет:

– Ханым, бул эки канат – эки кы-зыңызга тиет. Анткени алар бойго

Page 32: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

32 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

жетип калышыптыр. Жакында канат байлап үйдөн алыска учуп кетишет. Кыз – башка жердин бүлөсү – деген. Ал эми эки буту-эки уулуңуздуку. Эки уулуңуз сиздин жолуңузду жол-доп, изиңизди басып, урпагыңызды улантат. Бул анык. Ошондуктан, эки каздын эки буту-эки уулуңуздуку болушу керек. Ал эми төшү ашып калды. Ал меники болсун.

Хан апендинин акылмандыгы-на ыраазы боло, сөздөрүнө муюп, урманттап, сыйлап, сыйлык берип үйүнө узатат.

Ошентип апенди ханды да ыраа-зы кылып, колу да куру болбой, сүйүнүп келатса, алдынан хандын вазири жолугат. Апенди вазирге то-койго барып каз атып алганы, аны бышырып алып ханга тартуу кыл-ганы жана аны кантип бөлүштү-рүп берип, сыйлык алып келатканы жөнүндө айтып берет. Апендинин сөзүн уккан вазир «мен дагы казда-рымдан союп алып ханга барайын, сенин акылың шумдук экен, сен аны ханга бөлүштүрүп бер. Мен дагы сыйлык алайын» – дейт вазир.

Вазирдин сөзүнө апенди макул болот. Эртеси, бир эмес, вазирдин үч семиз казын сойдуруп башыртат да, экөө ханга жөнөшөт. Хан аларды кабыл алып, тартууну алат. Хан бул каздарды да бөлүштүрүүнү апен-диге тапшырат. Апенди бул жер-ден өзүнүн тапкычтыгын мындайча билгизет.

– Урматтуу ханым, – дейт апен-ди,- сиздер алтоосуздар, биз экөө-бүздү кошо эсептегенде сегиз бо-лобуз. Ал эми каздар – үчөө. Сегиз кишиге үч каз так бөлүнбөйт. Ошон-

дуктан, мен билгенимдей бөлүштү-рүүгө уруксат берүүңүздү өтүнөм.

Хан макул болот. Апенди мында да каздын башын - ханга, моюнун-байбичесине, эки канатын – эки кы-зына, эки бутун – эки уулуна тартат. Анан куйругун кезет да, ичинен «сенин казды баккан эмгегиң бар эмеспи» деп, куйругун вазирдин ал-дына коет.

– Вазир – сиздин кызматчыңыз. Куйрук башка кызмат кылат, баш кайда кетсе, куйрук ошол жакка кетет. Ошондуктан, куйрукту вази-риңизге сунайын. Ал эми калганы ашып калды. Аларды мен алайын. – дейт апенди.

Мында да хан апендинин акыл-дуулук менен бөлгөнүнө баа берет да, вазирге эмес, апендиге сыйлык берип узатат.

Каздын төшүн жана да эки каз-дын этин көтөрүп, анан да хандан сыйлык алып сүйүнүп келаткан апендинин алдынан эми бай учу-райт. Апенди байга да болгон ишти баяндап берет. Анын сөзүнө кызы-гып калган бай, эртеси беш казын союп бышырат да, тартуу кылмак-ка, апендини кошуп алып ханга жө-нөйт. Хан аларды кабыл алып, беш казды эми кантип бөлөр экен деп кызыгып, дагы да апендиге кайры-лат. Апенди саамга ойлоно калат да, каздарды мындайча бөлүштүрөт.

– Ханым, – дейт апенди бул ирет анын алдына баш эмес, бүтүн каз-ды коюп, – байбичеңиз экөөңүзгө бир каз, бир каз менен байбичеңиз экөөңүз үчөө болосуз. Эки кызыңыз-га бир каз, алар дагы бир каз менен үчөө болот. Эки уулуңуз дагы бир

Page 33: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

33Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

каз менен үчөө болот. Аларга дагы бир каз. Ал эми бай экөөбүзгө бир каз, биз дагы үчөө болобуз. Дагы бир каз ашып калды. Ал байбичем менен кызыма. Алар дагы үчөө болушат.

Апендинин акылына жана айла – амалына хан өтө ыраазы болот да, мында да, байга эмес, апендиге сыйлык берип узаткан экен… - деп мугалим жомогунун соңуна чы-гат. Анан окуучуларына кайрылып, мындай деген суроолорду узатат:

1. Апенди адегенде каздын мү-чөлөрүн кандайча бөлүштүргөн эле?

2. Экинчи ирет барганда үч каз-ды сегиз адамга кантип бөлүштүрдү?

3. Ал эми үчүнчү барганда беш казды кантип бөлүштүрдү?

Суроолорго жооп алып эркин аң-гемелешүү бүткөн соң, жомоктогу эсептерди мугалим математика са-багына байланыштырып, окуучула-ры менен бирге мисал түзүп иштеп, анан сабагына киришет.

Экинчи окууну 3-класста өтү-лүүчү Көркөм өнөр сабагына байла-ныштырып көрөлү.

Сабак башталардын алдында, мугалим адаттагыдай эле, үйдөн тү-зүп келген планына жараша окуучу-ларына минтип кайрылат:

– Урматтуу окуучулар, бүгүн бизде биринчи сабак- көркөм өнөр сабагы. Сабагыбызды баштаары-бызда, адаттагыдай эле, беш мү-нөттүк китеп окууга көңүл буралы. Бүгүнкү окуй турган жомогубуз «адамдын жетимиш эки өнөрүнүн бири» болгон көркөм өнөр, тактап айтканда, чебердеп сүрөт тартуу, кооздоп кол менен баалуу буюм-дарды жасоо, көркөмдөп кооз кы-

лып жазуу чеберчилиги тууралуу болмокчу. Өнөрдүн мына ушундай баалуулугу, улуулугу туурасында-гы «Манжалары жок чебер жазгыч» деп аталган жомокту мен силерге окуп бергим келип отурат. Эмесе, кулак түрүп угуп тургула. Мен окуй баштайм.

...Бар экен–жок экен, илгери кооз, сулуу жазуу боюнча атагы алыска кеткен Теңиз аттуу бир сү-рөтчү болуптур. Аны падыша өзүнө чакырып алат да, алтын сарайына, мечиттерине, чайканаларына, түр-дүү мунараларына кооз-кооз сү-рөттөрдү тарттырат, сулуу кылып жазууларды жаздырат. Падыша ал үчүн Теңизге көп маяна берип, өзү-нөн алыс кетирбейт, башка эч кимге кызмат кылдырбайт. Андан башка бардык сүрөтчү жана жазгычтарды кызматтан бошотот. Теңиздин жаз-ган жазуулары жана сүрөттөрү ме-нен падышанын да даңазасы артат.

Мындай абал Теңизден башка сүрөтчүлөр менен жазгычтардын көчөдө жумушсуз калышына алып келет. Алар бул үчүн нааразы болу-шуп, айрымдары намысына чыда-бай, Теңизди жок кылуунун жолун ойлошот.

Бир күнү алар каракчыларды жал-дап, аларга акыркы акчаларын чогул-туп берип, Теңиздин көзүн тазалоого жумшашат. Бирок ушунчалык чебер сүрөтчүнү, устат жазгычты өлтү-рүүгө колдору барбайт да, каракчы-лар анын эки колунун тең манжала-рын бүтүндөй кесип салышат.

Эки колунун манжаларынан ажыраган бул мунжуну падыша кө-рөт да, эми анын мындан ары кереги

Page 34: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

34 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

болбой калды деп чечип, сарайынан чыгартып таштайт. Мунжуга айлан-ган кечээги даңазалуу жазгыч Теңиз эми эмне кыларын билбейт, үй-бү-лөсүн кантип багуунун жолун тап-пай, аман калганына гана сүйүнүп, шаар ичинде каңгып калат.

Сүрөтчүлүк менен жазгычтыктан башка эч нерсе колунан келбей тур-ганына, ансыз ал бир үзүм нан таба албастыгына көзү жетет Теңиздин. Күнү-түнү ойлонуп жашоо амалын издейт. Ошондо, кантсе да, баягыдай чебер жазууга манжасы жок болсо да, кыл калемин каруу жилигине байлап алып жазууга көнүгө баштайт. Аде-генде, кайра баягыдай кооз жазуудан калдым деп кайгырып, көзүнүн жа-шын көлдөтөт. Бирок бар күчү менен эркин жумшап, каруу жилигине та-ңып байлаган калеми менен жазууга жана сүрөт тартууга чындап машы-гат. Көгөрүп кылган аракети текке кетпейт. Жазган жазуулары, тарткан сүрөттөрү мурдагыдан да кооз болуп чыга келет.

Теңиз качан өзүнө-өзү ишенген-де, баягыдан да кооз тамгаларды көшөрүп тизип, кат жазат падыша-га. Падыша ушунчалык кооз тамга-лар менен жазылган катты таң кала окуйт да, бул жазгычты тезинен өзүнө келүүсүн буйруп, жигиттерин жөнөтөт.

Көп өтпөй эле, падышанын ал-дына манжалары жок, каруу жили-гине калеми байланган баягы өзү-нүн жазгычы алынып келет. Падыша аны кабыл алып, жазганын көрүп ишенет. Чеберчилигине, адамдык сапатына башын ийип, таң калып, Теңизди кайрадан өз сарайына кыз-

матка алат. Анын манжаларын кес-тирген ичи арам сүрөтчүлөр менен жазгычтарды орго салдырат. Ошен-тип, Теңиз өзүнүн өжөрлүгүнөн улам, мурдагыдан да кооз сүрөт тар-тып, жазуу жазып, “Манжасы жок чебер жазгыч” аталып, элге-журтка даңазасы артыптыр...

Мына балдар, жомогум бүттү. Силерге жактыбы? Жакса, эмнеси менен жакты?

Бир же бир жарым мүнөттүк чакан талкууда балдар жомокто-гу Теңиз аттуу баланын өнөрүнүн баалуулугу, ошол өнөрү менен ал эмнеге жетишкени тууралуу аңге-мелешет. Анан балдарга кайрылып, „силерди да ушундай баалуу өнөр-гө ээ кыла турган көркөм өнөр са-багына жакшы маани берип окууга көңүл бургула“ деп сөзүн бүтүрүп, андан ары сабагын баштайт.

Деги, мындай сабактарда бала үчүн жомоктордун кызматы эмне-де? Ал мында деп ойлойбуз:

1.Эртең мененки биринчи сабак-та уккан жакшы жомок балага ошол күн үчүн эң жакшы эмоционалдык фон, күчтүү мотивация (мотив, ла-тын- кыймылга келтирүү) болуп бе-рет. Уктап жаткан сезим-туюмдарын ойготуп, кыймылга келтирет. Сабак-ты жакшы өздөштүрүүгө шарт тү-зөт, мугалимдин айткандарын эске тутуп, активдүүлүгү жогорулайт.

2. Ал тургай, психологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, жомок-тогу жакшы окуя балдардын күн бою көңүлүн көтөрүп, позитивдүү күчтүү таасир берет. Анткени бир жакшы окуя узак убакыт бою адам-дын көңүлүн көтөрүп, дем-күч бе-

Page 35: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

35Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

рип, позитивдүү ойлорго жетелеп, депрессиядан чыгарып, тагдырын оң багытка бурган учурлар бо-лот эмеспи. Буга улуу жазуучулар Ч.Айтматовдун, Э.Хемингуейдин мыкты каармандарынын образда-рына шыктанган окурмандардын каттары эң жакшы мисал.

2. Адамдын түрдүү ишмер-дүүлүктөрүн турмуштук окуялар менен байланышта чагылдырган мыкты жомоктор ошол ишмердик-ке байланышкан предметтин баа-луулугун дагы да тереңирээк ачат, ага баланын кызыгуусун, шыкта-нуусун арттырат, кесиптик талант-шыгын ойготот.

3.Баланын рухий көрөңгөсүн ба-йытат, ар тараптуу тарбия-таалим берет.

Мына «күн сайын сабак алдын-да беш мүнөттүк китеп окуу» иш- чарасы, анын маани-маңызы, маз-муну, өткөрүү убактысы, узактыгы жана өткөрүү технологиясы туура-луу азыноолак методикалык сунуш ушундайча. Аны чыгармачыл муга-лим өз ишинде дагы да өркүндөтүп, чыгармачылык менен өз алдынча өткөрүүсүнө ар убакта жол ачык.

Адабияттар:1. К.Иманалиев, Окуучунун өз бет

алдынча китеп окуусун уюштуруу, Ф., 1983-ж.

2. С.Рысбаев, Баланын китеп окуусун уюштуруу технологиялары, Б., 2015-ж.

3. Окуу жана түшүнүү процессиндеги сынчыл ойлом, Б., 2013.

4. С.Рысбаев, Кыргыз балдар акын-жазуучуларынын чыгармаларындагы пе-дагогикалык идеялар, Б., 2014-ж.

Page 36: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

36 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Аннотация. Сунушталган или-мий макалада Манас менен кан Кошойдун жолугушуу окуясы баян-далып, бул табышуунун өзөгүндө Дагалак шаарынын элинин Ислам динин кабыл алуу кырдаалы жат-кандыгы, мунун ишке ашуусунда Кошой баатырдын зор көмөгү, ай-лакерлиги жана кыраакылыгы чоң мааниге ээ болгондугу белгиленет.

Түйүндүү сөздөр: бата берүү, аалым Айкожо, Ислам баалуулук-тары, купуя сыр, көсөм, ишеним.

В предлагаемой статье рассмат-ривается событие встречи Манаса и хан Кошоя. Огромным достижением этой встречи является принятие жителями города Дагалак исламской веры; в данном процессе хан Кошой приложил неизмеримые усилия, по-мощь, увёртливость и прозорливость.

Ключевые слова: благослове-ние с пожеланиями благополучия, учёный Айкожо, ценности Ислама, сокровенная тайна, умудрённый опытом, убеждение.

УДК: 39:398.21:371.036

М. КОЛДОШЕВ,педагогика илимдеринин кандидаты, доцент,

Ош мамлекеттик университети, [email protected]. KOLDOSHEV,

the candidate of pedagogical sciences, docent, Osh state university, [email protected]

МАНАС МЕНЕН КАН КОШОЙДУН ЖОЛУГУШУУ ОКУЯСЫНДАГЫ ТААЛИМ-ТАРБИЯЛЫК КӨРҮНҮШТӨР

ВОСПИТАТЕЛЬНЫЕ АСПЕКТЫ ВСТРЕЧИ МАНАСА И ХАН КОШОЯ

THE EDUCATIONAL ASPECTS OF THE MEETING OF MANAS AND KHAN KOSHOI

This article examines the event of meeting of Manas and Khan Koshoi. The enormous achievement of this meeting is that the residents of the town of Dagalak accepted the Islamic faith; in this process Khan Koshoi put immeasurable effort and help, dodge, vision and insight.

Keywords: blessing with good wishes, scientist Ikozho, values of Islam, an innermost mystery, grown wise with experience, conviction.

Манас Сермуз, Кырмуз шаарла-рын багынткан соң жети жүз миң кол менен Дагалакка бет алат. Дагалак шаарын курчоого алып, арага элчи салып, Мунар канды баш кылып, ага сексен адамды кошуп, аларга жөнө-төт. Буларды көргөн Дагалактын эли айран-таң болушат. Элчи аркылуу шарт-талабын айттырат:

“Каны болсо чыксын – деп,Кабарымды уксун – деп,Урушар болсо келсин – деп,Урушпас болсо эсебин

Page 37: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

37Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Эми бизге берсин!” – деп,Аны айтып эр Манас – делет

[1:206].Дагалак тарапта Кырмуз шаа-

га караган он бир шаар, айыл, жер болгон. Кошой зор айла-амал ме-нен Кырмуз шааны өлтүрүп, анын бардык кийимин, таажысын кийип, бүт жарагын тагынып, Кырмуз шаа болуп алат. Кырмуз шаанын кей-пин кийген Кошой кан элге мындай көрсөтмө берет: -шаарлардын кан-дарын, балбандарын кашыма алып, кол курап, “Магурупта мусулман, барып уруш салам-деп”, Дагалак элин болсо, силер камырабай, жай-ланып, жатып тургула,-дейт да, бир жарым күн жол жүрүп, Кара-Кыш-такка келет. Ал шаарда он бир күн токтоп калат. Манастын колу курча-ган Дагалак шаарынын элинен экөө эптеп качып чыгып, Кошойго кели-шип, шаар толугу менен курчоого алынганын, болгон арыз-муңун сай-медиреп ага айтышат. Муну уккан соң эр Кошой сары атын минип Да-галакка барат:

“Билдире көрбө, кудай!” – деп,Жаратканга сыйынып,Барда алып бетине,Барып шаар четине,Барып кирди бабаңызКырмуз шаанын элине.Каныбыз-деп, буркурап,Каршы чыкты Кошойго

Калктын баары чуркурап:– Жети жүз миң кол менен түрк

уулу Манас бул жактагы шаарлар-дын баарын өзүнө каратмак бол-ду “Мунар канга жалынсак, кайрат айткан сөзү жок, карап койгон көзү

жок”, ал Манаска жолдош болуп алыптыр, ойлонсок, Мунар кан-дын Манастын динин алганы ырас окшойт, сөзүбүздүн жалганы жок” – дешип, баары чуркурашып, Ко-шойго даттанышат [1:212,213]. Кан Кошой Катыкул аттуу балбанды жанына чакырып, аны аябай мак-тап, шердентип, сен Манастын дал өзү менен гана кармашууга чыга-сың, бөлөгү чыкса, сендей менен беттешчү кишиң мен эмесмин деп кол шилтегин деген Кошойдун та-лабын атпай журт макул көрүшөт. Катыкул балбан Акжал атка минип, акырып, абдан каарданып, сүрүн көрсөтүп, майданга чыгат. (Бирок, Катыкулдун Манастан жеңилээрин эр Кошой алдын ала билген болчу). Анын айбаттуу сөзүн уккан соң, му-сулман, Жаангер кожо карысы, жал-пы эл таңданышып:

“Көрүнбөдү көзүнөКалдайган калың алаш-деп,Ушунчанын ичиндеМунун каалаганы Манас!” – деп,Калайык сүйлөп калганы.Айтканын угуп эр МанасАчуусу келип калганы, – делет

[1:214] жана Аккуласын аттанып Манас кармашка чыгат. Катыкул качырып келип Манаска найза сай-ганда, анын найзасынын учун абдан шамдагайлык менен кармап, бул учурда Манастын кубаттуу кайра-тынан Катыкулдун айласы кетип, найзасынан айрылат. Шашып кал-ган Катык дөө минген Ак жал атын аябай камчылап, аскерин көздөй качат. Манас Аккула менен узатпай жетип, Катык дөөнүн айдалысынан

Page 38: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

38 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

кармап (ал өз аскерин аралап, эми кутулдум го деп калган болчу), көк бөрү тарткан улактай астына өңө-рүп, кыя тартып чапкылап өз элин көздөй барып, “Кандай кылсаң мына!” – деп, Мунар кандын колу-на ыргытат. Мунун баарын байкаган Кошой Манастын чыныгы баатыр-лыгын билип, ага тан берип, ичинен дуба кылат:

“Журт таң калды күчүнө,Узартсын кудай жашын-деп,Таштан кылсын башын-деп,Качырганын куткарбас,Кабылан сыны бар экен,Каары катуу бала экен!Жоону көрсө чочубас,Жолборс сыны бар экен,Карып калган чагымдаКак өзүмө жардамчы,Жолдош сыны бар экен!Миңди көрсө шашпаган,Көп экен-деп, качпаган,Санды көрсө шашпаган,Санды көрсө бир өзүЖанынан коркуп качпаганАртык экен эрдиги,Ар мүнөзүн карасамАтасын сөксө былк этпесАйдың көлдөн кеңдиги.Аманат жаны тирүүдөДин мусулман уулунунКапырга кетпес теңдиги!”Муну ойлонуп Кошой дөөКөңүлү тынып калганы [1:214,215].Кырмуз шаа болгон Кошой дөө

көз алдындагы көп журтка көзүн са-лып, бу беттешип калган мусулман-дын эң кайраттуусун жыгуу керек, буларга аламан уруш салбайлы, ант-

кени, эңкейип калган карылар бар, сөөгү ката элек балдар бар, алардын убалына калбайлы, “Көөдөң бал-бан барсын-деп, көздөгөн жоосун алсын!”-деп, Көөдөңдүн кармашка чыгуусун буюрат жана көп элдин көзүнчө эр Көөдөң “Барбаймын-деп, айта албай”, намыстанып, кармашка чыгат. Көөдөң балбандын беттешке чыгуудагы бир өзгөчө сыры-курал-жарагына кошумча узуну алты жүз кулач жибек арканы болгон болчу. Азоо жылкы туткандай ошол аркан-ды ыргытып, мойнуна чалма салып мерт таптыруу арга-амалын ойлойт. Көөдөң балбан аябай айбаттанып:

Канкор Манас өзүң кел,Үмүтүң үзгүн жаныңдан!”Ушуну айтып күркүрөп,Уккан, көргөн адамдынТула бою дүркүрөп [1:216], муну

уккан эр Манастын ого бетер ар-намысы ойгонуп, шаймерденге жа-лынып, Азирет Аалы шерлердин, шейит кеткен эрлердин арбагына сыйынып, жаратканга жалбарып, Аккулага аттанып, Айкожодон бата алып, эрөөлгө чыгат. Манас Аккула-ны камчылап, айбаттанып акырып, эр Көөдөңдү көздөй катуу зымыра-ган учурда Көөдөң алыстан арканды атып, Манас арканга оролуп, Акку-ланын астынкы буту тороло түшөт. Мындай болоорун Манас таптакыр күтпөгөн болчу. Аты мүдүрүлүп кете жаздайт. Манас сыр найзасын жерге ыкчам таяна коюп, жыгыл-бай калат. Ушул учурдан пайдала-нып, Көөдөң астындагы ая турган найзасын шамдагайлык менен кыя чаап, салынып турган арканды кыр-

Page 39: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

39Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

ча чаап салат да, ал алдастай түшүп, кача бергенде, Манас кууп жетип, боордон найза салат:

Аркасынан короюп,Аз болгондо жарым кезЧыга түштү сороюп.“Лайламалу!”-деп,Найзасынын учундаКөөдөң өлдү тороюп,Найзага сайып Көөдөңдү,Кыраан Манас көтөрдү, – делет

[1:217] жана абдан ачууланган арс-тан Манас найзага сайган бойдон Көөдөңдү көтөрүп, Кошой турган журтка заматта жетип, “Ал, баа-тырың өлдү!” – деп, аягынан алып Көөдөңдү катуу ыргытканда, Ма-настын кайраттуулугун караңыз, уч-кан куштай жетип Көөдөң тогузуна тийип, Көөдөң менен кошо ошол жерде он адам ажал табат. Мындай тири шумдукту көргөндөн алардын баштарынан эс кетип, качууну ойло-нуп, дүргүп калышат. Мына ошондо акылман Кошой айгай салып бек ай-тып:

“Арбак урган дүргүбө,Акылдан танып мүргүбө,Баатырларың кайдасың?Манасты барып жайласын!Өчүрбөй өчүн албайбы,Өкүмсүгөн чантуунунӨтүн барып жарбайбы,Кетирбей кегин албайбы,Кенебеген чантуунунКерденин кесип салбайбы?!Качкан менен куткарбай,Кармашканын соо кылбай.Бу кантесиңер баарыңар,Калк ичинде жок беле,Кайраты бар карыңар?!”

Ошону айтып Эр Кошой,Аскерге айгай салганы.Ашталы деген балбаныАны уккан соң колунанАкырып чыга калганы – делет

[1:218].Ашталы балбан майданда турган

Манаска бара жатып ок атат жана Манас калканын өз убагында тосуп, аман калат. Айгышкан кармаштан соң, Ашталы Манастан дал Көөдөң өңдүү өлүм табат. Каза тапкан Аш-талыны “Кызыл турпак чаң кылып, оң колунан алып”, Кошой турган аскерлерди көздөй кайраттанып ыр-гытканда минип турган аттарынын үстүнөн жетөөсүн ала кетип, Ашта-лы балбан менен кошо эсептегенде сегизи өлүм табат. Мыкты балбан-дарыбыздан айрылдык, Манас ме-нен мен өзүм чыгууну белсенип жа-там дегенде, Кошойдун аскерлери: -Каным, сиз майданга түшпөңүз, ко-кус сиз жеңилип калсаңыз, биздин көрөөр күнүбүз не болот?-аны коё беришпей аяшканда; Кошой дөө: -Мен балбандарымдан айрылып, силердин көзүңөрдү кантип карап турам, алы-чагым келсе, Манасты тирүү койбосмун, а эгер Манаска алдырган болсом, анын айтканына көнүп, кол куушуруп тургула деп, төмөндөгүдөй кеңешин айтат, б.а. кокус урушам деп, уулуңарды же-тим кылбаңар, атышам деп аялыңар жесир калбасын, байкуш эл бөөдө кырылбасын, Манастын колу жети жүз миң, баатыр менен балбаны байкап турсам мол экен, биздики эки жүз миң аскер, өзүңөр салыш-тырып көргүлө, урушту такыр ойло-богула деп, Аксаргыл атына минип:

Page 40: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

40 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

“Алда!” – деп, жолго кирди эми.Бабаң барды бакырып,Манасты көздөй акырып:Кытай түрки тил билбейт,Кыямат жолу дин билбейт.“Аркы уругум Каракан,Атамдын аты Аталык,Каракандан тараган.Өз атам Көкүм мерген дээр,Өзүңдөн мурун кол салып,Өч ала келген мен бир эр,Атымды уксаң Кошой дээр”,Аны айтып, айгайдыАбаң Кошой салганы.Айтканын угуп эр МанасАйран-азыр калганы.Кыйкырып Кошой кеп айтат:“Кырмуз шаа болгон абаңыз,Кызматың кылдым, жол тоздум,Кырааным бүгүн жолгоштум.Атаң Жакып Ногойдон,Аман-эсен барсыңбы,Арстан Манас жолборсум?Алда Таала жол бергенАкыреттик жолдошум.Аябай найза сал-деди,Аябаймын сени да,Алган болуп мени да,Аскериңе бар-деди,Артымдагы капырдыАлгандан соң өзүмдүАнан көрүп ал!” – деди [1:220].

Эр Манас менен Кошой карма-шуу чеберчиликтерин абдан көрсө-түшүп, айлана-төгөрөктөгү аскер-лерди айран-таң калтырып, катуу чабышышат. “Ал экөөнү көргөндөр, акылынан жаңылды”-делет [1:221]. Бир убакта Манас өз колун көздөй качат. Кошой кубалап Манастын ас-керлерине кирип барганда:

“Коюңуз баатыр, болду!” – деп,Акбай деген бир мырзаАт жылоодон кармады,Арсаңдап күлүп абаңызАтынан түшүп алганы [1:221].

Айкожо, Жаангер менен аманда-шып, ал-жай сурашып, аскердеги эрендер Кошойдун кашына кели-шип, абакесин чуулашып, эсен-соо-лук сурашып... Кан Кошойдун баян-таржымалы:

Бир жарым жылдан бери жаккаКырмуз шаа болуп абаңыз,Түк билинбей жүрүптүрКытайдын кылым элине,Соо-саламат кошулдуКыраан Манас бегине,Кулак салгын абаңдынКытайга айтар кебине.Колго түшкөн кишидейКонуп Кошой калганы,Жесир болгон кишидейАбакеңиз эр КошойЖергесине барганы,Жер жайнаган мусулманАбабыз аман экен-деп,Кубанышып калганы, – делет

[1:221,222].Кырмуз шаабыз Манас менен

кыйын урушуп, Манасты кубалап кеткен бойдон кайра кайтпады, анын жаны кыйылды шекилди, Кырмуз шаа сындуу канды эми кайдан та-бабыз дешип, бирин-бири кучактап ыйлашып, аманат жанын кыйна-шып, дүрбөлөңгө түшүшөт. Кайсы-ныбыз өлөбүз, кайсыныбыз тирүү калабыз, Манастын арстандай күчү көрүнөт, же кайрат кылып урушуп көрсөкпү, бирок кан Кырмуздун айткан кебин, б.а. кокус барып мен

Page 41: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

41Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

ажал тапсам, урушпаңар дегенин эстешип, кужурашып, дагы ойго чө-мүлүшөт. Эртеси эр Кошой Кырмуз шаа болуп кийинип, аскерине келип калат. Аскерлери: -Кабылан Манас менен айыгыш кармашып, катуу калба салдың. Аны калкына куба-лап кирип, Манастан кантип тирүү калдың, өңүбүзбү же түшүбүзбү де-шип, сени тирүү көргөн көзүбүзгө ишенбей турубуз, сиз Манастын ко-луна түшкөн соң баарыбыз өлмөк-кө кайрат кылдык, анткени, эч бир пенденин оюнда сизди тирүү көрүү үмүтү жок болчу;

Жамгырдай жашы дабырап,Эки жүз миң аскериАрызын айтып жабырап [1:223]:

– Сиздин буюрган кызматыңызды аткарып, мусулмандын сизди өл-түрбөгөн себебин, көргөндөрүңүздү айтыңыз дешип, кары-жашы чуул-дап сурашат. Анда Кырмуз шаасы кеп айтат:

“Куп тыңдаңар – деп, айтат,Мусулман деген эл экен,Буйругун туткан кудаанын,Бузук сүйбө дээр экен,Тилин алса тим койчу,Тийбей турган эл экен.Карайт экен акырыКудайынын буйругун,Кармайт экен баарысы,Как сиздерге окшошупБаашасынын буйругун.Мен түшкөн соң колуна,Байкаңар сөздүн соңуна, – деп

[1:223]: -алар Кудай жолун бек ту-тунушат экен, кайыптан “Канын төкпө!” деген доош келди, калкына кайра барсын, кабарды ага салсын:

Калкы менен тил алсаМусулман болуп калсын!” – деп,Аяды анын Кудайы,Аңдаңарчы мындайды.Кудайы жообун берген соң,Өлтүрбөгүн деген соң,Өлтүрбөдү өзүмдүДагалак журту баарыңарКөрүп турсуң көзүмдү,Угуп турсуң сөзүмдү, – делет

[1:223,224]. Кырмуз шаа-Кошой кеп айтат: -Аңдаңарчы калайык, Ас-ман-Жердин ээси анык Кудай бар экен, өзүбүз колубуз менен корго-шун куюп, алтын, күмүш, темирден аземдеп, көркөмдөп жасап алган бутка сыйынып, ушинтип азып-то-зуп жүрөбүз, андан көрө, бу жерде турат мусулман, алардан Кудай жа-йын сурайлы, баркын байкап биле-ли, баарыңарга макул болсо, Ыслам динге кирели!”:

Муну айтып Кырмуз шааМусулман колун чакырды,Көкчө, Манас баатырды,Элеман уулу Төштүктү,Эштектерден Жамгырчы,Таздын уулу эр Үрбү,Татарлардан Акшаган,Ак сакалдуу Жаангер кан,Араптардан Айкожо,Анын баары жыйылып,Алдасына сыйынып,Азыр келди Кырмузга [1:227].Ошондо Кырмуз шаа чакырыл-

ган мусулмандын эрлерине, аалым-дарына кайрылып, Кудайыңардын жөн-жайын биздин журтка айтып бергиле деп суранат. Анда:

Айкожо кепти баштады,Кошой баштап карысы,

Page 42: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

42 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Кошунунун баарысыКуп-деп кулак салышты.Ыкыластын сүрөөсүнЫрас айтып баштады.Алтын сакал АйкожоСөз айтуудан шашпады, – де-

лет [1:227]. Мурунтадан азып-тозуп жүргөн экенбиз дешип Айкожонун айткан сөзүн угуп турган канча жан ынанып, көздөрүнө жаш алып, шай-танга наалат айтышып, чын ыкласы менен баары ыйманга келишет:

Мусулман болду капыры,Шарыятка көндүргөнКатаган Кошой батыры.Ыйман айтып көндүргөнЖаангер кожо, АйкожоПир тутулду акыры.Баарысына себепкерБала Манас баатыры, – деп кору-

тундуланат [1:229].Ошентип, макаланын соңунда,

биздин оюбузча, төмөндөгүдөй жы-йынтыктарга келүү мүмкүн:

– Эр Кошой Кырмуз шаанын ки-йимин, таажысын кийип, атактуу балбандарын кезеги менен Манаска жекеме-жеке сайышка чыгарган кез-де, Манастан алардын жеңилээрин алдын-ала билген болчу, б.а. Манас-тын арстан сындуу балбандыгын, баатырдыгын душманга көрсөтүп, алардын жүрөгүнүн үшүн алуу, сес-тентүү, таңдантуу болгон;

– Катыкул дөөнүн жеңилгенин көрүп, Манас эр Кошойдун купулу-на абдан толуп, ага ичинен дуба кы-лат: -Кудай жашын узартсын, башын таштан жаратсын; Манастын өзгө-чөлүү сынына, келбетине, мүнөзүнө баа берип, менин жанымда жолдош

болуп жүрчү эр экен деп, Кошой дөө-нүн назарына ого бетер илинет;

– Манастын кубат-кайратын көр-дүңөр, аны менен айгай салып уру-шабыз деп балдарыңар жетим, аялы-ңар жесир калбасын, жаш-карынын тагдырын ойлогула, алар бөөдө жа-бырланбасын деген мазмунда журт-ка кайра-кайра кайрылуусу, эскер-түүсү, эр Кошойдун көсөмдүгүн, акылмандыгын күбөлөйт;

– Кошой дөө Аксаргыл атына минип, туура көрсөңөр Манас ме-нен мен беттешүүгө чыгайын деп, Манасты көздөй акырып баратып, кытай түрки тилин билбегендиктен кыргыз тилинде өз уруусун (б.а. кимден тарагандыгын), ата-тегинин кимдигин, өзүн тааныштырып, Ма-наска чейин эле кытайлардын ара-сында жүрүп кыргызга ат көтөргүс кызмат кылгандыгын, Манастын уруусун айтып, Манасты көрүүнү абалтан эңсеп келгендигин, жо-лукканына ченемсиз кубанып тур-гандыгын, бирок, бири-бирибизди аябастан кармашалы, мени жеңген болуп өз аскериңе барган соң, ме-нин артымдагы аскерлердин абдан кейиштүү абалга түшөөрүн ошон-до көрөсүң дейт; бул көрүнүштө эр Кошойдун кылдаттыгы, тыңды-гы, абдан ийкемдүүлүк, зээндүүлүк сапаттары көзгө урунат; ошол эле учурда кырдаалды туура баамдап-туя билүүчүлүк, ыңгайлуу жагдай-ды күтүү, сырды купуя сактоо өң-дүү баалуу касиеттери да байкалат; жогоруда белгиленген инсандык баалуу сапат-касиеттер Манас баа-тырга да мүнөздүү жана эр Кошой-дун Манасты көздөй атырылып,

Page 43: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

43Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

акырып жөнөгөндөгү айткан бел-гилерин Манас угуп, Манастын за-матта баамдап-туюп, байкагандыгы Манастын кыраакылыгын, тунук, даана акыл-эске эгедерлигин айги-нелейт;

– Эр Кошой Манас менен айы-гышкан кармаштан соң кайра өз аскерлерине эсен-аман келгенин кө-рүшүп, Манастын колунан кантип ажал таппай тирүү калдыңыз дешип, алар чуулап сурашканда, мусулман ак Ислам динин, жалгыз Кудай жо-лун бекем тутунган эл экенин, алар-га эрегишпей, каршылашпай, жоо-лашпай, пейилди түз, туура кармап, ыйманга келип, Кудайдын буйругун аткарган элге тийбестигин айтып, Манасты, анын колунун уруу баш-чыларын, эрлерин, чоң аалымдарын чакырып, Кудайыңардын таржыма-лын айтып бергиле деп өтүнөт, б.а. мусулмандын чыныгы артыкчылык-туу көз карашын, дүйнө таанымын, сапат-касиеттерин өз кулагы менен

угуп, көзү менен көрүп, ынанымга ээ болуусун эп көрүп жатат; ал эми ар түрдүү элдердин өз ара ынтымакта, биримдикте жашоосунун бекемди-ги, алардын мамилелеринин жалпы, уңгу ынанымдын, ишенимдин неги-зинде курулуусунун орчундуулугу, ушул багытта эр Кошой менен Ма-настын биргелешкен аракетинен (ал аракет канчалаган кыйынчылыктар, татаалдыктар, тоскоолдуктар менен коштолбосун) да ачык байкалат.

Адабияттар:

Манас: Кыргыз элинин баатырдык эпосу [Текст]/ С. Орозбаковдун варианты боюнча. КРУИАнын Ч. Айтматов атын-дагы Тил жана адабият институту. Түз.: С.Мусаев.-Б.: Хан-Теңир, 2010. – 1840 б.

2. Манас: Кыргыздардын баатырдык эпосу: Үчилтиктин биринчи бөлүгү. -Б.: “Бийиктик”, 2011. – 240 б.

3. Алимбеков Акматали. “Манас” –салттуу педагогикалык билимдердин көө-нөрбөс булагы / Шоокум, сентябрь 2014-жыл, №9 (97). – 8-б.

Page 44: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

44 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Бул макалада технологияны өздөштүрүү азыркы коомдун өнү-гүшүнүн негизги талаптарынын бири экендиги тууралуу жалпы маалымат берилди. Ошондой эле технология менен илимдин ты-гыз байланышына жана илим-изилдөө багыттарына да кеңири токтолдук.

Алдыбызга «технология деген эмне?», «илим менен технология-нын кандай айырмасы бар?» деген суроолорду коёлу.

Реалдуу дүйнө тууралуу жаңы билимдерди алуу жана аларды сис-темалаштыруу менен байланышкан адам ишмердигинин областын илим деп айтабыз. Ал эми материалдык жана рухий баалуулуктарды түзүү жана пайдалануу процессинде ушул илимдерди реализациялоо менен байланышкан адам ишмердигинин башка областын технология дейбиз. Технология (грекче techne – өнөр, устаттык, билгичтик жана ...логия) – ар кыл өндүрүш тармагында, ку-рулушта ж.б. сырье, материал же буюм алуу, иштетүү жолдору менен ыкмалардын жалпы аты; ал жолдор-ду жана ыкмаларды иштеп чыгуучу жана өнүктүрүүчү илимий тармак. [Технология – статья из Большой со-ветской энциклопедии].

Толук аталышы – «технология-лык процесс» өндүрүштү техника-

лык текшерүү өндүрүш процесси-нин баяндамасы, түшүдүрмө эреже, инструкция, карта, графиктер да технология түшүнүгүнө кирет. Өн-дүрүштө машина куруу технология-сы, тоо иштери технологиясы ж.б.; материалдарды иштетүүдө металл-дар технологиясы, кездемелер тех-нологиясы, тамак-аш технология-сы ж.б. болуп айтылат. Технология процессинин техникалык-экономи-калык натыйжалуулугу сырье ме-нен энергиянын салыштырма сарп-талышына, буюмдун саны жана сапатына, иштин өндүрүмдүүлүгү-нө, буюмдун өздүк наркына карата бааланат.

Илим – технологиянын өнүгү-шүнө алып келет, технология болсо илимдин өнүгүшүнө түрткү берет, анын жетишкендиктерин ишке ашы-рат. Бул эки түшүнүктүн ортосунда так чек ара жок экендигин жана алар-ды каршы коюуга болбой турганды-гын айта кетели. Адамдын практи-калык ишмердигинде ар түрдүү көп технологиялар (кездеме токуу тех-нологиялары, курулуш технология-лары, педагогикалык технологиялар ж.у.с.) болгондой эле информация-лык технологиялар дагы бар. Мате-риалдык өндүрүш технологияларын пайдаланууда материалдык ресурс-тарды иштетүүнүн натыйжасын-да материалдык продукт алынат. Информациялык технологияларды

А.АНАПИЯЕВАФ.и.к., доц.мил.ат.

ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КИЙИРҮҮ БАГЫТЫ

Page 45: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

45Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

пайдалануу менен алгачкы маалы-маттарды иштетип, натыйжада ин-формациялык продукт алабыз. Бул продукт байкоо жүргүзүлүп жат-кан объект же кубулуш тууралуу жаңы сапаттагы информация берет. Бардык технологиялар өздөрүнүн фундаменттик жана прикладдык илимдерине таянышат. Анын сыңа-рындай, информациялык техноло-гиялардын дагы ЭЭМдин архитек-турасы, операциялык системалар, теориялык программалоо, маалы-маттар базаларынын теориясы ж.у. сыяктуу фундаменттик бөлүмдөрү бар. Ошентип, окуучулар информа-тика илими тууралуу теориялык би-лимдерге гана ээ болбостон, инфор-мациялык технологияларга дагы ээ болушу керек [ Мартыненко А. В. Высокие технологии и высшее об-разование // Знание. Понимание. Умение. – 2006. –№ 1. – С. 64-67].

Дүйнөлүк глобалдашуу учурун-дагы мамлекеттердин өнүгүүсүнүн тажрыйбасына ылайык, билим бе-рүү системасын толук бойдон өз-гөртмөйүн, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалы түпкүрүнөн жаңыланбастыгы айдан ачык.

Окуу жайда эмгектенген илим-поздордун илим-изилдөө багыттары биринчи иретте Кыргыз Республи-касынын приоритеттүү деп белги-ленген илимий багыттар менен дал келүүсү негизги талап болуусу за-рыл. Ошондой эле окутуучулардын, аспиранттардын, илимий кызмат-керлердин, магистранттардын жана студенттердин илимий изилдөө иш-теринин жыйынтыктары республи-канын экономикалык өнүгүүсүнө

салым кошуусу үчүн төмөнкү багыт-тагы жумуштарды күчөтүү керек:

• Азыркы учурга чейин ЖОЖ-дордун илимий бөлүмдөрү теория-лык жыйынтыктарды жана жалпы-лоочу текст тибинде жаратып келсе, мындан кийинки учурларда техно-логиялык, инновациялык борбор-лорду түзүү аркылуу окуу жайдын илимпоздору материалдарды, про-дуктыларды ж.б. чыгарууну уюшту-руусу жана өркүндөтүүсү;

• Технологиялык борборлордун ар бир ишмердикке лицензиясынын

болуусуна жетишүүсү жана сту-денттер, магистранттар бул бор-борлордо курстук жана дипломдук жумуштардын (проектердин), ма-гистрдик диссертациялардын че-гинде конкреттүү түзүлүш, деталь, материал, жыйыныктоочу сунуш ж.б. тибинде көрүшү;

• Өлкө, регион үчүн приоритет-түү деп эсептелген илимий

изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана илимий инновациялык иштерди күчөтүү менен ЖОЖдун илимдеги сегментин аныктоо;

• Окуу жайлар, академиялык институттар жана тармактык илимий изилдөө институттарынын интег-рациясын камсыздоо биргелешкен илимий лабораторияларды, профил-дик биргелешкен илимий институт-тарды, проектерди жана илимий, технологиялык, өндүрүштүк фирма-ларын түзүү жана академиялык кыз-маткерлердин педагогикалык про-цесске тартылуусун камсыздоо;

• Илимий изилдөөлөрдүн жы-йынтыктарын, жаңы иштелген техно-логияларды коммерциялизациялоо;

Page 46: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

46 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

• Окуу жайдын студенттерин, жаш окутуучуларын окуу жайдагы

мамлекеттик грант боюнча атка-рылган илим изилдөө темаларына активдүү тартуу жана өндүрүш тар-мактары жана келишимдик изил-дөөлөрдү жүргүзүү;

• Мамлекетибиздин тили, ада-бияты, тарыхы жана гуманитардык

багыттагы тарбиялык мааниси бар изилдөөлөрдү күчөтүү;

• Кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоо боюнча атайын Кеңештерди окуу жайлар-дын астында ачууну шарттоо. [Би-лим берүүнүн философиясы жана технологиясы. – 2009. 13-15-б.]

Илим-билим качан да болсо ар бир элдин, мамлекеттин өнүгүү дең-гээлинин көрсөткүчү болуп келген-диги жалпыбызга маалым. Бир кез-де кыйраган Япония азыр алдыңкы технологиясы менен дүйнөнү дүң-гүрөтүүдө. Ушул тапта өлкөбүздө экономикадагы бир аз жылыштар, социалдык-саясий туруктуулук тү-зүүчүлүк, жаратуучулук иштерди жүзөгө ашырууга, анын ичинде илим-билимди сапаттык жогорку деңгээлге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүшү керек. ХХI кылым илимдин, инновациянын жана нанотехноло-гиянын доору.

ХХI кылымдагы илимдин өмүр сүрүшүндө чоң көлөмдөгү инфор-мацияларды кайра иштеп чыгууга байланыштуу илимий билимдин тез өсүшү негизги ролду ойнойт. [Яков-лев А.И. Информационно-коммуни-кационные технологии в образова-нии. – 2001].

Окумуштуулар илимий изил-дөөлөрүнө көп убакыт коротушат. Анткени илимий изилдөөлөргө ке-ректүү материалдарды, кабарларды табуу узак убакытты талап кылаары шексиз. Окумуштуу өзүнүн изил-дөөлөрүнө керектүү материалдарын тапкыча, башка окумуштуу ушул эле темага окшош илимий ачылыш-тарды, техникалык ойлоп табуулар-ды сунуштап салган учурлар да жок эмес. Мына ушул мүчүлүштөрдү жоюу максатында жаңы илим кө-лөмдүү сурап билүү эмгектердин, энсиклопедиялардын, сөздүктөрдүн пайда болушун талап кылууда.

Билим берүүнүн Мамлекеттик стандартында университеттерде мугалимдерди даярдоо сапатын жо-горулатуу, илимий – изилдөөлөрдү өнүктүрүүдө, илимий-педагогика-лык кадрлардын квалификациясын жогорулатууда алардын педагогика-лык ЖОЖдоруна жардамын күчө-түү керек деп көрсөтүлгөн. Ушунун негизинде ЖОЖдордун педагоги-калык адистиктеринин окуу план-дарына «Илимий изилдөөлөрдүн негиздери» деген милдеттүү курс киргизүүнү практикалоо зарыл. Жаш окутуучулар үчүн илимий ста-жировкалар уюштурулса, учурдун талабына толук жооп берер эле деп ойлойм.

Мындан тышкары студенттер-дин илимий кружокторунун иште-рин жандандыруу, алардын илимий конференцияларын өткөрүү менен, студенттердин илимий жыйынтык-тарын чыгарууга жетишүүбүз ке-рек. Анткени азыркы жашоодо бир технология башка технологияны

Page 47: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

47Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

алмаштырат. Бүгүнкү күндө адам ийгиликтүү болуш үчүн ал көптө-гөн көндүмдөргө, шыктарга жана ар тараптуу билимге ээ болуусу зарыл. Ошондуктан информация-комму-никациялык технологияларды би-лим берүүдө сапатын жогорулатуу максатында колдонуу приоритеттүү багыт болуп саналат. Бул адамды азыркы коомдо бат адаптацияланы-шына, өнүгүшүнө жана мезгилдин талабына жооп берүүсүнө жардам берет. Эгер коом өзгөрсө, аны менен катар ишканалардагы, мекемелер-деги иштер да жаңы технологиялар менен жабдылып, азыркы индуст-риалдык коомдун талаптарына туу-ра келиши абзел.

Азыр илим-техника өнүккөн доордо билим берүү жана илим мам-лекеттик иштин эң артыкчылыктуу багыты болууга тийиш [Тихонов А.Н. Информатизация образования и науки. – 2009]. Жашоо-турмуш эч качан бир орунда туруп калбайт, улам жаңы милдеттерди алдыга кое берет экен. Бир кезде туташ сабат-таштыруу, андан кийин жалпы орто билим берүү урааны коюлуп келсе, азыр туташ компьютерлештирүү

жүрүп жатат. Ошондой эле жаңы жумушка орношкон адис да азыркы учурдагы жаңы технологиялар ме-нен тааныш болуусу шарт. Ал эми илимде изилдөөчү компьютерди билсе, көптөгөн чет өлкөнүн дис-сертацияларын интернет аркылуу окуп, илимий изилдөөсүнө керектүү материалдарды чогулта алат. Демек, илимде болобу, билим берүүдө бо-лобу жаңы технологияларды өздөш-түрүү азыркы коомдун эң негизги талаптарынын бири экендиги та-лашсыз.

Пайдаланылган адабияттар:1. Билим берүүнүн философиясы

жана технологиясы. -2009. 13-15-б.2. Мартыненко А. В. Высокие техно-

логии и высшее образование // Знание. По-нимание. Умение. – 2006. –№ 1. – С. 64-67.

3. Смирнов С. А., Котова И. Б. Педа-гогика: педагогические теории, системы, технологии: Учебник для студентов выс-ших и средних учебных заведений. – М.: «Академия», 1999. – 512 с.

4. Технология – статья из Большой советской энциклопедии

5. Тихонов А.Н. Информатизация об-разования и науки. – 2009.

6. Яковлев А.И. Информационно-коммуникационные технологии в образо-вании. – 2001.

Page 48: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

48 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Макалада поэзия жанрында-гы тилдик кубулуштар туура-луу сөз болот. Тактап айтканда, Э.Ибраевдин поэзиясындагы тур-муштук ар кандай карама-кар-шылыктар антонимдер, антитеза, оксюморон сыяктуу тилдик кубу-луштардын негизинде берилиши иликтөөгө алынат.

Адабият айдыңына кенен, чы-йыр жол салып кеткен белгилүү акын, котормочу, журналист Эсен-гул Ибраевдин поэтикалык дүйнөсү татаал жана ар тараптуу. Акындын кандай инсан болгону анын ырла-рынан көрүнөт эмеспи. Акындын чыгармачыл дарамети, бийиктиги, ташка тамга баскандай ырларынын ар бир сабынан чачырап турат, анын улуу дем менен жашаган, иштеген инсан экенинен кабар берип турат.

Ар бир жазуучу же акын өзү-нүн чыгармасын жаратууда тур-муштук көрүнүштөрдү, окуяларды, кубулуштарды сүрөттөп берүүдө ар кандай тилдик кубулуштарды пайдаланат. Көркөм чыгармаларды окурманга таасын сүрөттөп, салыш-тырып берүүдө тилдик кубулуш-тардын ичинен антонимдер негизги орунду ээлейт. Себеби, зат, окуя, ку-булуш же көрүнүштөрдү салышты-рып, карама-каршы коюп берүүдө,

алардын табияты кенен ачылып берилет. Антонимдерди карама-кар-шы коюу менен акын жаратылыш-тагы кубулуштарды экспрессивдүү жана эмоционалдуу сүрөттөп бере алган. Контексттен тышкары өз бе-тинче турганда деле бири-бирине карама-каршы мааниде колдонулган нагыз антонимдер акындын ырла-рында кеңири колдонулат.

Өлүмдүн соңунда төрөлүү бар,Кууроонун соңунда көгөрүү бар,Ыпластын артында тазалык бар,Карылыктын артында жашарыш бар.Кайгынын соңунда кубаныч бар,Бүтүүнүн соңунда уланыш бар.Таттуу бар, ачуунун соңунда,Эх, турмуш, ушунуң сонун да!

Бул ыр саптарында акын тур-муштагы кубулуштардын өзгөрү-шүн бири-бирине карама-каршы коюп, биринен кийин экинчиси бо-лорун белгилеген. Турмуш бир ка-лыпта турбайт, бирде өлүм болсо, бирде төрөлүү болот, жаратылыш куураса, кайра көгөрөт, кайгы бүт-сө, кубаныч болот, бирде ачуу, бирде таттуу болот деген негизги ойду бер-ген. Ошондой эле «Ырларым» аттуу ырында ысык-суук, ачуу-таттуу, куу-рал-жыргал деген нагыз антонимдер менен ырына болгон жакын мамиле-син ачык көрсөтүп кеткен:

УДК: 811.512.154

ОТОРБАЕВА Салтанат БатырбековнаКыргыз тили кафедрасынын окутуучусу, ЫМУ

ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВДИН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ ТИЛДИК КУБУЛУШТАР

Page 49: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

49Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Ысык-суугум, ачуу-таттуу жылдарым,Сени менен кууралым да, жыргалым.«Кимсиң?»-десе сууруп чыгып көрсөтөр,Паспортум да, мандатым да ырларым.

Жогорудагы ыр саптарында бе-рилгендей, нагыз антонимдердин бирин айтуу менен, экинчисин да эске түшүрө алабыз. Алар тилде ту-руктуу мүнөзгө ээ болуп, дайыма карама-каршы мааниде колдонулат.

«Бактылуу боло албайсың» аттуу ырында акын баардыгы бар болуп турса да, бактысыз адам жаныңда турса, бактылуу боло албайсың де-ген маанини бир уңгулуу антоним-дердин негизинде ырды ары көркөм, ары элестүү жарата алгандыгын тө-мөндө ачык байкоого болот:

Боюңда кубат барыңда,Боло көр көптүн камында.Бактылуу боло албассың,Бактысыз турса жаныңда.

Бул ыр саптарындагы карама-каршы маанилер уңгулар аркылуу туюнтулбастан, карама-каршы маа-нилерди билдирүүчү грамматика-лык каражаттардын, башкача айт-канда, -луу, -сыз деген сөз жасоочу мүчөлөр аркылуу берилди.

Өз алдынча турганда карама-каршы мааниге ээ эмес, белгилүү бир сүйлөмдүн, сөз айкашынын, контексттин чегинде гана антоним боло алган контексттик антонимдер Эсенгул Ибраевдин «Жалган дүй-нө», «Өтүп жатат» аттуу ырларын-да берилет. Акын тирүүчүлүктүн күнүн, жашоонун маңызын салыш-тыруу, карама-каршы коюу аркылуу чындыкты таанып билүүгө шарт

түзүп, ырдын көркөмдүүлүгүн арт-тырган:

Жашоо да алмашылат, жаңыланат,Жан дүйнөм бул чындыкты кабыл алат.Бир үйдө ыркыраган бороон болсо,Бир үйдө ынтымактын шамы жанат.Бир үйдө ый угулса азап жутуп,Бир үйдө той уланат шарап жутуп.Анысы, мунусу да көнүмүш иш,Тирчилик жүрө берет алаксытып.Бири жетсе бакытка өлүп-талып,Бири жетпей арманда өлүп калып.Бири жүрсө бел чечпей ынтымак деп,Бири жүрөт бөрүдөй бөлүп-жарып.Бири жашайт ишенбей ушагыңа,Бири жашайт ишенбей тузагына.Бири жүрсө баталбай өз үйүнө,Батырган бар бир элди кучагына.

Бул контекстте ыркыраган бо-роон – ынтымактын шамы, ый-той, бакыт-арман, ушак-тузак бири-би-рине карама-каршы мааниде турат. Бул сөздөрдү контексттен тышка-ры ала турган болсок, анда анто-ним боло алышпайт. Э.Ибраевдин поэзиясынан алынган бул куплетти бүт, дээрлик контексттик антоним-дерден түзүлгөн деп айтууга болот. Контексттик антонимдер тилдик ту-руктуу көрүнүшкө кирбейт, кептик кырдаалга жараша гана колдонулат.

Антонимдердин негизинде пай-да болгон, эң кеңири тараган ыкма – антитеза болуп эсептелет. Ал лек-сикалык антонимдердин жана кон-тексттик антонимдердин негизинде пайда болот. Алсак, «Ойлоп көрсөк» аттуу ырында тилдин өзүндөгү ка-рама-каршылыкты, айырмачылык-ты антитезалык салыштыруу аркы-луу элестүү берген:

Page 50: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

50 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Ырасында тил сүйлөөгө жаралган,Ал ат эмес тиш түбүнө камалган.Бирде мокок – кыл кыркпаган кыңарак,Бирде өткүр – кылычтан курч жаланган.

Антитеза аркылуу контрасттык карама-каршы ойлор, пикирлер, тү-шүнүктөр, көрүнүштөр, сапаттар, көркөм образдар бири-бирине кар-шы коюлгандыгы жогорудагы ыр саптарынан ачык байкалып турат.

Акындын «Жок чыгар» аттуу ырында турмуш диалектикасы-нын бир өңүтүн, башкача айткан-да, карама-каршы кубулуштар, ка-сиет-сапаттардын бири экинчисине өтүүсүн, айлануусун антонимдерди колдонуу менен таасын чагылды-рылган.

Жоомарттык барда, тарык бар,Жалгандык барда анык бар.Караңгы түшсө түнөрүп,Кайрадан чыгаар жарык бар.Кең дүйнө кээде тар болоор,Жокчулук аздап, бар болоор.Жаланып суук ышкырса,Жамгырдын арты кар болоор.

Антонимдердин негизинде пай-да болгон дагы бир эң оригиналдуу көркөм ыкма болуп – оксюморон эсептелет. Оксюморон антонимдер-дин, деги эле карама-каршы маа-нидеги сөздөрдүн айкалышынан, биригип кетүүсүнөн пайда болот. Акын төмөнкү ыр саптарында бул ыкманы колдонуу менен өз оюн, пи-кирин ачык билдирип, окурманды таңдандырып, ойлонууга аргасыз кылат. Өзүндөгү ички каршылык-тарды ачып, бир эле нерседе оң жана терстик бар дегендикти билдирген:

Учсам дейм учкум келбейт,Уксам дейм уккум келбейт.Негедир жаным бүдөө,Негедир уйкум келбейт.

Бул ыр саптарында бири-бири менен логикалык жактан сыйыш-пай турган бирин-бири жокко чыга-руучу түшүнүктөр туюнтулганына күбө болобуз.

Автор «Оолак кыл» аттуу ырын-да адам кыймыл жасап, түйшүк тар-тып турбаса, тирүүнүн өлүгүнөн айырмасы болбой калаарын оксю-моронду колдонуу менен белгилеп кеткен:

Кыр ашат дешет кыймыл жасаган жан,Түгөнгүс түйшүк тилейм жасагандан.Тирүүнүн өлүгүнөн айырмасыз,Эртеңине ишенбей жашаган жан.

Бул ыр сабындагы оксюморон-дун негизги милдети – автордун сү-рөттөлүп жаткан нерсеге карата же-кече мамилесин, баасын билдирүү болуп саналат.

Ошондой эле, акын ар кыл ой-ло рун, максаттарын, аткарылбас ти лектерин, тагыраак айтканда, бол бос ишти кудайдан суранып кыя лында болтурары «Өкүнүү» ат-туу ырында берилет:

Кыялымда болбосту болтурамын,Кудай бардыр, асманга кол сунамын.Кар чачышкан балдарды терезеден,Карап туруп чыйрыгып олтурамын.

Мында автор эки карама-каршы-лыктын бир мезгилде катар жаша-ганын көрсөтүп, бириктирип жатат. Мындай абалдын, көрүнүштүн, про-

Page 51: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

51Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

цесстин, мамиленин карама-каршы жактарынын экөө тең камтылып, туруктуулук, үзгүлтүксүздүк маани-лери берилди. Тагыраак айтканда, антонимдер ортосундагы карама-каршылык жоюлуп, алар бир катар-га коюлганы ачык байкалат.

Демек, Эсенгул Ибраев ырла-рында антонимдерди стилдик мак-сатта колдонуу менен турмуштук көрүнүштөрдү, окуяларды, кубу-луштарды, тиричиликтеги ар кан-дай карама-каршылыктарды эсксп-рессивдүү, эмоционалдуу жана контрастуу бере алган. Акын ырла-рын жаратууда тилдик кубулуштар-ды ыктуу, орду менен пайдаланып, карама-каршылыктарды образдуу

салыштырып, ырларын өтө элестүү, таасирдүү, көз менен көрүп тур-гандай, реалисттик мүнөздө, жан-дуу берет. Ушундан улам акындын чыгармачыл дарамети күч, ыр жа-ратуудагы көрөңгөсү терең экенди-гине көп кырдуулугуна, идеялык мазмунунун ар түрдүүлүгүнө, поэ-тикалык эстетикалуулугун жогору экендигине бекем ынанабыз.

Пайдаланылган адабияттар:1. Азыркы кыргыз адабий тили, Биш-

кек, 2010.2. Ибраев Э. “Жан дүйнө жаңырыгы”

Бишкек, 2006.3. Ибраев Э.. “Тандалмалар” Биш-

кек, 2008.Усубалиев Б. Антонимдер жана алар-

ды окутуу. Фрунзе, 1987.

Page 52: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

52 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Әлемдік мәдениетке бетбұрған бүгінгі жаһандану кезеңіне тұс-па тұс келген тіл тағдыры әр түрлі деңгейде дамып келеді. Қай кезеңде болмасын тілдің қадір-қасиетін жо-ғалтпай, әрбір сөзді өз мақсатында қолданып сөйлей білу, тіл тазалаған сақтай отырып, жауапкершілікпен қарау – адамзаттың парызы.

«Тіл мәдениеті – тілдің тазалы-ғын, тілдің ережелерге сай жұмса-луын, сөйлеуші мен оқушысының тіл жұмсау реттілігін, дұрыстығын қарастыратын ғылым. Сөз бен сөзді мағыналық және тұлғалық жағынан дұрыс тіркестіру, сөйлемді грамма-тикалық заңдылықтарға сәйкес әрі түсінікті, әрі тұжырымды құрау, әдеби тілдің нормаларын сақтап, белгілі бір өлшеммен, белгілі бір қалыппен жазу мен сөйлеу тіл мә-дениеті саласының зерттеу міндет-терінің қатарынан саналады» [1, 3].

Тіл – ғасырдан ғасырға, ұрпақ-тан ұрпаққа қаймағы бұзылмай жеткен асыл қазына. Тіл мүмкіндігі Қазақстанның егемендік алуымен бірге дербес ұлттық тіл ретінде қо-ғамның барлық саласында қанатын жайып, қолданыла бастады. Қазақ тілі – тек қарым-қатынас тілі емес, бүгінде халықаралық деңгейде іс-керлік бағытта біршама мүмкіндік-терге ие болды.

Тіл мәдениетінің сапалық жү-йесін қалыптастыруда ғалымдар М.Балақаев, Р.Сыздық зерттеулер жүргізіп, осы салада ғылыми тұрғы-да өз үлестерін қосты. Жалпы тілші ғалымдар әдеби тіл нормасына қай-шы келетін сөздерді, сөз тіркестерін қайталап, ретсіз қолдануға қарсы.

Тіл мәдениетінің тілді тұтыну-шылардың деңгейіне де қатысты бо-латынын А.Байтұрсынов былайша түсіндіреді: «Қандай құрал болса да, оның жұмсаушысы екі түрлі болмақ. Біреуі - құралдың ішкі-тысқы бөл-шектерінің бәрін біліп, олар қалай бір-біріне үйлесіп, үйлескеннен шы-ғатын тетіктер бір-біріне қалай жал-ғасып, қалай қызмет ететіндігін біліп отырып жұмсаушы. Екіншісі – олар-дың бәрін білмей-ақ құралдың жұм-сауға керегі бар тысқы бөлшектері мен тетіктерін көріп, жұмсау әдісін үйреніп алып жұмсаушы» [2, 283].

Сөзді ретімен дұрыс қолдануды А.Байтұрсынов сөйлеуші адамның танымына, білімі мен өмірде жи-нақтаған тәжірибесімен байланыс-тырады: «Ішіндегі пікірді, қиялды, көңілдің күйін тәртіп пен қисынын, қырын, кестесін келістіріп сөз арқы-лы тысқа шығару сөз шығару бола-ды» [3, 17].

Бүгінгі заман талабы білім мен қабілетті, мәдениет пен еңбекті өз

Ж.А.КЕНЖЕБЕКОВАГуманитарлық ғылымдарының магистрі, аға оқытушы

Қазақстан Республикасы, Е.А.Бөкетов атындағы Қарағанды мемлекеттік университеті

СӨЙЛЕУ МӘДЕНИЕТІ ЖӘНЕ ТІЛ ӘДЕБІ

Page 53: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

53Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

ісімен көрсете алатын іскер ма-мандарды қажет етеді. Іскерлік қа-рым-қатынастың өзіне ғана тән ерекшеліктері, қалыптасқан әдет-тері, тұрақталған құжаттары бар. Сонымен қатар, іскерлік қарым-қа-тынастағы ауызша сөйлеу тілі үшін сауаттылық та өте маңызды. Белгілі бір мекемеде қызмет барысында пікірлесу, құжаттар алмасу, келіссөз жүргізу, келісім-шарт жасау, жина-лыстар, дөңгелек үстел өткізу үшін іскерлік қарым-қатынас тілі маңыз-ды рөл атқарады.

Іскерлік қарым-қатынас тілі ма-манның белгі бір салаға қатысты жүйелі білімін, біліктілігін, кәсіби тіл шеберлігін қажет етеді. Маман өз ортасында әріптестерімен пікірлес-кенде, сәлемдесу, жұмыс барысын таныстыру, өз жұмысының жоспа-рын қысқаша түсіндіру барысында әдеп пен мәдениет деңгейін сақтау қажет. Нақты ұсынысты, жоспар-ды талқылауда басқа адамдардың көзқарастарымен санаспай, дауыс көтере сөйлеу, тек өзінің пікірін бір-жақты дұрыс санау іскерлік қарым-қатынаста өзара тіл табысуға да ке-дергі келтіреді.

Сөйлеу мәдениеті туралы өз за-манында ұлы қаламгер М.Әуезов нақты дәлелмен мысалдар келтір-ген: «Сөз шіркін де адам секілді ғой. Оның да ала- құласы көп. Ор-натқан жеріңе қорғасындай құйыла қалатын орнықты сөз бар да, қурай-дың басында қылп-қылп етіп ұшып кеткелі тұрған торғайдай ұшқалақ сөз бар. ...Халық соны біліп, сөз екеш сөзді де «одағай сөз, сүйкімді сөз, сайқал сөз, салқын сөз, жылы

сөз» деп, түр-түске бөліп жүр ғой. Біз жазушы болғандықтан, осының барлығын білуіміз керек. Солай мәні мен әріне, әуені мен мүсініне қарап електен өткізіп, сұрыптап алмасақ, жазған шығармаларымыз әлде бір-демеге ұқсап кетер еді» [4, 15].

Олай болса, іскерлік қарым-қа-тынас тілінің маңызды ерекшелігі – әдеп пен мәдениет шеңберінде сөйлеу және басты шарты талқыла-натын тақырып жөнінде жан-жақты білім қажеттілігі, нақты деректерді дәлелдеу болмақ.

Іс қағаздарын жүргізу, құжаттар-ды талдау, ортада, көпшілік алдын-да мағыналы сөйлеу, ойды жеткі-зудің әдіс-тәсілдері бар.

Ауызекі сөйлеу тілі

1 2 3

Мамандар сөйлеудің мазмұнға сәйкес, мағыналы болуы үшін мы-надай жағдайларды ескеру керек:

- белгілі бір жағдаятқа қатыс-тылығы;

- мәселенің айқындалуына жаңа ой-пікірлердің әсері;

- ойды теңеулермен, термин-дермен әсерлі жеткізу;

- баяндау;- есеп беру;- талқылау;- хабарлау;- өз ойын жеткізу

- маңызды ақпарат;- жұмыс-тың нә-тижелі жолдарын қарастыру;- өзге пікір-лермен санасу;- мағыналы сөйлеу

- қарасты-рылатын мәселеге қатысты пікірлерді айқындау;- нақты қорытынды жасау;- сөйлеу мәдениетін сақтау

Page 54: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

54 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

- қосымша пікірлердің қарас-тырылатын мәселеге қатысты бо-луы;

- сөйлеуші ұстанымы;- сөйлеуші мен тыңдаушы ара-

сындағы байланыс;Пікірталас – қарастырылатын

мәселе төңірегінде қарама-қайшы пікір туғызунемесе сөйлеушінің өз пікірін дәлелдеу мақсатында шешім қабылдау,яғни, тілдік қарым-қа-тынас орнату. Қандай да бір мәсе-леде түрлі көзқарастардың түптің түбінде ортақтасатын кезеңі бар, ол - сөйлесуге деген қызығушылық. Бұл іскерлік сұхбаттың алғы шарты, сыпайылықтың этикет формулала-рымен, аргументтердің ақиқатты-лығымен көрінетін шынайылық пен әділдік, сенім білдірудің үлгілері. Пікірталастың мақсаты – екі тарап-тың ортақ шешім табуы.

Сұхбаттасуда адамның жеке ба-сының мәдениеті, тәрбиесі көрініс береді. Пікірталасушылардың бір-біріне құрметпен қарауы, асыра сөйлемеуі – әдептіліктің бір белгісі. Осындай жағдайда сөйлеушілер бірінің сөзін бірі бөлмей аяғына дейін тыңдап, өз ризашылықтарын білдіруі тиіс. Сөз әдебі – адамдық-қасиеттерді сақтау, орнымен сөйлеп, салмақты жауап беру. Екі тараптың әңгімелесу кезінде келісімге келмеу белгілері байқалса, тақырыпты аз-дап басқа бағытқа бұруға болады. Бұл да – әдеп белгісі.

Тіл тазалығы – әр сөздің қолда-нылу аясын, бояуын, басқа сөздер-мен тіркесуін, мағыналық қызметін ескеру. Тілдік қарым-қатынаста сөй-леу мәдениетін сақтау негізі ретін-

де қазақ халқының сөйлеу әдебіне байланысты мақал-мәтелдердің де орны ерекше:

Іскерлік қарым-қатынаста сөздің әсерлілігі, сөйлеушінің дауыс ыр-ғағы, сөйлеу әдебіжұмыстың атқа-рылу барысына өз әсерін тигізеді. Қоғамдағы ғылым мен техниканың дамыған кезеңінде тілімізге енген жаңа ұғымдар, атаулар, термин-дердің атқаратын қызметі де ерекше. Кейбір жаңа сөздер әлеуметтік-тұр-мыста қолданылса, кейбір термин-дер белгілі бір салада айналысқа түседі.

«Қоғамдық қызметі өскен тілдің сөз байлығы өсіп, тіл стилдік тұр-ғыдан сараланып, мағыналық өз-герістерге түседі. Олай болса, мемлекеттік тіл өмірдің әрқилы са-лаларына тәкелей қатысты болып келетін іс жүргізу саласында кеңінен қолданылуы тиіс. Саланың арнаулы сөздері мен терминдері, кейбір құ-жатқа тән сөз саптау ерекшеліктері тіліміздің дамуына өз әсерін тигі-зеді»[5].

Қорыта келгенде, әр саладағы маман сөз байлығын игеру нәти-жесінде кәсіби білікті іскер ретінде

Сөйлеу әдебі

Ашуың келсе, қолың тарт

Айтпас жерде, тілің тарт

Шешеннің сөзі мерген,

Батырдың қолы мерген

Көп сөйлеген білімді емес, Дөп сөйлеген білімді

Аз сөйлеп, көп тыңда

Білмесең үндеме, Білгенді күндеме

Көре-көре көсем боларсың,

Сөйлей-сөйлей шешен боларсың

Page 55: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

55Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

таныла алады. Іскерлік қарым-қаты-наста тілді жетік меңгеру арқылы адам тіл тазалығын сақтап, жекеба-сының қасиеттерін, рухани құнды-лықтарын айқындай алады.

Пайдаланылған әдебиеттер:

1. Сәрсеке Г.Ә. Тіл мәдениеті. Оқу құ-ралы. Павлодар: ПМПИ баспасы,2011. - 114 б.

2. Байтұрсынүлы А. Бес томдық шы-ғармалар жинағы. 3-том. Тіл қүралы (қа-зақ тілі мен оқу-ағартуға қатысты еңбек-тері). Алматы: Алаш, 2005. - 352 б.

3. Байтұрсынов А. Әдебиет таныт-қыш. Алматы: Атамүра, 2003. - 208 б.

4. Жанпейісов Е. М. Әуезовтің «Абай жолы» эпопеясының тілі. Алматы: Ғы-лым, 1976. - 168 бет.

5. Хасанұлы Б. Мемлекеттік тіл: тер-минология, іс қағаздары мен бұқаралық ақпарат құралдарының тілі. -Астана, 1999.

Page 56: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

56 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

В статье представлен темати-ческий анализ кыргызских легенд. Эти легенды были собраны в семи областях Кыргызстана. Статья адресована студентам, преподава-телям, ученым гуманитарных наук, а также широкому кругу читате-лей, интересующихся кыргызским фольклором и культурой.

Кыргыз уламыштарын изилдөө үчүн жүргүзгөн жыйноо иштери-биздин натыйжасында 206 уламыш аныкталды. Картотека түзүп бул уламыштарды тематикалык жактан жакындыгына жараша бөлгөндө тө-мөндөгүдөй көрүнүш пайда болду:

Уламыштардын арасында сан жагынан эң басымдуусу – “ат алуу” темасы. Биз бул теманы эмгегибиз-де “адам аттарынын пайда болушу, жер аттарынын пайда болушу, ко-нуш жерлеринин аттарынын пайда болушу, көл, агын суу жана булак аттарынын пайда болушу, тоо, дөбө, аска жана таш аттарынын пайда бо-лушу, айбан аттарынын пайда болу-шу, өсүмдүк аттарынын пайда болу-шу” деген топторго бөлүшүрдүк.

Бардык уламыштардагыдай эле, “Ат алуу” деген жалпы бөлүм ас-тында топтолгон уламыштарда ке-зиккен жагдай – уламыштын айты-лышында айтуучу жана угуучунун көңүлүн, эстетикалык ырахат алуу сезимин ойготуу жана уламышка

кошула турган чыгармачылык баа-луулукту жогорулатуу, уламыштын айтылышын кийинки кылымдарга жандуу жана жагымдуу структурада жеткирүү максатына карай бир кан-ча адамдык сезим жана баалуулук-тар жөнүндөгү пикирлеринин, фон-дордун жана кызыктуу мотивдердин тексттерде колдонулушу.

Жогоруда белгиленгендей, ула-мыштардын фонунда кездеше тур-ган мотивдер, сезимдер жана ойлор негизги теманы берүүдө көңүл ачуу-чу жана тарбиялоочу элементтер ка-тары колдонулууда. Коюлган аттар – кээде бир инсандын аты, кээде бир географиялык аймактын аты, кээде бир оюн же табийгат элементинин аты.

“Ат коюу” – түрк маданиятынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири. Адамдарга абийирдүү, жүрүш-ту-руш, сезим же иштер натыйжасын-да ат коюлат. Кандай гана болбосун, айбан, оюн же табийгат элементи аталууга татыктуу болууга тийиш. Антпесе, атсыз калуу, унутулуу жана кордолууга учурайт.

Метин Экижи “Дирсе Хан Оглу Богач Хан Анлатмасында Бирейсел-лик ве Топлумсал Бутундук” аттуу макаласында ат алуунун жана ат коюунун коомдо биримдиктин жана индивидуалдууктун камсыз кылы-нышында маанилүү роль ойногонун айтып, буларды жазат: “Ат – бир

Айгерим ДЫЙКАНБАЕВА, Чыгыш таануу кафедрасынын доценти, БГУ

КЫРГЫЗ УЛАМЫШТАРЫНЫН ТЕМАТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Page 57: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

57Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

адамдын социалдашуусу үчүн ке-ректүү жана ар ким үчүн маанилүү болгон бир өзгөчөлүк”.

Дастандарда каарман бир ийги-ликке жеткенден кийин ат алууга татыктуу болуп жатса, кыргыз ула-мыштарында “ат алуу” көбүнчө ка-былдоого, түшүнүүгө багытталат. Кээде атакка ээ болуу аркылуу ишке ашат. Көргөндүн эсинде ойгонгон окшотуу сезими – кээде уламыш-тын жаралуу себеби болот. Кээ бир уламыштарда тарыхый окуялардын издери табылат, анткени, анын теге-регинде түзүлгөн элемент – чыныгы тарыхый чыгарма.

Ат алуу темасына тиешелүү ула-мыштар кыргыз уламыштары ара-сында эң чоң орунду ээлеген топту түзүүдө. Алардын санынын про-цент түрүндө эң жогорку бөлүмдү түзүшү, кандайдыр бир деңгээлде уламыштардын түзүлүш логикасы-нын көрсөткүчү болуп эсептелет. Болжолдуу түрдө баардык түрк тил-дүү элдердин уламыштары топто-луп, классификацияланса, биздин эмгегибизде байкалгандай, “тема аныктоо” ишинин натыйжасында “ат алуунун” биринчи орунга чыга тургандыгы талашсыз. Анткени, адам акылынын, сезиминин жана асылдык жөнүндөгү түшүнүгүнүн пайда болушуна таасирин тийгиз-ген эң маанилүү фактор – өзү көр-гөн, таанууну, пайдаланууну же коргоону каалаган жандыктарынын маңызы жана аттары болуп саналат. Адам бир жандыкты же түшүнүктү атынын жардамы менен гана таа-ныйт. Же болбосо, атын билген жан-дык жөнүндө ой жүгүртүүгө тийиш.

Эгер бир нерсеге ат коё алган болсо, аны кичине болсо да тааныйт деген-ге жатат. Өзү тааныган жандык ме-нен алака куруусу, андан корунуусу же пайдалануусу, аны сүрөттөөсү, ага кайрылуусу, эң оболу ал жан-дыкка бир ат коюушу аркылуу гана мүмкүн болот.

Кыргыз уламыштарында, ма-калдардын чыгыш тегине (була-гына) ишарат кылыныш жагдайы, бул макалдарды элдик продуктуга айландырууга карата жасалган ара-кеттерди көрсөтөт. Бирок, дээрлик баардык макалдардын, анча-мынча айырмаларды эсепке албаганда, бү-түндөй түрк тилдүү элдерде окшош типте колдонулуп келгени чындык.

Баардык түрк элдеринде жана урууларында абдан маанилүү жан-дык болгон ат, кыргыз уламышта-рынын көбүндө мотив катары, кээ биринде болсо негизги карман ката-ры алдыңкы планга чыгат. Кыргыз маданиятынын борборунда аттын орду бар. Ушундан улам, уламыш-тарда атка байланыштуу абдан маа-нилүү жана таасирдүү мотивдер кез-дешет. Баш сөөгү жука болгон аттын күнгө карай чуркай албашы, ичке туяктуу аттын таштак жерде жолдо калышы, кыраакы жана кызганыч-туу караштардын атка оңой таасир этиши, түрдүү ат өңдөрү, аттардын жүрүш жана чуркоо өзгөчөлүктөрү, порода жана колдонуу тармагына жараша аттын азыктануусунда эң ылайыктуу азыктын кайсы экени жана айрыкча ат багуу – уламыш-тарда таң калтыруучу табигыйлык менен аныкталган көңүл бураарлык жагдайлар. Ат өз ээсинин жана ба-

Page 58: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

58 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

гуучусунун касиети катары кабыл алынат. Анын этинен, сүтүнөн, өнөрлөрүнөн, тайманбастыгы жана шамдагайлыгынан пайдалануу ар учурда мүмкүн жана керектүү. Анын бул өзгөчөлүктөрү – түздүктө жашаган адам үчүн ыйык болуусуна алып келген өзгөчөлүктөр.

Орто Азиядан Чыгыш Анато-лияга чейинки абдан кенен аймак-та айтылган Көроглу дастаны жана Көроглу жөнүндөгү уламыштар кыргыздар арасында да бар. Айрык-ча, тандап берген ат жактырылба-гандыктан ат тандаган сынчынын көздөрүнүн оюлуш мотиви – кээде, жылкычылык темасынын алкагын-да пайдаланылат. Уламыш каарма-ны сокур, бирок бир жолу көргөн бир тайды же атты унутпай турган кыраакы адис. Көп жылдан кийин кууганга алган аттардын өң-түсүн билээр замат анын жүгүрүү чама-сын баамдап, ал аттарга баа берет; алардын начар жактарын билет жана ошол начар жагына каршы айла-амал колдонуп, куугунчусун айласыз калтырат. Эки кишини кө-төрүп жүгүргөн ат менен качып ку-тулуунун стратегияларын колдонот.

Көчмөн турмушун өткөргөн кыр-гыз эли үчүн ар кыл эт, баарынан да аң эти өтө маанилүү азык. Ушундан улам, кыргыз уламыштарында аң-чылык мотиви көп кездешет. Өнөр көрсөтүү мотиви катары бааланган учкан кушту ок менен атуу ыкмала-рын колдонгон элде кушка аң кылуу өтө маанилүү жана табигый нерсе.

Биз чогулткан уламыштарда эм-чилик да кенири таралган темалар-дын бири. Медицина өнүгө элек

замандарда, оорулар менен алпу-рушкан атайын кишилер болгон. Оорулардын пайда болбошун же са-кайтууну, бир канча адам тарабынан колдонулган ыкмалар менен ишке ашырууга аракет кылынчу. Кыргыз уламыштарынын айрымдары бүт-күл адамзаттын орток проблемасы болгон оору жана дарттардын жою-лушуна байланыштуу келип чыккан.

Колдонулган айыктыруу ыкма-ларынын кээ бирлери азыркы күндө да элет жерлеринде жана заманбап медицинага альтернативдүү айык-тыруу ыкмалары катары колдону-лууда. Мисалы, тери ооруларында ооруулуга жыландын жедирилиши же бир катар «табып балык»тарга теридеги жаралардын жедирили-ши бүгүнкү күндө да колдонулган айыктыруу ыкмаларынан. Биз чо-гулткан уламыштардын кээ биринде тери оорусунан жабыркаган оору-лууларга жыландын жедирилиши баяндалат.

Баардык асманга байланыштуу диндерди тутушкан элдер тарабы-нан легендалык баяндоолордун не-гизинде ыйык деп эсептелген, врач-тар тарабынан да альтернативдүү айыктыруу жерлери катары ырас-талган кайнар булак маданияты жөнүндөгү уламыштар жана муун ооруларын айыктырууда колдонул-ган кум ваннасына байланыштуу уламыштар кыргыз фольклорунда да кездешет. Асманга байланыштуу дин китептериндеги Азирети Эййуб пайгамбарга чейин кеткен бул мада-нияттын негизи, тери ооруларынын ысык суу же ысык ылай ваннасынын жардамы менен айыктырылышына

Page 59: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

59Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

таянат. Бул жагынан жер астындагы булактар – эн маанилүү айыктыруу борборлору болот.

Жердин сулуулугун баяндаган уламыштардын саны да көп. Та-бийгаттын жаратуучулугу жана азыктандыруучулугу да абдан көп уламыштын пайда болушуна себеп болгон. Дээрлик ар бир дарыянын, көлдүн, дөбөнүн асканын жана тоо-нун өз уламышы бар. Кыргыздарда эзелтеден бери тоо, таш, жана суу культтары тоо, дарыя жана көлдөр-дүн пайда болушун баяндаган ула-мыштардын жаралышына түрткү болгон. Кыргыздардын көбү тоолор-до туулуп, ал жерлерде өмүрүн өт-көрчү. Тоолор темасын козгогон ула-мыштар биз чогулткан уламыштар арасында маанилүү орунду ээлейт. Кыргыздар сууга да маани берген жана анын молдугу менен берекелүү жашоону камсыз кылган. Суусу мол болгон жайлоого ээ болуу дайыма талаш-тартыш туудурган. Байыркы кыргыздар сууга урмат көрсөтүп, анын укмуштуу өзгөчөлүктөрү бар деп эсептешчу. Бир жагынан алган-да кыргыз уламыштарын Ысык-Көл уламыштары деп айтууга болот.

Ошол эле бөлүмдөгү асман те-лолорунун, дөбөлөрдүн жана булак-тардын пайда болушун камтыган тема биз чогулткан уламыштардын ичинде орун алат.

Асманды изилдеген адамзат өз эсинде жоруй алган көрүнүштөр-дү уламыштар аркылуу чөйрөсүнө жана кийинки муундарга түшүндүр-гөн жана өткөрүп берген. Мындай-ча жорулган көрүнүштөр төмөндө-гүлөр: Айдын жүзүндө байкалган,

чака менен суу ташыган кызга ок-шогон көрүнүштөр; жылдыздын учуусу; учу-кыйырсыз жолго окшо-гон саманчынын жолу.

Бир жетим кыз башына түшкөн кыйынчылыктардан арылуу үчүн айга жалынат жана ай аны жанына алып, бооруна басат. Ошентип, ай-дагы колунда чакасы бар кыздын элеси жаралган болот. Жер жүзүн-дөгү каардануу сезимин айыптаган периштелер колдорундагы жаалар менен оттуу окторду атышат, ошон-дон улам жылдыз учуусу пайда бо-лот. Саманчынын жолу – бир саман сатуучу жигиттин Кызырга кылган жакшылыгынын сыйлыгы катары курган асман жолу.

Биз жогоруда айткандай, дөбө-лөрдүн пайда болушу темасы – не-гизги темалардын бири. Ысык-Көл областындагы дөбөлөрдүн пайда болушу мындайча баяндалып кел-ген: Манастын аскерлери салгы-лашуудан мурун жана кийин киши башына бир таш ыргытылып жый-налган таш менен саналчу экен. Анын аскерлеринин саны ушунча-лык көп болгон экен, ыргытылган таштардан пайда болгон эки чоң дө-бонү бүгүн да көрсө болот.

Суу булагынын пайда болушу-на байланыштуу уламыш мындайча берилген: Бири-бирин сүйгөн жана турмуш курууну каалаган эки жаш болот. Жигит кедей болгондуктан бул экөө кыздын атасынын аскер-лери тарабынан өлтүрүлөт жана ушинтип «Кыз – күйөө булагы» пайда болот.

Музыка адамзат тарыхынын баш талышынан бери келген ис-

Page 60: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

60 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

кусство элементи жана ритм сези-ми менен кыймылдаган, иштеген, ибадат кылган адамдын бүт өмүрүн толтурган эстетикалык баалуулук. Кыргыз уламыштарында да кошок жана башка обондордун пайда бо-лушу менен комуздун жаралышына байланыштуу мисалдар бар.

Азыркы күндө түрк тилдүү эл-дердин кеңири аймагына тараган, мууздалган эчкини ат үстүндөгү оюнчулар талашып ойногон «улак тартыш» аттуу оюнда жердеги жан-сыз айбан карышкырды туюндур-гандыгы, оюнга байланыштуу ула-мышта айкын байкалат. Мурун бул оюн карышкыр менен ойнолчу жана аты да «кок бору» эле. Бирок, уба-кыт өткөн сайын дайыма жана ар жерде карышкырды табуу мүмкүн болбогондуктан аталган оюн улак менен ойноло баштаган. Салттар-дын пайда болушуна байланыштуу бир уламышта, үйлөнгүсү келген жигиттердин өздөрү кучактай ал-ган кызды бир дөбөгө көтөрүп чы-гарып алган учурда гана өз күчүн далилдеп, үйлөнүүсү мүмкүн боло турганы айтылган. Бирок, азыркы күндө мындай салт колдонулбайт. Уламыштардагы мындай маалымат-тар этнография илими үчүн да маа-нилүү булак боло алат.

Уламыштардын кызыктуу жана ойлондура алган касиеттеринин бири – түздөн-түз уламыш темала-ры арасында айтылган кебете өз-гөртүү темасы эң маанилүү орунду ээлейт. Кебете өзгөртүү көбүнчө каргыштын натыйжасында, ак ку-дайдын кары тийгенден же теске-рисинче, бир үмүтсүз абалдан куту-

луу үчүн көрүлгөн акыркы чаранын ишке ашуусу формасында кездешет. Кебете өзгөртүүнүн эң көп кездеш-кен формаларын «ташка айлануу» жана «башка кебете өзгөртүүлөр» деп айыруу ылайыктуу болот.

Асманга байланыштуу дин ки-тептеринде көп кездешкен кудай-дын каарынын натыйжасындагы ташка айлануу жагдайы кыргыз уламыштарында да учурайт. Бирок, муну менен катар каргыш аркылуу ташка айлануулардын жалгыз-жал-гыздан жана коллективдүү түрдөгү ташка айлануулар бар. Бул ташка айлануулардын бир бөлүгү, ташка айланган адамдын, мыкаачылыктан тажоодон жана намысынын тепсе-ленишинен кутулуу чарасы болгон.

Ташка айланган жандыктар же таш катары мүнөздөлөт же тоо бо-лот: таш катары мүнөздөлгөндөр тө-мөндөгү жандыктар: ашык кыз, кыз жана тоо, жети келин, келин, эки тууган, жубайлар, сүйүшкөндөр, бир айылдын бүткүл калкы, кырк кыз, дене органы, жети өгүз, тоо аял жана жалаяк ичиндеги бала. Тоого айланган элементтер төмөндөгүлөр: ата-кыз, эки ашык жигит.

Башка тема бөлүмдөрү арасында төмөнкүлөр орун алууда:

Башка табийгат элементтери: са-манчынын жолу, жалдыз, ай, ай жү-зүндөгү тактар, көл, агын суу, аюу, түлкү, чычкан, ташбака, үкү, күкүк, үпүп, өрдөк, кар ж.б. айлануу: Бул кубулуулар ар түрдүүлүккө ээ. Кубу-лууда алгачкы орунду асман телоло-ру жана түрдүү куштар менен баш-ка айбандар ээлейт. Бул кубулуулар кээде каргыштын натыйжасы, кээде

Page 61: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

61Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

кыйын абалдан кутулуу формасын-да пайда болот.

Айбандардын жана айрыкча куштардын жана аларга таандык өз-гөчөлүктөрдүн пайда болушу. Бул топтогу уламыштар – түрдүү ай-бандар жана айрыкча куштардын ээ болгон өзгөчөлүктөрүн жоромолдо-гон уламыштар. Теңир айбандарга ырыскы таратып жатканда кечиккен карышкырга бардык айбандарды жегенге уруксат берет. Пайгамбар-ды карышкырдан куткарган мышык дайыма төрт аяктап түшүү өзгөчө-лүгүн алат. Карлыгач, күкүк, сасык үпүп, бүркүт жана шумкар өздөрү ээ болгон өзгөчөлүктөрү менен таа-нытылып жатканда арасынан бүр-күт кекчил, атүгүл ээсин жазалоо өзгөчөлүгү бар куш катары көрсө-түлөт. Калгандары, жөн гана сулуу көрүнүш, тез учуу жөндөмү жана жумурткаларын ар кайсы куштун уясына таштоо адаты сыяктуу өзгө-чөлүктөрдү алышат.

Өсүмдүктөрдүн, мөмөлөрдүн жана аларга таандык өзгөчөлүктөр-дүн пайда болушу.

Айгүл гүлү, бир шейиттин ая-лынын өлүшүнөн улам кыпкызыл болуп ачылат. Алмурут анар менен даам тууралуу талашка түшкөндө, анардын ийнелеринин соккуларына дуушар болгон алмуруттун бетинде тактар пайда болот; айва болсо айык-тыруучу өзгөчөлүктөрүн жашырган-дыгы үчүн пайгамбардын каргышы-на калып кылдуу болуп калат.

Тарыхый инсандардын жүрүш-турушу.

Македониялык легендарлуу өкүм дөр жана атактуу жоокер-жор-

туул чу Улуу Алуксандр Чыгышка жасаган жортуулунда Орто Азия-нын бир кыйла бөлүгүн басып ал-гандан соң, ал бүткүл Чыгыш жана Ислам маданиятында орун алгандай эле, кыргыз уламыштарында да ур-мат менен айтылып калган.

Элдин пайда болушу.Кыргыз уламыштарында пай-

да болуу үч категорияда кездешет. Биринчисинде, бир адамдан өзүнө таандык уруу таралат. Экинчисин-де да бир адамдан бир урук таралат, үчүнчүсүндө, түрдүү жолдор менен кыргыздар жана каракалпактар та-ралат.

Алгачкы топтогулар ак батанын натыйжасында же коргоочу рухтун колунан айран ичип, анан урууга айланат.

Багалан уруусу салгылашуу ма-лында жашынып, аман калган бир калмак наристесинен; бугу уруусу бир эркек менен жарым кийик жа-рым аял ургаачыдан; дөөлөс уруусу касиеттүү ат кылына ээ болуудан жана кийиктин эки баласынын уяда бир тумар болуп жуурулушунан; кушчу уруусу өзү жарадар кылган кушту айыктырган жана анын жаш кызга айлануусунун натыйжасында ага үйлөнүүсүнөн; Каба уруусу ка-рышкырды эмген бир баланын өстү-рүлүп, үйлөнүүсүнөн пайда болот.

Кыргыздар Сейде эненин эгиз-деринен бирөөнүн уруусу болуп таралат; экинчи баладан болсо кара-калпактар тараган. Бир эркек менен кийик пири болгон перинин баш ко-шуусунан; кырк кытайлык кыздан; кырк кыздын дарыядагы көбүкту жутуусунан жана нөшөрлүү жамгыр

Page 62: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

62 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

жана селден куткарыган 24 баланын бирөөнөн кыргыз эли тараган. Бул таралыштардын басымдуу бөлүгү мурун эскертилгендей, кыргыз эл-лине байланыштуу.

Биз чогулткан 206 уламыштын ичиндеги негизги темаларга жал-пысынан баа бергенден кийин, бул темалардын классификациясын ула-мыш номерлери менен бирге «Кыр-гыз уламыштары» аттуу китебибиз-де берууго аракет кылдык.

Бул китепте уламыш темаларын негизги темалар менен бирге подте-малар ичинде классификациялоого аракет кылдык. Бирок, ар подтема-нын алдында уламыш номерлери болбошу мүмкүн. Анткени, бул под-темаларды биз шаблон түрүндө кал-тырдык жана келечекте чогултула турган уламыштар аталган подтема-ларды темалары жагынан толуктай алат деп ишенебиз. Айрыкча, кээ бир уламыштардын эки, атүгүл үч темалуу экендигин аныктадык.

Жогорудагылар аныкталгандан кийин, кыргыз уламыштары образ-дык, тематикалык жана мотивдик жактан өтө бай түзүлушкө ээ экен-диги тастыкталды.

Кеңири географиялык айма-ка таркаган түрк тилдүү элдердин оозеки баяндоо жанрларында ок-

шоштуктар жана айырмачылыктар бар экендиги маалым. Бирок бул окшоштук жана айырмачылыктар-ды толугу менен чагылдырган бир да эмгек жок. Бардык түрк тилдүү элдердин оозеки чыгармачылыгы-нын үстүндө жүргүзүлө турган те-ма-мотив изилдөөлөрү, түрк тилдүү элдердин маданиятынын күзгүсү жана айкын далили боло алат. Се-беби, Кыргызстанда жаралган бир уламыш менен Анатолияда жарал-ган бир уламыштын мотив жагынан окшош болушу, башкача айтканда, бирдей мотивдерден курулушу – түрк тилдүү элдердин үзүлбөс бай-ланышынын ачык далили боло алат.

Колдонулган адабияттар тизмеси:Диваев, А. А. «Легенда о происхожде-

нии каракиргизов». Туркестанские ведо-мости, 1900, 88-б.

Дыйканбаева А. Э. Кыргыз уламыш-тары. Бишкек, 2005

Зуков, Б. Под волнами Иссык-Куля. Москва, 1962

Исаев, Д. Жер-суу аттарынын сыры. Фрунзе, 1977

Куфтин, В. А. «Календарь и перво-бытная астрономия киргиз-кайсакского народа», Этнографическое обозрение, 3-4- сандар.

Эргун, М. Турк Дунйасы Ефсанеле-ринде Таш Кесилме Мотифи. Анкара: ТДК басмалары, 1997.

Page 63: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

63Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Аннотация: Бул макалада орус мектебиндеги окуучулардын кыр-гызча кебин өстүрүүдө лексикалык жыштыкты аныктоо маселеси ка-ралат. Автор окуучулардын кебин-деги лексикалык жыштык балдар-дын жаш өзгөчөлүгүнө, билим деӊ-гээлине ылайык тандалып алынуусу маанилүү экендигин белгилейт. Ма-калада балдардын күндөлүк турму-шуна жакын окуялуу тексттерди жана диалогдорду колдонуу эффек-тивдүү натыйжа берерин, пайда-ланылган кептик конструкциялар, аларды практикада колдоно алуу-нун зарылдыгын көрсөтөт.

Аннотация: В этой статье речь идет о развитии речи (кыр-гызской) учащихся в обучении не-родному языку. Автор отмечает, что в практике преподавания кыр-гызского языка как иностранного, отбор слов зависит от лексичес-кого минимума, где частотность слов должна зависить от возраст-ных особенностей и от уровня зна-ний учащихся. В процессе обучения нужно подбирать тексты и диа-логи тесно связанные с событиями из жизни ребенка, которые непос-редственно будут влиять на раз-витие речи.

Annotation: This article is devoted to the development of the (Kyrgyz) stu-

dentsspeech in nonnative language. The author notes that in practice of teaching the Kyrgyz language as for-eign, selection wordsdepends on a ba-sic word stock where the detail of words has to depend on age features and on the level of knowledge of students. In the trainingcourse it is necessary to select the texts and dialogue which are closely connected with eventsof child-lifewhich directly will affect the devel-opment of speech.

Түйүндү сөздөр: кеп, жыштык,-натыйжа, жаш өзгөчөлүгү, билим деӊгээли.

Ключевые слова: речь, частот-ность слов, результат, уровень зна-ний, возрастные особенности.

Key words: speech, word frequen-cy, result, the level of knowledge, age features.

Лексикалык материалдар менен иштөөдө сөздөрдүн сапаттык белги-лери гана эмес, сандык белгиси да чоң мааниге ээ. Сөздөрдүн сандык белгиси дегенибиз, пикирлешүүдө текстте колдонуунун кайталанма-луулугун башкача айтканда жыш-тыгын билгизет. Кептеги сөздөрдүн жыштыгын аныктоодо сөздөрдүн сандык белгисине басым жасалат. Бул проблема -лингвистикада да, методикада да чечүүнү талап кыл-ган кызыктуу изилдөөлөргө мате-

Мамбетова Роза РыскановнаМТМИнин ага окутуучусу

ОРУС МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН КЫРГЫЗЧА КЕБИН КАЛЫПТАНДЫРУУДА

ЛЕКСИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫН КЕПТЕГИ ЖЫШТЫГЫН АНЫКТООНУН МААНИСИ

Page 64: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

64 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

риал болуучу маселелердин бири. Ошондуктан кийинки мезгилде лек-сиканы үйрөнүүдө “статистикалык метод” деген термин пайда болду. Изилдөөчү Н.С. Можейко “Лекси-каны изилдөөдөгү статистикалык методдор” деген эмгегинде лексика-нын сапаттык белгиси анын сандык белгисине түздөн-түз байланышып тургандыгын негиздеген.

Өз мезгилинде таланттуу линг-висттердин бири И.А. Бодуэн-де-Куртенэ: “Тил таанууда мүмкүн болушунча сандык, математикалык ой жүгүртүүнү пайдалануу зарыл”– деп белгилеген. Мындай метод ар-кылуу тил таануу илимин так илим-дерге жакындатууга мүмкүн.

Сөздөрдүн жыштыгын аныктоо айрыкча бөтөн тил үйрөнүүдө өз-гөчө мааниге ээ. Анткени, ал бөтөн тилдеги кептин калыптанышынын интенсивдештирүүдө чечүүчү роль ойнойт.

Бөтөн тилди окутуу методика-сында сөздөрдүн кептик жыштыгын аныктоо анын фундаменталдуу ма-селелеринин бири. Үйрөтүлүп жат-кан сөздөр сунуш кылынуучу лек-сикалык минимум жыштык прин-цибинин (принцип частотности) негизинде пайдаланылууга тийиш. Ансыз бөтөн тилдеги кепти калып-тандыруу мүмкүн эмес.

Ушул көз караштан алып кара-ганда, кыргыз тилин орус мектебин-де окутуу проблемасындагы кыргыз лексикасындагы кептеги жышты-гы атайын изилдөөнү талап кылган илимий – методикалык проблема. Бул боюнча азыр илимий эмгектер да жокко эсе.

Биздин оюбузча, орус мектеби-нин окуучуларынын кыргызча ке-бин калыптандыруунун кыйынчы-лыгы ушул маселеге келип такалат.

Негизинен балдардын пикирле-шүүсү кайсы тилде болсо да, сапат-тык жана сандык белгилери боюнча анчалык бири-биринен анчалык өз-гөчөлөнбөйт. Балдар негизинен “өз-дөрүнүн” тилинде сүйлөшөт. Кай-сы тилде болгондугуна карабастан, алардын пикир алышуусу дээрлик бири – бирине окшош. Тактап айт-канда, аларды көбүнчө билим алууга болгон умтулуу, биргелешип ойноо, курбулук мамилелер жакындашты-рат. Конкреттүү мисалга кайрылалы.

Тыныгуу мезгилинде

– Сколько у тебя сестер?– Три– Они всегда с тобой играют?

Как их зовут?– Марина, Арина, Элиза– А вы не ругаетесь?– Нет– Сколько им лет?– Арине десять, а Марине и Эли-

зе 11

Ушул эле курактагы кыргыз мек-тебинин окуучуларынын сөзүнөн:

– Эй, Жазгүл, жүр Айтурган ме-нен жашынмак ойнойбуз

– А эже бизди урушпайбы?– Жок урушпайт.– Анда мейлиДиалогдон көрүнүп тургандай,

эки кырдаалда тең ойноо жана уру-шуу жөнүндө пикир камтылган. Мындай мисалдардын бир нечесин

Page 65: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

65Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

келтирүүгө болот. Муну менен биз балдардын пикириндеги сөздөрдүн кептик жыштыгын кайсы тилде экен-дигине карабастан, бири–бирине дал келерин далилдемекчибиз. Би-рок, биздин максатыбыз балдардын кебинин өзгөчөлүгүн эмес, алардын кебиндеги сөздөрдүн жыштыгына байкоо жүргүзүү жана ал сөздөрдү окуу китебинде сунуш кылган лек-сикалык материалдар менен салыш-тырып көрүү болуп эсептелет.

Орус мектептеринин окуучула-рынын кебиндеги жыштык негизи-нен алардын негизги ишмердүүлүгү болгон окууда жана ойноп жүргөн учурларында колдонулуучу сөздөр экендигин байкоо кыйын эмес. Алар жай турмушта көбүнчө сабактагы өз-дөрүнүн ийгиликтери, жетишпеген жактары, алган баалары, берилген тапшырмалар жөнүндө пикирлешет.

Мисалы:

Телефондо

– Алло, саламатсызбы, Айтур-ганды мүмкүнбү?

– Алло, Айтурган кыргыз тилден кандай тапшырма берди эле,

унутуп калыптырмын.– 155-көнүгүүнү берген.– Англис тилиненчи?– Үй-бүлө жөнүндө топик жат-

тап келүү.– Рахмат!

Эс алуу мезгилинде

– Сен музыкага катышасыңбы?– Ооба, катышам. – Комуз ойнойсуңбу?– Ооба

– Саат канчада барасың?– Экиде– Мугалимиңдин аты ким?– Тамара Акжолтоевна.– Кайсы кыздар менен сүйлөшө-

сүң?– Марина, Алина менен.

Мисалдарда көрүнүп турган-дай, баланын кебиндеги жыштык алардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык жана негизги ишмердүүлүгүнө жа-раша камтыларын байкоо кыйын эмес. Ушул көз караштан алып ка-раганда, окуу китебинде сунуш кы-лынган лексикалык материалдар-дын көпчүлүгү окуучулар жашап жаткан турмуш менен анча байла-нышпаган абстракттуу сөздөр болуп эсептелет. Бөтөн тилди окутууда бул маселе өзгөчө көңүл бурууну талап кылган маанилүү фактор. Анткени, бөтөн тилге болгон кызыгуу бери-лүүчү маалыматтын мазмунуна кы-зыгуудан башталат эмеспи.

Балдардын кебине алардын не-гизги ишмердүүлүгү болгон оюн менен окуудан башка алардын жа-ратылышка болгон мамилеси, сү-йүүсү байкалат. Шаардык балдар качандыр бир тоого чыккандыгын эстешет. Жаратылыштын сулуулугу жөнүндөгү балалык сезим, балалык пикир кездешет. Гүлдөрдүн коозду-гу, көл, тоо жана башкалар жөнүндө.

Белгилей кетүүчү дагы бир нер-се шаардык балдардын жашоо өз-гөчөлүгү алардын кебинде байка-лат. Көпчүлүк балдардын сөзүндө “эшикке чыгасыңбы” деген сөз ай-кашы өтө көп кездешет. Ушунун өзү алардын көп кабаттуу үйдөгү жа-шоо турмушунан кабар берип турат.

Page 66: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

66 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Демек, шаарда окуган балдар менен айылда окуган балдарга бир-дей лексикалык минимумду сунуш кылууга мүмкүн эместиги жөнүн-дө проблема бар экендиги байка-лат. Ошондуктан, балдардын жашоо турмушун эске алууну специфика-лык зарылдык деп эсептөөгө болот.

Балдар ошондой эле туугандык байланыштагы сөздөрдү көп колдо-нушат. Алардын кебинде таенем, апам, бөбөгүм, байкем деген сөздөр жыш колдонулат. Айрыкча каникул мезгилинде , эс алуу убактысында алардын кебинде бул сөздөр жыш пайдаланылат.

Мисалы:

Танапис кезинде сүйлөшүү

– Айтурган каникулда кайда ба-расың?

– Мен таенемдикине барам, анан дачага байкемдикине барам.

– А мени апам таежемдин үйүнө жиберем деген.

– Мен дайыма эле чоң атамды-кынв барып жүрөм. Чоң атамды ая-бай жакшы көрөм.

Тоого баруу

– Айдана сен тоого эмне алып барасың?

– Мен барбайм го!– Эмнеге?– Мамам жиберсе барам, жибер-

бесе барбайм– А мен барам.– Сен эмне алып барасың?– Мен каттама, боорсок дагы бир

нерселерди алып барам. Сенчи, За-рина?

– Мен суусундуктарды алып ба-рам.

Лексикалык минимумду тан-доодогу сөздүн актуалдуулугу жө-нүндөгү критерий балдар үчүн окуу китебин түзүүдө эске алууну талап кылган маселелерден.

Балдардын ар кандай кырдаал-дагы пикирлешүү кептери боюнча жыйналган материалдардыталда-ганда этиш сөздөрдүн жышты-гы мол экендиги байкалат. Балдар этишти ар кандай грамматикалык формада: чак жана жак категориясы менен анын оң жана терс формала-рын кеңири колдонушат. Өтө көп колдонулган этиш сөздөр катары тө-мөнкү сөздөрдү көрсөтүүгө болот:

Барам, кетем, келем, ойнойсуң-бу, катышасыңбы, барбайм, жүр, тамак жейбиз, гүл теребиз, жомок айтканбыз, суранган, жомок айт-кам ж.б. сөздөр.

Ат атооч сөздөр да балдардын кебинде арбын: мага, сага, анын, ме-ники, сеники, силер, алар, бизге, ка-чан, кайда, ким, эмнеге ж.б. сөздөр.

Демек, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн сунуш кылынган лексикалык бирдиктер-дин илимий жактан атайын изил-дениши зарыл. Сунуш кылынган сөздөрдүн маанисин сөздөрдү ими-тациялык (тууроо жолу менен) жол менен үйрөтүү оң натыйжасын бе-рет. Ошондой эле окуучуларга өздө-рүнүн турмушуна жакын күндөлүк турмуш менен байланыштуу текст-терди сунуш кылуу зарыл. Ушул көз караштан алып караганда окуу ки-тебинде сунуш кылынган тексттер

Page 67: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

67Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

кайрадан иштелүүгө тийиш. Танда-лып алынган тексттердеги лексика окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык, окуу китептерине этнома-даний эквивалентсиз сөздөрдү кир-гизүү керек. Окуучулардын кебинде жыш колдонулган сөздөр алардын пикирлешүүсүндө ишенимдүүлүк-тү пайда кылып сүйлөөсүнө өбөлгө түзөт.

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:

1. Ким А.М Словарный минимум по русскому языку для 2 -4 классов узбекской школы. – Ташкент, 1966

2. Сартбаев К.К. Кыргыз тилинин лек-сикасынын өсүшү // Мугалимдерге жар-дам.– //11947.– №11.б. 20 -28

3. Үсөналев С. Кыргыз тилинин оку-туунун методикасы: Жогорку окуу жайла-рынын студенттери менен орто мектептин мугалимдери үчүн окуу куралы. – Фрунзе: Мектеп. 1975

4. А.М.Эшиевдин (1995) “Окуучулар-дын байланыштуу кебин өстүрүүнүн ай-рым жолдору” (VI-VII-кл)

6..Сулайман Рысбаев. “Кыргыз тилин бөтөн тил катары окутуунун методикалык жана практикалык маселелери”

7. Ү.Култаева.“Кыргыз тилин бөтөн тил катары окутуунун методикасы”

8.Мусаева В. Мектепте лексиканы окутуу. Бишкек. 1995.

Page 68: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

68 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Аннотация: Бул макалада акын Т. Самудиновдун балдарга арналган ырларынын жанрдык өзгөчөлүктө-рү каралат. Акын балдарга арнап жаӊы оюн ырларынын бир нече түр-лөрүн иштеп чыгып, балдар поэзия-сын жанрдык жактан байытты. Натыйжада балдар поэзиясында логогриф, шарада, метограмма, буриме ж.б. ырлар пайда болуп, бул оюн ырлары балдардын кругозорун өстүрүүдө чөӊ роль ойнойт.

Түйүндүү сөздөр: логогриф, ша-рада, метограмма, буриме, полинд-ром, тавтограмма, цифрограмма

Аннотация: В статье расс-матриваются особенности жанра детской поэзии поэта Т. Самудино-ва. Автор в творческом поиске нес-колько обогатил этот жанр своими изысканиями. Применении в детс-кой поэзии игр слов как шарады, ме-тограммы, буриме и.т.д помогает дальнейшему развитию детского кругозора.

Ключевые слова: - логогриф, шарады ,метограмма, полиндром, тавтограмма, буриме, цифрог-рамма

Annotation: In this article the features of the genre of children's po-etry of the poet T. Samudinov are con-sidered. Different kinds of new play games are done by the poet and the children genre enriched with their re-search. Using in child poetry word games as charades, metogrammy

help the further development of the children's horizons.

Keywords: - logogriph, charades ,metrogramma, palindrom, autogram-me, burime, reprogramme

Акын Т.Самудиновдун жараты-лышты балдардын көзү менен ка-рап, түшүнүп, балдардын тили ме-нен айтып берген ырлары да окур-манга жакшынакай элестерди тар-туулайт. Мисалы:

Тоодон туруп карасаң,Суулар токтоп калгандай.Коктудагы айылдарАлаканга салгандайЭгин тарткан машинаЧаңдан куйрук байланат Коюу чаңга көмүлүп,Жол боюнда там калат – деп

айылдын тоодон туруп караганда-гы көрүнүшү, машиналар өтүп кет-кендеги чаңдын да башкача таасири бар экендиги абдан чебер берилип, окурмандын көз алдына айыл тур-мушу кадимкидей тартыла калып, Ата Журттун коюу чаңы да кымбат экени астейдил сүйкүм менен сү-рөттөлөт .

Балдардын кылык – жоруктарын күлкүлүү жана кызыктуу кылып баяндаган мындай ырларга “Дас-торкондо”, “Зоопаркта” сыяктуу ырлары чагылдырып, мындай ыр-лар жаныбарлардын көрүнүштөрүң жана артыкчылыктарын ачып берет.

Сокурова Ж.К. МТМИнин ага окутуучусу

ОЮН ЫРЛАРЫНЫН АКЫН Т.САМУДИНОВ ТАРАБЫНАН ИШТЕЛИШИ

Page 69: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

69Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Кийинки мезгилдерде кыргыз эл-дик оозеки чыгармачылыктагы бай традицияга айрым жанрлар жаңыл-мач, табышмак, калптарды жаңы табылгалар менен байытып, аларга жаңыча өң түс берүү иши балдар акындары тарабынан бир кыйла ак-тивдешип, бул жанрлардын балдар поэзиясында жаңы өмүрү башталды десек жаңылышпайбыз.

Балдардын кругозорунун өсү-шүнө, алардын ой жүгүртүүсүнүн ка лыптанышына, туура сүйлөп жа-на тапкычтыкка машыгуусуна бул жанрлардын тийгизген пайдасы чоң. Муну туура байкаган ата-баба-ларыбыз илгертеден эле балдарды тарбиялоодо элдик чыгармалардын бардык жанрларын пайдаланып ке-лишкен. Ар бир чыгарманын бал-дардын калыптанышында аткарган функциялары болуп, ал балдарын физиологиялык жана психология-лык калыптанышына чоң жардамын көрсөткөн.

Айрыкча калптарды жаңыча иш-теп чыгып балдарга тартуулоо ишин Т.Кожомбердиев учурунда колго алып:

Айды жипке байлаттым.Коендорду сайраттымЧайнегиме суу куюпКүнгө коюп кайнаттымСуу апкелдим элекке,Жан киргиздим терекке.Мени менен дос болсоңДайым жарайм керекке – деп,

бул жанрга жаңы образ берип, бал-дарга тартууласа андан кийин муну кийинки акындар ийгиликтүү улан-тып кетишти.

Т.Самудинов да аталган жанр-дын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жатат. Акындын калптарды жаңыча иштеп чыгышы да бир топ кызыгуу жаратат:

Төөлөр аймап сабиздиКоендор жеп жантакты,Уйлар сөөк кемирип,Иттер чөп жеп чарчаштыЧегирткелер сойлошот,Күрптөр сүзөт көлмөдө.Тал башынан бакалар Түшпөй калган эмнеге?Көргөнүмдү жашырып,Айтпай койсом жарабас.Бүгүн баары ушундай,Баш-аламан, аралаш.

Мындай юморлуу, заманбап калптар балдардын ой-жүгүртүүсүн тереңдетип, балдарды сабаттуулук-ка үндөйт. “Байчечекей” журналын-да бул жанрдагы ырлар көркөм сү-рөттөр менен коштолуп, ого бетер кызыктуу чыгып турду. Балдардын ой чабытынын, фантазиясынын ке-ңейишинде калптар чоң ролду ой-нору балдар акын-жазуучуларына жакшы белгилүү болгондуктан, коомчулук тарабынан да жакшы ка-был алынгандыктан, Т.Кожомбер-диев А.Кыдыровдон кийин Т.Саму-динов да бул традицияны ийгилик-түү ишке ашыра алды.

Табышмактар - балдардын дүй-нө таанымын, акыл – оюн өстүрүүдө чоң роль ойногондуктан бабалары-быз байыртадан эле балдарды тар-биялоонун мыкты каражаты катары пайдаланышып, элдик оозеки чы-гармачылыкта бул жанр абдан бай тематикага ээ экендиги белгилүү.

Page 70: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

70 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

“Ошондуктан балдар фольклорунда жөнөкөй жаратылыш кубулуштары-нан баштап, эң татаал математика-лык ой корутундуларды камтыган табышмактардын бай казынасынын болушу элдик дүйнөтаанымдын өз-гөчөлүгүнөн кабар берет. Жанрдын ушул касиетин акын эң мыкты пай-далана билет”- деп белгилейт про-фессор Ү.Б.Култаева1

Акын табышмактардын үстүн-дө дагы жемиштүү иштеп, балдарга арналган табышмактарына жаңы-чылыктарды киргизди. Натыйжада “Алиппе – табышмак”, “Билесиңби, сен албетте билесиң”, “Кандай сөз”, “Ойлонгула, тапкыла” ж.б. көптө-гөн табышмактуу ырларды балдар-га тартуулады. Бул табышмактар-дын традициялуу табышмактардан айырмасы – балдарды сөз менен, сүрөт тартып, боеп же сандар менен иштөө аркылуу жандырмакты табуу болуп саналат. Мисалга “Аралаш-кан ариптерди” тартып көрөлү:

МКАУММАЙЛЫАККИзде аюунун баласын,Анан итти табасың

(мамалак, кумайык)

СКАУГМЫУЗРГААНКуштан ала өңү бар,Чопо идишти бөлүп ал

(сагызган, кумура)

КБАУЙУРДААКНЖерди эмне дейт суу ичпес,Атты эмне дейт күйүкпөс

(кайрак, буудан)

МШАӨМҢШЫГКҮАЛЧокудагы музду тап,Тоодон чыккан тузду тап

(мөңгү, шамшыкал)

Ал эми кенже жаштагы мектеп окуучуларына арналган “Алиппе – табышмагы” бир гана балдар үчүн кереги тийбестен мугалимдерге да табылгыс көркөм каражат боло алат. Бул ырда “А”дан “Я”га чейинки ал-фавиттеги бардык тамгалар табыш-мак менен берилген. Мисалы:

А – мөлтүрөп бышат шактарда,Б – каалгып жылат асманда.В – салынып буга гүл турат,Г – короодо өсөт буркурап ж.б.“Санды айлантып тамгага...”

ырынын да сандын тамгага айлан-гандагы жаңы мааниси абдан кы-зыктуу чыккан:

Биз кубалап бараткан,Тоодак беле, чил беле?Илип алды аңгыча5 мантымдан 1 демеАйрып салып жок жерден,Ал келтирди ызаны.Айыптуудай эңкейет6 гана бутагы.Ыр саптарында кездешкен сан-

дарды тамгага айлантканда “беш-мант”, “бирдеме”, “алтыгана” деген сөздөр чыгаарын, бул процессти дагы улантып ойноо мүмкүн экенин үйрөтөт.

Ал эми “Чекиттерге тамга тап” ырында;

Б...АКМындай БАКты сен өзүңКышта гана көрөсүң

1 Култаева Ү.Б.Кыргыз балдар поэзиясы.Б., 2012.

Page 71: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

71Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

...ҮНБул ҮН жолу жогунанЧыгат үйдүн морунан....МУРУТ.ӨРҮ...КДаракта өскөн МУРУТ барБышат маалы келгенде.Бул ӨРҮКТҮ беришетЫмыркайды көргөндө – деп, че-

киттердин ордуна тамгаларды кой-гондогу – “бубак”, “түтүн”, “алму-рут”, “көрүндүк” деген сөздөрдүн маанисин түшүндүрөт.

Акындын балдарды сабаттуулук-ка тарбиялаган мындай ырларынын мисалын келтире берсек түгөнбөс эле. Ар бири өзүнчө мааниге ээ, ар бири кызыктуу жана терең ойлонуу менен жазылган бул ырларда таа-лим-тарбия, тапкычтыкка көнүктү-рүп, сөз кадырын жаштайынан сезе билип, урматтого тарбиялоо сыяк-туу жакшы ойлор жатат.

Т.Самудиновдун балдарга ар-налган дагы бир ыр жыйнагы “Кол чатыр” да табышмактуу ырларга бай келип, кичинекейлердин китеп текчесинен татыктуу орун алды. Жыйнакка кирген “Алиппе-табыш-мак”, “Метораммалар”,”Акроыр”, “Туура эмеспи, туурабы”, “Ара-лашкан ариптер”, “Нота менен окуп көр”, “Бир тамгадан кемитсең” “Бир тамгада ката бар” сыяктуу ырлары балдар поэзиясындагы жаңы көрү-нүштөр болуп эсептелип, балдар-дын тамгаларды таанууга жана там-галардан жаңы сөздөрду жасоого, орун алмаштырып же тамгаларды кемитүү менен сөздөрдүн жаңы маанисин тушүнүүгө үйрөтүп, кен-же курактагы балдардын логикалык ойлоосун арттырат. Мисалы:

ЫСЯУ НЫНЫРАА Түшүнбөйм мунуңа,Деп айтар балдар бар.А келсек чынына,Табышмак бул сөздүнЖок анча сыры да,Окусаң табылат,Жараша ыгына – ырдагы баш

тамгаларды аягынан окуса “Аары-нын уясы” деген “сыйкырдуу” сөз чыгат.

Акындын балдар адабиятындагы изденүүлөрү ага улам барган сайын балалыктын ажайып кызыктарын дагы терең билүүгө мүмкүндүк бер-гендиги байкалат. Андай кызыктар балдардын кулк-мүнөзүнөн, кыял-жоругунан даана көрүнөт эмеспи. Т.Самудинов балалыктагы индиви-дуалдуу, кайталангыс мүнөздөрдү таамай сүрөттөй алат. Буга “Кол чатыр” жыйнагындагы “Трамплин” ыры күбө. Башкалардай “бир, эки, үч” деп сууга түшүүгө эрки жетпей турган баланын жүздөн ашыра са-нап өзүн-өзү алдап турушу таамай сүрөттөлүп, окурмандын жүзүнө жылмаюу тартуулайт.

Жаттап алууга оңой, эң эле элес-түү берилип, балдардын эсинде да узакка сакталып кала турган ыр-ларды тартуулоо акындын башкы максаты. Анан калса, Т.Самудинов катардагы адам байкабаган нерсе-ни байкап, катардагы адам көрө ал-баганды көрүп, таанып, аны жаш досторуна ишенимдүү түшүндүрүп бере алат.

Эки оо койсоң бир жерге,Велосипед мингенге.Кулакка илгич жасасаң,Ал көз айнек кийгенге.

Page 72: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

72 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Жиптен куйрук байласаң,Анда эки шар үйлөмө – деп,

автор “ Окшоштук” аттуу ырын-да предметтердин окшоштуктарын таап чыгат.

Т.Самудинов жаңылмачтын бир канча түрүн бөбөктөргө тар-туулоо менен алардын эске тут-туусунун калыптанышына жана ти-линин жатыгышына кам көрөт:

Ай талаада кар ышкырат,Андан коркпой карышкыр ат

Сүзбөсүн деп эч кимдиБайлап салдым эчкимдиКөп караба алайып,Ал одоно, ал айып – бул жаңыл-

мачтар сөздөрдү жаңылбай айтууга мажбурласа, экинчиден бөбөктөр-дун сөз маанилерин ажырата би-лүүгө үйрөтөт.

Акын кийинки жылдары кыр-гыз тилиндеги унутулган сөздөрдү кайра калыбына келтирүүгө, эне тилдин байлыгын сактоого чоң ара-кеттерди жасапкеле жатат. “Кол ча-тыр” жыйнагындагы “Жаныбарлар дүйнөсү” аттуу ырда унутулган ай-бан аттары жөнүндө кызыктуу маа-лыматтар бар. Ырда жүз миңдеген жылдар мурун кыргыз жергесинде жашап өткөн айбанаттар жана алар-ды ата-бабаларыбыз кантип атаганы тууралуу маалымат берилип:

Кылымдардын кыйрында,Он миң, жүз миң жыл мурдаСанжыргалуу жер үстүн,Айлантышып тургунга:Келемиштер, кериктерАрстан, бөрү, эликтер,Жолборс, илбирс, куландар,

Кескелдирик, жыландар,Эчки маарак, чулдуктар,Бактек айры, куйруктар... – деп

54 жаныбардын атын атоо менен алардын жашоо образын, бөтөнчө-лүктөрүн бөбөктөргө ачып берет да ырды : “Ким кубанып сүйбөсүн, Жаныбарлар дүйнөсүн!” – деген саптар менен жыйынтыктайт. Ыр-дын артыкчылыгы – балдар жаны-барлар менен таанышып гана тим болбой, алар менен дос-жолдош бо-луш керек экенин түшүнүшөт. Ав-тор бул оюн балдарга таңуулабай, жөн гана жогорудагы эки сап менен кыйыр туюндуруп, балдарга көтө-рүңкү маанай тартуулаганы абдан ийгиликтүү чыккан.

Ал эми “Пил жана зил” аттуу ырында илгерки бабаларыбыз “пилдин” тууганы - “мамонтту – зил” деп аташканын “зилдей оор” деген сөз ошондон калганын айтат.

Көрүнүп тургандай акындын ырлары балдардын акыл-оюн өстү-рүү менен жаратылыштын ар түр-дүү сырларын ачып берип, табият-ка жакындатып, айлана-чөйрөнүү коргоого жана сүйүүгө тарбиялаган, мааниси мыкты чыгармалардан.

Адабияттар:1. Самудинов Т. Тандамал.-Б., 2003.2. Самудинов Т. Ар бакчадан бирден

гүл : Ырлар, табышмактар,жомоктор. – Б., Бийиктик, 2012.

3. Кыргыз адабияты. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Түзг. Шериев Ж., Муратов А. –Б. 1994.

4. Култаева Ү.Б. Азыркы балдар поэ-зиясы.-Б..2012.

5. Самудинов Т. Кол чатыр: Ырлар. - Ф.: Адабият, 1989.

6. Кыргыз поэзиясынын антология-сы. – Б.: 2000.

Page 73: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

73Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Аннотация: Бул макалада акын Т. Самудиновдун балдарга арналган ырларынын жанрдык өзгөчөлүктө-рү каралат. Акын балдарга арнап жаӊы оюн ырларынын бир нече түр-лөрүн иштеп чыгып, балдар поэзия-сын жанрдык жактан байытты. Натыйжада балдар поэзиясында логогриф, шарада, метограмма, буриме ж.б. ырлар пайда болуп, бул оюн ырлары балдардын кругозорун өстүрүүдө чөӊ роль ойнойт.

Түйүндүү сөздөр: логогриф, ша-рада, метограмма, буриме, полинд-ром, тавтограмма, цифрограмма

Аннотация: В статье расс-матриваются особенности жанра детской поэзии поэта Т. Самудино-ва. Автор в творческом поиске нес-колько обогатил этот жанр своими изысканиями. Применении в детс-кой поэзии игр слов как шарады, ме-тограммы, буриме и.т.д помогает дальнейшему развитию детского кругозора.

Ключевые слова: - логогриф, шарады, метограмма, полиндром, тавтограмма, буриме, цифрог-рамма

Annotation: In this article the features of the genre of children’s po-etry of the poet T. Samudinov are con-sidered. Different kinds of new play games are done by the poet and the children genre enriched with their re-search. Using in child poetry word games as charades, metogrammy help

the further development of the chil-dren’s horizons.

Keywords: - logogriph, charades, metrogramma, palindrom, autogram-me, burime, reprogramme

Акын Т.Самудинов кыргыз бал-дар поэзиясында жаңы формадагы сөз оюндарын иштеп чыгууда тал-бай эмгектенип, натыйжада логог-риф, шарада, метаграмма, полинд-ром, тавтограмма, акроыр, буриме сыяктуу жанрлардын балдар поэ-зиясында өнүгүшүн шарттады. Бул жанрларды балдар адабиятында А.Кыдыров, К.Жунушев, Б.Асана-лиев сыяктуу балдар акындары ий-гиликтүү ишке ашырып келе жатат.

Акындын балдарга арналган ыр жыйнактары оюн ырларынын көп түрдүүлүгү менен айырмаланып ту-рат.

Логогрифтер – көркөм адабият-та Байыркы доордо эле пайда бол-гон. Орус адабиятында 19-кылым-дын адабиятында кездешип, бул жанрга Л.Н.Трефолев, В.В.Каменс-кийлер кызыкканы тууралуу маалы-маттар бар. Логогриф – сөзгө жаңы тамганы же муунду улоо менен же сөздөгү тамга, муундарды кемитүү аркылуу пайда болгон жаңы сөздөр. Бул терминди акын балдарга мын-дайча түшүндүрөт:

Тамгаларын өзгөртсө,Жаңы сөздөр жасалат

Сокурова Ж.К. МТМИнин ага окутуучусу

Т.САМУДИНОВДУН БАЛДАРГА АРНАЛГАН ЫРЛАРЫНЫН ЖАНРДЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Page 74: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

74 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Бул табышмак, бул оюн.Логогриф аталатЧулгап калат ак мамыкТоо-токойдун арасын“А” тамганы уласаңКөөнүн өзүн табасың ( кар +а)Жетсем экен деп санайт,Жарышкандын көңүлү.“М” тамгасын арылтсаАнда устанын шериги (м-араа)“М” койсоң ортого – Шаттыка бөлөйм.“М” ордуна “Н” койсоңЖөрмөлөп жөнөйм (комуз-коңуз)

Көрүнүп тургандай, бул ырлар-дан бөбөктөр сөздөрдөгү тамгалар-ды алмаштыруу менен жаңы, кы-зыктуу сөздөрдү табуу мүмкүнчү-лүгүнө ээ болушат.

Ал эми “Бир тамгадан кемитсең” ыры да логогрифтин бир түрү бо-луп саналып, мында сөздөгү тамга-лар улам кемитилип отуруп, балдар улам кийинки чыккан сөздүн маани-си менен таанышат.

ЧАЧЫК эмне экенинБилесиңер.АЧЫК болсо дарбазаКиресиңер.ЧЫК кошулса тамакка,СүйөсүңөрЫК болбосо, тартылбайтСүрөтүңөрУшул эле ырда “шамал”, “чатак”,

“булак”, “Сатар”, “кумай” деген сөз-дөрдүн баш жагындагы тамгаларды улам кемиткендеги чыккан маани-лери абдан кызыктуу берилет.

Бул ыкма эскилатын жаңылма-чынан: “Amore, more, ore, re” де-ген сөз түрмөктөрүнөн улам пайда болгон деген көз караштар бар. Дүй-нөлүк адабиятта жаңылык болбосо да, балдар адабиятында бул жанр 80-жылдары пайда болуп, азыр ка-димкидей балдардын сүйүктүү оюн ырына айланды.

Акын шарадалардын бир нече түрүн балдарга арнап иштеп чыгуу менен балдардын логикалык ой-лоосунун өсүшүнө кам көрөт.

Шарадалар (фр.-табышмак) – табышмактын татаалдатылган түрү. Мында катылган сөздүн башкы муундары берилет да, ошолордон белгисиз сөз келип чыгат1.

Эмесе акындын шарадаларына көз салып көрөлү:

Биринчиси – Жылкынын желке чачы.Кийинкиси – Коктунун экинчи аты.

(жал +коо)Биринчиси –Жер басчу күндөгү.Кийинкиси – Күчүктүн үргөнү (жол +борс)Биринчиси – Комуздун ичегиси.Кийинкиси – Боектун түшөр изи. (кыл + так)

ж.б.Акын шараданын дагы бир тү-

рүн сунуштап, аны “Шарада – та-бышмак” деп атаган. Ырда адамга канат болгон аттын баалуулугу туу-ралуу сөз болуп, анан тиштин кыз-матын көрсөтөт. Натыйжада, эки

<?> Кыргыз адабияты. Терминдердин түшундүрмө сөздүгү. Түзг.Шериев ж., Муратов А. 56-б.

Page 75: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

75Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

сөздү кураганда “аттиш” деген сөз пайда болгон.

Оюн ырларынын дагы бир түрү полиндром балдар поэзиясында сейрек кездешүүчү көрүнүш. Ошон-дой болсо да Т.Самудинов бул жанр-да дагы калемин сынап көргөн.

Полиндромдор - сөздөрдү оңу-нан да тетирисинен да окуганда бир гана маанини туюндурат. Бул бир кыйла татаал жанр болгондук-тан, көркөм адабиятта, анын ичинде балдар поэзиясында өтө сейрек учу-райт. Акындын төмөндөгү “Тетири-нен, оңунан” аттуу ыры полиндром формасында жазылып бөбөктөргө бир кыйла кызыгууну жаратат:

Окуй берем булардыТетиринен, ОңунанБаштагы эле сөздөргөКайра баштан жолугам.КАР АККАЛАККАРА БАРАККҮЧҮККУДУК ( “Ар бакчадан бирден

гүл” жыйн. 57-б.)Ырлар балдардын өз алдынча

сөз курап ойноосуна ылайык жазы-лып, алардын ой жүгүртүүсүн арт-тырып жана тамгаларды тез үйрө-нүүсүнө жана сөз жасап ойноосуна шарт түзөт.

Т.Самудинов балдарга “Канча “К” деп аталган оюн ырын сунуш-тап, бул ырда акын балдарга жалаң “К” тыбышынан турган ыр сапта-рын туртуулайт. Оюндун эрежесине ылайык эсептегенде, “К”дан баш-талган 20 сөздөн жана 25 “К” ты-бышы катышкан жакшынакай ырга

күбө болобуз. Ырда балалык кыял, ага шайкеш келген маанай, кыш мезгили, балдардын ойноок мүнөзү мына мындай чагылдырылат:

Калың – катык кийинип,Көмөлөнсөк – күбүнүп.Каруулаштык, кармаштык,Коюндарга кар каттык.Күүгүмдөнүп кабагы,Келди кечтин кабары.Кар кишибиз кайраданКароолдо калабы?

Мындай бардык сөздөрү окшош тамгадан куралган ырлар тавтог-рамма деп аталып, орустун улуу окумуштуусу В.И.Далдын өздөштү-рүлгөн сөздүгүндө төмонкүдөй ми-сал келтирилген:

Петр Петрович пошел погулятьПоймал попугая – понес прода-

вать.Просил полтину – получил поло-

вину.Демек, бул жанрдын кыргыз

балдар поэзиясында аздыр – көп-түр иштелип жатканына, балдардын келечегине кызмат кылып, анда – санда көрүнө калганына шүгүр дей туралы. Бара – бара бул жанр дагы өз кызматын кадимкидей аткарып каларында шек жок.

Акын метограммалардын үс-түндө иштөө менен бир нече түрүн балдарга тартуулап окурмандарын кубанта алды.

Метограмма-окшош муундуу сөздөрдүн тыбышын алмаштуруу аркылуу жаңы сөз жасоо ыкмасы. Акын метаграммаларды балдарга мындайча сунуштайт:

Page 76: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

76 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

“Т”ны койсоң башына – Керегимин чачтын.“Б”ны койсоң башына – Калем кармап жазган

(тарак-барак) Сөздү башта “Б” менен,Ал тажабайт чырдаштан.“Б” ордуна “Т” койгун,Атың коркпойт тайгактан

(бака-така)“К” тамгадан баштасаң – Анда көлдөн көрдүң.“К” ордуна “С”ны кой,Эң жумшагы жердин (каз-саз)Берилген метограммалардагы

белгисиз “т”,”б”,”к”, “с” тамгала-рынын ордун алмаштыруу аркылуу балдар бул сөздордун маанилерин билүүгө умтулушат. Демек, бул ыкма балдарды такычтыкка үйрөтүп, сөз-дөн сөз жасоого машыктырат.

Кыргыз балдар поэзиясында ак-роыр формасын да алгачкылардан болуп иш жүзүнө ашырган акын Т.Самудинов болуп эсептелет. Ак-роырларды акын адегенде “Байче-чекей” журналы үчүн жазып, кийин бул ырлар анын ыр жыйнактарына кирген.

Бапестеп бодо мал баккан,Аракетчил, кайратман.Дайыма жеңип мелдеште,Айранын сүтүн жайнаткан.Чарбанын андай адамын,Ырысы тоо деп санагын.

Ырдын сап башындагы тамга-ларды жогорудан ылдый карай оку-ганда “Бадачы” деген сөз чыгат. Де-

мек, бул ыр оюнунун жандырмагы ушундай ыкма менен чечмеленет.

Ал эми буриме оюну кийинки убактарда башталгыч класстардын окуучуларына көп сунушталып, бул оюн ыры балдардын поэзияга болгон кызыгуусун арттырып, аларга чыгар-мачылыктын башаты болуп берээрин мугалимдер байма-бай белгилеп жү-рүшөт. Мектеп окуучулары буриме менен иштөө аркылуу адабий-тео-риялык түшүнүктөрүн калыптан-дырып, ыр түзүлүшү, уйкаштыктын түрлөрү, ырдын ыргагы, мелодикасы сыяктуу теориялык түшүнүктөр ме-нен таанышышат. Буриме – француз тилинен кирип, аяккы уйкаштык де-генди билдирет. Бул жанрдагы не-гизги талап-уйкаш сөздөр алдын-ала берилип, ага кызыккан адам сөз ай-каштарын туура пайдалануу менен ыр жаратуусу керек.1

Демек, буримедеги талаптарды өздөштүрүү аркылуу балдардын ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү артып, тапкычтыкка жана чечендикке тар-бияланат.

Т.Самудинов балдарга “Каршы сөз” деп аталган сөз-оюн бурамени тартуулайт:

Бир сөз айтсам мен сага,Ошол сөздүн каршысынДароо таап жаңылбай,Керек ылдам айтышыңМейли, муну ким тапсын,Ар бир жообу уйкашсын.Анда, калемсапты колго алып,Сөз-оюнду баштадык:Жапыс

<?> Кыргыз адабияты. Терминдердин түшундүрмө сөздүгү. Түзг.Шериев ж., Муратов А. 56-б.

Page 77: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

77Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

_ ...Кашаң_ ...Баатыр_ ...Уста _ ...Оюндун жүрүшүндө белгилүү

болгон сөздөргө жана анын кар-шы маанисине карай “бийик, кү-лүк, коркок, чоркок” деген сөздөрдү балдар өздөрү таап коюшу керек. Мында автор уйкаша турган сөздүн бирөөнү өзү сунуштап, белгилеп берип жатат. Бул балдардын чыгар-мачылыкка болгон алгачкы кызы-гуусун ойготот. Негизи эле, буриме

оюндары балдар тарабынан жакшы кабыл алынып, ар убакта кызыгуу жаратып, окуучулар үчүн “Адабий окуу”, “Адеп” өңдүү башталгыч класстын китептерине киргизилип, мугалимдер сабактарга көп пайда-ланары белгилүү болгон.

Адабияттар:1. Самудинов Т. Тандамал.-Б., 2003.2. Самудинов Т. Ар бакчадан бирден

гүл : Ырлар, табышмактар,жомоктор. – Б., Бийиктик, 2012.

3. Кыргыз адабияты. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Түзг. Шериев Ж., Муратов А. –Б. 1994.

4. Култаева Ү.Б. Азыркы балдар поэ-зиясы.-Б..2012.

Page 78: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

78 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Кыргыз элинин улуттук идео-логиясынын жетилип бышкан даяр жемиши, жан дүйнө гүлазыгы бул – «Манас» эпосу. Жалпы адамзаттык маанидеги тереӊ ойдун мазмунунан куралган көөнөрбөс, түбөлүктүү ру-ханий дөөлөттөргө ээ, улуу дастан. Кыргыздын көчмөн цивилизация-сынын керемети, кенчи, Ала-Тоо-лук ак калпак журттун көркөм сөз өнөрү нүн туу чокусу. Ал муундан-муунга берилип, аздектелип сакта-лып келе жаткан сыймыктанар бай-лыгыбыз, кут даарыган өнөр жана түгөнбөс акыл кенчибиз. «Манас» – бул эчендеген кылымдардан бери улутубуздун жан дүйнөсүн, руха-ний маданиятын, асыл нарктарын, дүйнө түшүнүгүн сактап, өз боюна сиӊирип келген керемет аалам. Эли-биз Орто Азияда жашаган элдердин эӊ байыркысы экендиги тарых ба-рактарынан маалым. Ата-бабалары-быз кийинки муундар үчүн кылым-дар бою түзүлгөн маданиятын сары майдай сактап, көк асабадай желби-ретип көтөрүп, укумдан-тукумга өт-көзүп келишкен. Алар эпоско көр-көм чыгарма эмес, болгон чындык катары мамиле жасашкан. «Манас» эпосунун мазмунунда кыргыз элине таандык саяпкерлик, мүнүшкөрлүк, табыпчылык, жайчылык, айтыш өнөрү жана башка асыл касиет-тер кеӊ ири камтылган. Алардын катарында оюндар, мелдештер да бар. Бул тууралуу З.Бектенов жана Ю.Мусин: «Манас» эпосу кыргыз

элинин жазылбай келген байыр-кы тарыхы, кагазга түшүрүлбөгөн көркөм адабияты, сахналаштырыл-баган музыкалуу драмасы, экран-даштырылбай келген көркөм тасма-сы экендигине эч кимдин талашы болууга тийиш эмес. Ошондуктан, биз кыргыздын кайсы бир элдик оюндарын жазган учурда, «Манас» эпосуна кайрылып, андагы көркөм сөз менен баяндалган тарыхый маа-лыматтарга кайрылууга туура келет деп баса белгилешкен.[1]

Кыргыз элинин улуттук оюнда-ры, мелдештери жалпы эле кыргыз маданиятынын бир бөлүгү болуп, көчмөн калктын аш-тойлорунда, кө-ӊүл ачып сайран курууда жана жаш-тарды тарбиялоодо кызмат аткарган. Улуттук оюндар жана баатырдык мелдештер өзгөчө феодалдык доор-до калыптанып, өсүп-өнүгү п тур-ган. Ал жалаӊ жакшылыктарда гана көӊүл көтөрүүчү оюн эмес бүтүндөй кыргыз маданиятынын көрөӊгөсү, баскынчыларга каршы турууга даяр аскерлерди жана жаштарды тарбия-лоонун усулу же жол-жобосу болуп келген. Кылымдардан – кылымга бү-түн дүйнө жүзүнө кыргыздар «Ма-нас» эпосу аркылуу элибиздин түп-түү эл экенин, кыйынчылыктарды ынтымак, биримдик аркылуу жеӊ ип келишкенин жеткирип келишкен. Ошондой эле «Манас» эпосу аркы-луу улуттук, элдик оюндарыбызды, салт-санаабызды көпчү лү ккө таа-ныштырып жайылтып келишкен.

Нургүл ЧЕНКИЛОВА МТМИнин магистранты

«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ ОРДО, ТОГУЗ КОРГООЛ ОЮНДАРЫНЫН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ

Page 79: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

79Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Улуттук оюндарыбыз көп элдердин кызыгуусун арттырып келе жатканы чын. Илгерки убакта ойнотулуп кел-ген оюндардын дээрлик көпчүлүгүн тарыхы «Манас» эпосунан башта-лып, эрежелерине анча көп эмес өз-гөртүүлөр киргизилип, азыркы убак-та да ойнотулуп келе жатат. Элдин өткөнүн эске салып тарыхты унут-поо үчүн, өзүн-өзү аӊдап түшүнүүдө кыргыздын улуттук оюндарынын мааниси чоӊ. Улуттук оюндарды пайда болуу мүнөзү баарынан мур-да элдин жашоо шартына, мадания-тына, байланыштуу болгон. Кыргыз элинин жашоо турмушунун түрлүү катмарын камтыган элдик оюндар үрп-адаттык жана тарбиялык маа-ниге ээ. Бир катар улуттук оюндар өзүнүн кызыктуулугу менен башка улуттардын өкүлдөрүн да өзүнө тар-тып келет. Азыркы күндө мамлекет шериктеш өлкөлөр менен спортттун ар кайсы түрү менен мелдештерди уюштуруп, ага катышып келет.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн көз-дүн карегиндей сактап, улуттун жо-голуп кетүү коркунучуна калтырбай, келечек муундарга өткөрүп берүүчү маданий мурастарынын бири бул – улуттук оюндар. Ата-бабаларыбыз бул оюндарды унутка калтырбай сактап, алар жакшылык, жамандык-тарында кыргыздардын басып өткөн жолуна тагдырлаш болуп келген.

Дүйнөдө ар бир эл өзүнүн салты, үрп-адаты менен гана эмес ошол элге тиешелүү болгон улуттук оюн-дары менен да айырмаланат. «Ма-нас» эпосунда да ушул күнгө чейин ойнолуп келе жаткан улуттук спорт-тук оюндары жөнүндө көп маа-лыматтар бар. Негизинен улуттук оюндардын 400дөн ашуун түрү бар,

анын 100гө жакыны «Манас» эпо-сунда кеӊири сүрөттөлгөн.

Элибиз маданий мурастарга, анын ичинде элдик оюндарга өтө бай болгон. Улуттук оюндарды адамзаттык көп кылымдык мада-ниятын сактап келе жаткан кенч ка-тары бааласак болот. Оюндар көӊүл ачууда, маданияттуу эс алууда, бош убакытты кызыктуу өткөрүүдө, де-нени чыӊдоодо гана чоӊ мааниге ээ болбостон, руханий дүйнөнү калып-тандыруунун маанилүү каражаты да болуп эсептелет. Кыргыздын улут-тук оюндары оюнчуларды кеӊ ири ой жүгүртүүгө, эске тута билүүгө, байкагычтыкка, туруктуулукка, чеч-киндүүлүккө, ийкемдүүлүккө, эр жүрөктүүлүккө, тыкандыкка жана башка асыл сапаттарга көнүктү рөт.

Улуттук оюндар тууралуу сөз козгогондо алгач көк бөрү , кыз куу-май, ат чабыш, улак тартыш жана балбан күрөш көз алдыбызга элес-тейт. Дүйнөлүк деӊгээлге ат оюнда-рынан көк бөрү чыккан болсо, ин-телектуалдык оюндардан ордо жана тогуз коргоол эл аралык масштабда ойнолуп келе жатат. Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган улуттук оюн-дун түрлөрү мамлекет тарабынан колго алынган. Булар жаштардын акыл-эсин өстүрүүдө, алардын дүй-нө таанымын кеӊейтүүдө, ден соо-лугун чыӊдоодо ишенимдүү курал катары колдонулуп келген. Кыргыз-дын элдик оюндары жалаӊ эле дене тарбиянын негизи катары кызмат өтөбөстөн, ошондой эле логикалык ой-жүгүртүүнү өстүрүүдө да пай-даланып келген. «Манас» эпосунда аш-тойлордо ойнолгон элдик оюн-дар жана көӊүл ачуулар жөнүндө кеӊ ири жана бай маалыматтар топ-

Page 80: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

80 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

толгон. Мында улуттук оюндардын арасынан акыл оюндарын өзүнчө бөлүп кароого болот. Акыл оюнда-рынын ичинде эл аралык деӊгээлде ойнотулуп келе жаткан түрлөрү бул ордо жана тогуз коргоол оюндары.

Тогуз коргоол - кыргыз элинин байыртадан бери келе жаткан көө-нөрбөс акыл-ой байлыгынын казы-насы, көчмөн турмуштун, жоокер-дик мамилелердин сырдуу түйүнү жана көпчүлүктүн черин жазып эр-мектөөчү ортолук оюну. Ал улут-тук оюндар катарында кыргыз эли менен кошо кылымдар бою жашап келе жатат. Бул туурасында «Манас» эпосунун бир вариантында мындай саптары бар:

Чараларын оюшуп,Бир жагына бир тогузБир жагына бир тогуз Үй чыгарып оюшуп,Ою менен олтуруп,Ташын салып толтуруп,Тогуз коргоол ойгонуЖаш Манас кылып койгонуТогуздап коргоол салганыБул Манастан калганы….

Кыркыӊ кызык ойнотуп,Чатыраш оюн салыӊар,Тогуз, онуӊ биригип,тогуз коргоол салыӊар.Жыйылып алып жыйырмаӊ ,Топ таш-чакмак алыӊар...[2]

Жогоруда сүрөттөлгөндөй то-гуз коргоол оюну тээ Манас жашап өткөн кылымдардан бери пайда болгон акыл оюну. Эпостогу оюн тууралуу узун саптар жана ошон-дой эле археологиялык табылгалар байыртадан эле ойнолуп келе жат-кандыгын далилдейт. Оюнда ар бир оюнчудан зиректик, тактикалык че-

берчилик, шамдагайлык жана мате-матикалык тактык талап кылынат. Тогуз коргоол оюну жоокерчилик турмуштун сырларына негизделин-ген, көчмөндөрдүн баш катырма кы-зыктуу оюну катары кароого болот.

Оюндун пайда болушу тууралуу ар түрдүү божомолдор бар. Бирден тогузга чейинки турмушта колдо-нулган сандардын баарын катыш-тырып, негизги эсептик амалдарды үйрөтүү максатында ойлоп чыга-рылган логикалык спорттук оюн. Илимдердин падышасы болгон ма-тематика жагынан алып караганда – сандарды кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүү, жуп сан менен так сан-дын айырмасын түшүндүрүү, жара-тылыш жагынан аралыкты, багытты айырмалоо, дене тарбия тарабынан – түз олтуруу, көп коргоолдорду колго батыруу, ыкчамдык, шамда-гайлык, психология жагын карасак – атаандашка болгон мамиле, жол тапкычтык, эске тутуу жөндөмдө-рүн өөрчүтөт. Кыргыздар жаш муун-дарга жашоо-турмушта эӊ керектүү болгон сапаттарды ушул оюн аркы-луу негиздегенге, таалим-тарбия бе-рүүгө аракет кылган. Оюнду ойлоп чыкканда натуралдык сандардын бирден тогузга чейинкиси колдо-нулган. Тогуз саны кыргызда жөн гана бир эсепти эмес, көп сандардын жыйындысын түшүндүрөөрү бизге белгилүү. Ал так сан болгондуктан тактыкты билдирет. Мисалы: «тогуз токоч таратып», «тогуздап мал ай-дап», «тогуздап торко кийип» деген сыяктуу сөздөр турмушта көп кол-донулуп келген.

Тогуз коргоол – кыргыз элинин ары кызыктуу, ары татаал, бабалар-дан бизге мураска калган логикалык

Page 81: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

81Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

акыл оюндарынын бири. Адамдын акыл жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу менен бирге, оюнчулардын алдын - ала ой жүгүртүүсүн, өзгөчө тапкыч-тыкты жана токтоолукту арттырууга шарт түзөт.

Кыргыз элинин көчмөн шарты-на жараша тогуз коргоол оюнунун тактасы көбүнчө жерге чуӊ курга ка-зылып жасалган. Кийин таш, жыгач колдонула баштаган. Коргоолдорду коргоолдон, чоподон, мөмө-жемиш бактарынын уругунан, жыгачтан жана башкалардан жасап колдонуш-кан. Оюнунун тактасынын узунду-гун, туурасын, калыӊдыгын, үйлөрүн жана казандарын ар кандай чоӊдукта турмуш-шартка, мелдешке ылайык-таштырып жасоого болот. Тактанын ойнолуучу бетинде ар бир оюнчунун тарабында тогуздан үй жана бирден казан болот (бардыгы 18 үй, 2 казан болот). Оюнга арналган тактайда-гы «уялар» менен илгери аймактык бөлүнүштөр, элдердин же кээ бир топтордун ээлеген орду көрсөтүл-гөн. Ушул максатта жөнөкөй теге-рекчелерди, айлана сызыктарды ба-йыркы географ-окумуштуулар да колдонушкандыгы белгилүү. Масе-лени ушул багыттан алып караган-да «уялардын» аталышы рельефтин, жердин, көчтүн талаптарына карата болуш керек. Ал оюндун жүрүшүн-дө да байкалат. Бирок «уялардын» чыныгы аттары унутулгандыктан, кийинки учурда мал чарбачылыктын таасири менен эч кандай маани бер-беген жөн гана аталыштар айтылып калган (текилдек уй, жаман уй, бел уй, куйрук уй ж.б.). Ал эми тактайда-гы «казына», «туз» деген аталыштар мурунтадан бери сакталып калган. Ушуну менен бирге оюнду ойноо

учурунда анын эрежелеринде көч-мөн тиричилик, жоокерчилик тур-муш чагылдырылып, журттун көчү п конууда, чабуулга өтүүдө, «так» бо-луп бөлүнбөй, «жупташып» жамаат-ташып, биргелешип аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрү айкын көрсөтүлгөн. Айрыкча атаандаштардын «чабуул-га» өтөр алдында бири-бирине бер-ген суроо-жоопторунда жана ойноо ыкмаларында илгерки жоокерчилик замандагы каршылаштардын чалгын чалуу, бөгөт коюу, алаксытуу жана башка тактикалык сырлары чагыл-дырылган. Элибиздин улуулугун мындан бил, жөнөкөй акыл оюнуна ийкемдүүлүктү, тактыкты, жоопкер-чиликти жана сабырдуулукту ши-релтип жаштарга таалим-тарбия тео-риясынан сабак ачып берген.

Тогуз коргоол оюну бүткүл дүй-нөгө белгилүү интеллектуалдык акыл оюндарынын бири. Кыргыз-стандан тышкары Казакстанда жана Түркияда «тогуз кумалак» деген ат менен белгилүү. Андан сырткары бул оюн Орто Азия өлкөлөрүнөн башка түндү к-чыгыш Ооганстанда, Орусияда (Алтай, Хакасия, Якутия, Татарстан жана Тува) батыш Мон-голияда жана түндүк-батыш Кытай-да (Үрүмчү, Жунгария) ойнолот.

Кыргыз Республикасында тогуз коргоол оюну боюнча спартакиада-сы 4 жылда 1 жолу өткөрүлүп турат. Ал эми тогуз коргоол федерациясы 1993-жылы түзүлгөн. Бүткүл дүйнө боюнча интелектуалдык оюндар-дын эл аралык олимпиадасынын макала секциясында ойнотулуп келе жаткан Тогуз кумалак оюнуна Тогуз коргоол оюнун кошууну 2010-жылы Европадагы Тогуз коргоол клубу су-нуштап киргизген. [3].

Page 82: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

82 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Тогуз коргоол оюну – тез эсептөө, алдын ала көрө билүү жана логика-лык ой жүгүртүүнү өстүрүүдө пайда-сы чоӊ. Жаштарга, деги эле жалпы-га бул оюндун эрежелери тууралуу жазып жүргөн агайыбыз Шербол Жапаралиевдин айтымында өзгөчө башталгыч класстардагы балдарга пайдалуу, анткени алардын кошуу жана кемитүү, бөлүү жана көбөйтүү сыяктуу математикалык эсептерди тез өздөштүрүүсүнө жардамчы боло алат. Кичинекей кезинде тогуз кор-гоол ойногон балдар табигый-так илимдерден мыкты болушат. Демек, мында баланын тарбиялоодо педа-гогикалык жактан таасири зор.

Ордо оюну – байыркы кыргыз оюндарынын бири. Эки топко бөлү-нүп ойнолот. Оюндун негизги жү-рүщү тегизделген жерге чийилген чоӊ айлананын так ортосуна «кан» тигилип, анын айланасына тизил-ген көп чүкөлөрдү чийимдин сыр-тынан уруп, томпой менен атып же чертип чүкөнү айлананын сырты-на чыгаруу. Оюндун ушул көрүнү-шүндө таптык коом учурунда душ-ман деп эсептелген кайсы бир эл башкаруучуну (оюндагы «ханды») жана анын жан-жөкөрлөрүн кантип жеӊүү максаты негизделген. Ордо оюну жөнүндө «Манас» эпосунда дагы кеӊ ири баяндалган. Айкөл Манас баатыр чон казатка бараткан жолдо анын кырк чоросу экиге бө-лүнүп, ордо атышып жаткан жери эпосто көркөм сүрөттөлөт. Оюн туу-ралуу дагы мындай саптар да бар:

Кош тигишип жанаша,Калганынын баарысы,Оюн-күлкү тамаша.Бетегесин жулдуруп,

Белгини жерге урдуруп,Беш чүкөнү бир дешип,Сызып алып сызыкты,Жерди чийип салышты,Желпинишип алышты.Баштаптыр Манас ордону,Ордо деген оюнду,Бизге мурас кылып койгону. [4]

Оозеки уламыштардагы маалы-маттарга караганда ордо оюну ата-йын эски замандагы согушуунун айла-амалдарын сүрөттөп көрсөтүп берген. Мисалы, айланта чийилген тегерек чеп-коргон шаар болгон. Дал ортосу борбору – хан ордосу. Ашык чүкөнү тегерете тизип ортосуна чү-көнүн сыныгын оӊ ой атып чыгара албай турган кылып коюшкан. Бул чынында «Хан» болгон. Анын айла-насындагы ашык чүкөлөр – хандын жоокерлери ролун аткарган. Ордо атуучулар эки бет болуп, ашык-чү-кө калчашып, кимисинин ашык-кө-сү консо ошол жак биринчи кезекте чүкөнү атышкан. Булар калаага кол салуучулар деп аталган. Бир киши үчүн беш ашык-чүкө салып, үч ат-кан бул – беш жоокердин үчөө со-гушка киргени, экөө жандап жүр-гөнү болгон. Үч чүкө эки атканга жарайт, үч жоокердин экөө урушта, бири жандап жүргөнү болгон. Со-гушта кырылып бир жоокер калса да, урушууну улантканы. Кан өлмө-йүн, жалгыз ашык колго түшмөйүн жеӊ илбегенге тете болгон. Томпой чүкөгө тийе жатып калса, томпойду аларда, эгерде чүкө кыймылдап кал-са, жоо өлбөстөн, аман калып атуу-чуну өлтүргөнү. Эгер ашыкка же-тип, же чүкөгө томпой минип калса, ашыкты колго алат. Муну туткунга түшү п калган жоокер деп эсептеш-

Page 83: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

83Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

кен. Чекеге келген ашыкты тооруп алышат. Ал четке чыккан жоокерди туткундаганы. Ата-бабалардан кал-ган ордо оюнунун кыскача таржы-малы ушундай.

Ордо оюнунун өтүлүүчү жери ар кандай көлөмдө болгон. Илгери ордону жалаӊ шак (эч жери чабыл-баган) томпой менен ойноп келиш-кен. Диаметри 16 метрдей айлана-нын борборуна 1-2 см. терендикте же 12 тыйындык кан (кан өзү эки чүкөнүн ордуна жүрөт) жана 3 чүкө коюлат. Ошентип. баардыгы 5 чүкө деп эсептелинет. Кандын тегерегин-де ар бир ойноочуга 5тен чүкө са-лынат. Мисалы: эки командада 20 ойноочу болсо, 95 чүкө ордого са-лынат. Мында мурунку 3 чүкө жана кан өзү 2 чүкөнүн ордунда болгондо 5 чүкө болот да, бардыгы 100 чүкө эсептелинет. Оюндун талабы ар бир команда ордону бузуп, канды жана чүкөлөрдү абалак же томпой ме-нен уруп (атып) чийилген сызык-тан чыгаруу керек. ордону атуунун төмөнкүдөй түрлөрү бар: алыстан ура атуу, кыӊкай атуу, капталдан атуу, чертип ура атуу. Кайсы коман-да чүкөнү көп утса, ошол команда жеӊ ишке жеткен болот. Бул оюн-дун ыкмалары жоокерчилик заман-да чер жазууда гана эмес аскердик тактиканы жаш муундарга үйрөтүү амалында да колдонулганы байка-лып турат. «Ордо» оюнунун элдик педагогикада орун алышы – анын жөнөкөйлүгүндө, ар кандай шартта ойноого ылайыктуу мүмкүнчүлү-гүндө жана өзүнүн эрежесинин ка-лыптанып сакталуусунда. [5]

«Ордо» оюнун кыргыз мадания-тынын бир үлүшү катары баалоого болот. Атайын жобо аркылуу Кыр-

гыз мамлекеттик спорт комитети тарабынан алгач 1947-1949 жылда-ры мелдеш иретинде уюштурулган. Ошондон тартып бул улуттук оюн официалдуу түрдө андан ары өнүгө баштаган. Кыргыз Республикасы-нын ордо федерациясынын прези-денти Дастан Сарыгуловдун пики-ринде, ордо оюну ден-соолук үчүн абдан пайдалуу жана керемет оюн. Бул оюн чарчоону жазып, кан та-мыр, жүрөк иштөөсүн жакшыртат. Ошондой эле денени ийилчээк кы-луу менен 300гө жакын булчуӊдар-ды чыӊдап муундардын иштөөсүн жана адамдын ойлоо жөндөмүн арт-тырат. Бул аскердик тактиканы эӊ ийкемдүү үйрөтө турган акыл оюну деп белгилейт.

Дүйнө жүзүндө тарыхы жок эл болбойт. Ар бир элдин маданияты ошол элдин басып өткөн узак жолу менен шартталган. Ааламдашуу алкагында көчмөн цивилизациясы өз баалуулугун сактап калышы ал-бетте өсүп жаткан жаш муундар-дын кызыгуусуна, көӊүл буруусуна жана алардын жасаган аракеттерине көз каранды. Азыркы күндө тогуз коргоол жана ордо оюндары ушул көрүнүшүндө элибиздин көөнөрбөс эстелиги болуп кала берет.

Пайдаланылган адабияттар:

1. З.Бектенов, Ю.Мусин «Кыргыз эл-дик оюндары». Ф: 1978-ж.

2. Сагынбай Орозбак уулу «Манас» эпосу. 1978-ж. 2-китеп,172-бет

3. М. Абдуллаев, К. Кийизбаев, Ч. Ак-матов. Улуттук оюндар. Б.: 2011-ж

4. Манас энциклопедиясы. Б.: 1995-ж. II. 109-бет

5. Х.Ф. Анаркулов. Кыргыз эл оюнда-ры. Ф.: 1981-ж.

Page 84: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

84 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Аннотация: Макалада тең бай-ланыштагы татаал сүйлөмдү оку-туудагы максаттар, ага жетүүдө-гү көрсөткүчтөр сунушталып, бул боюнча өтүлүүчү 1 саат сабактын толук модели иштелип чыкты.

Аннотация: В статье опубли-кована цель обучения сложносочи-ненного предложения и индикатор его достижения, а также предла-гается модель конкретного урока

Annotation: In this given article the purpose of studing compound sentence and indicatoel and Hsochievements are published and the moded of concrete lessons are offered.

Окутуу процессин уюштуруунун жана өткөрүүнүн эң негизги форма-сы сабак болуп эсептелет. Мугалим кыргыз тили сабагын кандай план-даштырып өткөрбөсүн, эң башкы орунда сабакка коюлган максат че-чүүчү орунду ээлейт. Кыргыз тили сабагынын максаты – окуучунун кеп ишмердигин өркүндөтүү бол-гондуктан, ар бир сабак, баарыдан мурда, окуучулардын коммуника-

тивдик компетенциясын өнүктү-рүүгө багытталышы зарыл.

Ар бир сабак анын тибине, түрү-нө, колдонгон ык-методуна, көрсөт-мө куралдарына карап бааланбастан, ал өз алдынча коюлган максатына жеттиби, же жете алган жокпу, са-бактагы маалыматтар, анын мазмуну учур талабына ылайык окуучунун эне тили боюнча билимин байытып, жан дүйнөсүнөн түнөк таба алдыбы, мына ушуга карата бааланат.

Бүгүнкү кыргыз тили мугалими-нин коммуникативдик ишмердиги маалыматты бере алышы, таасир эти-ши, сезимдерди ойгото алышы, пред-меттик сабакка болгон кызыгуусун жарата алышы, түрдүү жаш курак-тагы өспүрүмдөр менен жекече жана коллективде иштей алышы, окуучу-ларда адептик сапаттарды өнүктүрө алышы сыяктуу сапаттарга ээ болу-шу менен бааланат. Демек, кыргыз тили боюнча сабактардын планда-рын түзүүдө окутуунун активдүү формаларын колдонууда алдыбызга өзгөчө жоопкерчилик коюлат.

Кыргыз тилинин Мамлекеттик стандартынын жана Кыргыз ти ли-

УДК: 81-13

А.К.КОЙЛУБАЕВАК.Тыныстанов атындагы ЫМУ

пед. илиминин кандидаты, доцент

ТЕҢ БАЙЛАНЫШТАГЫ ТАТААЛ СҮЙЛӨМДҮ5-КЛАССТА ОКУТУУ

САБАК – БЇТПЄГЄН ПРОЦЕСС

Page 85: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

85Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

нин программасынын (Бишкек – 2009) негизинде «Татаал сүйлөм» 5-класста (1-чейрек) 2 саат; 8-класс-та (2-чейрек) 1 саат; 9-класс-та (3-чейрек) 14 саат; 10-класста (4-чейрек) 2 саат (жалпы 19 саат) кө лөмүндө окутулат.

Төмөндө «Тең байланышта-гы татаал сүйлөм» деген теманы 5-класста окутуу боюнча кыргыз тили сабагынын жөнөкөй моделин сунуштайбыз.

Сабактын темасы: Тең байла-ныштагы татаал сүйлөм

Сабактын максаты:а) билим берүүчүлүк максаты:

Окуучулар татаал сүйлөм боюн-ча билимдерин тереңдетишет. Тең байланыштагы татаал сүйлөм (бай-ламталуу жана байламтасыз) жө-нүндө түшүнүк алышат.

б) өнүктүрүүчүлүк максаты: Тең байланыштагы татаал сүйлөм-дүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөм-дөрдүн байланышуу жолдорун үй-рөнүп, синтаксистик талдоо жүргү-зүүгө машыгышат.

в) тарбия берүүчүлүк: Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр-дүн араларына тыныш белгилер-дин коюлушун жана оозеки кептеги интонациянын сакталышын үйрө-нүшөт. Топтордо иштөөдө бири-би-ринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.

Жогорудагы максаттарга жет-ти деп эсептейбиз, эгерде окуучу…

а) татаал сүйлөм жөнүндөгү би-лимдерин тереңдете алса, тең бай-

ланыштагы татаал сүйлөм, анын байламталуу тең байланыштагы жана байламтасыз тең байланышта-гы түрлөрү жөнүндө түшүнүк алса;

б) тең байланыштагы татаал сүй-лөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүй-лөмдөрдүн байланышуу жолдорун үйрөнүп, синтаксистик талдоо жүр-гүзө алса;

в) тең байланыштагы татаал сүй-лөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүй-лөмдөрдүн араларына тыныш бел-гилеринин коюлушун жана оозеки кептеги интонациянын сакталышын билсе. Топтордо иштөөдө бири-би-ринин оюн угуп, өз ара сыйлашса.

Сабактын тиби: Жаңы билим-ди берүү сабагы.

Сабактын жабдылышы: ди-дактикалык карточкалар, «Тең бай-ланыштагы татаал сүйлөм» деген таблица, проектор, слайддар, ват-ман, маркер

Сабактын методу: проблема-лык метод

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу 2. Үйгө берилген тапшырма-

ны текшерип, өтүлгөн теманы кайталоо.

(Кайталоодо окуучулар 3 топко бөлүнүп, ар бир топко төмөнкүдөй дидактикалык карточкалар тараты-лат)

1- Топко: 1. Татаал сүйлөмдөр-гө мисалдар келтиргиле жана эмне үчүн алардын татаал экендигин тү-шүндүргүлө. 2. Берилген сүйлөмгө сүйлөм мүчөлөрү боюнча оозеки талдоо жүргүзгүлө жана маанисин

Page 86: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

86 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

түшүндүргүлө: Калп карматат, чындык жетет, ошондуктан чын-дык күлүк (макал).

2- Топко: Татаал сүйлөм деп эмнени айтабыз? 2. Берилген сүй-лөмдөрдүн кайсынысы татаал жана кайсынысы жөнөкөй экендигин тү-шүндүргүлө: Жагымдуу, сүйкүм-дүү адамды ким жакшы көрбөсүн. Ал таланты, чынчылдыгы, билими менен айырмаланып турат. Эмгек ден соолукка жеткирет, жалкоолук жанды кемирет.

3- Топко: Маанисине карап, та-таал сүйлөмдөр түзгүлө жана алар-дын эмне үчүн татаал сүйлөм экен-дигин түшүндүргүлө:

Күн ачык болгондуктан, …Мугалим класска кирди да, …Топтор өз алдынча иштеп жат-

канда, мугалим доскага төмөнкү-дөй сүйлөм жазат: Аскердеги агалар катты атамдын наамына жибе-ришчү, почточу болсо аны апамдын колуна тапшырат. (Ч.Айтматов).

Ар бир топтон окуучулар чы-гып, карточка боюнча жоопторун беришет. Кемчиликтери толукталат. Мүмкүн болушунча, ар бир топтон бир гана окуучу эмес, 3-4төн жооп бергендей болуу керек. Ошондон кийин доскадагы сүйлөмдү окуп, кимдин кайсыл чыгармасынан алынгандыгын аныктап, анан татаал сүйлөмдөрдө кандай тыныш белги коюлары, оозеки кепте болсо ошол белги коюлган жерде тыным (пау-за) болору түшүндүрүлүп, интона-цияны сактап да, сактабай да окуп көрүшөт. Кандай окуганда, кептин түшүнүктүү да, уккулуктуу да боло-рун аныкташат.

Жаңы тема: Тең байланышта-гы татаал сүйлөм

Тең байланыштагы татаал сүй-лөмдөр өз ара тең байланыштагы, бирдей даражадагы, эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөрдөн тү-зүлөт. Ар бир жөнөкөй сүйлөм би-ри-бирине баш ийбейт, баяндалып жаткан ойду так бүтүрө айтат. Ми-салы: Билимдүү билимине ишенет, билимсиз түшүнө ишенет. Бул тең байланыштагы татаал сүйлөм, се-беби тутумундагы эки жөнөкөй сүйлөм өз алдынча жеке туруп, аякталган ойду туюндурат. Ал жө-нөкөй сүйлөмдүн ар бирин өз ал-дынча колдонууга да болот. Де-мек, алар өз ара тең укукта, бири-бирине багынбай турушат. Мына ушундай сүйлөмдөрдү тең байла-ныштагы татаал сүйлөмдөр деп айтабыз. Мындай сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара байламталар аркылуу жана байламтасыз байланышат. Мына ушул өзгөчөлүккө ылайык тең бай-ланыштагы татаал сүйлөмдөр эки-ге бөлүнөт (слайддык материалдар сунушталат).

1-слайд:

Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр төмөнкүдөй бай-ламталар аркылуу байланышат:

Байламталуутең

байланыштагы татаал сүйлөм

Тең байланыштагы татаал сүйлөм

Байламтасыз тең

байланыштагы татаал сүйлөм

Page 87: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

87Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

2-слайд:да, дагы өзүнөн мурунку сүй-

лөмгө тиешелүү болуп айтылган-дыктан, үтүр белгиси бул бай-ламталардан кийин коюлат: Жа-ңылыштык калкып үстүнө чыгат да, көзгө дароо урунат.

3-слайд:бирок, ал эми, анткени, же

болбосо байламталары менен бай-ланышканда, үтүр бул байламта-лардан кийин коюлат, себеби бул байламталар өзүнөн кийинки сүйлөмгө тиешелүү: Эсимде жок деп баары айтат, ал эми акылым жок деп ким айтат. Миңдеген дарт бар, бирок дарт деген сөз жалгыз.

4-слайд:жана, менен байламталары-

нан кийин да, мурун да үтүр бел-гиси коюлбайт: Абдан кыйын эки нерсе бар: алар айтылуучу жерде айтылбай калган сөз жана ай-тылбас жерде айтылып кеткен сөз болот.

5-слайд:Байламтасыз тең байланышта-

гы татаал сүйлөмдөрдүн тутумун-дагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара бири-бири менен интонация аркы-луу байланышат. Демек, бул жерде эч кандай байламта колдонулбайт. Мисалы: Жер болгон жерде өмүр бар, суу болгон жерде байлык бар. Жакшы уул элине баш болот, жа-ман уул элине кас болот.

Окуу китебиндеги көнүгүүлөрдү иштөө:

Сабактын кийинки бөлүгүндө окуучулар топторго бөлүнүп, тө-мөнкүдөй өз алдынча иштер жүргү-зүшөт:

1-топ үчүн: - Тең байланыштагы татаал сүйлөмгө кластер түзгүлө.

2-топ үчүн: - Окуп, маанисин айтып бергиле. Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара бири-бири менен кандайча байланышты жана тыныш белги-леринин коюлушун түшүндүргүлө: Эки тоо көрүшпөйт, эки адам кө-рүшөт. Мен аз биллем, бирок көп-тү билүүгө аракет кылам. Барды жоготуп коюш оңой, ал эми жок-тон бар кылыш кыйын. Душманың-ды кечире бил, бирок анын душман экендигин эсиңден чыгарба.

3-топ үчүн: Текстти окуп, тие-шелүү тыныш белгилерин койгула. Татаал сүйлөмдүн кайсы түрү эке-нин аныктагыла. Шамал катуулады да бороондун улуп-уңшуганы күчөдү. Дөбөлөрдүн башына, түз жерлер-дин бетине кар жукпай учту, ал эми арыктар карга толду. Жылкыларды айдап имерүүгө Аким аракеттенди бирок минген жээрде кашкасы бас-пады. Тоонун башын булут чалды ошондуктан кокту-колот, жылга-жыбытты туман басты.

Топтор өз алдынча иштеп жат-канда, мугалим доскада төмөнкү-дөй сүйлөмдөрдү жазат: Дүйнөнүн шамы – билим, жашоонун шамы – эмгек. Балыкчылар ак чардакты жакшы көрүшөт, себеби алар чы-ныгы барометрлердин ролун атка-

Page 88: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

88 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

рышат. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт.

Ар бир топтон лидер чыгып, тапшырмалардын аткарылышын түшүндүрүшөт. Тең байланышта-гы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн араларына коюлуучу тыныш белгилерди жана оозеки кепте ошол белги коюлган жерде тыным (пауза) жасап, туура окууга көнүгүшөт.

Сабактын кийинки бөлүгүндө ар бир топтон окуучулар чыгып, доска-дагы сүйлөмдөргө сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзүп, баш жана айкындооч мүчөлөрүн аныкташат.

Жалпы класс байламталуу жана байламтасыз тең байланыштагы та-таал сүйлөмгө Венндин диаграмма-сын түзүшөт

Жыйынтыктап айтканда, сабак-ка берилген кыска убакыт ичинде окуучуларга окуу программасында татаал сүйлөм боюнча маалымат гана берип, аны көнүгүүлөр менен

Байламталуу тең байла ныштагы татаал сүйлөм

Байлам тасыз тең байла байла ныштагы тат.сүйлөм

курулай гана бышыктап койбостон, окуучулардын өзүнө байкалбаган жөндөмдүүлүктөрүн алып чыгууга жана өркүндөтүүгө, сезимдерин өстүрүүгө, эл-жеринин мекенчили болууга, мыкты сапаттарга тарбия-лануусуна жетишибиз керек. Тагы-раак айтканда, окуу китебиндеги көнүгүүлөр менен гана чектелбей, ар тараптуу, окуучуларды ойлон-дуруучу, чыгармачыл, демилгелүү иш-аракеттер ар бир сабактын эф-фективдүүлүгүн арттырат. Ошон-дуктан окуучулар менен аткары-луучу өз алдынча тапшырмаларга айрыкча көңүл буруубуз зарыл деп ойлойбуз.

Page 89: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

89Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Бул сабак мурдараак басылып чыккан сериялык сабактын үчүнчү-сү. Мында окуучуларга сан атоочту колдонуунун кенен чөйрөсү көрсө-түлүп, аны сүйлөө кебинде туура колдонууну үйрөтүп, сан атоочтун түзүлүшү, түрлөрү, туура жазылы-шы оозеки жана жазуу түрүндө кай-таланат. Окуучулар адабий-чыгар-мачылык шыктарын өркүндөтүп, эркин сүйлөө кептерин өнүктүрүп, сан атоочторду туура жөндөөгө, сан атоочторду башка сөз түркүмдөрү-нөн айырмалоого машыгышат. Са-бакта сан атоочтор боюнча текст, 7-8 тапшырма, макал-лакаптар ар-бын колдонулат. Окуучулар жомок-ту андан ары өздөрү улап, кайра жөнөкөй жана татаал сан атоочтор-ду кошуп, жомокту өзгөртүшөт. Са-бактын темасы: а) сабактын кеп-тик темасы: Сан атоочтор жөнүндө жомок б) сабактын грамматикалык темасы: Сан атоочторду кайталоо, бышыктоо Сабактын максатта-ры: Билим берүүчүлүк: окуучу-лар сан атоочторду башка сөз түр-күмдөрүнөн айырмалай билишет, сан атоочторду туура жазып, сабат-туулугу артат. Өркүндөтүүчүлүк: текст аркылуу сөз байлыктары өсөт, аларды оозеки кебинде колдонуп, байланыш кептерин өстүрүшөт,

адабий-чыгармачылык шыктарын өркүндөтүшөт.

Тарбия берүүчүлүк: Ата-Ме-кенди сүйүүгө, боорукерликке, ын-тымакты бийик тутууга, эмгекти сү-йүүгө, сулуулукту баалоого тарбия-ланат.

Сабактын формасы: окуучулар ээ болгон билимди текшерүүчү чы-гармачыл сабак.

Сабактын тиби: аралаш (жуп аралык, топ аралык, коллектив ара-лык).

Сабактын ыкмасы: коммуни-кативдүү.

Сабак аралык байланыш: ма-тематика, орус тили, орус адабияты, тарых, биология, адабият, геогра-фия, табият таануу.

Сабактын жабдылышы: проек-тор, жомок, сүрөт, таблица, макалдар, карточкалар, тапшырмалар

Сабактын жүрүшү1) Уюштуруу: чыгармачыл ти-

биндеги сабактын түзүлүшү. Му-галим психологиялык жагымдуу маанай түзүп, классты уюштурат. Сабактын максаты менен тааныш-тырат.

РАХМАТОВА Гүлмира Насарбековна Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназия

окуу- тарбиялык комплексинде кыргыз тили жана адабият сабагынан мугалими

САБАК ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА

КИРИШ СӨЗ

Page 90: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

90 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

2) Тема боюнча өтүлгөн мате-риалдарды кайталоо, жалпылоо, бышыктоо

3) Жыйынтыктоо4) Окуучулардын билимин ак-

тивдүүлүгүнө жараша баалоо5) Үй тапшырма берүү6) 1.Уюштуруу учуру: – Саламатсыңарбы, балдар?

Маанайыңар кандай? Аба-ырайы кандай? (1-слайд балдардын маана-йын көтөрүүгө арналган) - Келгиле, бири-бирибизди карап, жылмайып коёбуз. Мен силерди, силердин жыл-маюуңарды көргөнүмө абдан куба-нычтамын! Бүгүнкү сабакта баар-лашуудан биз көңүлдүү маанай, ку-баныч алабыз деп ойлойм. (2-слайд. Сабакка көңүл буруп, тынч отура-быз, активдүү катышабыз!)

Бүгүнкү биздин сабактын тема-сы: (3-слайд) Сан атоочторду кайта-лоо, бышыктоо

(4-слайд. Сабактын максаттары.) – Балдар, ар бир адамдын жа-

шоосунда сандар чоң мааниге ээ. Эсеп илгерки заманда эле пайда болгон жана бүгүнкү күнгө чейин биз менен жашап келет. (5-слайд сандар чыгат)

– Анда эмесе, бүгүн канчасы, канчанчы күн? (окуучунун жообу) Дептерге бүгүнкү числону жазабыз.

Бугу айынын жыйырма бириКласстан иштөө Бейшемби2. Тема боюнча өтүлгөн мате-

риалдарды кайталоо, жалпылоо, бышыктоо

– Балдар, кыргыздарда кээ бир сандар өзгөчө, ыйык сан болуп эсептелет. Ырым-жырымдарда, ма-

калдарда, дегеле жашоодо силер-дин оюңарча кайсы сан өзгөчө сан? (окуучулардын жооптору: 7, 40, 5 ж.б.)

– Туура, балдар башка сандарга караганда илгертеден эле 40; 7 де-ген сандары кыргыздар үчүн ыйык, ал сандар менен кыргыздардын тур-мушу тыгыз байланышып, ийгилик-түү деп эсептелип келген. (7-слайд) Кана балдар, анда 40;7 деген сан-дарга токтолобуз. Ушул сандарга байланыштуу кандай макалдарды билесиңер?

Кыздын 40 чачы улуу; Жетинин бири кыдыр; Жетиге чыкканча жер-ден таяк жейсиң; Кызга 40 үйдөн тыюу салынат; Жети өлчөп бир кес; ж.б. (Окуучулар ар бир макалдын маанисин өздөрү кандай түшүнсө, ошондой түшүндүрмө беришет. Кичине бала көп жыгылат; Ишти баштаардан мурда, жакшылап ой-лон; Бата берген 7 кишинин ичинен бирөөнүн батасы тиет; Кыздарды сыйлаш керек; Кыргыздар кыздар-ды жакшы тарбиялышкан ж.б.)

– Туура, азаматсыңар мындан тышкары бул сандар менен эмне-лерди байланыштыра алабыз?

(6-слайддан 7;40 деген сандары менен байланышы бар сөздөр чыгат. Окуучулар өздөрү байланыштыры-шат.) Манас осуят; Туу; Апта күнү; Манас чоро; Касиет; Уруу.

- Балдар кыргыздардын 7 кере-меттүү ыйык касиетин билесиңер-би? (балдардын жообунан кийин 7 -слайд. )

- Балдар, ушул 7 ыйык керемет-тин ар бирине ыр, же макал айтабыз, же жакшы сүйлөм түзөбүз. Мисалы:

Page 91: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

91Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

1. Комуз: Комуздун үч кылы бар. Комуз кыргыз элинин музыка-лык аспабы.

2. Ак калпак: 5-март ак калпак күнү. Ак калпак Ала-Тоого окшош.

3. Боз үй: Кыргыздардын турак-жайы. Биздин ата-бабаларыбыз боз үйдө жашаган.

4. Жылкы: Ат – адамдын кана-ты. Бээнин сүтүнөн кымыз жасалат. Бээнин сүтү пайдалуу. Манастын атынын аты Аккула болгон.

5. «Манас” эпосу: Манас эпосу дүйнөдөгү эң чоң эпос. Манас үч бөлүктөн турат. Манастын 7 осуяты бар. Манастын 40 чоросу болгон.

6. Ала-Тоо: Кыргызстанды Ала-Тоо курчап турат.

7. Ысык-Көл: Ысык-Көл – Кыр-гызстандын бермети. Ысык-Көлдүн суусу көпкөк, туздуу, жылуу. Ысык-Көл кышында тоңбойт.

- Азаматсыңар, балдар, мына бул аталгандын баары биздин мура-сыбыз, биздин тарыхыбыз, биздин жашообуз, кыргыздарды мына ушул 7 кереметсиз элестетүүгө болбойт. Ар бириңер жаккан 1 сүйлөмдү деп-териңерге жазып алгыла.

•Сан атоочтун эрежелерин, түр-лөрүн таблица аркылуу кайталоо (8; 9;10; 11; 12; 13; 14; 15; 17-слайддар)

- Сан атооч деген эмне? Ал кан-дай суроолорго жооп берет? Анын канча түрү бар? деген сыяктуу су-роолорго окуучулар жооп беришет. Сан атоочтун ар бир түрүнө сүрөт-төр боюнча мисал келтирилет.

- Эми балдар, жаңы сөздөрдү өздөштүрөбүз, бул сөздөр биздин кийинки сан атоочтор жөнүндө жо-могубузда кездешет.

Жаңы сөздөрдү өздөштүрөбүз: (18-слайд) кайраттуу алты уулу – шестеро му-жественных сыновей пайдаңар тийсин – будьте полезны-мисаякатка чыккыла – идите путе-шествовать сапарга узатат – проводил в путькөргөн-билген киши жок – никто не знает издөөнү чечишет – решили искатьэсептеп чыгат – посчитал Чүй аймагы – Чуйская территория Бурана мунарасы – башня Бурана

Сөздүктөгү сөздөрдү окуп, таа-нышкандан кийин, карточкалар та-ратылып берилет. Анда сөздөр орун алмаштырылып коюлат, окуучулар тууралап бириктиришет. (19-слайд. Мисалы: кайраттуу алты уулу - ре-шили искать)

а) Угуп түшүнүү (жомоктун текстти окулуп, 20дан 25ке чейин-ки слайддардан жомоктун мааниси боюнча сүрөттөр көрүнөт).

Илгери-илгери бийик-бийик тоолордун арасында аябай бай Сан атооч деген адам жашаптыр. Анын күчтүү, акылдуу, кайраттуу алты уулу болуптур. Сан атооч карыя уул-дарынын чоңоюп калганын көрүп: «Эми балдарым, элге пайдаңар тий-син, алыскы жолго саякатка чыккы-ла», - дейт да балдарын алыскы са-парга узатат. Узак жол эр жигиттин сапатын сынайт эмеспи. Алар жолго чыгары менен бир карыган абышка-кемпирге жолугушат. Алар ыйлап олтурушкан болот. “Жалгыз кызы-быз жоголуп кетти. Көргөн-билген

Page 92: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

92 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

киши жок. Эмне кылабыз эми?” - деп ыйлашат. Муну уккан алты бир тууган кызды издөөнү чечишет. Бир туугандардын улуусу Эсептик сан кыздын жок болгон убактысын эсептеп: «Үчкө бөлүнүп издейли»-, дейт. Баары макул болушуп, жөнөп кетишет. Эсептик сан менен Бөлчөк сан түндүккө, Иреттик сан менен Чамалама сан түштүккө, Топ сан менен Жамдама сан чыгышка бет алышат. Жөнөөрдүн алдында: «Үч күндөн кийин Чүй аймагынан алыс эмес жерде жайгашкан Бурана му-нарасынан жолугабыз» - деп чечи-шет. Ошентип жигиттер жолго чы-гышты. Жолдо алар көп окуяга туш болушат ..............

(төмөнкү тапшырмалардан ки-йин окуучулар жомоктун аягын улантышат)

б) 1. Төмөнкү сөздөрдүн кимге таандык экенин бириктиргиле. (окуучуларга кийинки үч тапшырма боюнча бирден барак таратылат. 3 мүн.)

1. Сан атооч а Үчкө бөлүнүп издейли.

2. Кемпир-чал б Алыскы жолго саякатка чыккыла.

3. Иреттик сан в

Үч күндөн кийин Бурана мунарасынан жолугалы.

4. Уулдардын бирөө г Жалгыз кызыбыз

жоголуп кетти.

2. Төмөнкү сүйлөмдөрдүн тексттеги иретин белгилегиле.

( __ ) Жолдо алар көп окуяга туш болушат.

( __ ) Алар жолго чыгары менен бир карыган абышка-кемпирге жо-лугушат.

( __ ) Үч күндөн кийин Бурана мунарасынан жолугалы.

( __ ) Анын күчтүү, акылдуу алты уулу болот.

( __ ) Сан атооч карыя уулдарын саякатка узатат.

3. Төмөнкү сөздөрдүн сино-нимдерин жазгыла

1. жалгыз – 2. түштүк – 3. абышка-кемпир – 4. түндүк – 5. убакыт – в) Класс үч топко бөлүнөт:

1-Эсептик сан, Бөлчөк сан; 2-Ирет-тик сан, Чамалама сан; 3-Топ сан, Жамдама сан.

1. Кызды ким уурдап кетти?2. Аны кайда алып кетти?3. Кызды кайда катып койду?4. Бир туугандар кызды кантип

куткарышты?5. Анан эмне болду?Ар бир топ сан атоочторду кол-

донуп, сүрөттөр боюнча жогорку суроолорго жооп беришип, жомок-ту андан ары кластер түзүү аркылуу улантышат. (3 мүн. кийин ар бир топ өз варианттарын окуп беришет. 29-слайд).

- Балдар, жомок жактыбы? (30-слайд)

- Силер кандай кыйынчылыктар-га туш болдуңар?

- Кайсы топтун жомогу кайгы-луу аяктады?

1 мүнөттүк тыныгуу (31-слайд.) (Физминутка)

3. Жыйынтыктоо - Кыргыз тили сабагы адатта

канча убакытка созулат? Ал эми биз бүгүн 45 мүнөттүн ичинде 7 сабакка

Page 93: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

93Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

саякатка барабыз. Балдар, сандар-дын ханышасы – бул кайсы сабак? Математика. Сыйкырдуу сандар силердин математика боюнча били-миңерди билгиси келет. (32-слайд) 1 окуучу туруп, карточкадан

окуйт, калгандары бирден чыгып доскага жазат.

«37 деген сандын эң сонун касиет-тери бар: эгерде аны 3,6,9,12,15,18 ге көбөйтсө, анда кызыктуу тизме пай-да болот: 111,222, 333, 444, 555, 666» 1-тапшырма: жогорку эсепти сандар менен жазып чыккыла.

(33-слайд) 37х3=111 37х6=222 37х9=33337х12=444 37х15=555 37х18=666

2-тапшырма: карточкалар тара-тылып, андагы бөлчөк сандарды сөз менен окушат.

коңгуроонун үнү математика сабагы аяктады.Кайсы сабакта даталар сүй-

лөйт? Тарых (34-слайд) - Кыргызстанда кайсы күндө-

рү кандай майрамдар майрамдалат? (окуучулардын жооптору)

«Улуу Ата-Мекендик согуш 1939-жылы 1-сентябрда баштал-ган. 1945-жылы 9-майда СССРдин аскерлери жеңишке ээ болушту. »

тапшырма: кара менен басыл-ган сөздөр кайсы жөндөмөдө турат? (жатыш)

коңгуроонун үнү “Сыйкырдуу сандар секирет”

оюну. (35-слайд)тапшырма: макалдардын бош

жерлерине сандарды коюп, толук-тагыла: Колдонулуучу сандар: 1; 5;7;70;1000;

1. Жигитке… өнөр аздык кылат.2. ... өлчөп, … кес.3. ... уккандан, … көргөн.4. Айдаганы ... эчки, Ышкырыгы таш жарат.5. Бардыгы .... үчүн, .... бардыгы

үчүн.коңгуроонун үнү Адабият са-

багы аяктады. тапшырма: “Котормочулар

оюну”: (36-слайд. Орусчадан кыр-гызчага бат-бат которобуз)

«Два капитана», «Три поросён-ка», «Трое из Простоквашино», « Двенадцать стульев», «Пятнадцати-летний капитан», «Семь подземных королей»

коңгуроонун үнү орус адабия-ты аяктадыБалдардын эске тутуусун

текшеребиз. 2 окуучу өйдө ту-руп, диалогду кезектешип окушат: (37-слайд)- Эмне үчүн Ысык-Көлдү Тянь-Шан-дын жүрөгү дешет?- Анткени, көл тоонун ортосунда, 1607 метр бийик-тикте жайгашкан.- Көлдүн аянты канча?- 6000 километрден ашуун.- Жазылыгычы?- Жазылыгы – 60, узундугу – 178 ки-лометр.- А тереңдигичи?- Тереңдиги 668 метр.- Ысык-Көл биздин сыймыгыбыз!

- Почему Иссык-Куль называют сердцем Тянь-Шаня?- Потому что озе-ро находится сре-ди гор, на высоте 1607 метров.- Какова площадь озера?- Более 6000 квадратных кило-метров.- А ширина?- Ширина – 60 км, длина – 178 км.- А глубина?- Глубина – 668 метров.- Иссык-Куль – наша гордость!

Page 94: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

94 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

тапшырма: кыргыз тилиндеги диалогду жаап коюп, орус тилинен кыргыз тилине которушат. (38 -сл.)

коңгуроонун үнү Силердин ою-ңарча, диалогдун мааниси кайсы са-бакка жакын? География.(39-слайд) Сүйлөмдөрдөгү

сан атоочторго тиешелүү мүчөлөр-дү улагыла:

1. Жер шарында четиндин (ря-бина) сексен.. жакын түрү кездешет. (сексенге)

2. Карагай (ель) беш жүз... ашык жыл жашайт. (беш жүздөн)

3. Чоң бышкан жүгөрү бир сут-када сегиз жүз.. жакын грамм сууну бууга айлантат. (сегиз жүзгө)

5. Азыркы убакта өлкөдө ак ил-бирстин (снежный барс) саны төрт жүз.. ашпайт. (төрт жүздөн)

(40-слайд. ак илбирстин сүрөт-төрү жана Бишкек ш. эмблемасы)

-Балдар, акыркы сүйлөмдөгү ак илбирстер жөнүндө эмне билеси-ңер? -Кыргызстанда ак илбирстер азайып баратат. Алар кызыл китеп-ке киргизилген. Бул абдан кооз, тез чуркаган жапайы жаныбар. Анын сүрөтү Бишкек шаарынын эмблема-сына тартылган.

- Туура балдар, биз Бишкек шаа-рынын тургундары болгондуктан муну билишибиз керек.

коңгуроонун үнү Жаныбарлар жана өсүмдүктөр жөнүндө кайсы сабактан окушат? Биология. Балдар, биз алты сабакка сая-

каттап келдик. Акыркы 7-сабак кай-сы деп ойлойсуңар? Туура, биз си-лер менен сан атоочторду үйрөнүп, өткөн кыргыз тили сабагы.

коңгуроонун үнү - Бүгүн сабакта биз чоң иш ат-

кардык. Сан атоочту мурда окуп, үйрөнсөк да силер өзүңөр үчүн сан атоочту башка жагынан ачып, бил-диңер деп ойлойм, келгиле бүгүн эмнелердин үстүндө иштедик карап көрөбүз. (41-слайд)

Сабактар боюнчасаякаттоо

Жомок

Машыгуу көнүгүүлөрү

7,40 саныМакалдар7 касиет

Кайталоо, бышыктоо

Машыгуукөнүгүүлөрү

-Эми, ар бириңерге эркин мик-рофон берилет, сабакта кимге эмне жакты, ким эмнени үйрөндү, эмне жакпай калды, жаңы эмнени үйрөн-дүңөр, эмне баарынан кызык болго-нун айтып берүү менен сабакты чо-гуу жыйынтыктайбыз. (42-слайд).

Мага ............................. абдан жакты. Мен ........................ жаңы үйрөндүм.Мен ..................................түшүндүм.Мен ................................таң калдым.Мен бүгүн ......................айта алдым.Мен ....................... абдан кызыктым.Мен ................................... каалайм!

4. Окуучулардын билимин ак-тивдүүлүгүнө жараша баалоо.

5. Үй тапшырма: «Эгер сен жо-моктогу карман болсоң эмне кыл-мак элең?» деген суроого дилбаян жазып келгиле.

Сабак жагымдуу музыканын коштоосунда аяктайт. Саламатта баргыла!

Page 95: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

95Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

1. Төмөнкү сөздөрдүн кимге таандык экенин бириктиргиле. (окуучуларга кийинки үч тапшыр-ма боюнча бирден барак таратылат. 3мүн.)

1. Сан атооч а Үчкө бөлүнүп

издейли.

2. Кемпир-чал бАлыскы жолго саякатка чыккыла.

3. Иреттик сан в

Үч күндөн кийин Бурана мунарасынан жолугалы.

4. Уулдардын бирөө г

Жалгыз кызыбыз жоголуп кетти.

2. Төмөнкү сүйлөмдөрдүн тексттеги иретин белгилегиле.

( __ ) Жолдо алар көп окуяга туш болушат.

( __ ) Алар жолго чыгары менен бир карыган абышка-кемпирге жо-лугушат.

( __ ) Үч күндөн кийин Бурана мунарасынан жолугалы.

( __ ) Анын күчтүү, акылдуу алты уулу болот.

( __ ) Сан атооч карыя уулдарын саякатка узатат.

3. Төмөнкү сөздөрдүн сино-нимдерин жазгыла

1. жалгыз – 2. түштүк – 3. абышка-кемпир – 4. түндүк – 5. убакыт – в) Класс үч топко бөлүнөт:

1-Эсептик сан, Бөлчөк сан; 2-Ирет-тик сан, Чамалама сан; 3-Топ сан, Жамдама сан.

1. Кызды ким уурдап кетти?2. Аны кайда алып кетти?3. Кызды кайда катып койду?4. Бир туугандар кызды кантип

куткарышты?5. Анан эмне болду?Сабакка анализ жүргүзүү.Бишкек шаарындагы №70 мек-

теп - гимназия окуу-тарбиялык комплексинин кыргыз тили жана адабият мугалими Рахматова Гүл-миранын кыргыз тили сабагы боюн-ча 5-класска өтүлгөн “Сан атооч-торду кайталоо, бышыктоо” деген темадагы сабагына анализ берүүсү.

Мен, Рахматова Гүлмира, бүгүн-кү кыргыз тили сабагы үчүн сабакты кайталап, бышыктоо иретинде “Сан атоочторду кайталоо” деген теманы тандап алдым. Бул тема окуу прог-раммасында каралган.

1. Сабактын максаттары боюнча:

Бүгүнкү сабагымды максатына жеткирүүдө окуучуларга түшүн-дүрүү үчүн төмөнкүдөй 3 багытта, башкача айтканда, билим берүүчү-лүк, өнүктүрүүчүлүк, тарбия бе-рүүчүлүк максаттарын туура коюп алууну пландадым.

Билим берүүчүлүк максатында:Окуучулар сабакты кайталоодо

өздөштүрүү билимдерин, билген көндүм ыкмалары аркылуу окуу-чуларга жомок дүйнөсүндөгү каар-мандарды түшүнүп, теманы толук билүүгө үйрөнүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк максатында:Жомоктогу каармандардын мү-

нөздөрү аркылуу балдардын дүйнө таанууга болгон кызыкчылыктарын ойготуп, алардын эмоциясындагы

Page 96: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

96 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

эркиндикти чыгармачылык эргүү менен ой-пикирлерин жаратууга, ойготууга көнүгүшөт.

Тарбия берүүчүлүк макса-тында:

Окуучулар дүйнө таанууга бол-гон кызыгуу жөндөмүн, идеяларын ак ниеттикке, боорукерликке, эм-гекти сүйүүгө, сулуулукту баалоого, ынтымакты бийик тутууга тарбия-ланышат.

2. Сабактын натыйжалуу өтү-лүшү үчүн төмөнкү багыттар ка-ралды:

Сабакка коюлган үч багыттагы максаттардын туура коюлушунан улам, окуучулар сабакты туура тү-шүнүүгө багыт алышат.

Сабактын тиби: аралаш (жуп аралык, топ аралык, коллектив ара-лык);

Сабактын ыкмасы: коммуни-кативдүү проблемалык суроолорду чечип алууга шарт түзүү менен өз алдынча жана топ аралык иштөө;

Сабактын формасы: жалпы класста окутуу, суроо-жооп менен жүргүзүлөт;

Теманын мазмунун ачууда окуу-чуларга туура түшүндүрүү үчүн са-бактын негизги этаптарын сактоого аракеттендим.

Сабагымды баштаарда бүгүн-кү күнгө кайрылып, окуучулардын маанайын ачып алууга, класста кө-ңүлдүү психологиялык жагдай тү-зүүгө аракеттендим. Себеби көңүл-дүү, сергек отурган окуучу сабакты дити менен түшүнүүгө аракеттенет. Мунун натыйжасында өтүлгөн са-багым эффективдүү, убакыт рацио-налдуу колдонулду.

3. Окуудагы сабактын мазму-ну, этаптар менен ачылышы.

Окуучуларга теманы туура, жет-киликтүү түшүндүрүү үчүн “Сан атоочтор” жөнүндө жомокту угузуу жана сүрөт менен тартуулоо үчүн издендим. Бул теманы ачып берүүдө көп эмгектерди окуп, илимий негиз-де изденүүм, окуучулардын сабакты эң жакшы түшүнгөндүгүнө, окуучу-нун билим сапатынын жогорулашы-на алып келет.

Окуучулар жомокту сүрөттөн көргөндө, дүйнөнү таанууга болгон көз караштарын өнүктүрүүгө, “миң уккандан, бир көргөн” сыяктуу, алар уккандарын тасмадан көрүүсү таасирдүү болоруна ынандым.

Мында теория менен практика-нын ортосундагы байланышты чеч-тим. Себеби балдар кулактары менен угуп, сүрөттөн көргөндөрү боюнча ой жүгүртүүгө жакшы катышышты. Тексттеги тапшырмалар алар үчүн абдан кызык болуп, туура, тез атка-рууга аракеттеништи. Окуучуларды топко бөлүп алып иштеткен учурда алар тексттик тапшырмаларды жак-шы чечмелешип, так-таамай сабак-ты өздөштүргөндүгүн байкадым.

Сабакты бышыктоодо окуучулар сан атоочтун маанисине карай бө-лүнүшүндөгү эсептик сан, иреттик сан, топ сан, бөлчөк сан, жамдама сан, чамалама сандардын өзгөчөлүк-төрүн, алардын күнүмдүк жашоодо колдоно турганын суроолорго жооп берүү, сүйлөм түзүү менен беришти.

Ал эми кээ бир сандар ыйык, өз-гөчө сан болорун ырым-жырымдар жана макалдарды айтышып түшүн-дүрүштү.

Page 97: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

97Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Топтук жана жекече мамиле тү-зүүдө ар бир окуучу өз ойлорун “ жети керемет” тапшырмасында ай-тууга аракеттеништи. Бул тапшыр-мада кыргыз элинин жети керемети болгон комуз, ак калпак, жылкы, “Манас” эпосу, Ала-Тоо, Ысык-Көл жөнүндө өз ойлорун так жана туура айтып беришти.

Кыргыз тили сабагындагы сан атоочтор башка сабактарда да чоң мааниге ээ экендигин “коңгуроонун үнү” тапшырмасынан биле алыш-ты. Орус тили, математика, тарых, адабият, география, биология са-бактары менен байланыштыруу ар-кылуу алардын дүйнөнү таанууга, сулуулукка суктанууга, кызыгууга, эмгекти сүйүүгө жана ошондой эле башка сабактарга болгон кызыгуула-рын ойгото алдым. Сан атоочтор күнүмдүк жашообузга абдан керек экендигин башка сабактарга мисал келтирүү аркылуу толук билишти.

Сабактын аягында “Сабакты баалоодо” ар бир окуучуга эркин микрофон берилип, өтүлгөн са-

бак боюнча өз ойлорун эркин айта алышты.

Бүгүнкү сабагымдын негизги мазмунун ачууда окуучулар ме-нен толук иштеп, проблемалуу су-роолорду коюп, изденип отурдум.

Андан кийин үй тапшырмасы-на “Эгер сен жомоктогу каарман болсоң, эмне кылмак элең?” деген суроого дилбаян жазып келүүнү тапшырдым. Себеби сабактагы көр-сөтмө куралдар жандуу жасалгалар менен окуучуларды тынымсыз иш-төөгө тартып, сабактын мазмунун толук түшүнүүгө багыттандырдым.

Сабакты өтүүдө окуучулар ме-нен иштөө, алардын ички дүйнө-сүндөгү кызыгууларын тереңирээк билүүгө, изилдөөгө, туура өздөш-түрүүгө багыт берүү менен иш сти-лимдеги сабагымдын негизги мак-сатына жеттим деп ойлойм.

Класс эмоционалдуу, жандуу, жароокер, дилгир балдар болгон-дуктан, сабагымдын пландаган мак-саттарына жеттим. Көңүл бурган-дыгыңыздар үчүн чоң рахмат!

Page 98: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

98 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын кептик темасы: Күз мезгили

Сабактын грамматикалык те-масы: Этиштин келер чагы

Сабактын максаты:А) Сүрөткө байланыштуу жаңы

сөздөрдүн маанисин түшүнүп, келер чактагы этиш сөздөрдү билишет, өз-дөштүрүшөт. Сөздөрдү өз кебинде туура, так колдонууга жана жазууга үйрөнүшөт

Б) Логикалык ойлоосун, эске тутуусун, сүйлөө кебин өстүрүшөт, түстөрдү ажыратып билүүгө көнү-гүшөт.

В) Тексттин мазмуну аркылуу окуучулар эмгекчилдикке, жараты-лыш байлыктарын коргоого, жара-тылышты сүйүүгө тарбияланышат.

1) Сабактын тиби: таанып-би-лүү сабагы.

2) Сабактын методу: сынчыл ойлоонун стратегиясы, интерактив-дүү метод (кластер).

3) Сабактын формасы: аралаш сабагы

4) Сабактын жабдылышы: түс-түү сүрөттөр, интерактивдүү доска

5) Сабактын жүрүшү:

I. Уюштуруу иши: (3 мүнөт)II. Үй тапшырмасын кайта-

лоо: (5 мүнөт)III. Негизги бөлүм: Жаңы са-

бактын теманын максатын түшүн-дүрүү (10 мүнөт)

*Сынчыл ойломдун кластер ст-ратегиясын колдонуу.

*Чакыруу стадиясы (доскага Күз темасына байланыштуу түстүү сүрөттөр илинет). Балдар, силер доскадагы түстүү сүрөттөрдөн кай-сы түстөрдү көрүп турасыңар, атап бергилечи?

Жооп: ак, кара, көк, жашыл, кы-зыл, кызгылтым, сары, саргыч, кү-рөң жана башка түркүн түстөр.

*Бүгүнкү сабакта сүрөттөр ар-кылуу текст түзөбүз. Балдар, силер ар бириңер өз алдыңарча күз мезги-лине тиешелүү билген сөздөрүңөр-дү ирети менен тизмелеп жазгыла. (5 мүнөт)

*Жазган сөздөрүн жанындагы окуучу менен талкуулап, бири-би-рин текшеришет. Текшерип бүткөн-дөн кийин ар бир окуучу бирден сөз окуйт.

күз келгин куштар кыскарат сары узарат жалбырак кызыл-тазыл бышаткийим жер айларыкүн түшүм бүркөктүн жыйналат берекетамак-аш жаайт эгин-тегинжашыл даярдалат жашылча-жемишсуук мол жаандыйкандар токчулук жылуутөлөшөт тирүү жандыктар жагаткооз абдан бөтөнчөалтын боёлот биз

Чолпон ДЖУКЕШОВА,Бишкек шаарынын № 24 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили

жана адабияты сабагынан мугалими

КҮЗ МЕЗГИЛИ(Кыргыз тили орус мектепте, 4-класс)

Page 99: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

99Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

IV. Түшүнүү стадиясы:1-тапшырмадагы ар бир сөз ме-

нен маанилеш сөздөрдү табуу (бул үчүн 5 мүнөт убакыт бөлүнөт).күз келди түшүм жыйналат жалбырак саргайды жаан жаайткүн кыскарат күз айларыжалбырак түшөт эгин-тегин жыйналаткуштар учуп кетет жылуу кийим мол түшүм жашылча-жемиш бышатбөтөнчө кооз алтын күзбизге жагат жерге төшөлөткам көрүү түркүн түскө боёлот

Тапшырманы аяктаганда окуу-чулар бири-бири менен жазган сөз айкаштарын окуп текшеришет. Ар бир окуучу бирден сөз айкашын окуйт.

V. Ой-жүгүртүү стадиясы:*Балдар биринчи, экинчи тап-

шырманы жакшы аткардыңар. Эми жогорку 1-2 тапшырмадагы сөз ай-каштарын колдонуп текст түзгүлө. Темасын өзүңөр атагыла.

*(Бул тапшырманы аткаруу үчүн 10 мүнөт убакыт берилет.Тапшыр-маны аяктаганда окуучулар жазган

тексттерин тандалмалуу түрдө оку-шат жана келер чактагы этиш сөз-дөрдү аташат.)

Мына, биз көптөн бери күткөн алтын күз да келди. Күз жылдын башка мезгилдеринен бөтөнчө. Жалбырактар саргайып кызыл-та-зыл түскө боёлот. Бышып жетилген жалбырактар жер бетине кооз килем салгандай төшөлөт. Күн кыскарып, түн узара баштайт. Негизгиси, бул мезгилде талаада жумуш көп. Дый-кандар түшүм жыйноо менен алек болот. Аба ырайы суук тартып тез-тез жамгыр жаайт. Келгин куштар жылуу жакка учуп кете баштайт. Адамдар, жаныбарлар кыштын ка-мын көрүшөт. Мөмө-жемиш тегиз бышып,элдин дасторкону толот. Мага күз мезгили абдан жагат.

VI.Баалоо:VII.Үй тапшырма:1. Күз мезгилине карата жазган

сөздөрүңөрдү топтоп, системалаш-тырып, аларды дарак, гүл, таблица түрүндөгү сүрөттөргө жайгашты-руу менен кластер түзгүлө.

2.Күз темасына карата ыр, ма-кал-лакап жаттап келгиле.

Page 100: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

100 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын грамматикалык те масы: Кимдин? Эмненин? илик жөндөмөсүндөгү сөздөр.

Сабактын кептик темасы: Чы-палак бала

Cабактын максаттары:Сабактын билим берүүчүлүк:

”Чыпалак бала” аттуу жомокту угу-шат.

Жомоктун текстинен кимдин? эмненин? деген суроолорго жооп табышат.

Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты: окуучулар сүйлөө кебин өнүктүрөт. Сөздөргө тилдерин жа-тыктырат жана оюн баяндоого үй-рөнөт.

Сабактын тарбия берүүчүлүк максаты: жомоктун мазмуну аркы-луу адилеттүүлүккө, боорукерликке тарбияланышат.

Сабактын тиби: билимдерин бышыктоо

Сабактын методу: интерактив-дүү метод (класстер түзүү)

Сабактын формасы: топ ара-лык иштөө

Сабактын түрү: таймаш саба-гы.

Предмет аралык байланыш: адабият сабагы.

Сабактын жабдылышы: күз мезгилинин ватмандагы сүрөтү, ар түстөгү маркерлер, проектор, инте-рактивдик доска, алтын эреже.

1. Сабактын жүрүшү:1. Уюштуруу учуру: Мугалим

балдар менен жылуу маанайда учу-рашып, окуучулардан аба ырайы тууралуу сурайт. Андан соң доска-дагы алтын эреже менен окуучулар-ды тааныштырып бүгүнкү сабакты топторго бөлүнүп өтүүнү сунуштап, аларга топтун башчыларын шайлайт.

2. Алтын эрежени эстерине салуу. (Доскадагы ватманда алтын эреже жазылган)

1.Башкалардын оюн сыйлоо2.Кол көтөрүү 3.Бири-бирине жардам берүү4.Биргелешип иштөө5.Толлеранттуу болуу6.Убакытты текке кетирбөө7.Уюлдук телефонду өчүрүү3. Үй тапшырманы суроо:1.Балдар мен силерге китептин

51- бетиндеги “күз мезгили” туу-ралуу сүрөткө карата аңгеме түзүп келгиле деп тапшырма бердим эле, түзгөн аңгемеңерди окуп бергилечи. Түзгөн аңгемедеги сүйлөмдөрдүн ичинен кимдин? эмненин? деген су-роого жооп берген сөздөр болдубу?

1-окуучу: Окуучулар колхоздун талаасына жардам берип жатышат.

2-окуучу: Бир окуучу сабиздер-ди унаанын үстүндө жүктөп жатат ж.б

3.Жаңы тема: Ч.Айтматов туу-ралуу кыскача түшүнүк берүү. “Чы-

МЕНДЕЕВА Кыял Женишбековна, Бишкек шаарынын № 70 гимназия-мектебинин кыргыз тили

жана адабияты сабагынан мугалими

ЧЫПАЛАК БАЛА (Кыргыз тили орус мектепте, 4-класс)

Page 101: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

101Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

палак бала” аттуу жомоктун тексти менен таанышуу

Бар экен, жок экен, бир кемпир чалдын бою чыпалактай баласы болгон экен. Чыпалак деген бала чыпалактай эле болгон экен. Аны карышкыр жутуп алыптыр...

Топтун башчыларын шайлоо. Мугалим жомокту көркөм окуп

окуучулардын талкуусуна коердон мурда алардын эки топко бөлүнүп иштөөсүн сунуштап, топтун баш-чыларын жалпы окуучулардын тан-доосуна коюп, шайланган башчы-ларга милдетин түшүндүрөт.

Мугалим окуучулардын туура берилген жоопторуна жараша бир-ден упай берип, аны топ башчыла-рынын эсептөөсүн сунуштайт. Эки топ башчысы бири-биринин упай-ларын эсептейт.

Мугалим окуучуларга жомок боюнча суроолорду берет.

1-суроо: Балдар, эгерде карыш-кыр Чыпалак баланы жебегенде эмне болмок? (Эки топ тең жооп бе-рет)

2-суроо: Жомоктогу каарман-дардын атын атап бергилечи, алар-дын ичинен силерге кайсы каарман жакты ?

3-суроо:Бул сүйлөмдөрдө ким-дин? эмненин? деген суроолорго жооп берген сөздөр барбы?

Мугалим туура берилген жооп-торго упай берүү менен, окуучулар-га жомоктогу каармандардын сүрөт-төрүн, проектор аркылуу көрсөтөт

Эс алуу мөөнөтү: ”Ким көп би-лет” оюну. Бул оюнга мугалим орус тилдүү окуучуларды чакырат. Ар бир топтон доскага чыккан окуучу

бир идиштеги буурчактарды баш-ка бош идишке салуу менен билген сөздөрүн атайт. Мугалим жомокто-гу кезиккен илик жөндөмөсүндөгү сөздөрдү көбүрөөк атоону сунуш-тап ким көп атаса ошол топко көп упай берет.

Кластер түзүү.Эки топ тең класстер түзүшөт.1-топ гүлдүн сүрөтүн тартат,

2-топ жылдыздын сүрөтүн тартат.Кластерге презентация: эки

топтон эки окуучу чыгып презента-ция жасашат, жазгандарын түшүн-дүрүп беришет.

Сөзмөр абышка-кемпирдин баласы Чынчыл

Боорукер Тапкыч

Адилет амалкөй

Көптөгөн чыгармалардын ээси.

Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан Кыргыз элинин сыймыгы

Акылман Улуу жазуучу

Бышыктоо: Сүрөт тартуу. Эки топтон эки окуучу чыгып чыгарма боюнча сүрөт тартышат. Тарткан сү-рөттөрүн тема боюнча түшүндүрүп беришет жана илик жөндөмөсүндө-гү сөздөргө басым жасап кайтала-шат.

Чыпалак бала

Чынгыз Айтматов

Page 102: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

102 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Мугалим: Демек балдар чыпа-лак бала абдан акылдуу бала экен да, жомок дагы абдан жакшы жомок экен.

Үйгө тапшырма :1. Бул чыгармадагы оң жана терс

каармандарды экиге бөлүп жаттап келүү.

2. Илик жөндөмөсүндө турган сөз айкаштарынан 5 сүйлөм түзүп келүү.

Билимдерин баалоо. Мугалим активдүү катышкан окуучуларга та-

тыктуу бааларды коет. Эки топтун башчылары чогулган баллдарды эсептеп жыйынтыгын айтат,

1-орунга чыккан топко кызыл жылдызча ыйгарып, аны топтун башчысына ыйгарат.

2-орунга чыккан топко көк жыл-дызча ыйгарып, аны топ башчысы-на тапшырат.

Мугалим: Биринчи орунга чык-кан топтун окуучуларын куттуктап, сабакка жигердүү катышканы үчүн ыраазычылыгын билдирип окуучу-лар менен коштошот.

Page 103: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

103Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Тема: Мирбек Атабеков "Кыргызстаным"

Грамматикалык тема: Этиш-тин "-ба" мүчөсү

Сабактын түрү: Обондуу ыр-дын тексти менен иштөөдөгү чыгар-мачылык сабак

Сабактын максаттары:1. Сүйлөө компетенттүүлү-

гү. Кыргызстан жөнүндө билгенин айта алат. Ырда берилген маалымат жөнүндө билдире алат, суроолорго жооп берет, суроо түзө алат. Ата Ме-кенге болгон сүйүү жөнүндө лекси-калардын маанисин түшүнүп, бай-ланыштуу кебин өстүрө алат.

2. Угуу компетенттүүлүгү. Ырды мааниси боюнча өз оюн айта алат, обондуу ырды угуп ырдайт.

3. Окуу компетенттүүлүгү. Ырды кырааты менен окуйт, кото-рот, жаңы сөздөр менен сүйлөм тү-зөт.

4. Жазуу компетенттүүлүгү. Берилген сөздөр менен сүйлөм түзө алат, көп чекиттин ордуна ылайык келген сөздү коёт. Кыргызстан жө-нүндө эссе жаза алат, слайд-шоу түзө алат.

5. Тил компетенттүүлүгү. Жө-нөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү түзө алат, темага байланыштуу эре-

желерди этиштин терс формасын туюндуруучу "-ба" мүчөсүн колдо-но алат.

Көрсөткүчтөр:Эгерде окуучу төмөнкүлөрдү

билсе, жогоруда аталган максат-тарга жете алат:

– Ырда берилген Кыргызстан жөнүндө маалыматты билдире алса, суроолорго жооп бере алса, су-роолорду түзө алса, жаңы сөздөрдү түшүнүп, сүйлөм түзө алса, сөздөр-дү өз кебинде колдоно алса.

– Топ менен иштеп ырды кото-ро алса, жөнөкөй жана татаал сүй-лөмдөрдү түзө алса, темага байла-ныштуу эрежелерди "Этиштин -ба мүчөсү" колдоно алса, көйгөйлүү суроолорду түзүп жооп бере алса.

– Кыргызстан – туулуп өскөн жери жөнүндө макал-лакаптарды билип маанисин түшүндүрө алса, ыр аркылуу көркөм сөз байлыгын кө-бөйтсө, Мекенибиздин баалуулук-тарын билсе, өз мекени менен сый-мыктануу сезими пайда болсо

Сабактын ресурстары: кеп үл-гүлөрү, сөздүк, сүрөттөр, баалоо экраны, баалоо баракчасы, окуу ки-тептери, иш дептери.

Сабактын жүрүшү (мүнөттөр менен чектелген)

ЭШПАЕВА Гүлайым КалыевнаБишкек шаарынын № 28 мектеп-лицейинин кыргыз тили жана

адабияты сабагынын мугалими

“КЫРГЫЗСТАНЫМ” ЫРЫНЫН ТЕКСТИМЕНЕН ИШТӨӨ

Page 104: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

104 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

1. Уюштуруу мүнөтү – 2 мүнөт. Классты 3 топко бөлүү.Ар бир окуучуга түстүү баракчалар берилет. Баракчаларга ар бири өзүнө каалоо жазат. Ми-салы:"Мен өзүмө чың ден соолук, бакыт, окуудагы ийгиликтерди каалайм." ж.б.у с. (музыкалык коштоо менен жүргүзүлөт). Жазылган барак-чаларды жанында отурган окуучу менен алма-шышат.Мугалимдин суроосу:– Мындан кандай жы-йынтык чыгарсак болот?Жооп: "Өзүңө эмне кааласаң, башкага да ошо-ну тиле."-Бул макалды дагы кайсы тилде уктуңар эле?– Эмне үчүн биз ар улуттан болсок дагы ма-калдарыбыз окшош?Каалоолор жазылган баракчаларды Кыргыз-стандын картасына чаптап коюшат.Кыргызстанда жашаган ар улуттардын жаран-дарына өз каалоолорубузду тартуулайбыз.

Калыптандыруучу баалоо:

Окуучулардын каалоолорун окуу.Кеп үлгүлөрү менен иштөө."Мен бакыт, ынтымак, ..., ..., ... каа-лайм. ж.б.у.с.

2. Үй тапшырмасын текшерүү---------– 4м.Туулган жер жөнүндө макал–-акаптарды таап ребус түзүп келүү.

Тапшырмага 3-5 упай берилет.Ар бир топ өз үй ишин көрсөтүшөт."Туулган жерим – алтын бешигим" "Туулган жердин топурагы – алтын"

3.

4.

Жаңы тема: Ыр "Кыргызстаным" 80-бет, 51-көнүгүү – 3 мүнөт.Ыр уктурулат.Мугалимдин текстке карата суроосу: – 1м.-Ырга көңүл бургула, ушул ыр жөнүндө эмне билдиңер?– Бул ырды ким ырдап жатат?– Ыр эмне жөнүндө экен?

Ар бир жоопко 1 упай берилет.

5. Ыр боюнча иштөө – 5 мүнөт.– 3 топко 3 куплетти бөлүп берүү:Тапшырма:Өз алдынча окуп чыккыла, маанисин

түшүнгүлө, тапшырмаларды аткаргыла.а) Ырдын сөздөрүн уңгуларга ажыраткыла.– Тааныш сөздөрдү жазгыла.– Тааныш эмес сөздөрдүн маанисин

бири-бириңерден аныктагыла.– Мааниси аныкталбаган сөздүн

которулуш эквивалентин сөздүктөн издегиле. -Берилген сөздөр менен өз алдынча

сүйлөм түзгүлө. Этиштин -ба мүчөсүн улагыла.

Мисалы: бөлүн – бөлүнбө, кет – кетпе,– Ырда эмне жөнүндө айтылат? Оюңарды

ортого салгыла.

Сөздүк боюнча ар бир түзүлгөн сүйлөмгө 1 упай берилет.

(Тааныш эмес жаңы сөздөрдүн котормосун тактага жазып коюш керек.)

Ар бир топ жаңы сөздөр менен сүйлөм түзүшөт.

Page 105: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

105Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

6.

7.8.

9.

Ырды кырааты менен көркөм окуу. (топ менен иштөө) – 3 м.Ырды которуу. – 5 м.Суроого жооп – (топтор бири-бирине суроо беришет – 1 м.-Ыр эмне жөнүндө ырдалды?-Ыр саптарында акындын берейин деген идея-сы эмнеде?– "Биримдүү элбиз, бөлүнбө себепсиз" деген саптын маанисин түшүндүрүп бергиле. Бош орундарга ылайыктуу сөздөрдү жазгы-ла.1. Кылымдардан келген, ... ... ... Кыргыз элдин ...2. Кылымдарга ... ... келемин. Жүрөгүмө ... ... келемин.3. Бейиштин ... , ... көзүндөй, Берекелүү ... – ... !

Ар бир топ ырды которуп, көркөм оку-шат, суроолорго жооп беришет. Кезек-тешип чыгышат. Кайсы топ биринчи чыкса кошумча 1 упай алат.Көркөм окууга – 3 упайЫрды которууга – 3 упайСуроого жооп берүүгө – 1 упайБош орундуктарды толтурууга – 2 упай

10. 1) Угуу (аудирование) – 2 м.2) угуу– баары ырдашат. – 2 м.3) Бир куплеттен ар бир топ ырдайт – 3 м.4) Баары ырдашат. – 2 м.

"Эң мыкты ырчы" сынагы.Кайсы топ эң жакшы ырдаса – 5 упай алат.

11.

12.

Жыйынтыктоо. – 5 м.Бүгүнкү сабакта эмнелерди үйрөндүк?Баалоо баракчалары боюнча ар бир топ өздө-рүнүн окуучуларын аныктап баалашат. Башка топ баалоонутактап, негиздеп каталарын айтып баалоого макулдугун билгизишет.Үйгө тапшырма берүү: – 1м.1.Темасы жана идеясы үндөшкөн жагынан башка акындардын туулган жер жөнүндө чы-гармаларын таап келгиле.2. Эмне үчүн ар улуттун акындар мааниси жа-гынан бирдей ыр жаратышат?3. "Биримдүү элбиз" деген темага сүрөт тар-тып келгиле.Баалоо– 3м.

Баалоо экранына аныкталган, так-талган баа коюлат.

Сабактын башталышынан бери санал-ган упайлар боюнча кайсы топ жеңге-ни аныкталат.

Ырдын тексти менен иштөөнүн ыкмасы.1. 3 топко бөлүп, суроо бериш керек:• Бул ыр эмне жөнүндө экен?• Силер бул ыр жөнүндө эмне билдиңер?• Ырды өз алдынча окуп чыгуу ( 2-3 топко ырды бөлүп бериш керек)• сөздүк менен иштөө• көп чекиттин ордуна ылайык келген сөздү койгула• топто ырдын мазмунун талкуулоо• текстти которууТоп аралык иштер: • ырды кырааты менен көркөм окуу• которуу

Page 106: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

106 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

• чыгарманы түшүнүп, ырдын темасын жана идеясын ачып берүү• жалпы суроолорго жооп берүү• кезектешип обондуу ырды ырдоо

№1 Тиркеме Өзүн-өзү баалооӨзүн-өзү баалоодо окуучу кетирген каталарын байкайт, аларды жоюунун

жолдорун аныктай баштайт. Окуучуда каталарын табуу, өз алдынча иштөө, өзүн-өзү баалоо ыкмалары калыптанат. Окуучунун өзүн-өзү баалоо крите-рийлерге карата баалоо негизделүү менен ар бир сабактын жыйынтыктоочу этаптарында төмөндөгү суроолорго таянуу менен ишке ашырылат.

1. Тема боюнча суроолорго жооп бердим

канааттанды-раарлык эмес

жакшы+

эң жакшы

2. Текст боюнча сүйлөп бердим +3. Тема боюнча менин билгеним Аз көп + эң көп4. Топ аралык иштөөдөгү жетишкеним ийгиликтүү эмес ийгиликтүү

+эң жакшы

5. Эмне билишим керек?

Баалоо баракчасы.

№ Окуучунун аты-жөнү

Тема "Кыр-гыз-

таным"

Суроого жооп

берүүсү

Суроо берүү-

сү

Тапшыр-маны

аткаруусу

Грамма-тика"-ба"

мүчөсүн туура

колдонуусу

Жалпыбаасы

1. Казанцева Арина

4 2 3 4 4 17-"3"

2. Марлис уулу Марсель

5 2 4 5 5 21-"4"

3. Третьяков С 5 3 3 5 4 20-"4"4. Даулеткельды к.

Азалья5 3 3 5 5 21-"4"

5. Урматбек уулу Султан

5 4 5 5 5 24-"5"

6. Эсентур уулу Нурадил

5 4 5 5 5 24-"5"

7. Ыбраева Адел 5 5 5 5 5 25-"5"

Page 107: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

107Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Ар бир аталган иштер боюнча "1–5" чейин баа коюлат. Ошондо жалпы баасын кошкондо:

24 – 25 = "5" 15 – 19 = "3"20 – 23 = "4" 14 тен ылдый болсо

-"2" деген баа алган болот.

Окуучулардын бири-бирин баалоо критерийлерине карата баа-лоо негизделүү менен ар бир сабак-тын жыйынтыктоочу этаптарында төмөнкү суроолорго таянуу менен ишке ашырылат:

• сабакта жетишкен ийгиликте-риң жана кемчиликтериң?

• өзүңө эмнени каалайсың?• классташтарыңа эмнени каа-

лайсың?• сабак процессинде кандай кы-

йынчылыктар кездешти?• эң кызыктуу эмне болду?• эмнелерди жакшы билип ал-

дың?• иш процессинде эмнелерди

үйрөндүң?• эмнелер жакты, эмнелер жак-

кан жок?• сабак процессинде тема

боюнча сенин сунушуң?

№2 тиркеме. Окуучулар өз пикиринде төмөн-

дөгү айтымдарды колдонуусу за-

рыл. Бул таяныч айтымдар тактага жазылып турушу керек.

+ Макул болуу (согласие)Мен макулмун, себеби... – Я согласен, потому что...Каршы эмесмин, анткени... – Не возражаю, так как...Жан дилим менен – С удовольствиемМакулдаштык – ДоговорилисьМен сенин оюңа кошулам! – Я согласен с тобой!Жакшы – ХорошоТуура – ПравильноКаталары жок болду – Ошибок нет

– Каршы болуу (не согласие)Мен макул эмесмин, себеби... – Я не согласен, потому что...Мен каршымын, анткени... – Я против, потому что...Жок, рахмат – Нет, спасибоМакулдашкан жокпуз – Не договорилисьМен сенин оюңа кошулбайм – Я не согласен с тобойЖаман – ПлохоНачар – ПлохоТуура эмес – Не правильноКаталары көп болду – Много ошибок

Page 108: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

108 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабакты күтүлүүчү жыйын-тыктарга жараша пландаштыруу

Сабактын максаттары:1. Сүйлөө компетенттүлүгү.

Дүкөндөрдүн түрлөрүн билет, окул-ган текст боюнча мазмунун айтып бере алат, Берилген диалог боюнча бири-бири менен сүйлөшө алат.

2. Угуу компетенттүүлүгү. Азык-түлүк дүкөнү жөнүндө маа-лыматты билдире алат, суроо берип ага жооп бере алат.

3. Окуу компетенттүүлүгү. Те кст тин мазмуну боюнча продук-тивдүү жана репродуктивдүү суроо жоопторду түзүп, жооп бере алат. Окулган текст боюнча өз оюн айта алат.

4. Жазуу компетенттүүлүгү. Акын жөнүндө маалымат баракча-сын толтура алат. Берилген көнү-гүүлөрдөгү тапшырмаларды: то-луктап жазуу, сүйлөмдөрдүн туура жообун белгилөө, тепкичтен төмөн түшүү, катардагы ашыкча сөздөрдү табуу иштерин аткара алат.

5. Тил компетенттүүлүгү. Жө-нөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү түзө алат, темага байланыштуу сын атоочтун салыштырма жана күчөтмө даражасын сүйлөмдө колдоно алат, байланыштуу кебин өстүрө алат.

6.Социомаданияттуулук ком-петенттүүлүгү. Сүйлөө кебинде макал-лакаптарды колдоно алат,

азык-түлүк дүкөнүндөгү товарлар-ды айырмалай алат, Кыргызстандын акыны Мидин Алыбаев жөнүндө айта алат.

Көрсөткүчтөр:Эгерде окуучу төмөнкүлөрдү

билсе, жогоруда аталган максат-тарга жете алат:

– Дүкөндөрдүн түрлөрүн билсе, окулган текст боюнча мазмунун ай-тып бере алса берилген диалог боюн-ча бири-бири менен сүйлөшө алса.

– Азык-түлүк дүкөнү жөнүндө маалыматты билдире алса, суроо берип ага жооп бере алса. -Текст-тин мазмуну боюнча продуктивдүү жана репродуктивдүү суроо жооп-торду түзүп, жооп бере алса. Окул-ган текст боюнча өз оюн айта алса.

– Акын жөнүндө маалымат ба-ракчасын толтура алса Берилген кө-нүгүүлөрдөгү тапшырмаларды: то-луктап жазуу, сүйлөмдөрдүн туура жообун белгилөө, тепкичтен төмөн түшүү, катардагы ашыкча сөздөрдү табуу иштерин аткара алса.

– Жөнөкөй жана татаал сүйлөм-дөрдү түзө алса, темага байланыш-туу "Сын атоочтун салыштырма жана күчөтмө даражасын" сүйлөм-дө колдоно алса, байланыштуу ке-бин өстүрө алса.

– Сүйлөө кебинде макал-лакап-тарды колдоно алса, азык-түлүк дүкөнүндөгү товарларды айырма-

ЭШПАЕВА Гүлайым КалыевнаБишкек шаарынын № 28 мектеп-лицейинин кыргыз тили жана

адабияты сабагынын мугалими

“СООДА-САТЫК” МОДУЛУ БОЮНЧА "НАРОДНЫЙ" ДҮКӨНДӨРҮ ТЕКСТИ МЕНЕН ИШТӨӨ

(Кыргыз тили орус мектепте, 6-класс 7-модуль)

Page 109: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

109Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын жүрүшү (минуталар менен чектелген)№ Уюштуруу мүнөтү - 2м.

3 топко бөлүү: "Народный" дүкөнү, "Бета Сторес" дүкөнү, "7 күн " дүкөнү.

Калыптандыруучу баа

1. Үй иши- 5м.А) Акын Мидин Алыбаев жөнүндө маалыматты толтуруу. (№1 тиркемеде) Б) Соода -сатык жөнүндө макал-лакаптарга ребус түзүп келүү.

Ар бир топтон 1 ден окуучу чыгып маалымат баракчасын толтурат.Туура толтурганга -5 упай.Ребуска- 3 упай. Түзүп келген окуучуга -5 упай.

2. Жаңы тема. "Народный" дүкөнүндө тексти менен иштөө:- Б.Б.Б. таблицасын толтуруу.- 5м.- Бул текст эмне жөнүндө?БилемБилдимБилгим келет

Ар бир топтон бир-бирден туруп "Билем" бөлүгү боюнча жооп беришет.

3. Текстти өз алдынча окуп чыгуу.- 3м.Топ ичинде талкуулоо-3м.

4. Сөздүк менен иштөө -5м.-Тексттеги билген сөздөрүңөрдү белгилегиле.-Тексттеги жаңы сөздөрдү белгилегиле.-Жаңы сөздөрдүн котормосун тактага жазабыз:Азык-түлүк - продуктыКардарлар - клиенты, покупателиБир даана - одна штукаБөлүм- отделАз-аздан - по немногуЖаңыланып- обновляетсяИреттүү- в порядкеСылык- вежливый- Жаңы сөздөр менен сүйлөм түзүү.

Топтор жарышып сүйлөм түзүшөт. Ар бир сүйлөмгө-1упай.

5. Текстти 2-жолу окуп чыгуу. План түзүү.-2м.1.Азык-түлүк дүкөнү.2.Дүкөндүн бөлүмдөрү.3.Дүкөндүн товарлары.4.Дүкөндөгү адамдар.

5. Текстти которуу.-2м. План боюнча текстти 3кө бөлүп которуу.Которууга- 3 упай.

лай алса, Кыргыз Эл акыны Мидин Алыбаев жөнүндө айта алса.

Сабактын ресурстары: окуу ки-теби, иш дептери, кеп үлгүлөрү, сөздүк, журналдар: "Народный" дү-

көнү, "Бета Сторес" дүкөнү, "7 күн" дүкөнү, акын жөнүндө маалымат баракчасы, карточкалар, сүрөттөр, баалоо баракчасы, баалоо экраны.

Page 110: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

110 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

6. Суроо-жооп жүргүзүү.-3м.Ар бир топтун ар бир мүчөсү бештен суроо түзүп дептерине жазат. Үч жөнөкөй жана эки татаал суроо түзүшөт.Топтун ичинен мыкты 5 суроону тандап, топтор бири-бирине беришет. Суроолор кайталанбаш керек.

Суроолорго-1упайЖоопторго-1упай

7. Текст боюнча түшүнүгүн айтып берүү. Топко -3м.Тактанын жанында айтып беришет.Кептик үлгүлөр берилет:Мага "Народный" дүкөнү жагат, себеби товарлар жаңыланып түрат.Мага "Народный" дүкөнү жакпайт, себеби товарлары базарга караганда кымбатыраак.Салыштырма даража(сравнительная степень)1.-ыраак: арзаныраак - дешевлеКымбатыраак - дороже2. Базарга караганда дүкөндө кымбатыраак.

Критерийлер:Топтогу окуучунун ар бири сүйлөсүн.Тексттин мазмунун түшүнүктүү айтып берсин.Берилген убакытта (топко-3м.) айтып бериш керек.Ар бир окуучуга- 5 упай.

8. "Сынак" оюн-3м.138,139-беттердеги №19, 21, 22-көнүгүүлөр боюнча билеттер түзүлөт.Топторго таратылып берилет. Даярданбай туруп жооп бериш керек.

Кайсы топ биринчи жооп берсе- 1упай алат.Туура жоопко- 1упай.

9. №20-көнүгүү. 5м.Тепкичтен төмөн түшкүлө. (№2 тиркемени карагыла)Сөздөргө сөз кошуп, текстке ылайык сүйлөмдөрдү түзгүлө.1.Дүкөн.2.Азык-түлүк дүкөнү3."Народный" азык- түлүк дүкөнү.4.5.6.7.

Ар бир топ "Тепкичти" толтурат.Кайсы топ биринчи бүтүрсө -1 упай.Катасыз толтурса-5упай.

10. Үйгө тапшырма. 140-бет, 23-көнүгүүДиалогду толуктап жазгыла.Бири-бириңер менен сүйлөшкүлө.

11. Жыйынтыктоо."Б.Б.Б" таблицасын толтуруу.Бүгүнкү сабакта биз билдик:................Дагы билгим келет.................................

Page 111: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

111Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

12. Баалоо. Топтун башчысы окуучуларды баалайт.Мугалим "Жетишүү экранынан" упайларды санап жеңүүчү топту аныктайт.Ар бир аталган иши боюнча"1-5" чейин баа коюлат. Ошондо жалпы баасын кошкондо:24-25= "5" 15-19= "3"20-23="4" 15 тен ылдый болсо -"2" деген баа алган болот.

№ Окуучунун аты жөнү

Тема"Соода- сатык"

Суроого жооп берүү

Суроо берүү-

сү

Тап-шырмааткаруу

Грамматика-ыраакМүчөсү

Жалпыбаасы

1. Казанцева Арина

4 2 3 4 4 17-"3"

2. Марлис у. Марсель

5 2 4 5 5 21-"4"

3. Третьяков С 5 3 3 5 4 20-"4"4. Даулеткельды

к. Азалья5 3 3 5 5 21-"4"

5. Урматбек у.Султан

5 4 5 5 5 24-"5"

6. Эсентур у.Нурадил

5 4 5 5 5 24-"5"

7. Ыбраева Адел

5 5 5 5 5 25-"5"

№1 тиркеме.

Акын жөнүндө маалымат баракчасы.

Аты:.............................................................................................

Фамилиясы:...............................................................................

Туулган жылы:..........................................................................

Туулган жери:............................................................................

Чыгармалары:........................................................................

Китеби:.......................................................................................

Ырынын аты:.............................................................................

Page 112: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

112 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын темасы: “Кагаздан жасалган миң турна” тексти менен иштөө

Сабактын максаттары: Окуу-чулар жаңы маалымат менен таа-нышышат. Класста окуучулардын өз ара ишмердүүлүгү уюштурулат. Окуучулардын кеп ишмердигинин негизги сүйлөө, угуу, окуу, жазуу түрүндөгү билгичтиктери өнүктү-рүлөт. Окуучулардын тил билгили-ги жана социо-маданий билгилиги өнүгөт. Окуучулар бири-бирине аяр мамиле кылууга үйрөнүшөт.

Сабакта күтүлүүчү натыйжа-лар:

Кептик-катнаштык билгилик-тери:

Окуу: жеңилдетилген чакан текстти окуп, түшүнөт жана текст боюнча тийиштүү тапшырмаларды аткара билет. (Көрсөткүчтөр: текст-тин мазмуну боюнча продуктивдүү жана репродуктивдүү суроолорду туюнтуп, окулган тексттин мазмуну боюнча өз пикирин айта алат.)

Угуу: жай сүйлөмдөрдү, суроо-луу сүйлөмдөрдү угуп, карым-кат-наш милдетине жана тексттин иш-милдеттик тибине жараша ар кандай деңгээлде кабылдай билет, алардын негизги мазмунун түшүнөт. (Көр-сөткүчтөр: сабакта суроолорду угуп, аларга жооп берет, башкалар-

дын айтканын угуп, түшүнүп, өзү улап сүйлөп кете алат.)

Сүйлөө: берилген тема боюнча аңгеме кура алат. (Көрсөткүчтөр: сабакта талаш-тартышка кошулуп, берилген тема боюнча өзүнүн көз карашын ар бир окуучу 3-4 репли-кага чейин жактай алат.)

Жазуу: сабакта жазуу көндүм-дөрүнө ээ болот. (Көрсөткүчтөр: мурда өздөштүргөн орфографиялык көндүмдөрүнө таянып, суроолуу сүйлөмдөрдү түзүп жазат, БББ табли-цасын өз дептерине толтуруп отурат.)

Тил билгилиги: Тил бирдик-терин түшүнөт жана кепте тилдин грамматикалык эрежелерине ыла-йык колдоно билет.

Социо-маданий билгилиги: Сабактагы теманын алкагында эл-дин каада-салттарын жана жашоо-тиричилик маданиятын билет.

Сабактын формасы: топ менен иштөө

Сабактын ресурстары: БББ таблицасы, таяныч кептин үлгүлө-рү, баалоо барактары ж.б.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу убагы: Сабактын

максаттары менен кыскача тааныш-тыруу, өз ара баалоо барактарын та-ратуу, баалоо критерийлерин (тир-кемени караңыз) эске салуу, аны колдонууну түшүндүрүү. (2 мүнөт)

ОМОРОВА Айгүл АбдыкапаровнаБишкек шаарынын № 28 мектеп-лицейинин кыргыз тили жана

адабияты сабагынан мугалими

“КАГАЗДАН ЖАСАЛГАН МИҢ ТУРНА” ТЕКСТИ МЕНЕН ИШТӨӨ

(Кыргыз тили орус тилдүү мектепте, 7-класс)

Page 113: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

113Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын негизги этабы: “Билем, билгим келет, бил-

дим” – БББ таблицасын толту-руу. Мугалим тексттин аталышына окуучулардын көңүлүн буруш керек – кандай деп ойлойсуңар: бул текст эмне жөнүндө? Эмне үчүн ушундай деп ойлойсуңар? Бул текстте эмне жөнүндө окуйбуз деп ойлойсуңар? Эмнени күтөсүңөр? Эмне жөнүндө билгиңер келет? Тексттин аталышы боюнча эмнени биле турганыңар-га божомол түзөбүз. Текстти эмне максат менен окуй турганыбызды аныктадык. (3-5 мүнөт)

Текст менен алгачкы тааны-шуу. Тез окууну практикалайбыз. 2 мүнөттүн ичинде текстти ар ким өз алдынча окуп чыгышат. Түшү-нүксүз сөздөр менен иштейбиз. Өз божомолдорубузду ырастайбыз же жокко чыгарабыз. Силер мурда бил-ген жана текст менен ырасталган маалыматтарды тактайбыз. Билбе-ген же түшүнбөгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарды бири-бириңерге ай-тып бергиле. (жуптар менен иштөө – 3 мүнөт)

Топтор менен иштөө. Толук маалымат алуу үчүн экинчи жолу окуу. 4-5 мүнөт топ ичинде тал-куулашат. (2+5 мүнөт) Талкууну бүткөндө гана кийинки этапка өтүү-гө уруксат берилет. (тексттерди бул ыкма менен иштеп окуп үйрөнгөн окуучулар талкуулабай туруп, су-роо түзгөнгө кирише башташат. Бул учурда талкуусуз текстти түшүнө албаган окуучулар уттуруп калат: андай окуучулар талкууга берилген убакта билбегенин сурап, түшүнбө-гөн сөздөрүн топтогу окуучулардан

үйрөнүп алышсын.) Талкуу убагын-да мугалим топторго барып, байкап, керектүү жеринде жардам берип, көзөмөлгө алат. Негизинен муга-лимдин туура багыттоосу алдын-да топ ичинде бири-бирин үйрөтүү жана окутуу процесси жүрөт.

Суроо-жооп жүргүзүү. (5–7 мү-нөткө чейин) Ар бир топ бештен суроо түзүп дептерине жазат. Үч жөнөкөй жана эки көйгөйлүү суроо болсун. Суроолорду топтор бири-бирине беришет. Суроолор кайта-ланбаш керек. Башка топ берген суроо кайталанып калбашы үчүн топтордун бештен ашык суроо кам-дап алганы туура. (Буга окуучулар канчалык бул ыкма менен көп иш-теген сайын, ошончолук жакшы көнө башташат.) Бири-биринин берген суроолоруна жооп бери-шет. Топтордун саны үчөө болсо, биринчи топтун ар бир окуучусу кезеги менен экинчи топтун окуу-чуларынын атын атап кайрылып, суроосун берет, жообун угат. Жооп-ко канааттанганын же макул эмес-тигин билдирет. Бул учурда үчүнчү топтогулар иштеп жаткан эки топ-тогуларды баалап, баалоо барагы-на баа коюп отурушат. Класста бир да топ жумушсуз отурбайт. Экинчи топ үчүнчү топко суроолорун узат-канда биринчи топ баалайт ж.д.у.с. Мугалимден тактык, өз ишин жак-шы уюштура билүү талап кылынат. Сөзсүз эле даярдаган беш суроосу-нун баарын бердирип отурбастан, шартка жараша кыскартса да болот. Бирок, бир топ беш суроосун тең берип, калган топ үлгүрбөй калбаш керек. Андыктан, кылдаттык менен

Page 114: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

114 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

топтордун кезегин алмаштырып иштетет.

Сабактын жыйынтыктоочу этабы. Жактоо. (15 мүнөт) Такта-нын жанында айтып беришет. Кеп-тик үлгүлөр берилет:

Эгерде..................., анда ...................... .

Тактанын жанында жактоого критерийлер:

Топтогу окуучунун ар бири сүй-лөсүн.

Тексттин мазмунун ачып, уккан-дарга түшүнүктүү айтып беришсин.

Берилген убакытта айтып бериш керек. (Ар бир окуучуга бир мүнөт чектеп берем. Ашыкча сүйлөөгө уруксат жок.)

БББ таблицасынын акыркы чарчы көзүн толтуруу: “билдим”. (1 мүнөт – бир сүйлөм менен эмне-ни билдим деген суроого конкрет-түү жооп ар бири өзү жазып алат. Ал сүйлөм талкууга алынбаса деле болот)

Баалоо баракчасы боюнча окуучулардын өз ара баалоосу. Комментарийлөө. Бул учурда баа-лоо баракчаларда бири-бирин баа-лоо жүргүзүлүп турат. (2-3 мүнөт)

Үйгө тапшырма берүү. Окуу китебиндеги текст боюнча берил-ген тапшырмаларды аткаруу окуучу үчүн кыйынчылык жаратпайт. Себе-би, үй тапшырмасы сабактагы өтүл-гөн материалды бышыктайт.

74-көнүгүү: 8 сүйлөмгө – 8 упай; 75-көнүгүү: 3 сүйлөмгө – 3 упай; 76-көнүгүү: 4 жоопко – 4 упай.

ТИРКЕМЕКагаздан жасалган миң турна 1945-жылы Жапониянын Хиро-

сима жана Нагасаки шаарларында атом бомбасы жарылган. Арадан он эки жыл өткөндөн кийин Хироси-мадан бир канча алыс турган шаар-да жашаган он үч жаштагы Садако аттуу кыз ооруп калат.

Досу Тидзуко ага канаттуулар-дын ыйыгы миң турна жөнүндө ай-тып берет. Жапондуктардын түшү-нүгүндө турна адамга бакыт алып келет. Эгерде кагаздан Садако миң турна жасаса, анда бул оорудан айы-гып кетесиң дейт. Ага ишенген кыз күн-түн миң турна жасай баштайт. Алты жүз турна жасаган кезде кыз-дын ден соолугу оңоло баштайт. Би-рок ал 644 турна жасаган кезде көз жумат.

Ал жасай албай калган 356 тур-наны классташтары кагаздан жа-сашат да, кыз менен кошо жерге коюшат. Садаконун өлүмү миңдеген балдарды кайгыртат. Алар кызга эс-телик тургузуу үчүн клуб түзүшөт. Клубга дүйнөнүн көптөгөн окуучу-лары жардам беришет. Үч жылдан кийин Хиросима шаарынын Тынч-тык паркына эстелик тургузулган.

2009-жылы Жапониянын расмий маалыматы боюнча, “хибакуся” – атом бомбасынан жабыркаган адам-дардын саны 413 миңден ашкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун жыйнактарынан

Которгон С.РысбаевТүшүндүрмө сөздүк: “Хибакуся” – атом бомбасынан

жабыркаган адам.

Page 115: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

115Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

В Японии бумажные журавлики считаются символом удачи и долголетия. Есть традиция, в основе которой лежит красивая легенда: «Если с любовью и тщательностью свернуть тысячу бумажных журавликов, подарить их окружающим, и получить в ответ тысячу улыбок – исполнятся все желания».

Өз ара баалоо барагы№

Аты-жөнү

Сур

оо б

ерүү

сү

1 уп

ай

Сур

оого

жоо

п бе

рүүс

ү (1

упа

й)

Айт

ып

берү

үсү

(5 у

пай)

Уба

кытт

ы т

уура

па

йдал

ануу

су

(1 у

пай)

Тапш

ырм

алар

ды

атка

руус

у 1

5 уп

ай

Жал

пы у

пайы

8

+ (1

5)

Абдыкадыров РустамБактыбекова ЭлизаДуйшокова ТунукЖапарова Адина

Каримова СалтанатКенжибаев Эркин Окенаева Алтынай

Баалаган окуучу ________________________________________

Топторду баалоотоптор Суроо

бергени

1 упай

Суроого жооп

бергени

1 упай

Айтып берүүсү

5 упай

Тапш

ырм

алар

ды

акта

руус

у 15

упа

й

Уба

кытт

ы т

уура

(1

упа

й)

пайд

алан

уусу

Топтун бардык

мүчөлөрү иштедиби

1 упай

Жалпы баасы

24 упай +

12

Класста баалоо жүргүзүүгө сунуштарТекст менен иштөөгө баа берүү (окуп түшүнүү) 24 + упай.

Окуучу текст менен туура жана катасыз иштегенде, т.а. тексттин тийиштүү тапшырмасын аткарганда 24 упай топтойт:

критерийлер көрсөткүчтөр баалооар бир туура суроого бирден упай - текст боюнча суроо түзө алса; 1+ар бир туура жоопко бирден упай - текст боюнча суроого жооп берсе; 1+тексттеги негизги ой менен мазмунун туура айтып берет.

- окулган текст боюнча түшүнгөнүн айтып берсе;

5 упай

Оозеки сүйлөп берүүгө 1 мүнөттөн көп эмес.

- айтып берүүгө чектелген убакытты туура пайдалана алса;

1 упай

Ар бир окуучу суроо берсин, суроого жооп берсин, тактага келгенде сүйлөсүн.

- топ менен иштөөдө топтун ар бир мүчөсү иштесе;

1 упай (топторду баалоодо)

Класстагы жыйынтык баа: 8+ 1 (топко упай)

Page 116: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

116 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

74- көнүгүү: 8 сүйлөм – 8 упай; 75-көнүгүү: 3 сүйлөмгө – 3 упай; 76-к.: 4 жооп – 4 упай

- окуу китебиндеги текст боюнча берилген тапшырмаларды туура аткарса;

15 упай

Ар бир туура эмес жооп үчүн билимдердин тийиштүү упайы алып салы-

нат. Үй тапшырмасына берилет: 74. Сүйлөмдөрдү маанисине жараша бириктиргиле. Садако 356 турна жасашкан.Классташтары радиациядан ооруган.Дүйнөнүн балдары атом бомбадан жабыркаган адам.Биз турна жөнүндө айтат.Миңдеген балдарды таазим кылабыз.Досу Тидзуко бакыт алып келет.Турна кайгыртат. Хибакуся эстеликке жардам беришкен.

75. Берилген сөздөрдү катыш-

тырып сүйлөм түзгүлө. Тынчтык, согуш, турна. 76. Куштардын символдук маа-

нисин тапкыла.көгүчкөн – сулуулуктун символу ак куу – акылмандыктын символуак чардак – тынчтыктын символу үкү – эркиндиктин символу “Салам-Алик” тексти менен

иштөө(Кыргыз тили орус тилдүү мек-

тепте, 8-класс)

Сабактын темасы: “Салам-Алик” тексти менен иштөө

Сабактын түрү: аңгемелешүүСабактын максаттары: Билим берүүчүлүк: окуучулар

жаңы текстти окуп, жаңы лекси-калардын маанисин түшүнөт. Кеп-тин таяныч үлгүлөрүнүн негизинде тексттин мазмунун аргументтеп ай-тып берүүгө үйрөнүшөт.

Тарбия берүүчүлүк: окуучулар бири-бирин сыйлоого, бири-бири-нин сөзүн бөлбөй угууга, өз ара ма-миле түзүүгө үйрөнүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар өз алдынча сүйлөөгө машыгышат. Туура сүйлөөгө, кыскача айтып бе-рүүгө үйрөнүшөт. Тез окуу жөндө-мүн, сүйлөм түзүү жана жазуу көн-дүмдөрүн өстүрүшөт.

Сабактар аралык байланыш: кыргыз адабияты, сүрөт

Сабактын жабдылышы: Са-лам-Алик жайлоосунун сүрөттөрү

Сабактын жүрүшү:1. Уюштуруу учуру. “Билем,

билгим келет, билдим” – БББ таблицасын толтуруу. Тексттин аталышын атоо керек – кандай деп ойлойсуңар? Бул текст эмне жөнүн-дө? Эмне үчүн ушундай деп ойлой-суңар? Бул текстте эмне жөнүндө окуйбуз деп ойлойсуңар? Эмнени күтөсүңөр? Эмне жөнүндө билгиң

Page 117: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

117Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

келет? Тексттин аталышы боюнча эмнени билесиңер? Божомол түзө-бүз. Текстти эмне максат менен окуй турганыбызды аныктадык. (3–5 мү-нөт)

2. Текст менен алгачкы тааны-шуу. Тез окууну практикалайбыз. Өз божомолдорубузду ырастайбыз же жокко чыгарабыз. 2 мүнөттүн ичин-де текстти ар ким өз алдынча окуп чыгышсын. Силер мурда билген жана текст менен ырасталган маа-лыматтарды тактайбыз. Билбеген же түшүнбөгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарды бири-бириңерге айтып бергиле. Топтор түшүнбөгөн жана бири-бирине жардам берип түшүн-дүрө албаган жаңы лексиканы гана мугалим түшүндүрөт, орус тилине которот.

3. Топторго бөлүп алуу. 5 мүнөт топ ичинде талкуулашат. Сүрөттөр менен иштешет. Толук маалымат алуу үчүн экинчи жолу окуу. (2+5 мүн.)

4. Суроо-жооп жүргүзүү. 4.1. Топтор арасында суроо-

жоопко даярдык көрүү этабы. Ар бир топтун ар бир мүчөсү бештен суроо түзүп дептерине жазат. Үч жөнөкөй жана эки көйгөйлүү су-роо болсун. Жөнөкөй суроо – бул тексттен жообун тапса боло тур-ган суроо. Көйгөйлүү суроо – бул тексттен тышкары, бирок тексттеги маалыматка байланышкан суроо. Көйгөйлүү суроолорду “Эмне үчүн .....?”, “Эгерде ............................. болсо, анда эмне болот?” деген кеп-тик таяныч үлгүлөр менен түзү-шөт. Кептик таяныч үлгүлөр, даяр түрдө берилет, балдар аны тактадан

сабактын башынан аягына чейин көрүп отурушат. Мугалим бул жол-ду балдарга мурунку сабактарда да колдонуп жүрүп үйрөтүп, көндүрүп коюшу керек, балдар үчүн бул ая-бай керектүү, оңой болуп калышы керек. Андан кийин мыкты беш су-роону тандашат. Бири-биринин су-роолоруна көз жүгүртүп карашып, мыкты деген суроолорго алдын-ала белги коюп чыгышат. Бул суроолор топтор арасындагы жарышта колдо-нулат.

4.2. Топтор арасында суроо-жооптор. Топтор кезеги менен үн чыгарып тандалган суроолорду бири-бирине беришет. Суроолор кайталанбаш керек. Суроолорго ке-зектешип жооп беришет. Бул этап-та мугалим окуучулардын ар бир туура суроосун да, туура жообун да бир упай менен баалайт. Туура эмес берилген суроо менен туура эмес берилген жоопту мугалим оңдобос-тон, окуучуларга байкап отурууга, оңдоп коюуга шарт түзөт.

Критерийлер:1) Топтогулардын бүт баары су-

роолуу сүйлөм түзүп, иштейт.2) Тапшырма аткарууга убакыт

өлчөнүп берилет. (5 мүнөт) 3) Топ боюнча башка топко су-

роолорду бергенде бири айтканын экинчи бир да окуучу (башка топтон да) кайталабайт. Сүйлөмдөр кай-таланса, упай берилбейт, кийинки суроону берүү кезеги башка топко өтүп кетет.

4) Суроолордун туура түзүлгөн-дүгүн мугалим көзөмөлдөйт, ката-ларды өзү оңдобойт, окуучулардын көңүлүн каталарга буруп, өздөрү

Page 118: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

118 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

оңдоосун шарттайт. Өзү оңдосо же өз тобунан оңдосо, упай берилет. Ошондуктан, мугалим башка топ-тогу балдарды тыйып туруш керек: Сөз бериле электе кыйкырып сүйлө-сө, мурунку жыйнап койгон упайы-нан алып салат.

5) Бир эле окуучу суроо бере бер-бейт. Топтогулардын баары суроо бериш керек. Бир эле окуучу жооп бере бербейт. Суроо берген окуучу, жумуштун жүрүшүн байкап отуруп, буга чейин жооп бере элек окуучу-нун атын айтып кайрылып, суроо берсин.

5. Окуу китебиндеги текст боюнча берилген тапшырмаларды аткаруу.

6. Топтор кезеги менен тактага келишип, тексттин мазмунун сүй-лөп бериши.

Алардын туура, кыйналбай сүй-лөп көнүгүшүү үчүн даяр кептик таянычтар сунушталсын. Бул кеп үлгүлөрү ар бир сүйлөп берүүчү окуучунун дептеринде жазылып, сабактан сабакка колдонула берсе, окуучу жакшы үйрөнөт. Көндүмгө айланган кептик үлгүлөр баланын кептик корун туура түзүүгө, байы-тууга биринчи өбөлгө болот. Бул үлгүлөрдү деги эле бардык текст боюнча сүйлөп берүү сабактарында колдоно берсеңиз болот. Мунун баа-рын ар бир окуучу дароо эле үйрө-нүп кете албайт. Аларды кыйноонун кереги жок. “Зыян кылып алба” принциби менен иштеңиз. Бир жол-куда окуучу бирден сүйлөмдү кол-донуп үйрөнө берсин.

Киришүү убагында бул кептик таянычтар керек:

“...” текстинен ... жөнүндө бил-дим.

Азыр мен силерге ...... жөнүндө айтып беремин.

Мен силерге .... жөнүндө айтып бермекчимин.

Мен төмөнкү суроолор/ аспект-тер жөнүндө айтып берем:

Өз сөзүмдө мен ..... көрсөтүп бе-рүүгө аракет кылам.

...Негизги бөлүктө бул кептик

таянычтар керек:Менин кийинки аргументим ....Мындан ары мен ............ туура-

луу белгилегим келет. Дагы бир маанилүү учур/ суроо/

маселе/ аргумент: ... Мен ошондой эле .... белгилегим

келет.... Жыйынтыгында бул кептик

таянычтар керек:Жыйынтыгында мен ............. өз-

гөчө белгилемекчимин.Жыйынтыктап жатып мен ....

айткым келет..... сөздөр менен бүтүрүүгө урук-

сат эткиле.Мен силерге ..... көрсөтүүгө ара-

кет жасадым.Сөзүмдүн аягында мен силердин

...... жөнүндө ойлонушуңарды каа-ламакчымын.

Баалоо баракчасы боюнча окуу-чулардын бири-бирин өз ара баа-лоосу. Комментарийлөө. Бул учур-да баалоо баракчаларда бири-би рин баалоо жүргүзүлүп турат. (3-4 мүнөт)

Page 119: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

119Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын максаттары: Билим берүүчүлүк: этиштин

грамматикалык категорияларын те-реңдетип өздөшүрүп, аларды жак, чак, сан боюнча талдоого, үйрөтүү.

Өнүктүрүүчүлүк: этиш боюн-ча алган билимин тереңдетүү, этиш сөздөр менен сүйлөм түзүп, байла-ныштуу кеби, жазуу сабаттуулугун өстүрүү.

Тарбия берүүчүлүк: топ менен иштөөгө, убакытты туура пайдала-нууга тарбиялоо.

Сабактын тиби: жалпылоо. Окутуунун методу: интерак-

тивдүү метод (топ аралык иштөө, слайддык презентация).

Сабактын формасы: топ ара-лык.

Сабактын түрү: сабак конкурс.Сабактын жабдылышы:

слайддык презентацияПредмет аралык байланыш:

орус тили.Сабактын жүрүшү1. Жагымдуу жагдай түзүү ме-

нен сабакты уюштуруу.2. Үй тапшырмасын текшерүү.3. Сабактын максаты менен

окуучуларды тааныштыруу:- Балдар, бүгүн биз поезд менен

саякатка чыгабыз. Бул саякатыбыз-дын өзгөчөлүгү биздин саякаттап бара турган жерибиз – «Этиш дүй-

АБАКИРОВА Фарида Өскөнбаевна№29 гимназиялык мектеп-комплексинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими

САБАКТЫН КЕПТИК ТЕМАСЫ: КЫЗЫКТУУ САЯКАТСАБАКТЫН ГРАММАТИКАЛЫК ТЕМАСЫ:

ЭТИШТЕРДИ КАЙТАЛОО (кыргыз тили орус мектепте, 7-класс)

нөсү». Баарыбызга бүгүнкү саякат кызыктуу болот деп ойлом. Анда эң биринчи поездге билет алалык. Би-лет алыш үчүн биз кассага барып, этиш боюнча берилген суроолорго жооп беришибиз керек. Ар бир тура жооп үчүн бирден билет берилет. Кана эмесе, жүргүлө. (1-слайд).

1. Бул жошоодо узак жашап ке-лемин

Заттын кыймыл-аракетин бил-диремин. Бул ... (этиш)

2. Этиш кандай суроолорго жооп берет? (Эмне кылды? Эмне кылып жатат? Эмне кылат?)

3. Этишке мисал келтир. 4.Этиштин канча жагы бар?

(Этиштин 3 жагы бар. Биринчи жак, экинчи жак, үчүнчү жак)

5.Этиштин канча чагы бар? (Этиштин үч чагы бар. Учур чак, өткөн чак, келер чак)

6. Учур чактын суроолорун айт-кыла. (Эмне кылып жатат?)

7. Өткөн чактын суроолорун айткыла. (Эмне кылды?)

8. Келер чактын суроолорун айткыла. (Эмне кылат?)

– Анда эмесе ар бириңер өз биле-тиңер боюнча купелерден орун ал-гыла. Саякатыбыз башталды.

1-станция “Грамматика”- Балдар, мына ошентип биз би-

ринчи станцияга келип калдык. Бул

Page 120: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

120 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

сатнция – «Грамматика станциясы» деп аталат. Демек, силер этиш боюн-ча грамматикалык тапшырмаларды аткарыңар керек. (2-слайд)

- Ар бир купеге экиден сүйлөм берилет. Этиштердин аягына мү-чөлөрдү туура улап, аларды жак, сан, чак боюнча талдап бергиле. (3-слайд)

1-купеМен кечинде опера-балет теат-

рына бара... (-мын: 1-жак, жекелик сан, келер чак )

Самолет асманга көтөрүл... (-дү: 1- жак, жекелик сан, өткөн чак)

2-купеСен таланттуу ырчылардын ко-

курсуна катыша... (-сың: 2-жак, же-келик сан, келер чак)

Эмдиги жылы биз бешинчи класс бол...(-о –буз: 1-жак, көптүк сан,келер чак)

3-купеБиз кыргыз тили сабагында оту-

ра... (-быз: 1-жак, көптүк сан, келер чак)

Кечинде кызыктуу кино көр...(-дүк:1-жак, көптүк сан, өткөн чак )

4-купеЖакында «Нооруз» майрамын

майрамда...(-й-быз: 1-жак, көптүк сан, келер чак)

Атам мага телефон белек кыл... (-ды: 3-жак, жеклик сан, өткөн чак)

2-станция “Сөз өстүрүү”- Экинчи станциябыз болсо «Сөз

өстүрүү станциясы» деп аталат. (4-слайд). Бул станцияда силер сөз өстүрүү боюнча тапшырмаларды аткарасыңар.

Сөз – Сөз айкашы – Сүйлөм (сүйлөмдөгү этишти талдоо) –Сүйлөмдү орус тилине которуу.

Үлгү боюнча ар бир топ экиден ми-сал келтирет. (5-слайд)

Үлгү:Сөз – АлмаСөз айкашы – кызыл алмаСүйлөм – Кызыл алма жедим.Которуу – Я съела красное яблоко.

3- станция «Тапкычтар»- Балдар, 4-станция «Тапкычтар

станциясы» деп аталып, тапшырма-ларды аткаруу менен силер өзүңөр-дүн тапкчычтыгыңард көрсөтүшү-ңөр керек. (6-слайд)

Мул станциянын «Төртүнчү сөз ашыкча» оюну. Окуучулар слайд-дардагы берилген сөздөрдүн кайсы-нысы ашыкча экендигин таап, эмне үчүн ашыкча экендигин түшүндү-рүп беришет. (7-8-9-слайддар)

Page 121: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

121Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

7-слайд: Ойноп жатат, ырдап жа-тат, сүйлөдү, бийлеп жатат.(Ашыкча сөз сүйлөдү, анткени ал сөз башка сөздөрдөн айрымаланып өткөн чак-та турат).

8-слайд: Жаздык, барабыз, күлө-бүз, жооп беребиз. (Ашыкча сөз ал сөз башка сөздөрдөн айырмаланып, өткөн чакта турат).

9-слайд: Окудум, сыйландым, сүйлөп жатат, келдим.(Ашыкча сөз сүйлөп жатат, анткени ал сөз башка сөздөрдөн айырмаланып, учур чакта турат).

4-станция “Жардамчылар”- Ошентип, 4-станциябызга да

келдик. Силер көрүп тургандай эле, бул станция «Жардамчылар стан-циясы» экен. (10-слайд)

- Кирпи чечен менен тыйын чыч-канга козу карын чогултканга жар-дам бергиле. Силер тыйын чычканга өткөн чактагы сөздөр жазылган козу карындарды, ал эми кирпи чеченге болсо келер чактагы сөздөр жазыл-ган козу карындарды чогултуп бери-шиңер керек.(11-слайд).

бардым

чыктык

жазабызчуркадым

барат

берет

келдим

тарттымжазат

сүздүм

5-станция “Кыялкечтер”

- Ал эми бул станцияда болсо бардыгыңар кыялданып, берилген темалар боюнча кыскача аңгеме түзгүлө(13-слайд).

- 1-купе•«Эгерде мен мектептин дирек-

тору болсом..»•2-купе•«Эгерде мен сыйкырчы бол-

сом...»•3-купе•«Эгерде мен президент бол-

сом...»•4-купе•«Эгерде мен алтын балык кар-

мап алсам..» 4. 5. Жыйынтыктоо- Биздин саякат аяктап бара жа-

тат. Сабагыбызды жыйынтыктайлы.Биз бүгүн сабакта эмнелерди бил-дик?Этиштин чактарын кайта-

ладык;Сөздөрдөн сөз айкашын, сөз

айкаштарынан сүйлөмдөрдү түз-гөндү үйрөндүк.Ар кандай темада аңгеме тү-

зүп кыялдандык.Эстен кеткис саякатка чык-

тык.6. Окуучуларды баалоо.7. Үйгө тапшырма: «Мен сүйүк-

түү жазуучум» деген темада кыска-ча аңгеме түзүү. Ал тексттеги этиш-терди таап, жак, сан, чагын аныктоо.

Page 122: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

122 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын максаттары: Билим берүүчүлүк: баяндоочту

өздөштүрүп, аларды туура жазганга үйрөтүү.

Өнүктүрүүчүлүк: баяндооч боюнча алган билимин тереңдетүү, сөз байлыгын өстүрүү.

Тарбия берүүчүлүк: жараты-лыш ка камкор мамиле жасоого ча-кыруу.

Сабактын тиби: бышыктоо Окутуунун методу: интерак-

тивдүү метод (топ аралык иштөө, слайддык презентация)

Сабактын формасы: аралаш (эки окуучу, коллектив аралык)

Сабактын түрү: аңгемелешүүСабактын жабдылышы:

слайддык презентацияПредмет аралык байланыш:

орус тилиСабактын жүрүшү:1. Жагымдуу жагдай түзүү ме-

нен сабакты уюштуруу.2. Үй тапшырмасын текшерүү.3. Сабактын максаты менен

окуучуларды тааныштыруу:- Балдар өткөн сабактарыбызда

биз сүйлөмдүн грамматикалык не-гизи, ээ жана бандооч боюнча жал-пы маалымат алганбаз. Ал эми бү-гүн болсо жөнөнкөй жана тутумдаш баяндоочторду өздөштүрүп, билип

алабыз. Анда эмесе эстейличи:- Сүйлөм мүчөлөрү канчага бө-

лүнөт? - Сүйлөмдүн грамматикалык не-

гизи деген эмне? - Ээ деп эмнени айтабыз?- Ээнин милдетин аткаруучу сөз-

дөр кайсылар?- Ээ курамына карай кандай бо-

луп бөлүнөт? - Баяндооч деп эмнени айтабыз?- Азаматсыңар, балдар! Келгиле

анда бул слайдды карап баяндоочко туура аныктама бериптирбизби тек-шерели (4-слайд).Баяндооч – ээнин кыймыл-

аракетин, абалын билдирүүчү сүйлөмдүн баш мүчөсү.

Баяндооч эмне кылды? Эмне кылып жатат? Эмне кылат эмне болду? Кантти? Ким? Эмне? Канча? Нече? Кандай? Деген суроолорго жооп берет.

Мисалы: (5-слайд)Салижан Шарипов космос мей-

киндигине учту (эмне кылды?). Орто топ оюнуна кыз-уландар да

катышат (эмне кылат?).Келе жаткандар – бешөө (кан-

ча?).Акылдуунун сөзү-кыска (кан-

дай?).

АБАКИРОВА Фарида Өскөнбаевна№29 гимназиялык мектеп-комплексинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими

САБАКТЫН КЕПТИК ТЕМАСЫ: КОСМОНАВТИКАСАБАКТЫН ГРАММАТИКАЛЫК ТЕМАСЫ:

ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА ТУТУМДАШ БАЯНДООЧТОР(кыргыз тили орус мектепте, 7-класс)

Page 123: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

123Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Эң улуубуз-Жылдыз (ким?).Бүтүрүүчүлөр экзаменге даярда-

нып жатышат (эмне кылып жа-тышат?).4. Баяндооч боюнча тапшыр-

малар:Берилген сөздөрдөн сүйлөм түз-

гүлө, ээ менен баяндоочун тапкыла: А) кыргыздын, Кожожаш, кытай,

болгон, -, уруусунан, баласы, чык-кан, дегендин, Карыпбай. (8-слайд)

Туурасы: Кожожаш – кыргыз-дын кытай уруусунан чыккан Ка-рыпбай дегендин баласы болгон.

Б) Жолдошбай, ачылыштарга, ушул, Асангазиевич, чоң, Бургеев-дин, жердешибиз, Ысык-Көлдүк, биздин. (9-слайд)

Туурасы: Ушул ачылыштарга биздин Ысык-Көлдүк жердешибиз Жолдошбай Асангазиевич Бургеев-дин салымы чоң.

В) кеңейтет, мультфильм, ички, кыялды, фантазия, өстүрүп, менен, дүйнөбүздү. (10-слайд)

Туурасы: Мультфильм фанта-зия менен кыялды өстүрүп, ички дүйнөбүздү кеңейтет.

5. Баяндоочтун курамына карай кандай болуп бөлүнөт? (11-слайд)Кыргыз тилинде баяндооч өзү-

нүн курамына карата жөнөкөй жана тутумдаш баяндооч болуп бөлүнөт.

Жөнөкөй баяндооч бир сөздөн турат:

Ак куу жазында түндүктү көз-дөй учту.

Тутумдаш баяндооч аткарган кызматы боюнча эки же андан ашык сөздөрдүн ажырагыс тиз-

мегинен турат:Кыргызстан күндөн күнгө гүл-

дөп өнүгүп жатат.6. Жөнөкөй жана тутумдаш

баяндоочтор боюнча тапшырма-лар:

Төмөнкү сүйлөмдөрдөгү баян-доочторду таап, жөнөкөй же тутум-даш баяндооч экендигин аныктагы-ла: (12-слайд)

Элнура Түркияга саякатка кет-ти. Мен досумду театрга барууга чакырдым. Чоң энемдин сыйкырдуу жомогун унута албаймын. Өзүңдөн кичүүлөрдү таарынтууга болбойт. Көптү билүү үчүн, көп окуу керек. Жайында көлгө түштүм, күнгө күйдүм. Кечинде балдар спорттук аянтка чогулушту.

7. Жаңы сөздөр менен тааныш-тыруу. (13-слайд)

- Төмөнкү сөздөрдүн антоним-дерин жана синонимдерин тапкыла

изилдөө- исследоватьбиргелешип –совместнокосмос сырлары – космичес-

кие тайныжердеш – землякбаалануу – оцениватьсяачылыш – открытиеавтордук укук - авторское

правоэмгектеги артыкчылык меда-

лы - за трудовое отличиеэл аралык - международный8. «Космонавтика» тексти ме-

нен иштөөТекстти көркөм окугула.Жаңы сөздөрдү пайдаланып,

«Космонавтика» аттуу текст-ти орус тилине которгула.

Page 124: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

124 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Тексттеги баяндоочторду таап, жөнөкөй же татаал экен-дигин аныкагыла.

Тексттин алдындагы су-роолорго жазуу түрүндө жооп бергиле.

9. Жаңы сөздөрдү пайдаланып, сүйлөмдөрдү толуктап жазып, баян-доочтордун астын сызгыла

Космонавттар аалам мейкинди-гин ... чоң салымын кошуп жатышат. Бүткүл дүйнөлүк окумуштуулар ... Космоско ... жүргүзүшкөн. ... ... Бардык изилдөөчүлөрдү кызыктыр-ган. Биздин ... Ж.А.Бургеев башкы конструктор болгон. Ал ондогон ... жасап, ... ... ээ болгон. Конструктор-дун космос жөнүндөгү ... жогору ...

Анын эмгектери ... ... китепке кир-гизилген. Таланттуу конструктор ... ... ... менен сыйланган.

10. Рефлекия: - Бүгүн сабакта кандай маалы-

мат алдыңар?- Сабактын кайсы этабында си-

лер активдүү болдуңар?- Тапшырмалардлын кайсыны-

сы силерге кызыктуу болду?- Кимдердин жооптору туу-

ра, толук жана так болду деп эсептейсиңер?

11. Баалоо12. Үйгө тапшырма: «Космонавтика» текстин оозе-

ки айтып берүү жана текст боюнса дептерге кластер түзүп келүү.

Page 125: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

125Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын максаттары:1. Билим берүүчүлүк максаты:

окуучулар себеп бышыктоочту өз-дөш түрөт, ал тууралуу билимдерин те реңдетип системалайт, бышык-тооч тун башка түрлөрүнөн айырма-лап билет.

2. Өнүктүрүүчүлүк максаты: себеп бышыктоочту сүйлөө жана жазуу кебинде колдоно алышат, топто иштөө, суроо берүү, суроого жооп берүү көндүмдөрүн өнүктүрө алышат, сөз байлыгын өстүрүшөт.

3. Тарбия берүүчүлүк макса-ты: окуучуларда тилди үйрөнүүгө мотивация жаратылат, жергебиздин кооздугун көрө билүүгө, жараты-лышты сактоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: бышыктоо са-багы

Сабактын методу: коммуни-кативдик метод (логикалык ой жү-гүртүүгө карата суроолорду түзүү, жалпы топ менен иштөө, жалпы топ менен талкуулоо) , интерактивдик метод ( синквейн. кластер)

Сабактын формасы: аралаш;1. жекече иштөө2. топ менен иштөө3. коллектив аралык иштөөСабактын жабдылышы: түс-

түү сүрөттөр, жаңы сөздөр, техни-калык каражаттар (проектор).

Сабак аралык байланыш: орус тили, кыргыз адабияты, тарых.

Сүрөт менен иштөөнүн ыкма-лары:

1. Окуучуларды топторго бөлүү. 2. сүрөткө саякат3. сөздүк менен иштөө (таяныч

сөздөр)4. текст түзүү5. жактоо ( презентация)6. окуучулардын бири-бирин

баалоосу7. жыйынтыктоо. 1-топ синквейн2-топ класстер3-топ синквейн Сабактын жүрүшү:Сабакты уюштуруу: Саламда-

шуу, музыканын коштоосунда жа-гымдуу психологиялык жагдай тү-зүү.

Мугалимдин сөзү: Балдар, кел-гиле, сабактын башында бири-би-рибиздин көңүлүбүздү көтөрүп, “Сенин мыкты сапатың” деген оюн-ду ойноо менен баштайлы.

Машыгуунун максаты: компли-мент (жагымдуу пикир) айтуу жана аны уга билүү, билгичтиктерин иш-теп чыгуу.

КАСКЕРИМОВА Бегимжан Ыдырысовна,Бишкек шаары №48 мектеп-гимназиясынын

кыргыз тили мугалими

САБАКТЫН КЕПТИК ТЕМАСЫ: СҮРӨТ МЕНЕН ИШТӨӨ.

САБАКТЫН ГРАММАТИКАЛЫК ТЕМАСЫ: СЕБЕП БЫШЫКТООЧ

(Кыргыз тили орус мектепте, 9-класс)

Page 126: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

126 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Бири-бирине жумшак оюнчукту (каалаган нерселер топ, калем сап, гүл ж.б.) беришип жакшы жактарын айтып чыгышат.

Класста жагымдуу жагдай түзүп алгандан кийин мугалим үй тап-шырманы сурап баштайт.

118-көнүгүү. Макалды окуп, бы-шыктоочту таап, маанисин айтып бер. 77-бет.

Сабактын негизги бөлүгү: Сү-рөт менен иштөө.

Окуучуларды топторго бөлүү. Мугалим окуучуларга алтын эреже-ни айтып өтөт.

Үч топко үч сүрөт таркатылат: жаратылыш тууралуу, элечек кий-ген аялзаты, ат минип турган адам.

Сүрөт менен иштөөнүн крите-рийлери:

1. тема коюу2. 10-15 сүйлөм түзүү3. бышыктоочтун түрлөрүн кол-

донуу4. көйгөйлүү ойлор Мугалим окуучулардын билим-

дерин кандай критерийлер менен баалана тургандыгын айтып өтөт.

1. Мугалим окуучулардын жар-дамы менен ар бир сүрөткө токто-лот.

2.Таяныч сөздөр:Сөз Сөздүн котормосу Сөз айкашы

жаратылыш Природа жазгы жаратылышэлечек женский головной убор элечек кийген чоң энеыйык Святой ыйык жеркамчы Плеть узун камчы

ээр Седло жыгач ээр

1. Окуучулардын топтордо иш-төөсү. Окуучулар сүрөт менен иштөөнүн критерийлерине таянып, бышыктооч сөздөр-дү катыштырып 10-15 сүйлөм түзүшөт.

2. Ар бир топ өз иштерин жакта-шат (сүрөттөр слайдда көрсө-түлөт)

3. Топтор бири-биринин сүрөт-төр боюнча айтылган ойлору-нун негизги идеяларын баала-шат.

4. Сабакты жыйынтыктоо үчүн топторго класстер, синквейн түзүүгө тапшырма берилет.

5. Мугалимдин корутундусу. 6. Сабакты жыйынтыктоо үчүн

төмөнкү суроолор берилет:

Бүгүнкү сабак сага эмнеси ме-нен жакты?

Сен бүгүн сабакта кандай иште-диң?

7. Үйгө тапшырма: “Сенин жа-ратылышка жасаган мамилең”, - де-ген темага эссе жазып келүү.

Эссе төмөнкү критерийлер ар-кылуу бааланат:

1. Теманы ачып берүү2. Эсседе бышыктоочтун түрлө-

рүн пайдаланып сүйлөм түзүү.3. Сабаттуулук. 8. Окуучулардын билимин

критерийлер менен баалоо жана комментарийлөө

Баалоонун критерийлери:• Идеянын өзгөчөлүгү• Жеткиликтүү баяндоо

Page 127: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

127Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын кептик темасы: Ч.Айтматовдун Ысык-Көл жөнүндө макаласынын үзүндүсү менен иш-төө

Сабактын грамматикалык те-масы: Сүйлөмдүн баш жана айкын-дооч мүчөлөрүн кайталоо

Сабактын максаттары:1. Билим берүүчүлүк макса-

ты: окуучулар Ч.Айтматовдун ма-каласынын үзүндүсү менен тааны-ша алышат, которушат, маанисин түшүндүрүшөт, сүйлөм мүчөлөрдү кайталашат.

2. Өнүктүрүүчүлүк максаты: балдар маалыматты ирети менен бере алышат, аргументтөө, талдоо жөндөмдөрүн, логикалык ой-жү-гүртүүсүн өнүктүрө алышат, сүй-лөм мүчөлөрдү сүйлөө жана жазуу кебинде колдоно алышат, окуучулар топто иштөө, суроо берүү, суроого жооп берүү көндүмдөрүн өнүктүрө алышат, сөз байлыгын өстүрүшөт.

3. Тария берүүчүлүк макса-ты: окуучуларда тилди үйрөнүүгө мотивация жаратылат, жазуучунун чыгармачылыгына кызыгышат, баа-лашат жана сыймыктанышат. Жер-гебиздин сулуулугуна суктанышат, аны көздүн карегиндей сактоого шыктанышат.

Сабактын тиби: бышыктоо са-багы, өтүлгөн темаларды бекемдөө.

Сабактын методу: коммуни-кативдик метод (логикалык ой жү-гүртүүгө карата суроолорду түзүү,-жалпы топ менен иштөө, жалпы топ менен талкуулоо) , интерактивдик (синквейн. кластер)

Сабактын формасы: аралаш;1.жекече иштөө2.топ менен иштөө3.коллектив аралык иштөө

Сабактын жабдылышы: тех-никалык каражаттар (проектор). Ч.Айтматов жана анын чыгармала-ры тууралуу буклеттер, Ысык-Көл жөнүндө сүрөттөр, таратылуучу ма-териалдар, Ч.Айтматовдун айткан накыл сөздөрү.

Предмет аралык байланыш: орус тили, кыргыз адабияты, тарых.

Текст менен иштөөнүн ыкма-лары:

1.Текстти окуп, таанышуу2.Сөздүк ишин жүргүзүү, кото-

руу,сөз тизмек жана сүйлөм түзүү, антоним. синоним,омонимдерди таап, алар менен сөз тизмек, сүйлөм түзүү.

3.Текстти орусчага которуу.4.Тексттен алынган сүйлөмдөр-

дү сүйлөм мүчөлөргө ажыратуу

КАСКЕРИМОВА Бегимжан Ыдырысовна,Бишкек шаары №48 мектеп-гимназиясынын

кыргыз тили мугалими

Ч.АЙТМАТОВДУН ЫСЫК-КӨЛ ЖӨНҮНДӨ МАКАЛАСЫНЫН ҮЗҮНДҮСҮ МЕНЕН ИШТӨӨ

САБАКТЫН ГРАММАТИКАЛЫК ТЕМАСЫ: СҮЙЛӨМДҮН БАШ ЖАНА АЙКЫНДООЧ МҮЧӨЛӨРҮН КАЙТАЛОО

(Кыргыз тили сабагы, 10-класс)

Page 128: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

128 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

5.Дебат уюштуруу, суроолорго жооп берүү.

6.Сүйлөмдөргө бир нече суроо түзүү.

Сабактын жүрүшү:1. Сабакты уюштурууПроблемалуу суроо: Эгерде

мен жазуучу болсом, эмне жөнүндө жазмак элем?

Окуучулар кыскача жооп бери-шет.

2. Үйгө берилген тапшырманы суроо.

Ч.Айтматов жана анын чыгарма-чылыгына улуу инсандардын берген бааларын жөнүндө жазып келүү.

Ч.Айтматов кандай жазуучу?Кандай чыгармаларын билеси-

ңер?Ысык-Көлдү коргоо үчүн кандай

аракеттерди жасаган? 3. Текст таратылып берилет,

окушат. – Ошентсе да Ысык-Көлдү сактап

калуу үчүн жасалып жаткандарды байкамаксан болуу туура болбос, ... тоо дарыяларынын бир бөлүгүн Ысык-Көлгө агызуу үчүн даярдык-тар көрүлүүдө....

– Минтип даярдык көргөнүбүзгө өтө эле көп болуп кетти. Бирок бул көйгөй ийгиликтүү чечилген күндө деле эки миллиард кубометр өлчө-мүндөгү ошол суу кол тийгиз боло албайт. Табигый жаан-чачындар бул аймакта жыл сайын эле бирдей боло бербейт. Көл менен сугат аянттар-га сарамжалдуу суу бөлүштүрүүгө ким көз салып отурат дейсиз?

– Суу балансы, албетте, Ысык-Көлдүн негизги көйгөйү экендиги-

не талаш жок. Бирок көлдүн көрөр күнү “бир ууртам” сууга эле байла-нып калбаса керек. Ага бүт тулкусун жайып, ээн-эркин дем алуу, дагы башка көп-көп нерселер зарыл го.

– Ысык-Көл – бул өз ара ашташып, бири-бирин шарттаган сан түркүн себептер менен байланышкан эко-логиялык система. Көлдө бир кезде Кыргыз илимдер академиясынын биостанциясы боло турган. Ал көп иштерди жасаган эле. Ошол биос-танция азыр жок. Ысык-Көл анын бардык көп кырдуу көйгөйлөрүн камтыган кеңири изилдөөгө мук-таж. Ысык-Көлдү сактап калуу – бул Мекендин укум жерин сактап калуу дегендик. Көлдүн тагдыры үчүн биздин ар бирибиздин жооп-керчилигибизди азыр мына ушун-дайча түшүнүп-баалоо керек. Эгер сен токойду, булакты, берешен жер-ди сүйсөң, тек гана суктанып эмес, эртеңки күндү ойлонуп, жаратман-дык менен сүйсөң, анда сенин чы-ныгы кожоюн боло алганың. Ысык-Көлдү сактап калуунун өбөлгөсү ушунда.

4. Сөздүк ишКол тийгис – неприкосаемыйТабигый – природныйСарамжалдуу – хозяйственныйАшташып – быть взаимосвязан-

нымУкум, сөөм, карыш – часть, кло-

чок землиИзилдөө – исследоватьЖоопкерчилик – ответствен-

ностьЖаратмандык менен – созида-

тельноӨбөлгө, натыйжа – предпосылка

Page 129: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

129Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Жаңы сөздөр менен сөз айка-шын, сүйлөм түзүү

5. Текст абзац менен окуп, ко-торулат.

Ар бир абзацта айтылган көйгөй-дү түшүндүрүп, аргументтеп бери-шет. Белгиленген сөздөрдүн лекси-калык маанисине өзгөчө токтолобуз.

6. Иш дептерге жазгыла. Су-роолорго жооп бергиле

1. Эгерде Ч.Айтматов Ысык-Көлдүн экологиясына маани бербе-се, анда .......

2. Эгерде Ысык-Көлгө башка өзөн-булактардан суу куюлбаса, анда.........

3. Эгерде Ысык-Көлдү сактай албасак, анда .......

4. Эгерде сен чыныгы кожоюн болсоң, анда........

5. Эгерде Мекендин укум жерин баалай албасак, анда..........

Демек, Ысык-Көлдү коргоп, сү-йүп, сакташ керек.

7. Сүйлөмдөргө бир нече суроо түзүгүлө.

Өнүккөн өлкөлөрдө жараты-лышка аяр, жаратмандык менен ма-миле жасашат.

1. .......? – өнүккөн

2. ........?-өлкөлөрдө

3. ........? – жаратылышка

4. .........? – жаратмандык менен

5. .........? – мамиле

6. .........? – жасашат.

8. Суроолорго жооп бергиле.1. Эгерде мен экология система-

сында иштесем, анда Ысык-Көлдүн жа ратылышын кантип сактамак-мын?

2. Эгерде Ч.Айтматов болгондо, Ысык-Көлдү коргоо боюнча дагы кандай иш-аракеттерди жасамак?

Түзүлгөн сүйлөмдөрдү сүйлөм мүчөлөргө ажыраткыла

Ысык-Көл эң бийик жерде жай-гашкан. Ысык-Көл – туризмдин борбору, өлкөбүздүн бермети.

Тексттен алынган сүйлөмдөр-дү сүйлөм мүчөлөргө ажыраткы-ла:

– Ысык-Көл – бул өз ара ашта-шып, бири-бирин шарттаган сан түркүн себептер менен байланыш-кан экологиялык система. Көлдө бир кезде Кыргыз илимдер акаде-миясынын биостанциясы боло тур-ган. Ал көп иштерди жасаган эле. Ошол биостанция азыр жок.

9. Үйгө тапшырма. “Мен Ысык-

Көлдү кантип сактайм жана өнүктү-рөм”– деген темада 20 сүйлөмдүн чегинде эссе жазып келүү. Эссе тө-мөнкү критерийлер аркылуу баала-нат:

1. Теманы ачып берүү2. Сабаттуулук.

10. Окуучулардын билимин критерийлер менен баалап, ком-ментарийлөө.

Page 130: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

130 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын кептик темасы: Ч.Айтматовдун “Атамдан калган элестер” тексти менен иштөө

Сабактын грамматикалык те-масы: Тең байланыштагы татаал сүйлөм

Сабактын максаттары:1. Билим берүүчүлүк макса-

ты: окуучулар тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн түзүлүшүн би-лишет. сүйлөм түзүшөт, тексттен тең байланыштагы татаал сүйлөмдү аныктай алышат.

2. Өнүктүрүүчүлүк максаты: тең байланыштагы татаал сүйлөм-дөрдү сүйлөө жана жазуу кебинде колдоно алышат, Ч.Айтматов жө-нүндөгү текст аркылуу талдоо көн-дүмдөрүн өнүктүрүшөт, сөз байлы-гын өстүрүшөт.

3. Тарбия берүүчү максаты: окуучуларда тилди үйрөнүүгө моти-вация жаратылат, жазуучунун чы-гармачылыгына кызыгышат, баала-шат жана сыймыктанышат, чыгар-малары жана ата-энесинин жакшы сапаттары аркылуу тарбияланышат.

Сабактын тиби: жаңы теманы түшүндүрүү.

Сабактын методу: коммуни-кативдик метод (логикалык ой жү-гүртүүгө карата суроолорду түзүү,-

КАСКЕРИМОВА Бегимжан Ыдырысовна,Бишкек шаары №48 мектеп-гимназиясынын

кыргыз тили мугалими

Ч.АЙТМАТОВДУН “АТАМДАН КАЛГАН ЭЛЕСТЕР” ТЕКСТИ МЕНЕН ИШТӨӨ

ТЕҢ БАЙЛАНЫШТАГЫ ТАТААЛ СҮЙЛӨМ(Кыргыз тили сабагы орус мектепте 10-класс)

жалпы топ менен иштөө, жалпы топ менен талкуулоо) интерактивдик метод (эки бөлүктүү күндөлүк, са-лыштыруу баракчасы)

Сабактын формасы: аралаш;1.жекече иштөө2.эки окуучу ортосунда иштөө3.коллектив аралык иштөөСабактын жабдылышы:

проектор, тексттер, жазуучунун портрети, цитаталар, слайддар

Сабак аралык байланыш: орус тили, география, тарых.

Текст менен иштөөнүн ыкма-лары:

1.Текстти окуп, таанышуу.2.Сөздүк ишин жүргүзүү, кото-

руу, сөз тизмек жана сүйлөм түзүү, антоним, синоним, омонимдерди таап, алар менен сөз тизмек, сүйлөм түзүү.

3.Сөздүк карта түзүү.4. Текстке карата түзүлгөн су-

роолорго жооп берүү.5.Салыштыруу баракчасын тол-

туруу.6.Жазуучунун чыгармалары-

нан үзүндү окуп, аларды окуучулар аныктайт.

7.Макалдарды чечмелөө (Эки бөлүктүү күндөлүк).

8.Үлгү боюнча талкуу жүргүзүү.

Page 131: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

131Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын жүрүшү:1.Сабакты уюштурууЧ.Айтматовдун ысымы окуучу-

лардын сыймыктануу сезимин пай-да кылат. Анын чыгармалары аркы-луу Кыргызстанды дүйө элине таа-ныткандыгын даңазалашат. Жашай турса болмок деген өкүнүү сезим-дери менен бөлүшүшөт.

2. Үйгө берилген тапшырманы аткаруу

Ата-эне, Мекен тууралуу макал-лакаптарды таап, маанисин түшүн-дүрүп берүү.

Окуучулар жазып келген макал-лакаптарды окуп, маанисин айтып беришет.

3. Текст менен тааныштыруу, таратып берүү

Атамдан калган элестерКапкара коюу чачы. Талаага кий-

ген көйнөгү, кончу узун булгаары өтүгү...

Көбүнчө кош ат чегилген араба менен жүрчү. Арабанын артында отурчу, алдында – арабакеч.

Кат-сабаты эрте жоюлган, Жам-былдагы орус мектепти бүтүргөн.

Атамды кийин, бир жарым жыл-га Москвага окууга жиберишти.Анан биз: апам, эки бир тууганым болуп Москвага, атама, поезд менен жөнөдүк. Жамбылдан туугандар-дын баары келип узатышты.

Москвага келгенде Воровский №5-үйдө жашадык.

1936-жылы М.Горький өлгөндө узатуу зыйнатына Жазуучулар үйү-нө атам менен баргам.

1-2-классты Москвадан окудум.Парфиновкадан дачаны ижарага алып, жайында барчубуз.

1937-жылы саясий куугунтук башталды. Атам бизди Кыргызстанга кетирди. 1937-жылы август айынын акырында буюмдарыбыздын көбүн сатып, керектүүлөрүн жыйнап, алты айлык карындашым Роза болуп, төрт бир тууган жолго чыктык. Атам биз-ди узатып, апам ыйлады. Көпкө че-йин кол булгалап, атам турду. Жолдо карата мен ыйлап келдим.

1937-жылы 1-сентябрда Маймак станциясына келдик. Туугандары-быз бизди күтүп жатышыптыр. Ара-бага түштүк да, Шекерди көздөй жөнөдүк.

4. Сөздүк ишБулгаары– кожаныеАраба – телегаКат-сабаттуу-грамотныйИжара – арендаСаясий куугунтук– политичес-

кая репрессияСөздөрдү которуп, алар менен

сөз тизмек жана сүйлөмдөрдү түзү-шөт, сөздөрдүн антонимин, синони-мин, омонимин таап, алар менен сөз тизмек, сүйлөм түзүшөт.

5. Сөздүк карта түзүүСөз –Котормосу -Сөз тизмек -Синоним -Антоним -Сүйлөм – 6. Текстке карата суроолорго

жооп берүү.1. Атасынын тышкы келбетин

Ч.Айтматов кантип сүрөттөп жатат, эмне себептен?

2. Москвага окууга эмне себеп-тен жиберишти жана ал жерде кан-дай жашашты деп ойлойсуңар?

Page 132: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

132 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

3. Саясий куугунтук дегенди кандай түшүнөсүңөр, Айтматовдун үй-бүлөсүнө таасири кандай болду?

4. Шекер айылы Ч.Айтматовго эмне үчүн баалуу?

5. Эмне үчүн “ Атамдан калган элестер” деп атады деп ойлойсуңар?

7. Салыштыруу баракчасыЧ. Айтматов-

дун атасыМенин атам

8. Ч.Айтматовдун чыгармала-рына саякат

1. Бүт ааламдын энеси-жер Жалпы адамзаттын энеси-Тол-

гонай. Кайсы чыгармасы тууралуу ай-

тылган? 2. “Дүйнөдөгү махабат жөнүндө

эң сонун баян”, – деп ким кайсы чы-гармасы тууралуу айткан?

3 . Бул саптардын маанисин кан-тип түшүнөсүңөр.Эзелтен чечилбеген улуу талаш, Канткенде адам уулу адам болот?Ураалап жоо кууса да ушул талаш,Канткенде адам уулу адам болот?Ажалга көз жумса да ушул талаш-Канткенде адам уулу адам болот?Душмандан жан соогалап качканда да,Душманды кырып-жоюп басканда да,Түбөлүк чечилбеген ушул талаш,-Канткенде адам уулу адам болот?Адамзат качан чечет, качан коет, – Канткенде адам уулу адам болот?

4. “Адам үчүн эң кыйыны – күн сайын адам болуу”, – кайсы чыгар-мага карата айтылган?

9. Төмөнкү макалдарды чеч-мелеп бергиле: Эки бөлүктүү күн-дөлүк

Цитата Коммен-тарий-

лөө1. ”Атың барда жер тааны,

Атаң барда эл тааны”2 “Эне көргөн тон бычат,

ата көргөн ок жанат, а таалим көргөн

көч баштайт”3 “Абийир тапса баласы,

атасына бак конот”

11. Талкуу жүргүзгүлө1. Демек, Ч.Айтматовго атасы

чоң тарбия берген, себеби...2. Демек, Ч.Айтматовго апасы

билим берген, анткени....3. Демек, чыгармалары турмуш-

тагы чындыкты баалаган, анткени...12. Акыркы эки абзацтан та-

таал сүйлөмдөрдү тапкыла.Окуучулар сүйлөмдөрдү тапкан-

дан кийин, төмөндөгүдөй жыйын-тыкталат:

Татаал сүйлөмдүн составындагы жөнөкөй сүйлөмдөр тең укукта ту-руп, бир маанини түшүндүрөт.

Алар өз ара байламталар аркы-луу жана байламтасыз байланышат

13. Үйгө тапшырма“Айтматовго кат” – деген темада

тең байланыштагы татаал сүйлөм-дөрдү катыштырып, 10–12 сүйлөм-дүн чегинде эссе жазып келүү.

Эссе жазуунун критерийлери:1. Теманы ачуу.2. 10–12 сүйлөм.3. Жаңы сөздөрдү пайдалануу3. Тең байланыштагы татаал сүй-

лөмдөрдү колдонуу.4. Сабаттуулук.14. Окуучулардын билимин баа-

лоо Билим баалоонун критерийле-

ри:1. Туура, так аргументтеп сүйлөө.2. Өз оюн түшүндүрө алуу.3. Кырдаалга жараша иштөө.

Page 133: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

133Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын максаттары:Билим берүүчүлүк макса-

ты: «Манас» үчилтигин таанып би-лүү жана кыргыз тили сабагынан өтүлгөн темалар боюнча алган би-лимин терңдетүү.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: сүйлөмдүн баш, айкындооч, түшүн-дүрмө мүчөлөрү, бир өңчөй мүчө-лөр, жалпылагыч сөздөрдү оозеки, жазуу кебинде колдоно билүү, сөз байлыгын тереңдетүү, «Манас» үчилтиги эрдикти, жоокердикти, ар-намысты Мекенди сүйүүнү даңа-залаган чыгарма экендигин билүү, аткаруучулук өнөрүнө кызыктыруу.

Тарбия берүүчү максаты: жаратылышты, мекенди, элин-же-рин сүйүүгө тарбиялоо

Сабактын тиби: бышыктоо.Сабактын методу: интерак-

тивдүү метод (кластер)Сабактын формасы: топ

аралык иштөөСабактын түрү: сахнаСабактын жабдылышы:

слайдПредмет аралык байла-

ныш: адабият

Сабактын жүрүшү Үй тапшырмасын текшерүү:

(Окуучулар 3 топко бөлүнүшөт да

мугалимдин жетекчилиги менен башка топко тапшырма иретинде үзүндү аткарышат же кластер тү-рүндө тапшырма түзүп келишет.Бул тапшырмага бир жума убакыт бери-лет.)

1-топ Манас тобу: Эпостон үзүндү аткаруу менен калган эки топко тапшырма: Үзүндүнү кунт коюп уккула да кайсы учур экенин, эмне жөнүндө сөз болгонун айтып бергиле.Үзүндүдөн каратма сөз-дөрдү таап, мүнөздөмө бергиле.

Каңгайдын ханы Коңур-бай:– (суранып, 2колун бооруна алып Манаска келип) Манас баатыр, жарашалы! Эрегишпей туугандаша-лы, кармашканды коёлу, ынтымакка келели.

Манас: – Жарашсак жараша-лы Коңурбай! Мен макулмун.

Коңурбай: – (кол куушуруп өтүнүч кылып) Эмесе Баатыр, ние-тим сүттөн ак, сыйымды көрүңүз, эп болсо атка миниңиз, мени менен жүрүңүз. ( экөө кетет)

Манас менен Каныкей сахнага келет.

Манас: – Ажалым жетип мен өлсөм, Букардагы Темир хан атаңа баш калкала, өлгөндө көргөн чуна-гым Семетейди көзүндүн карегин-дей сакта, 12ге келгенче ата жайын

ШАЙДУЛЛАЕВА Сайрагүл Шайдуллаевна, Бишкек шаарынын № 29 гимназиялык билимдеги мектеп-комплекси-

нин кыргыз тили жана адабияты мугалими

САБАКТЫН КЕПТИК ТЕМАСЫ: «МАНАС» ҮЧИЛТИГИ САБАКТЫН ГРАММАТИКАЛЫК ТЕМАСЫ: КЫРГЫЗ

ТИЛИ БОЮНЧА ӨТҮЛГӨНДӨРДҮ КАЙТАЛОО(кыргыз тили сабагы орус мектепте, 9 – класс)

Page 134: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

134 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

билгизбе, эне жайын туйгузба. Туу-ганың Ысмайылга бере көр, мойну-на тумар тага көр, жашы 12ге кел-генде, ичинен ок өтпөс тонду кий-гизип, ошондо эне-ата жайын бил-гизип, Таласты көргөз!

Каныкей: – Ата болгон жан элең, Баатырым, ак калпактуу кыр-гызга!Ободо чолпон жылдызым, ордуңду жоктор кыргызың!

Жооп: – Чоң казат учурун-да эки тарап тыныгып калат. Ошол учурда Каңгайдын каны Коңурбай Манастын алдына келип жарашалы дейт да, ордосуна чакырат. Айкөл Манас болсо амалдуу калмактын ичиндеги арам оюн байкабай, Акку-ласын минип ордого келет. Коңур-бай айбалта менен Манасты жара-дар кылат. Бакайдын кеңеши менен шектенип жетип барган Ажыбай баатыр Манасты куткарат.Бул учур-да Каныкей шектүү түш көрөт да, Бакайды Нарбуурулду жетелетип Манаска жиберет. Оор жаратына ка-рабай Аккуласынан айрылган Ма-нас Бакайдын келгенине күчтөнүп, душманды талкалап жеңишке жети-шет. Бирок Манас жаратынан айыга албай Каныкейге Семетейди алып атаңа кет деп керез айтат.

2-топ Семетей тобу: Үзүндү ат-каруу. Эки топко суроо: Бул үзүндү кайсы бөлүмдө? Кимдер эмне жө-нүндө айтышты?Кандай жалпы-лагыч сөздөр колдонулду?

Семетей: – Карааным алтын энекем! Толкуган көлдөн жетимди Көтөрүп өтөр кемемсиң. Мен же-тимди көтөрүп качып келген экен-сиң. Он экиге келгенче, Оролуп элди көрбөпмүн.Азапты тарткан энекем,

Элим кайда? Мен кайда?Атакемдин күмбөзү, Кыргыз деген эл кайда?

Каныкей: – Ой, кулунум, угуп ал, төмөнкүдөй: Сенин атаң эр МанасКоңурбайга алдатып, Кокус жерден өлүмгө калган болчу карма-тып. Кайсы бирин айтайын!?.. Ка-гылайын кулунум, Аман барсаң Та-ласка, Арстан Бакай олуям, «Жети-мим качан келет?» деп, Куруп жүр-гөн кезидир. Кагылайын кулунум, Калкыңдын жайын айтайын.Көк сүлөөсүн, кундуз бөрк, Чалдары сы-паа кыргыздын.Аргытып, атка ча-бышкан, Келини сонун кыргыздын.Кызыл беттүү кымча бел, Кыздары сонун кыргыздын. Белдемчисин байланган, Кымыз менен сүт берип, Кемпири сонун кыргыздын.Теле-гейи тептегиз, Жери жакшы кыр-гыздын.Өзөн-өзөн суусу көп, Өр-дөк-чүрөк куусу көп. Бетеге белден жошулган, Бээнин жери кең Талас.Чоң атаң Жакып баш болуп, Абы-ке, Көбөш үчөө кас болуп, Эзелден душман өзүңө. Эң оболу жолуккун, Кан Бакайдын өзүнө, Эмне десе аба-кең, Ишенгин, балам, сөзүнө! Эсен барып, кулунум, Эсен келгин өзүмө!

Жооп: Бул «Семетей» бөлүмү. Семетей Сары таздан эли кыргыз, жери Талас, атасы Манас душма-ны Коңурбай экенин угуп Темирхан менен Ысмайылга таарынат. Ошон-до Каныкейдин Семетейге баарын айтып берип жаткан кези. Каныкей Манастын керээзи боюнча Семе-тейди 12ге чыккыча эч кимге бил-дирбей чоңойтот. Бул анын «душ-мандар билсе өлтүрүп салбасын, чо-ңойсо атасынын ордун басат» деген тилеги болчу.

Page 135: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

135Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

3-топ Сейтек тобу: Клас-тер түзүп келишкен. Эки топко тапшырма: Эмне үчүн дарактын бир жагы жарык, бир жагы ка-раңгы? Бул кандай каармандар? «Канчоро тууган деп жүрсөм, Котур ташы койнунда Шайтанды баккан экенмин» – бул кимдин сөзү? Чечмелеп бергиле. Жоопту жазуу түрүндө түшүндүрмө мүчө-лүү сүйлөмдөр менен түзгүлө.

Жооп: оң каармандар жарык жакта, анткени алар эли-жерин сү-йөт. Сейтек Семетейдин баласы, чоңойгондо элин коргойт. Семетей кайып болуп кеткенден кийин Кыяз аялы Айчүрөктү, Семетейдин аялын олжолоп алат. Күлчоро, Чыйырды, Каныкей, Бакайларды кул, күң кы-лып азапка салышат. Караңгы жакта терс каармандар, душмандар. Алар-дын ою арам. Семетей Чачыкейге көңүл бөлбөй, Күлчорону Канчоро-дон өйдө көргөндүктөн Канчоро ме-нен Чачыкей арам оюн ишке ашы-рышат. Карагул, жылкычы башчы-сы, хандын буйругу менен Күлчо-рону кыйнайт. Бул Семетейдин айт-каны. Канчоро Манастын чоросу, Чубактын баласы. Аны тууганым деп жүрсө, ал Чачыкей, Семетейдин аялы менен биригип Семетейди жок кылууга шашат.

Жыйынтыктоо. Үй ишин ат-карууда силер эмнени түшүндүнөр?

Манастын ишин Семетей, анын ишин Сейтек улантат. Манас сырткы душманга, Семетей ички душманга каршы күрөшсө, Сейтек чачылган, кыйналган туугандарын чогултат, кыргыз тили курсунан өз-

дөштүргөн материалдарды терең-деп түшүндүк.

Жалпы тапшырма: Бул Кыргызстандын жети областы. Картага бириктирүү үчүн силер суроолорго бир өңчөй мүчөлөрдү катыштырып, туура жооп бери-шиңер керек (магниттин жар-дамы менен окуучулар жети об-ластты доскага бириктиришет).

Манасты бала чагында кимге тарбиялаганга беришкен? Ага кан-дай ат коюшкан? Эмне себептен? Манас төрөлгөндө кыргыздар баа-тыр туулду деп сүйүнүшөт. Душман көзүнөн сактоо үчүн «Чоң жинди» деп аташат да, ченде жок тентек-тигинен, шоктугунан улам Ошпур койчуга тарбиялаганга беришет.

Манастын эрдиги кантип баш-талат? Добушунан жан чыккан Ма-настын кабарын Бээжиндеги Эсен хан угат да, баатырларын жиберет. Манас ачууланып душманды качы-рат. Чоң Жолой колунан ажырайт да, өзү араң токойго качып кутулат. Ушинтип эрдиги башталат.

Алмамбет кимдин уулу? Эмне себептен өз жеринен куулду? Ал-мамбет калмак кытай тараптагы Азиз хандын уулу. Ал Каңгай хан-дыгында хан эл аралаганда анын ур-матына тирүү кишини курмандыкка чалган эрежеге каршы чыгат. Ошол учурда Кечил ханы Коңурбай Азиз хандын Кан-Жайлак деген жерин ээлеп алат. Алмамбет акыйкатты талап кылат, кармашат. Ошондо Ко-ңурбай Бээжинде Эсен ханга барып аны бузуку, жаман катары мүнөздөп коёт. Баары ага каршы болгондо ал элин, жерин таштап энесинин жар-

Page 136: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

136 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

дамы менен качып кетүүгө аргасыз болот.

Манас, Көкчө, Алмамбет баа-тырлардын аялдары кимдер жана алардын кандай байланышы бар? Манас баатырдын аялы – Каныкей, Көкчө баатырдыкы – Акеркеч, Ал-мамбеттики – Арууке. Бул үчөө тең Букардын ханы Темирхандын кыз-дары.

Сарытаз ким? Сарытаз Темир-хандын бир тууганы. Ал хандыкты талашып, көп эл өлүп , жеңилген-ден кийин хандын ордосунан токой-го куулуп кеткен.Аңчылык кылып жүргөн Семетей жолукканда Сары-таз анын эли-жери жөнүндө айтып берет, түшүндүрүп берет.

Манас баатырдын сөөгүн кайсы жерге коюшкан? Эмне се-бептен?Каныкей Бакай,Кошой ке-ңешип, өчөшкөн душмандар көрүн ачып албасын, жол үстүнө сүйрөтүп салбасын деп маркум Манастын сөөгүн Эчкиликтин кара тоосуна жашыруун коюшат.

Манастын негизги идеясы эмне? Манастын негизги идеясы – элин чогултуп бириктирүү, ынты-макта сактоо, жакшы жашоо.Жерин душмандан коргоо.

Жыйынтыктоо. Манас атабыз Кыргызстандын жети областын би-риктиргендей, кыргыз элин көп кы-йынчылык, тоскоолдуктарга кара-бай чогултуп бириктириптир.

Бүгүнкү сабактан силер эмнени түшүндүңөр? Эпосту терең түшүн-дүк. Негизги окуяларын билдик. Туулган жерди коргоп, элин сүйүп, ынтымакта болуу керектигин тү-шүндүк. Ошону менен бирге кыр-гыз тили боюнча алган билимдерди бышыктап, көнүгүп машыктык.

Баалоо: “Манас” эпосунан каа-лаган үзүндүнү айта билүү.

Үйгө тапшырма: үзүндүдөн каалаган 2 сөздү тандап алып, синк-вейн түзүп келүү.

Page 137: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

137Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын максаттары:Билим берүүчүлүк макса-

ты: сырдык сөздөрдүн маанилери боюнча терең билим берүү, көр-көм чыгармалардын үзүндүлөрүнөн сырдык сөздөрдү табууга үйрөтүү, (колдонулган кошумча материал-дар: Төлөгөн Касымбековдун «Кел-кел» романы, «Министрдин кызы-нын махабаты» кинотасма).

Өнүктүрүүчүлүк максаты: сырдык сөздөр боюнча алган би-лимин тереңдетүү, аларды оозеки, жазуу кебинде колдоно билүү, сөз байлыгын, байланыштуу кебин өс-түрүү.

Тарбия берүүчү максаты: жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо.

Сабактын тиби: бышыктоо.Сабактын методу: интерактив-

дүү методСабактын формасы: топ аралык

иштөө.Сабактын түрү: сахна, аңгемеле-

шүүСабактын жабдылышы: слайдПредмет аралык байланыш: ада-

биятСабактын жүрүшү:Жагымдуу жагдай түзүү менен

сабакты уюштуруу

Үй тапшырмасын текшерүү:(Мында, үй тапшырмасын ат-

карууда окуучулар эки топко бөлү-нүшөт. Өз каалоолору менен чыгар-мадан, жомоктон үзүндү же өздө-рү сырдык сөздөрдү катыштырып кызыктуу окуя ойлоп таап, кийинки сабакта экинчи топко тапшыр-ма иретинде даярданып, ролдор-го бөлүштүрүп аткарышат жана слайддык презентация түзүшөт)

• Биринчи топ– диалог түзүү Бир күнү кечинде Морфоло-

гия өлкөсүндө жумуш күндүн ая-гында бардык сөз түркүмдөрү эс алып жаткан учурда, бир караңгы бөлмөдө таң калычтуу сөздөр сүй-лөшүп жатыптыр. Алар көрүнбөдү, бирок үндөрү угулуп турду.

Экинчи топко тапшырма: Си-лер алардын кайсы сөздөр экенди-гин атап көргүлөчү.

— Б а а -рыңар уксаңар! Мени адамдар абдан жакшы учурларда ай-тышат экен.

Мисалы, ушунчалык кооз гүлдөрдү жыттаганда, жаратылыштын кооз-дугуна суктанганда.

ШАЙДУЛЛАЕВА Сайрагүл Шайдуллаевна, Бишкек шаарынын № 29 гимназиялык билимдеги мектеп-комплекси-

нин кыргыз тили жана адабияты мугалими

САБАКТЫН КЕПТИК ТЕМАСЫ: ТЕКСТТЕР ЖАНА ЧЫГАРМАЛАРДАГЫ ҮЗҮНДҮЛӨР МЕНЕН ИШТӨӨ

САБАКТЫН ГРАММАТИКАЛЫК ТЕМАСЫ: СЫРДЫК СӨЗДӨРДҮ КАЙТАЛОО(кыргыз тили сабагы орус мектепте, 9 – класс)

Page 138: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

138 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

— Сен бакты-луу экенсиң. Мени болсо өкүнгөн учур-ларда гана эстешет.

— Эмне эле мынча кайгырып жатасың! Мына мен деле жүрбөймүнбү! Мени алар үшүп кеткен учурда гана

айтышат. Башка учурда мен жөнүн-дө ойлоп да коюшпайт.

— Т а л а ш ы -ңарды токтоткула! Эң керектүү сөз мы-на-мен! Биринчи-ден мен чет өлкөдөн келгенмин, экичи-ден менде эки «л»

бар, үчүнчүдөн адамдар мени баа-рыңардан көп айтышат.

— Ай, тигил бурчта жанатан бери унчукпай отурган ким?

— Мага тийбегиле!— А эмнеге? Сен эмне өзгөчө-

сүңбү!?— Жок! Мен деле силердей эле-

мин. Бирок мен өз атымды айтар за-мат ар кимиң ар жакка тарап кете-сиңер!

— Шум-дугуң кур десе! Андай болушу мүмкүн эмес!

— Э м -не ге мүмкүн эмес! Мына ... –

деп ал өз атын айтты.

Экинчи топко сөз берилет. Экинчи топ кеңешип сүйлөшкөн сөздөрдү табышат. Алар өзүн тек-шерүүсү үчүн туура маанилерин слайддан чыгарып көрсөтүү менен жыйынтыктоо.

Сүйлөшкөн сырдык сөздөр: Бах, кап, ичикий, алло, кайыр

кошЖыйынтыктоо: бул сөздөр

кандай маанини билдирди? Алар-га мүнөздөмө берүү.

Экинчи топ– көркөм чыгарма-дан үзүндү аткаруу

Ныязалынын үйүндө улуу акын Токтогул менен Осмонкул бо-луштун жолугушуусу.

Биринчи топко тапшырма: Сырдык сөздөрдүн маанилерин атап бергиле.

— (Ныязалы) Ай, Токтогул, кыз көңүлү бекемби?

— Кам санабаң. (Токтогул)— Баракелде, анда азыр эс ал, ке-

чинде аттанабыз. Э, келиң, төргө өтүң. (Осмон-

кул болуш жигиттери менен кирип келет)

— Ким бул!? (Осмонкул болуш)— Аа, бул жолоочу экен. (Ныяза-

лы)— И? кимсиң сен?(Осмонкул)— Мен кишимин. (Токтогул)— Муну кара! Буту айры жумуру

башты киши дейбиз!(Осмонкул)— Жок, буту айры жумуру баш

болгон менен, саламга алик албаса, андайдын малдан айырмасы канча. Киши дебейбиз (Токтогул)

Page 139: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

139Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

— Ии, курч кези го, кечирип койгойсуз. Кетирип жиберем азыр.(Ныязалы шашып)

— Жок! Мен кетирбейм муну. Эй, дүмбүлчү! (Осмонкул)

— Лап-бай, болуш. (Дүмбүлчү)— Бул ким? (Ныязалы дүмбүлчү-

гө)— Бул Токтогул деген ырчы, мен

тааныйм, болуш! (Дүмбүлчү)— О, митайым! Келген күнү неге

ырдап салам бербейсиң?! (Осмонкул Токтогулга)

— Аттиң, бул менин күнөөм бо-луш. (Ныязалы)

— Аа, ошондой де?! Кана, булар-дын оозун жыттачы. Элден мал жо-голуп жатат. Эт жыттанса мага айт. И, тос оозуңду, шораяк (Осмонкул дүмбүлчүгө жана Токтогулга)

— Ох, мына, жылкыбы, уйбу, иши кылып, семиз эт. Калп айтсам калпычы болоюн! (Дүмбүлчү)

— А, бали! Дүмбүлчүм билет тур байбы. Кана, эми ойлон, мээне-тиң чоң болуп калды. Буларды эмне кылайын? (Осмонкул)

— Кыл менен каңшаарын тешүү керек!(Дүмбүлчү)

— Ай, кайран гана дүмбүлчү! Мурду бүтүндүн баарында кегиң бар!

Кекиртек! Таркы! Алгыла ууру-лардын аттарын сойгула. (Омонкул жигиттерине)

— Капырай! Айланайын Осоке, менин атымды соё берсин, мейман-дыкына тийбесин! (Ныязалы)

— Чу, чу!( Жигиттери)— Кокуй, тийбегиле, бул мей-

мандын аты эмеспи?!(Ныязалы)— Пай-пай-пай, бүгүн этке тоёт

турбайбызбы (Таркы)Биринчи топ маанилери боюн-

ча өз ойлорун айтышат. Андан соң

туура маанилери слайддан көрсө-түлөт да жыйынтыкталат.

Туура маанилери:Ай – көңүлүн буруу үчүн кайры-

луу Баракелде – колдоо Э – чочуу Аа – коркуу И – жактырбоо Ии – коркуу Эй – көңүлүн буруу Лап-бай – кызматка даяр экенин

билдирип кайрылуу И, митайым – ачуулануу Аттиң – өкүнүү Аа, ошондой де; И – шылдыңдоо Ох, мына! – кубаттоо А, бали – колдоо Капырай – чочуу Чу-чу – атты айдоо Кокуй – коркуу Пай-пай-пай – таң калуу

Сырдык сөздөрдү кайталоо Кандай сөздөрдү сырдык сөздөр

дейбиз?Сырдык сөздөрдүн кандай маа-

нилери бар?Тыныш белгилери кандай кою-

лат?А) Тапшырма: Көркөм тасма-

дан үзүндүнү кунт коюп көргүлө. Үзүндүдөн сырдык сөздөрү бар сүй-лөмдөрдү жазып, маанисин түшүн-дүргүлө.

Өзүңдү текшер – Оу – апасы жооп берди. Сүй-

лөөчүгө кайрылды.– Ым, ооба, саай алам. Жөтөлүп

чочуп кетти. – Ай – Мадина чочуп кетти.

Page 140: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

140 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

– Ой, жарма жасагам, көбүрөөк жасап алыптырмын. Өкүнүү.

– И-ий. Кубаттоо.– Ай, жанагы үйүңдөгү каяктан

келген кыз? Таң калуу.– Ии. Колдоо.– Апей, ботом, ай, анда ушуну

эле Жоробекке алып берип койбой-суңарбы? Чочуу.

– Анда жакшы экен ай, той-ду баштап ушинтип эле үйлөнтүп коюш керек. Кубаттоо.

– Мейли эми, жумушумду кыла-йын. Коштошуу.

– Ии, макул. Коштошуу.Бул тапшырманы эки топ тең

аткарышат. Андан кийин талкуу жүргүзүшөт.

Б) Тапшырма: «Апей» деген сырдык сөз кандай маани билди-рип жатат?

а) Апей, сен качан келдиң?б) Апей, анан эмне дейин?!в) Апе-ей, ушундай беле?г) Апей, мен эми ага эмне дейм?!а) чочуу, б) жактырбоо,в) таң

калуу, г) коркуу.Демек, бир эле сырдык сөз бир

канча маани бериши мүмкүн экен.Тапшырма: берилген сыр-

дык сөздөрдү бир канча мааниде жаз.

1– топ а( аа)2– топ о( оо)Болжолдуу жооптор:1– топ. а) А, Кубат, ассалом

алейкум! (көңүлүн буруу үчүн кай-рылуу );

б) « А, ошондойбу?»,– деп Вася шашыла кагазды окуду. (таң калуу);

в) «А-аа» – деп чалкасынан кет-ти. (коркуу );

г) А-а! Алган экенмин! (кү-түүсүздөн эстөө );

д) А– а, койсоңузчу. (жактыр-боо )

2– топ. а) Оо, кандай сонун жолугушуу! (кубаныч);

б) «О, үйдүн ээси, бери чык». (көнүлүн буруу үчүн кайрылуу);

в) О, шайтан! Тынч отур. (ачуу-лануу);

г) О, кайран Шакем, колунан иш келет го! (мактоо);

д) О, тим койгула! (чечкин-дүүлүк).

сөздүкжарма – суусундук – муздак жар-

ма. Айран кошулган муздак жарма жайкы ысыкта абдан жагымдуу

жаратылыштын кооздугу – ай-лананын кооздугу (сулуулугу). Ай-лана аппак карга бөлөнүп, кыштын күнү жаратылыштын кооздугу кан-дай гана керемет

калп – жалган – калп айтуу. Калп – ырыс кесет

кек – өч – кек сактоо. Кек сактап калган душман кайра кол салат

Жалпылоо 1. Сырдык сөздөр кандай сезим-

дерди билдирет?2. Кандай маанилери бар?3. Башка сөздөрдөн эмнеси ме-

нен айырмаланат?

БаалооҮйгө тапшырма: 1. Сырдык сөз катышкан чыгар-

малардан каалаган үзүндүнү рол-доштуруп көркөм окуп келүү.

2. Кластер аркылуу 2 сырдык сөздүн маанилерин аныктоо.

Page 141: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

141Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын максаттары:Билим берүүчүлүк макса-

ты: көркөм сөз өнөрүн калыптан-дыруу. Киринди сөздөр боюнча те-рең билим берүү, алардын мааниле-рин ажырата билүүгө үйрөтүү.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр боюнча алган билимин тереңдетүү, аларды оозеки, жазуу кебинде кол-доно билүү, сөз байлыгын өстүрүү.

Тарбия берүүчү максаты: көркөм адабий чыгармаларды окуу-га жана андагы баалуулуктарды өз турмушунда пайдалана билүүгө үн-дөө.

Сабактын тиби: таанып билүүСабактын методу: интерак-

тивдүү методСабактын формасы: коллек-

тивдүү иштөөСабактын түрү: аңгемеле-

шүүСабактын жабдылышы:

слайдПредмет аралык байла-

ныш: адабият

Сабактын жүрүшү:Жагымдуу жагдай түзүү менен

сабакты уюштурууҮй тапшырмасын суроо (Кайта-

лоо). Сүйлөмгө мүчө боло албаган

сөздөр кайсылар? ж.б.Жаңы тема: Киринди сөздөр• Сыягы, Каныбек азап менен

тозокту башынан өткөргөн жигит көрүнөт. (К.Ж.)

• Бүгүн, буюрса, олжолуу бо-лот окшойм. (Т.А.)

Бул сүйлөмдөрдө сыягы, буюрса деген сөздөр сүйлөмдөгү башка сөз-дөр менен байланышкан жок, сүй-лөмгө мүчө боло алган жок. Демек:

• Сүйлөм тутумунда туруп, сүйлөм мүчөлөрү менен байла-нышы жок сөздөр киринди сөздөр деп аталат.

• Киринди сөз сүйлөм башы-на келсе, андан кийин үтүр кою-лат.

• Сүйлөмдүн ортосунда болсо эки жагынан үтүр менен ажыра-тылат.

• Аягында келсе, өзүнөн му-рун үтүр коюлат.

ШАЙДУЛЛАЕВА Сайрагүл Шайдуллаевна, Бишкек шаарынын № 29 гимназиялык билимдеги

мектеп-комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

САБАКТЫН КЕП ТЕМАСЫ: АДАБИЙ ЧЫГАРМАЛАРДЫН БААЛУУЛУГУ САБАКТЫН ГРАММАТИКАЛЫК ТЕМАСЫ:

КИРИНДИ СӨЗДӨР (кыргыз тили сабагы орус мектепте, 9-класс)

Page 142: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

142 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Киринди сөздүн негизги маанилери

Тескерисинче, Каныбек ого бе-тер аракеттенди. (К.Ж.)

• Карама-каршы маани Ошентип, Алтынай да балдарга

кошулуп мектепте окуп калды. (Ч.А.)• Ойду жалпылоо Сиздин келишиңиз, биринчи-

ден, бизди кубандырып отурат, экинчиден, сагынычыбыз таркады.

• Ойдун ырааттуулугу Ал туура айтып жаткандыр, бал-

ким.• Божомол маани Жыйынтыктоо• Демек, киринди сөздөр инто-

нация менен айтылат, жазууда үтүр менен ажыратылат.

Менимче, кечиктим окшойт.Деңиз жээги, албетте, ден соо-

лук үчүн абдан пайдалуу.Көчүрүп жазып, белгиленген

сөздөрдүн синонимин таап, алар-ды кашаага жазгыла. Тыныш бел-гилерин тууралап койгула.

Үлгү: Серёжа, албетте, жол-дошторун уятка калтырбайт (арийне, сөз жок, сөзсүз).

ТапшырмаКиринди сөздүн негизги маани-

лерине карата мисалдарды толук-тоого окуучулар аракет кылышат. Бул тапшырмада маанилерине кара-та сөздөрдү окуучу өзү таап андан кийин туура мааниси менен салыш-тырат.

Айтымына караганда, эмки жумада күн жылыйт.

• Ойдун ким тарабынан ай-тылганын билдирди.

Менимче, дүйнөдө көп өзгө-рүүлөр болот.

• Ойдун ким тарабынан ай-тылганын билдирди

Албетте, Эр Төштүк досторунун жардамы менен жеңишке ээ болду.(Кырг.эл жомоктору)

• Ойдун ишенимдүүлүгү Көрсө, Ныязалынын үйүнө улуу

акын Токтогул келген экен.(Т. К.)• Ойду тактоо Болжолу, Данияр менен Жамий-

ланы таба алышкан эмес окшойт. (Ч.А.)

• Божомол маани

Page 143: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

143Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Эртең сыягы аба-ырайы жакшы болот. Айтмакчы ал бүгүн келмек. Демек сынакка даярдык жакшы. Тилекке каршы жардам өтө кеч келди. Мүмкүн биз дагы жолуга-быз. Сен экөбүз эң оболу окуу жө-нүндө сүйлөшөлү.

109-көнүгүү. Киринди сөздөрдү көчүрүп жазып, маанилерин анык-тагыла. Текстти орус тилине котор-гула.

Сөздүк менен иштөө• Олжолуу – иметь добычу –

жолдуу . Бул жолу да Кожожаш мер-ген аңчылыктан жолдуу болуп кайт-ты.

• Сынак – экзамен – сынак бе-рүү. Студенттер жайкы сынак бе-рүүгө камдана башташты.

• Өтө кеч – очень поздно – аб-дан жай. Ташбака абдан жай жү-рүүчү жаныбар.

Бүгүнкү сабак эмнеси менен жакты же жакпады деген ойдо тал-куу жүргүзүү, окуучулардын ойун ортого салуусуна шарт түзүү.

Билимин баалоо.Үйгө тапшырма: 111-көнүгүү.

Берилген суроолорго киринди сөз-дөрдү катыштырып жооп жазуу.

Page 144: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

144 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын темасы: Этиштин терс формасы. (-ба мʏчөсʏ)

Сабактын максаты: 1. Окуучулар этиштин терс фор-

масынын –ба мʏчɵсʏ тууралуу тʏшʏнʏк алышат;

-ба мʏчɵсʏн этиштин оӊ форма-сына улап, сʏйлɵгɵнгɵ ʏйрɵнʏшɵт;

Слайддагы сʏрɵттɵр менен таанышып, аларга -ба мʏчɵсʏн улашып кɵнʏгʏʏ, тапшырмаларды аткарышат;

2. Окуучулар алган билимдери-нин негиздерин турмушта пайда-лануу менен макалдарды айтышат.

-ба мʏчɵсʏн улап сʏйлɵм тʏзʏшɵт, оюн аркылуу далилдешет;

Оозеки жана жазуу сабаттуулу-гун, сɵз байлыгын ɵнүктүрүшɵт;

Окуу, угуу, кɵрʏʏ, тʏшʏнʏʏ, изилдɵɵ, табуу жана практика-лык машыгуулар аркылуу жазуу кɵндʏмдɵрʏн жакшыртышат.

3. Окуучулар «Керемет кɵч» жомогунда кɵрсɵтʏлгɵн эрежелер аркылуу таза болууга ден соо-лукту чыӊдоого тийгизген пай-дасын билип, ɵз ден соолугунун бекем болушуна кам кɵрʏʏгɵ, жаратылышка аяр мамиле жасоого жана бири-бирин сыйлоого, макал-дар аркылуу адептʏʏлʏккө тарбия-ланышат.Ɵзүн жана башкаларды сыйлоого, жупта, топто иштɵɵдɵ кызматташа билүүгɵ ʏйрɵнʏшɵт .

Көрсөткүчтөр (максаттын ишке ашышын текшерүү үчүн баалоо критерийлери)

Эгерде окуучу;• Эгерде окуучу этиштин терс

формасы -ба мʏчɵсʏнʏн эрежесин айта алса ;

• Слайдда кɵрсɵтʏлгɵн сʏрɵт-тɵргɵ -ба мʏчɵсʏн улап айтып бере алса;

• Класстер аркылуу этиштин тʏз жана терс формасын ажырата билсе;

• Өз алдынча, жупта, топто кызматташа иштей билсе, анда биз максатыбызга жеттик деп эсеп-тейбиз.

Сабактын тиби: жаӊы билим-дерди өздөштүрүү сабагы.

Сабактын формасы: топтук иштер

Колдонулуучу методдор: баян-доо, түшүндүрүү, айтып берүү, су-роо-жооп, көрсөтмөлүүлүк, кластер, өз алдынча иштөө, топто иштөөнү уюштуруу ыкмалары, калыптанды-руучу жана жыйынтыктоочу баалоо ыкмалары

Колдонулуучу окуу каражат-тары: окуу китеби, методикалык колдонмо, видео кɵрсɵткʏчтɵр, сү-рөттөр, слайд - таблицалар, баалоо белектери .

Керектелүүчү окуу жабдыкта-ры: доска, борлор, батман кагазы-нан жасалган класстер, фломастер, скотч, клей, кайчы, тʏстʏʏ барак-тар, проектор, компьютер.

Сабак аралык байланыш: ин-форматика , сүрөт, дене тарбия, му-зыка, адеп, адабий окуу.

АЛЫМБЕКОВА Дилбар Зарылбековна Бишкек шаарындагы №66 «Ден соолуктун жана ѳнүгүүнүн

мектеби» гимназия-окуу-тарбия комплексинин мугалими.«Дилгир жаш адис» кароо сынагынын жеӊүүчүсү.

Page 145: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

145Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычы

Мугалимдин жана окуучунун иш-аракеттери

Уюштуруу этабы

Классты жана окуу жабдыктарын даярдоо. Ватманга тартыл-ган «Алтын эрежелер» жазылган алмалуу бактын сүрөтүн доска-га илинип жасалгаланат.Окуучуларды сабакка уюштуруу. Окуу куралдарын даярдатып, са-бакты кабыл алууга жагымдуу маанай түзүп, саламдашуу. Сабакта «Алтын эреже» эске түшүрүлүп, анын сакталышы эскертилет. Окуучулардын маанайын көтөрүү максатында «Керемет көч» балдар фильминен көрсөтүү

Жаӊы теманы түшүндүрүү этабы

1-этап: Тактага этиштин терс формасы -ба мүчөсү деп жаӊы тема жазылат. -Балдар бүгүн силер менен бирдикте «Этиш» хандыгында ко-ноктобуз. Балдар этиш жөнүндө силер таанышсыӊар да туурабы?Этиштин канча чагы бар эле? Ким айтат?Ал эми бүгүн болсо этиштин 2 баласы жөнүндө кеп кылабыз. Алар түз жана терс формада болушат экен. Этиш ханы түз формада-гы баласы менен күндө көрүшчү экен. А терс формадагы балдарын көптөн бери көрө элек экен.Ал балдарынын аттары төмөндөгүдөй экен:-ба, -бе, -бо, -бө, -па, -пе, -по, -пө болуптур.Келгиле балдар Этиш хандыгынын балдарын атасына жолуктура-лык. Балдар ал үчүн слайддагы эрежелерге көӊүл буралы.Этиштин терс формасы уӊгуга -ба мʏчѳсʏ уланганда жасалат. Мисалы : Сен оку- сен окуба, сен кара-сен караба ж.б-ба мʏчѳсʏ -ба, -бе, -бо, -бѳ, -па, -пе, -по, пѳ мүчөлөрү аркылуу ѳзгѳрѳрүн түшүндүрүү

Оозеки көндүм этабы (Слайд аркылуу)

2-этап: Балдар этиш хандыгы силердин тилиӊердин так болушун талап кылып жатыптыр.Тилиӊерди жатыктыргылаЭтиштин түз формасы Этиштин терс формасысүйлө-говори сүйлөбө- не говориойно- играй ойнобо- не играйжаз -пиши жазба - не пишикел-приходи келбе- не приходиоку- читай окуба- не читайкыйкыр- кричи кыйкырба - не кричиотур-сядь, садись отурба- не сиди не садись, тур-встань турба- не вставай токто-остановись, токтобо-не останавливайсястойчурка-беги чуркаба - не беги, не бегай секир- прыгай секирбе- не прыгай

Page 146: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

146 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Акыл чабуулун өстүрүү этабы (сүрөт менен иштөө)

17 –көнүгүүдөгү сүрөткө карап түшүндүрүү1.Алтынай, бөбөгүӊдү ойнот.Алтынай, бөбөгүӊдү урба, ыйлатпа!2. Игорь, гүлдү сугар.Игорь, гүлдү үзбө, сындырба! Топко тапшырма:

Жазуу көндүм этабы

3-этап:-Эмесе балдар слайддагы сүрөттөргө карап, этиштин терс формаларын коёбуз. Азаматсыӊар балдар!(топко упай берилет)

Дене тарбиялык машыгуу этабы (кыргыз бийи)

4-этап:-Кана балдар, дептериӊерге сүйлөм түзүп, сүйлөмдөрүӊөрдү тактага жазгылачы.

Сөз өстүрүү этабы

5-этап: -Азаматсыӊар балдар! Колуӊар чарчадыбы? Ден-соолукка байланышкан кандай макалдарды билесиӊер?Анда эмесе ден-соолукка пайдалуу «Кара жорго» бийин бийлеп, ден-соолугубузду чыӊдайлы…!

Бышыктооэтабы

6-этап:-Кана балдар бул макалдардан -ба мʏчѳсʏ катышкан сѳздʏ тапкылачы?Ал эми ден соолукка байланышкан макалды тапкылачы?Улууну сыйла урматта, Кичүүнү соорот ыйлатпа.Жакшы бала - тил алчаак, Жаман бала - уялчаак.Ден соолук – чоӊ байлык. -Балдар ушул макалдарды ким орус тилине которот.

Баалоо этабы 7-этап: Топко тапшырма:- Балдар тактага илинген «Ден соолукка пайдалуу кеӊештер:» деген темадагы класстерге этиштин оӊ (пайдалуу) жана терс(зыян) формаларын чаптагыч түстүү кагаздарга жазып, чаптайбыз. Мисалы; 1-топ-чурка,күл, 2-топ-ичпе, чекпе ж.б(топтун упайларын берүү)Балдарды мактоо, кубаттоо, демилгелөө менен белек таратуу, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоо ыкмалары колдонулат.

Жыйынтыктоо этабы

Сабакты оозеки сурамжылоо аркылуу жыйынтыктоо.

Үйгө тапшырма- Балдар силерге «Этиш хандыгына балдарын жолуктуруудан кыйналган жоксуӊарбы?Сабак жактыбы? -ба мүчөсү катышкан макалдардан 3 макал таап, жаттап келүү

Page 147: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

147Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк Өнүктүрүүчүлүк Тарбия берүүчүлүк

1. Окуучулар “Космонав-тика” жөнүндө алган би-лимдерин кластерди кол-донуу аркылуу айтып бе-ришет.

2. РАФТ стратегиясын кол-донуп иштеше алышат. 3. Сүйлөмдүн баш мүчө-лөрүн таап, ээ менен баян-доочтун курамына карай бөлүнүшүн аныктоону үй-рөнүшөт.

1. Текстин мазмунуна, кырдаалдарга жараша билген макалдарын кол-доно алууларын көрсөтө алышат, өз ойлорун айта алышат. 2. Сүйлөмдөрдө ээ, баян-доочторду табуу, кура-мына карата бөлүнүшүн айырмалап аныктоо көн-дүмдөрүн өнүктүрүшөт 3. Эссе жазуу көндүмдө-рүн өнүктүрүшөт

1. Кыргызстандык жердеш-терибиздин ийгиликтери менен сыймактанууга тар-бияланышат.

2. Жылуу сөздөр, мамиле жана эмгектин ден соолу-губузга тийгизген таасири боюнча багыт алышат.

Көрсөткүчтөр:Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу...1. Кластер методун колдо-нууну билсе; тексттин маз-мунун түшүнсө;

2. РАФТ стратегиясын тү-зүүнү билсе; 3. Сүйлөмдөрдүн баш мүчө-лөрүн жакшы өздөштүрүш-сө, ээ менен баяндоочтун курамына карай бөлүнүшүн түшүнсө

1. Макалдардын мааниле-рин жакшы өздөштүрүш-сө, маанилерине карата колдоно билсе.

2.Сүйлөмдөрдө ээ, баян-доочторду табуу көндүм-дөрү калыптанса3. Эссе жазып жүрүшсө

1. Кыргызстандык жер-дештерибиздин ийгилик-тери үчүн сыймактануу сезимдери ойгонсо.

2. Жылуу сөздөр, мамиле жана эмгектин ден соолу-губузга тийгизген тааси-рин түшүнүшсө

Сабактын тиби: Аралаш сабакСабактын усулу: Интерактивдүү ыкмаларСабак аралаш байланышы: кыргыз тили,адабият, тарых , орус тили.Сабактын жабдылышы: проектор, слайд, кластер түзүлгөн ватмандар

(окуучулар даярдашкан)

МҮСҮРАЛИЕВА Нургүл Наспековна Бишкек шаарындагы № 66 гимназия-окуу-тарбия

комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалимиЭл агартуунун отличниги

7-КЛАСС

САБАКТЫН ТЕМАСЫ: БАЯНДООЧТУН КУРАМЫНА КАРАЙ БӨЛҮНҮШҮ

Page 148: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

148 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын түзүмү:1. а) Уюштуруу ( саламдашуу,

калоо-тилектерди айтуу)б) Макал аркылуу ден соолукка

багыт берүү2. Сабактын максаты менен таа-

ныштыруу3. Өтүлгөн теманы кайталоо4. Жаңы теманы проекторду кол-

донуу аркылуу өтүү, түшүндүрүү.5. Доскада берилген баяндооч-

торду курамына карата бөлүп жазуу6. Кыймыл-аракетти билдирген

сөздөрдү сүйлөмдөргө тууралап жа-зуу, баш мүчөлөрдү табуу, курамы-на карата аныктоо

7. Физ.көнүгүү8. “Уникалдуу адам” деген тема-

га РАФТ методун колдонуу аркылуу иштөө

9. сабакты жыйынтыктоо. Ээ ме-нен баяндоочко синквейн түзүү

10. Үйгө тапшырма11. Окуучулардын билимин баа-

лооСабактын жүрүшү:1. Уюштуруу.Мугалим саламдашкандан ки-

йин, окуучулар бири-бирине калоо - тилектерди айтышат. ( М.: Мен Кун-дузмун. Мен кайраттуумун. Анара, мен сага ден соолук каалайм, ...)

Б) Балдар, азыр бири-бирибизге жакшы калоо-тилектерди айттык, жылуу сөздөрдү бири-бирибизге багыштадык, бул ден соолугубуз-га пайдалуубу?- деген суроо менен кайрылам. Ооба, дешсе, кандай пай-дасы бар? – Күңүлүбүз көтөрүлөт, сүйүнүч пайда болот, жакшы окугу-буз келет, жашагыбыз келет, бирөө-гө жакшылык жасагыбыз келет... .

Ушул кырдаалга карата кандай ма-калдарды колдонсок болот?

– Туура. (Жакшы сөз жан эритет, жаман сөз жан кейитет. ...)

2. Бүгүнкү сабактын максаты; Өткөн сабакта өтүлгөн баяндоочту кайталайбыз, үй тапшырмасын тек-шеребиз, жаңы тема өтөбүз, ал те-маны бышыктоо үчүн көнүгүүлөрдү иштейбиз, макалдарыбызды эстей-биз, РАФТ стратегиясы менен иш-тейбиз

3. Өткөн грамматикалык те-маны кайталоо.

-Балдар, кыргыз тилинде сүй-лөмдүн кандай мүчөлөрү болот? (баш жана айкындооч мүчөлөр)

-Баш мүчөлөргө эмнелер кирет? (ээ жана баяндооч)

-Ээ деп эмнени айтабыз? (Ээ- баш мүчө,мааниси жана граммати-калык жактан баяндооч менен бай-ланышып турат)

-Баяндооч деп эмнени айтабыз? (Баяндооч -ээнин кыймыл аракетин, абалын билдирүүчү сүйлөмдүн баш мүчөсү)

-Курамы боюнча ээ кандай бөлү-нөт? ( жөнөкөй жана тутумдаш ээ)

4. Үй ишин текшерүү“Космосту изилдегендер, ба-

гынткандар”, “Космосту багын-туунун бизге берген таасири” деген темаларды кластер аркылуу окуу-чулар айтып беришет. Биздин жер-дештерибиздин космосту изилдөө илимине кошкон ийгиликтерине сыймыктанууга тарбиялап кетем, ошондой эле ушул кырдаалга (эли үчүн, жери үчүн кызмат кылган адамдарга) тиешелүү макалдарды эстешип айтышат. М.: Адам эмгеги менен даңктуу. Өз камын ойлогон

Page 149: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

149Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

өспөйт, эл камын ойлогон көктөйт. Эрдин даңкын алыстан ук. ...ж.б.

5. Жаңы тема: Баяндоочтун курамына карай бөлүнүшү

Слайд аркылуу жаңы теманы тү-шүндүрөм.

Кыргыз тилинде баяндооч да өзүнүн курамына карай, ээ сыяктуу эле, жөнөкөй жана тутумдаш баян-дооч болуп бөлүнөт.

Жөнөкөй баяндооч бир сөздөн турат.

Мисалы: Окумуштуулар космос мейкиндигин изилдешти.

Тутумдаш баяндооч эки же ан-дан ашык сөздөрдүн ажырагыс тиз-мегинен турат.

Мисалы: Окуучулар көчөдө чур-кап бара жатышат.

6. Бышыктоо. Жөнөкөй жана тутумдаш баяндоочторго бөлүп жазгыла:

Учуп кетүү, жазуу, бара жаты-шат, турушат, жылый баштады, кы-зыгып угушат, тыңшадык, кайтып келе жатат, ырдады, түшүп кетти, сүрөттөп берди, окуйт.

7. Экинчи катардагы кыймыл – аракеттерди билдирген сөздөрдү биринчи катардагы сүйлөмдөргө тууралап байланыштыргыла.

1. Биз А.С.Пушкиндин “Рус лан менен тартылууда Людмила” поэ-масын ... .

2. Окумуштуулар табияттын маа-нилүү жазып жатат мыйзамдарын

3. Майрам күндөрү ат чабыш оюну ... . катышты

4. “Кыргызфильм” киносту-дия сында окуп жатабыз кызыктуу мультфильмдер ... .

5. Студенттер дипломдук ишин ... . изилдешет

6. Илимий конференцияга чет элдик өткөрүлүп турат окумуш-туулар ....

8. Физкөнүгүү. 9. РАФТ стратегиясын колдо-

нуу аркылуу “ Уникалдуу адам” деген темада иштөө.

“Миң кишинин атын билгиче, бир кишинин сырын бил” дегендей, балдар, ушул биздин турмушубузда силер билип , көрүп жүргөн адам-дардын ичинен кимисин уникалдуу, өзгөчөлөнгөн адам деп эсептейси-ңер. Эмнеси менен, сапатыбы, мами-лесиби, өзгөчөлөнгөн талантыбы, .... айырмаланат, баалуулугу эмне-де? ... РАФТ стратегиясын колдонуп иштегиле. (5 мүнөт убакыт берилет) Даяр болгондор автордук креслого отурушуп, презентациялайт. Угуп отурушкан окуучулар суроолорун беришип, жооп алышат. ....

10. Ээ жана баяндоочко синк-вейн түзүү

11. Сабакты жыйынтыктоо.- Балдар, бүгүнкү сабак силерге

эмнеси менен жакты?- Сабактан кандай жаңы билим

ала алдыңар?- Бүгүнкү сабактын темасынын

мазмунун түшүнүп, ача алдыкпы?...12.Үйгө тапшырма.Көнүгүү 210. Сүйлөмдөрдү кө-

чүрүп жазып, жөнөкөй жана тутум-даш баяндоочторду табуу.

13. Окуучулардын билимин баалоо.

Окуучулар баалоо баракчалары-на сабактын башынан аягына чейин жасаган иштерин жазып турушкан, жасаган иштерине өздөрү өздөрүнө бааны комментарийлеп коюшат.

Page 150: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

150 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

САБАК – БЇТПЄГЄН ПРОЦЕСС

Дамира ИСКАКОВА,Бишкек шаарынын № 28 мектеп-лицейинин кыргыз тили жана

адабияты сабагынан мугалими

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВДУН “ЖАЗ” АТТУУ ЫРЫНЫН ТЕКСТИ МЕНЕН ИШТӨӨ

(Кыргыз адабияты орус тилдүү мектепте, 8-класс)

Сабактын темасы: Касым Ты-ныстановдун “Жаз” аттуу ырынын тексти менен иштөө

Сабактын тиби: жаңы мате-риалды өздөштүрүү

Сабактын түрү: көркөм окууСабактын максаттары:1. Билим берүүчүлүк: окуучу-

лар Касым Тыныстановдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө маа-лыматты өздөштүрүшөт. “Жаз” ат-туу ырын көркөм окушат.

2. Тарбия берүүчүлүк: улуу ин-сандарды сыйлоого, алардын эмге-гин урматтоого тарбияланышат. Жа-ратылышты сүйүүгө, аны коргоого үйрөнүшөт, жыл мезгилдеринин су-луулугун ачып беришет.

3. Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар сабакта сүйлөө кебин, сөз байлыгын өстүрүшөт.

Сабактын жабдылышы: Ка-сым Тыныстановдун портрети, чы-гармалары, жыл мезгилдери жөнүн-дө сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү:I. Уюштуруу. а) “Ким көп сөз

жасайт?” деген оюндун шартын тү-шүндүрүү: “Маданиятташтыруу” деген сөздүн тамгаларынан башка

сөздөрдү ойлоп тапкыла”,- деген тапшырма берилет. Окуучулар чек-телген аз гана убакыт ичинде (3 мү-нөт) өз барактарына сөздөрдү курап бат-бат жазып алышы керек. (мада-ният, дан, таш, уят, ыр, шам, шаш, шыр, тур, шыруу, ташуу, ашуу, маш ж.д.у.с.) Убакыт бүткөндө, мугалим белги берет да, жазууну токтотот. Эми бири-бири менен барактарын алмашып, ар ким өз кошунасынын жазган сөздөрүн текшерет. Катала-рын белгилешет. Сөздөрдүн санын санап, баракчалардын бир бурчуна жазып коюшат. Мугалим эң көп сөз курагандарды сураштырып чыгат. Мисалы: 20 сөз жазган окуучулар төртөө болду дейли. Аларды өз ара жарыштырыш керек. Алар кезеги менен сөздөрдү айтышат. Бири айт-кан сөздү экинчиси кайталабайт. Кайталаган окуучу оюндан четтети-лет. Адашпай сөздөрдү көп атаган окуучу жеңет. Аз сөз жазган окуучу-лар жарышка катышпайт, текшерип жана угуп отурушат.

б) Кышкы каникул күндөрү жөнүндө аңгемелешүү, суроо бе-рүү:

1. Бир жылда канча жыл мезгили бар?

Page 151: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

151Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

2. Кыш мезгилинде аба ырайы кандай болот?

3. Силерге кайсы мезгил өзгөчө жагат? Эмне үчүн?

Фонетикалык көнүгүү: К.Ты-ныстановдун ырларынын, чыгарма-ларынын аталыштарын доскага жа-зып, ал жазууларды окуп, так жана туура айтууга көнүктүрүү. “Таң”, “Алачка”, “Жастарга”, “Ысык-Көл-гө”, “Ала-Тоо”, “Курбума”, “Жай-лоо”, “Мариям менен көл боюнда”.

II. Жаңы материалды түшүн-дүрүү:

а) Мугалимдин киришүү сөзү: Касым Тыныстанов жөнүндө эмне билесиңер? Ал жөнүндө кандай маалыматтар бар? Ал кыргыз эли-не кандай эмгек жасаган? Кандай чыгармалары менен таанышсыңар? Окуучулардын айткан ойлорун так-тада кластерде көрсөтсө болот.

б) “Касым Тыныстанов” деген текст менен иштөө:

в) Жаңы сөздөр менен иштөө. (үн чыгарып 59-беттеги сөздүк ме-нен таанышуу) Текстти тыным ме-нен окутуу. (окуу китебинин 58-бе-тинде)

г) Суроолорго жооп берүү менен окуучулардын текстти алгачкы ка-был алуусун текшерүү:

1) Касым Тыныстанов кайсы кы-лымда жашаптыр? Ал ким болгон?

2) Качан, кайсы жерде туулган?3) Тил илимине кандай салым

кошкон? Текстти кыскача сүйлөп бе-

рүүгө, ырдын текстин көркөм окууга машыгуу.

59-беттеги “Жаз” деген ырын көркөм окуу.

Текстти тыным менен окутуу. Ар бир тынымда суроолорго жооп берүү.

Жаз келгенде кандай өзгөрүүлөр болот?

Келгин куштар эмне жөнүндө сайрашат?

Жан-жаныбарларда кандай өзгө-рүүлөр болду?

Элдин пейли кандай болуп өз-гөрдү?

Жаз келгенде адамдардын жа-шоосунда кандай өзгөрүүлөр боло баштады?

III. Жыйынтыктоо: 1926-жылы кыргыз элинде эч кандай ада-бий жана саясий журнал жок эле. Эч кандай музей да болгон эмес. Кыр-гыз мектептеринде бала окуткан жаш мугалимдер педагогикалык журналга, ал эми кыргыз акын-жа-зуучулары адабий-көркөм журналга муктаж эле. Андай журналды чыга-ра салышка өкмөттүн акчасы болгон эмес. Касым Тыныстанов менен Тө-рөкул Айтматов демилге көтөрүп, «Басма сөзүбүздү илгерилетели» деген чакырык менен кайрылып, ал

Page 152: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

152 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

чакырыкты «Эркин Тоо» газетасы-нын 1926-жылдын 7-апрелиндеги санына жарыяланган болчу. Чогул-ган акчага 1928-жылдын май айын-да «Жаңы маданият жолунда» аттуу журналдын биринчи саны жарык көрөт

IV. Жаңы теманы бышыктоо:Суроолор жана тапшырмалар

боюнча иштөө:• Касым Тыныстановдун эм-

геги кыргыз элинде бааландыбы? Бүгүнкү күндө окумуштуулардын жашоосу оорбу же жеңилби? Жаз мезгили келгенде жаратылышта, адамдардын жашоосунда кандай өз-гөрүүлөр болот?

• Макалдарды толуктап жазуу.• «Жаз» деген сөзгө кластер тү-

зүү.

V. Окуучулардын билимин баалоо.

Үйгө тапшырма: 58-беттеги текстти окуп келүү, «Жаз» аттуу

ырын жана жаңы сөздөрдү жаттоо, ырга ылайык сүрөт тартуу. Жаз мез-гили жөнүндө чакан аңгеме түзүү.

Сабактын жүрүшү (минуталар менен чектелген)1. Уюштуруу мүнөтү – 2 м. 2. Кышкы каникул күндөрү жөнүн-

дө аңгемелешүү – 5 м. 3. Фонетикалык көнүгүү – 2 м. 4. Жаңы теманы түшүндүрүүа) суроо-жооп – 2 м.б) кластер түзүү – 3 м. 5. Текст менен иштөө а) сөздүк менен иштөө – 3 м .б) текстти тыным менен окуу – 5 м. в) суроо-жооп – 3 м. 6. Ырдын текстин көркөм окууга

машыгуу а) ырды көркөм окуу – 3 м. б) ырды тыным менен окуу – 3 м. в) суроолорго жооп берүү – 3 м. 7. Жыйынтыктоо – 4 м. 8. Бышыктоо – 3 м. 9. Окуучуларды баалоо – 3 м. 10. Үйгө тапшырма – 1 м.

Page 153: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

153Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын максаты:1. Билим берүүчүлүк: чыгар-

манын мазмуну менен таанышы-шат. Чыгарманын темасы жана идеясын ачып бергенге үйрөнүшөт. Адабий терминдерди өздөштүрөт.

2. Тарбия берүүчүлүк: окуу-чулар бүгүнкү күндө мекенин кор-гоого жана ага чынчылдык менен мамиле кылууга тарбияланышат.

3. Өнүктүрүүчүлүк: алган би-лимдерин өздөштүрүүдө окуучулар активдүүлүк билгичтик, байкагыч-тык жөндөмдөргө ээ болушат.

Сабактын тиби: жаңы билимге ээ болуу сабагы.

Сабактын түрү: аралаш сабак.Сабактын ыкмасы: окуучулар-

дын окуу-таанып билүүчүлүк ишмер-дүүлүктөрүн ишке ашыруу методу.

Сабактын жабдылышы: ТСО, сөздүк, сүрөт, окуу китеби, карточ-калар, слайд

Сабак аралык байланыш: кыр-гыз тили, орус тили, орус адабияты, музыка, сүрөт сабагы.

Сабактын жүрүшү: • Уюштуруу ( саламдашуу, жа-

гымдуу маанай түзүү “Бишкегим” аттуу ырды ырдашат, классты жок-тоо, журнал толтуруу) 3 мүнөт

• Речтик көнүгүү: Жуманын күндөрү боюнча оюн (Дүйшөмбү-Вторник-Среда-Четверг-Жума ж.б.) 1-мүнөт

1. Балдар, бүгүнкү биздин са-багыбызда кайтарым байланы-шы аркылуу өтүлгөн теманы кайталап үй ишин текшеребиз.

2-этап: Чыгармадагы башкы каармандар Сейде жана Ысма-йылдын образын ролдоштуруп аткаруу аркылуу жана чынжыр-ча аркылуу текстти окуу менен жаңы теманы өздөштүрөбүз.

3-этап: Суроолорго жооп бе-рип, сүрөт менен иштөө аркылуу алган билимдерибизди бышык-тап, бул сабакта алган билимде-рибиз упай топтоо аркылуу баа-ланат.

• Үй тапшырма: (Жазуучунун өмүрү чыгармачылыгы тууралуу суроолорго жооп берүү аркылуу текшеребиз).

• 1928-жылы Талас өрөөнү-нүн Шекер айылында төрөлгөн. Кыргызды калеми менен дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу?...

1. Ч.Айтматов жөнүндө ким эм-нени билет?

2. Чыгармалары канча тилге ко-торулган?

3. “Сүйүү жөнүндөгү дүйнөдөгү эң улуу дастан” деген баага ээ бол-гон чыгармасы?

4. Ч. Айтматовдун акыркы чы-гармасы?

5. Жазуучунун кандай чыгарма-ларын билесиңер?

Нурзаида ЭРМЕКБАЕВА, Бишкек шаарынын № 19 орто мектебинин кыргыз тили жана ада-

бияты сабагынан мугалими

Ч.АЙТМАТОВДУН «БЕТМЕ-БЕТ» ПОВЕСТИ(Кыргыз адабияты орус мектепте, 8-класс)

Page 154: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

154 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын биринчи этабы болгон кайтарым байланышы аткарылды. Мында мурунку сабагыбызда өткөн Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачы-лыгы деген темабызды кайталап, алган билимдерибизди кайтарып алдык, окуп келүүгө берилген өмүр баянын айтуу менен үй ишин тек-шердик.

• Жаңы сабак: “Бетме-бет” по-вести 1858-жылы басмадан чыккан. Анда жазуучу согуш мезгилиндеги элдин оор турмушун, Сейде сыяк-туу карапайым кыргыз аялынын аң-сезиминдеги өзгөрүүлөрдү, өз жанын мекенден жогору койгон Ыс-майылдын тагдырын баяндайт. Так-тап айтканда аскер качкынынын ке-йиштүү тагдыры сүрөттөлөт. Айыл-дын эр азаматтары кан майданга жөнөгөндө, алар менен кошо кеткен Ысмайыл өлүп калуу мүмкүнчүлүгү бар экенинен заарканып, жолдон ка-чып келет да кышы бою кыштагы-на жакын үңкүрдө бекинип жатат. Ошондо ал өз үй-бүлөсүн кыйнайт, бара-бара адамдык касиетин жогото баштайт. Акыры кара курсагынын гана камын ойлоп, өз кошунасынын болгондо да көп балалуу жесирдин уюн уурдап соёт.

Жолдошторубуздун ролдошту-руп аткаруусунда мындан аркы окуянын уланышына күбө боло-лу.

Бул көрүнүштөн силер эмнени түшүндүңөр? Ысмайылдын бул кылганы туурабы?

Эми китебинердин 88-бетин ачып, тексттин калган бөлүгүн чынжырча аркылуу улантып окуйбуз. (Окуучу-лар бири-бирин улап окушат)

• Сабакты бышыктоо:1. Ысмайылдын жеке мүдөөсүн,

өзүмчүлдүгүн эмнеден улам бай-коого болот?

2. Сейде менен Ысмайылдын элдешпес кагылышы эмнеден улам болду?

3. Сейденин чачы эмне үчүн бир түндө агарып кетти?

4. Сейдеге үңкүрдө жаткан Ыс-майылга бетме-бет чыгып, анын бетин ачууга кандай күч түрткү берди?

5. Эгерде Ысмайыл терс кылык-жоруктарды жасабаса, келечектеги алардын жашоосун кандай элесте-тет элеңер?

Балдар, тексттин мазмуну менен толук тааныштык. Силердин логи-калык ой жүгүртүүңөрдү арттыруу максатында сүрөт менен иштей-биз. Кайсы бир улуу сүрөтчү “Ме-нин сүрөттөрүм дүйнөнү сүйлөп турат”, - деп айткан экен. Ар бир сүрөт адамга карап коюу гана ыра-хатын тартуулабастан, ошол сүрөт-түн үнүн уга билүү да өзгөчө орунга ээ. Андыктан, биз азыр бул сүрөт-тү сүйлөтүүгө аракет кылабыз. Ал үчүн алгач сүрөттөн эмне көрүп турганыныбызды айтабыз. Андан соң ошол нерселердин үнүн угуп жатканыбызды, үйдөгү атмосфе-радагы үндөрдү айтып беребиз. Ал эми үчүнчүдөн окуя кандай болуп уланат же эмнени сезип турганы-бызды айтабыз.

Көрүп турам, Угуп жатам, Се-зип турам.

(Көрүп турам - сүрөттөгү көр-гөндөрүн айтышат.

Page 155: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

155Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Угуп жатам - сүрөттүн ичинде-ги каармандардын добуштарын, кыймылдарын, нерселердин үн-дөрүн угуп жаткандарын айты-шат

Сезип турам - кандайдыр бир окуя болорун сезип тургандарын айтышат)

• Сабакты баалоо: калпак, үкү топу үлгүсүндөгү упайларды тара-туу аркылуу бааланат.

Үйгө тапшырма: Сейде менен Ысмайылга Венндин диаграммасы боюнча мүнөздөмө бергиле.

• Сабакты жыйынтыктоо: “Келечек поезди” (Окуучулар бири-бирине болгон каалоо-тилектерин, жакшы сөздөрүн арнашат. Миса-лы: Мен сенин дүйнөдөгү мээридүү адамдардан болушуна ишенем. Сен келечекте эң мыкты кызматкер бо-лоруңа көзүм жетет. ж.б.).

• Окуучуларга ыраазычы-лык билдирип, жакшы сөздөрдү айтып бүтүрөм.

Page 156: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

156 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын темасы: “Ысык-Көл-дүн куту жана куну” тексти менен иштөө

Сабактын максаттары: окуу-чулар жаңы маалымат менен таа-нышышат. Класста окуучулар өз ара ишмердүүлүгүн уюштуруп кө-нүшөт. Окуучулардын кеп ишмер-дигинин негизги сүйлөө, угуу, окуу, жазуу түрүндөгү билгичтиктери өнүгөт. Окуучулардын тил билгили-гин жана социо-маданий билгилиги өнүгөт. Баарлашуу маданияты ка-лыптанат. Бири-бирине, көлгө, жер-ге аяр мамиле кылууга үйрөнүшөт.

Сабакта күтүлүүчү натыйжа-лар:

Кептик-катнаштык билгилик-тери:

Окуу: текстти окуп, түшүнөт жана текст боюнча тийиштүү тап-шырмаларды аткара билет. (Көр-сөткүчтөр: издеп окуу көндүмүнө ээ болот, тексттин мазмуну боюнча продуктивдүү жана репродуктивдүү суроолорду туюнтуп, окулган текст-тин мазмуну боюнча өз пикирин айта алат.Тексттен кийинки тап-шырмаларды аткарат.)

Угуу: жай сүйлөмдөрдү, су-роолуу сүйлөмдөрдү угуп, карым-катнаш милдетине жана тексттин ишмилдеттик тибине жараша ар кандай деңгээлде кабылдай билет,

алардын негизги мазмунун түшү-нөт. (Көрсөткүчтөр: сабакта су-роолорду угуп, аларга жооп берет, башкалардын айтканын угуп, түшү-нүп, өзү улап сүйлөп кете алат.)

Сүйлөө: берилген тема боюнча аңгеме кура алат. (Көрсөткүчтөр: сабакта талаш-тартышка кошулуп, берилген тема боюнча өзүнүн көз карашын ар бир окуучу 5-6 айтымга чейин жактай алат. Алган маалыма-тын анализдеп, синтездей алат.)

Жазуу: сабакта жазуу көндүм-дөрүнө ээ болот. (Көрсөткүчтөр: мурда өздөштүргөн орфографиялык көндүмдөрүнө таянып, суроолуу сүйлөмдөрдү түзүп жазат.)

Тил билгилиги: тил бирдик-терин түшүнөт жана кепте тилди грамматикалык функцияларына ылайык колдоно билет.

Социо-маданий билгилиги: са-бактагы теманын алкагында Ысык-Көлдүн көйгөйлөрүн көрө билет жана аймактагы элдин жашоо-тири-чилик маданиятын билет.

Тапшырмалар: 1. Текстти окуганга чейинки

тапшырма (5 мүнөт).2. Текстти окуп чыккыла. Жаңы

сөздөрдүн, түшүнбөгөн сөз айкаш-тардын алдын сызып окугула (3 мү-нөттөн – 5 мүнөткө чейин).

3. Кичи топторго тапшырма.

Айгүл ОМОРОВА,Бишкек шаарынын № 28 мектеп-лицейинин

кыргыз тили мугалими,

“ЫСЫК-КӨЛДҮН КУТУ ЖАНА КУНУ” ТЕКСТИ МЕНЕН ИШТӨӨ

(Кыргыз тили орус тилдүү мектепте, 9-класс)

Page 157: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

157Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Өз тобуңарда ушул алды сызылган сөздөрдүн маанисин талдагыла, бири-бириңерден сурап билгиле (2 мүнөт).

4. Жазуу иши. Текст боюнча негизги сөздөрдү жазып алгыла. Ушул тандаган негизги сөздөрдү колдонуп, оозеки сүйлөп берүүгө даярдангыла (7 мүнөт).

5. Топ менен жактоо, оозеки иш. Тактанын жанына келип, жа-зылган негизги сөздөрдү карап (колдонуп), текстти сүйлөп бергиле (ар бир топко 5 мүнөттөн берилет, тапшырмага 15-20 мүнөттөй кетет).

6. Жыйынтыктар (5 мүнөт).Класстагы окуучулардын тил

билүү деңгээлине жараша сабак-ты пландаштыруу керек. Төмөндө улантуучу топтогу окуучулар менен иштөө көрсөтүлөт.

1. Текстти окуганга чейинки аткарылуучу тапшырмалар

Тексттин аталышы - “Ысык-Көл-дүн куту жана куну”. Кандай деп ойлойсуңар: бул текст эмне жөнүн-дө? Эмне үчүн минтип ойлойсуңар? Бул текстте эмне жөнүндө окуйбуз деп ойлойсуңар? Эмнени күтөсү-ңөр? Эмне жөнүндө билгиңер ке-лет? Тема боюнча эмнени билеси-ңер? Божомол түзөбүз. Текстти эмне максат менен окуй турганыбызды аныктадык. (5 мүнөт)

2. Текст менен иштөө. (төмөн-кү а,б,в,г иштерине жалпы 15 мү-нөт берилет) Топторго бөлүп алуу керек. Ар бир топко “Ысык-Көлдүн куту жана куну” текстинен бирден абзац сунушталат.

а) Тез окууну практикалайбыз. Жаңы сөздөрдүн, түшүнбөгөн сөз

айкаштардын алдын сызып окугула. Өз божомолдорубузду ырастайбыз же жокко чыгарабыз (3-4 мүнөттүн ичинде текстти ар ким өз бөлүгүн өз алдынча окуп чыгышат).

б) Өз тобуңарда ушул алды сы-зылган сөздөрдүн маанисин талдагы-ла, бири-бириңерден сурап билгиле (2 мүнөт топ ичинде талкуулашат).

в) Толук маалымат алуу үчүн экинчи жолу окуу ишмердүүлүгү уюштурулат (2 мүнөт).

г) Текст боюнча негизги сөздөр-дү дептериңерге жазып чыккыла. Ушул тандаган негизги сөздөрдү колдонуп, оозеки сүйлөп берүүгө даярдангыла (7 мүнөт).

Чыңгыз АйтматовЫсык-Көлдүн куту жана куну

(публицистикалык макаладан үзүндү)

IЫсык-Көл – менин кутман бе-

шигим. Кайда гана болбоюн, өл-көнү кыдырып жүргөндөбү же чет жакаларга чыккандабы, айтор, Ысык-Көлгө тең келер эч бир жерди көрбөдүм.

Ысык-Көл орусча аталганда жы-луу көл дегенди билдирет. Анын Туз-Көл деген да аты болгон. Андан кийинки Тимур-ту-Нор – темир-лүү көл деп аталат. Жыт-Көл деп да аташкан. Мындай аттардын жа-ралышы кокусунан дейсизби? Түк андай эмес. Ал чынында эле сейрек учурай турган көл. Тереңдиги жа-гынан Байкалдан кийинки орунда турат. Эң терең жери 700 метрге че-йин жетет.

Page 158: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

158 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

II- Бирок Ысык-Көлдүн кутман-

дыгына жана кереметине тамша-нып караган маал эбак артта кал-ды. Адамдардын сөздөрүнөн азыр кооптонуу улам көбүрөөк угула баштады: көл эми – баягы көл эмес.

- Аттиң деңизчи, бул анык. Ысык-Көл тартылып баратат... Эгер аны мурда жүздөгөн дарыялар менен тоо суулары толтуруп турса, бүгүн алардын баары бүт бойдон сугатка жумшалат. Көлдөн суу агып чыкпайт,

ошондуктан ал өзүнүн бөксөсүн эбе-гейсиз өлчөмдөгү буулануунун эсе-бинен толтуруп турат. Көлдүн жээги жыл сайын 7-10 сантиметрге ылдый-лап жатат. Суунун бир жылдык тар-тыштыгы, ошентип 7500 миллион кубометрге жетип олтурат. ... көл жээгинин 500-1000 метрге тартылып такырайып калышы суунун жы-луулугун 2-3 градуска төмөндөтүп коёт. Ал эми бул өз кезегинде көлгө түшүүнүн ансыз деле кыска мөөнө-түн дээрлик бир айга чектеп салат.

Көлгө көп сандаган агын суулар куят. Жердин калың катмарынан жылжып агып чыгып, ал суулар

тузду ээритип, аларды минералдаш-тырып турат. Андан тышкары көл-дүн алабында көп сандаган термал-дуу минерал булактар бар...

кутман счастливый агын суу Рекабешик колыбель катмар Слой

темирлүү с железом жылжып агып вытекая с трудомтүк андай эмес совсем не так алап син.: тегереги

кутмандык Счастье бөксө неполно, не до краёвкеремет чудо, диво сугат – Поливтамшан- вспоминать приятное буулануу Испарениекооптон- страшиться, опасаться тартыштык – острый недостатокаттиң де- как жаль, какая досада такырайып – оголившисьтартылып вода сбыла дээрлик – Почти

III- ...Орто Азиянын бермети деп

аталган бул көлдүн сиз айткан кри-зиси канчалык жакындап келат-кандыгы ушу бүгүн эле айкын болуп олтурат. Деги мунун коопсуз чеги кайда болушу мүмкүн?

- Болору болгон соң, эми айт-паска чара барбы, биз өзүбүздүн утурумдук муктаждыктарыбыз-дын туткуну болуп чыктык. Алар ушунчалык зор болгондуктан, эми кайра артка тартуу иш жүзүндө

мүмкүн эмес. Чынында эле өздөш-түрүлгөн жерлерди сугаруу керек-пи? Керек. Эгин айдап, жашылча өстүрүп, тоют камдоо зарылбы? За-рыл. Малды асыроо керекпи? Бул да керек. Индустриянын кереги жок-пу? Баары керек. Баары адамдын пайдасына, адамдын жыргалы үчүн керек сыяктуу.

- Ошентсе да Ысык-Көлдү сак-тап калуу үчүн жасалып жаткан-дарды байкамаксан болуу туура болбос. ...тоо дарыяларынын бир

Page 159: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

159Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

бөлүгүн Ысык-Көлгө агызуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө...

- Минтип даярдык көргөнүбүз-гө өтө эле көп болуп кетти. Бирок бул проблема ийгиликтүү чечилген күн-дө деле эки миллиард кубометр өлчө-

мүндөгү ошол суу кол тийгис боло албайт. Табигый жаан-чачындар бул аймакта жыл сайын эле бирдей боло бербейт. Көл менен сугат аянттарга сарамжалдуу суу бөлүштүрүүгө ким көз салып олтурат дейсиз?

айкын – Явно туткун – Пленчара – мера, средство,

мероприятиебайкамаксан – делать вид, что не

видишьутурумдук – время нужды кол тийгис Нетрогаемыймуктаждык – Потребность сарамжалдуу – заботливо, аккуратно

IY- Суу балансы, албетте, Ысык-

Көлдүн негизги проблемасы экенди-гине талаш жок. Бирок көлдүн кө-рөөр күнү “бир ууртам” сууга эле байланып калбаса керек. Ага бүт тулкусун жайып, ээн эркин дем алуу, дагы башка көп-көп нерселер зарыл го.

- Ысык-Көл – бул өз ара аш-ташып, бирин-бири шарттаган сан түркүн себептер менен байланыш-кан экологиялык система. Көлдө бир кезде Кыргыз Илимдер Ака-демиясынын биостанциясы боло турган. Ал көп иштерди жасаган

эле. Ошол биостанция азыр жок. Ысык-Көл анын бардык көп кырдуу проблемаларын камтыган кеңири изилдөөгө муктаж. Ысык-Көлдү сактап калуу – бул Мекендин бир укум жерин сактап калуу деген-дик. Көлдүн тагдыры үчүн биздин ар бирибиздин жоопкерчилигибиз-ди азыр мына ушундайча түшүнүп-баалоо керек. Эгер сен токойду, бу-лакты, берешен жерди сүйсөң, тек гана суктанып эмес, эртеңки күндү ойлонуп, жаратмандык менен сүй-сөң, анда сенин чыныгы кожоюн боло алганың. Ысык-Көлдү сактап калуунун өбөлгөсү ушунда.

бир ууртам суу – глоток водыашта- – наставлять, вставлять рукоятку, прикреплять ашташ– Сотрапезниксан түркүн – разное множествожаратмандык менен– син.: чыгармачылык, сотворяя өбөлгө– син.: шарт, предпосылка, наградабир укум жер – мера длины, равная расстоянию между концом большого

пальца и согнутого указательноготулку – всё, весь целиком, всё тело

Page 160: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

160 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

3. Топ менен жактооТактанын жанында айтып бери-

шет. Кептик үлгүлөр берилет.Критерийлер:1. Топтогу окуучунун ар бири

сүйлөсүн.2. Тексттин мазмунун ачып, ук-

кандарга түшүнүктүү айтып бериш-син.

3. Берилген убакта айтып бе-риш керек.

4. Суроого жооп беришет: Эгерде Ысык-Көлдүн суусун

сактап калуу программасы жок бол-со, анда эмне болмок? Кандай деп ойлойсуңар?

Көйгөй: .......................................Эгерде................, анда ................Бул учурда баалоо баракчаларда

бири-бирин баалоо жүргүзүлүп ту-рат.

4. Жыйынтыктарды чыгаруу. ( 2 мүнөт)

5. Баалоо баракчасы боюнча окуучулардын өз ара баалоосу. Комментарийлөө. (3 мүнөт)

Топторду баалоо Топтор Айтып

берүүсү

5 упай

Суроо бергени

1 упай

Суроого жооп

бергени

1 упай

Презентация барагынын кооздугу –

эстетикасы5 упай

Топтун бардык

мүчөлөрү иштедиби

1 упай

Жалпы баасы

13 упайЭлчибектин

тобу Улукбектин

тобу Бектин тобу Искактын

тобу

Өз ара баалоо баракчасы

№Аты-жөнү

Толу

к ай

тып

берү

үсү

Туур

а сү

йлөг

өнү

Сур

оого

бер

ген

жоо

бу

Жал

пы у

пайы

Page 161: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

161Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

1. Сабакка чейинМотивация: «Манас» эпосунун сюжетин жана

тарыхтан алган ордун чече билүү;Эпостогу негизги өзөктү таба

билүүгө аракет кылуу;Максаттар – милдеттер: - Эпостун изилденишин анализ-

дөө; - Адамдагы ыймандуулук, адам-

герчилик, адептүүлүк сапаттарды калыптандыруу;

- Өз көз караштарын эркин ай-тууга, негизги түшүнүктөрүн чеч-мелеп чыгууга түшүнүү.

Өбөлгөлөр:- Окуучулардын өз алдынча ой

жүгүртө билгени;- Алган билимдерин сабакта кол-

доно билүүлөрү.Баалоо:– Окуучулар өздөрүнүн сүйлө-

гөндөрүнө жараша бири-биринин билимдерин баалашат.

Убакытты бөлүштүрүү:Саламдашуу, уюштуруу.Үй тапшырмаларды суроо – 7

мин. (цитата, комментарий).Кластер аркылуу 8-класста өтүл-

гөн теманы эске түшүрүү -10 мин.Теманы талкуулоо, өз пикирин

айтуу – 30 минут;Темага кошумча айтып толуктап,

көркөм ыр окуп жыйынтыктоо.

Окуучулардын билимдерин баа-лоо.

Үй тапшырма берүү: Эпосту толук окуп чыгуу.

2. Сабакты пландаштырууТема: «Манас» эпосунун кыргыз

элинин рухий турмушунда алган та-рЫхый орду жана бүгүнкү күндөгү мааниси

1. Сабактын түрү: изилдөө, талдоо

2. Сабактын тиби: алган би-лимдерин терендетип, жаңы маалы-маттарды алуу

3. Сабактын максатын айтуу4. Сабактын алдында жагымдуу

маанай түзүү5. Кластер аркылуу 8-класста

өтүлгөн «Манас» эпосунун башкы каармандары Манас, Алмамбеттер-дин сүрөттөлүшүн эске салуу.

6. «Манас» эпосунун изилдени-шине токтолобуз

1-суроо: «Манас» эпосунун кыргыз элинин рухий турмушунда алган тарыхый орду кандай?

2-суроо: Манас баатыр үчүн баа-рынан мурда эмне кымбат?

3-суроо: «Манас» эпосу качан-дыр бир кезде кагазга түшкөнбү?

7. Түстүү сүрөттөр аркылуу окуучулардын алган билимдерин текшерүү, өз ой-пикирлерин угуу.

Төркүнбү ТУРУСБЕКОВА,Бишкек шаарынын № 1 гимназия-интернатынын

кыргыз тили мугалими

«МАНАС» ЭПОСУНУН КЫРГЫЗ ЭЛИНИН РУХИЙ ТУРМУШУНДА АЛГАН ТАРЫХЫЙ ОРДУ ЖАНА

БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ МААНИСИ(кыргыз адабияты кыргыз мектепте, 10-класс)

Page 162: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

162 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

8. Манасчылардын «Манас» айтып жаткандарын телевизор ар-кылуу көрсөтүп, окуучулардан кай-сы эпизодду айтып жатканын сурап чыгуу

9. Күтүлбөгөн суроо10. Ыр менен жыйынтыктоо11. Үйгө тапшырма берүү3. Сабакты баштооСабактын максаты: Билим берүүчүлүк: тема боюн-

ча окуучулар талдоо жүргүзө алат. Идеясын маанисин аныктайт (цита-та, кластер аркылуу образды чечме-лейт).

Өнүктүрүүчүлүк: эпосту изил-деп кагаз бетине түшүргөн окмуш-туулар, манасчылар, алгач кагаз бе-тине түшүргөн инсандар жөнүндө талдап айта алышат. Эпостогу баш-кы каармандар Манас, Алмамбет, Ба-кай, Каникей, Акбалта боюнча терен чечмелеп аныктап талдай алышат.

Тарбия берүүчүлүк: өз турмуш-тарында чечкиндүү, ата-салтын, ата-мурастарын сактоого, аларды кадырлоого, Мекенди сүйүүгө,эл жерин коргоого багыт алышат. Би-ри-биринин пикирин угууга, сылык болууга тарбияланышат.

Сабактын методу: интерактив-дүү, аралаш метод.

Предмет аралык байланыш: тарых, адеп, география

Сабактын формасы: изилдөө, талкуу

Сабактын тиби: билимдерин терендетүү, жаңы маалыматтарды алуу

Сабактын жабдылышы: клас-тер, түстүү сүрөттөр, чыгарма боюнча пикирлер, телевизор.

Баалоо: өздөрүн-өздөрү баалоо Колдонулган адабияттар:

11-класстын кыргыз адабияты окуу китеби, «Манас» эпосу 1, 2, 3, 4– томдору, энциклопедия. 1-2 том.

Сабактын жүрүшү: саламатсы-ңарбы балдар? Кутман күнүнөр ме-нен! Анда эмесе сабагыбызды баш-тайлы. Толуксунарбы?

1) Жагымдуу маанай: «Ма-нас» эпосуна тийиштүү өткөн бир уламышты айтып берем

Илгери-илгери ушул биз жашап жаткан аймакта бир манасчы бол-гон экен. Ал бир коктуда жалгыз жашачу экен. Күндөрдүн бир кү-нүндө, түн ичинде ай сүттөй нурун балкыта төгүп, асманда бир булут жок, жылдыздар жымыңдап тынч-тык өкүм сүрүп турган мезгилде, коркунучтуу топ атчан кирип ке-лип манасчынын колун кыл аркан менен байлап алып кетти. Аларга туу кандоо үчүн, мейли ысык эле жаны болсун, иши кылып бир кыр-гыз кишисин кармап келүү буюрган. Көрсө кыргыз жерин селдей каптап келе жаткан душмандар экен. Со-гуштук жол-жоосунду аткаруу салт экен, душман деп эсептелинген бир кишини мууздап, анын каны менен туу кандалмак. Бул жөрөлгө менен алар түндүктү түшүрө чаап, кыргыз-дын эркегин кул, аялын күң кылмак. Же кездешкендин канын суудай тө-гүп, жумшактан күл, катуудан казык калмак.

Мына – манасчы туткунда. Ко-луна кыл аркандын тагы өтүп кый-налып келет. Душмандарга жакын-дап келгенде манасчы күтүлбөгөн жерден манасты айтып кирди. Ал үн

Page 163: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

163Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

бийик жана сүрдүү эле. Баары анын ичинде кол башчы да тыншай кал-ды. Жан мээринди көшүлткөн, ук-куңду келтирген керемет ыр! «Тобо, туткунубуз ырчы экен, ырын угуп анан өлтүрөлү» – деди кол башчы. Жок, бул ыр эмес, «Манас» эле. Ма-насчы алардын дымып угуп жатка-нын көрүп күч алып айтып жатты. Манасчынын айтканы түгөнбөдү .

Ошондо ноодой узун кол башчы тура калып минтип айткан экен:

– Кой, баатырлар,сапар карып кетти! Бул касиеттүү ыйык киши тура, бир нече жумалап айтса дагы оозунан шекер сөзү түгөнбөгөн, эрдикти, баатырдыкты даңктаган көсөм экен. Бул адамды өлтүрүүгө болбойт, тууну мындай ыр менен оозанган, ыр менен жашаган, ыр менен нуска көрсөткөн кишинин ка-нына кандоого да болбойт. Жигит-тер, бул ырчынын астына ат тартып, үстүнө тон жаап, ашуудан ашырып койгула. Бул адам – бизге көрүнгөн сыр! Жол болбой калды. Аттын ба-шын артка кайрыгыла баатырлар!

Ошентип, кыргыз айылы чап-кындан калган экен.

Айтып бүткөндөн кийин балдар-дын билимин текшериш үчүн окуу-чуларга суроо менен кайрылам.

А) Балдар бул кайсы манасчы болгон, ким айтат?

Жообу: Түлөберди деген манас-чы болгон.

2) 8-класста өткөн «Манас» эпо-су боюнча алган билимдерин тек-шерүү үчүн Манас, Алмамбет эки баатырдын сапаттарын кластер ар-кылуу сыпаттап сүрөттөп берүүсүн суроо

3) «Манас» эпосунун азыркы жана буга чейинки суроолор боюн-ча чечмелеп алуу

а). «Манас» эпосунун кыргыз элинин рухий турмушунда алган та-рыхый орду кандай?

1-суроого топтогу балдар ана-лиздеп, изилдеп жооп беришет.

б). Манас баатыр үчүн баарынан мурда эмне кымбат?

2-суроого топтогу балдар ана-лиздеп, изилдеп жооп беришет

в). «Манас» эпосу качандыр бир кезде кагазга түшкөнбү?

3-суроого топтогу балдар ана-лиздеп, изилдеп жооп

4) Түстүү сүрөттөрдү көрсөтүү менен эпостун сюжетин чечмелеп берүү

Жообу: Окуучулар сүрөттөр боюнча доскага чыгып жооп беришет

5) Күтүлбөгөн суроо 1. Бакай кимдин баласы? Жообу

Байдын 2. Жакып кайда айдалган? Жоо-

бу: Алтайга3. «Манас» эпосу канчанчы

жылы, качан, кайсы жерде, эмне-нин маданий баалуу мурастарынын тизмесине кирди? Жообу: Азер-байджан Республикасында өткөн ЮНЕСКОнун маданий материал-дык тизмесине кирди 196 мамлекет-ке кат жазылган анын ичинен 118 мамлекет колдогон.

4. Кайсы манасчылар Азербайд-жан Республикасында өткөн конфе-ренцияга барышты?

Жообу: Т.Бакчиев, Ы.Исаков, Д.Сыдыков, У.Исмаилов, З.Биялиев, К.Мамадалиев, Үмөт Дөөлөт уулу жетектеп ЖКтин депутаты Карган-бек Самаков барды.

Page 164: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

164 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

5. Бокмурун кимдин баласы? Жообу: Көкөтөйдүн баласы

6. Алмамбеттин кытайдан кач-канын далилдеген буюм? Жообу: Сырканжа

7. Каныкейдин өз аты? Жообу: Санирабига

8. Казактын каны? Жообу: Көкчө9. Алмамбеттин жоого кийген

тону? Жообу: Сары тон10. Чубак кимдин баласы? Жоо-

бу: Акбалтанын баласы11. Бокмурунду Көкөтөй кайдан

таап алат ал кимдин баласы болот? Жообу: Ал Төштүк менен Айсал-кындын баласы болот, төөлөрдүн арасынан төөнүн өркөчүнө илинген куржундан таап алат.

12. Алмамбеттин апасы ким? Жообу: Алтынай

13. Каныкейдин жанындагы кыз-дар кандай аталат ? Жообу: Нөөкөр кыздар

14.Төштүктүн тулпары? Жообу: Чалкуйрук

15. Конурбайдын тулпары? Жоо-бу: Алгара

16. Жолойдун тулпары? Жообу: Ачбуудан

17. Кенен кимдин баласы? Жоо-бу: Сейтектин баласы

18. Акбермет кимдин зайыбы ? Жообу: Сейтектин

19. Айчүрөк кимдин кызы? Жоо-бу: Акун кандын кызы

6) Телевизордон манасчылар-ды көрсөтүп, кайсы эпизодду ай-тып жатканын табышат

7) Ыр менен жыйынтыкталат.

«Манас дүйнө»

Азабына төшөлүп кайран жаны,Акыл-эске ыр болуп айланганы.Аалам жиреп келатат, аалам жиреп,Айкөл Манас кыргыздын пайгамбары.

Издеп угуп, айтканын манасчынын,Иликтешти далайлар, Манас сырын.Өлкөбүзгө улуттук байрак кылып,Өзөк кылып созолу Манас ырын.

Манас айтат Айкөлдүн урпактары,Аалам жактан куюлуп ыр саптары.Боюнда бар келиндер бүт уккула,Манас уксун баланар курсактагы.

Манас айтат Нур элдин уландары,Уйуп угат адыр тоо кырандары.Баарыбызга жакындап келаткансыйт,Бабалардын руху уланганы…

Касиетин Манастын туюналы,Калкым дайым муштумдай жыйылалы.Батыш элдин желегин желбиретпей,Бабалардын наркына жыйыналы

Гүлжамила Шакирова

8) Эмнени ала алдынар эмне жакты, эмне жаккан жок деп сурап окуучулардын пикирин угам .

9) Окуучулар бири-биринин би-лимдерин өздөрү баалашат

10) Үйгө тапшырма берүү: Эпос-ту кайра бир сыйра окуп келүү. Өз алдыларынча күтүлбөгөн суроо тү-зүү.

Page 165: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

165Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын максаты: Балдарды эне тилин кадырлоого, элин, жерин сүйүүгө, элдик салттар, макал-ла-каптар аркылуу тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Мам-лекеттик символикалар, бешик жаб-дыктары, куурчак, чүкөлөр.

Сабактын жүрүшү: (Комуздун күүсү менен балдар залга кирет).

Кыргызстандын гимнин ырдашат.М у г а л и м: Саламатсыңарбы

балдар!Эшиктен «Күз кирет».Ыр: Күркүрөгөн күз айы,Мөмө жемиш бышкан чак.Шилекейди куюлтуп,Шириндиги суктантат.Рахмат! Балдар мамлекеттик тил

мыйзам аркылуу кабыл алынганына быйыл 25 жыл болот. 23-сентябрда күркүрөгөн күз айында кабыл алын-ган. Жылда 23-сентябрды кыргыз тил майрамы деп майрамдайбыз. Ар бир улут өзүнүн салт-санаасы, тили менен улут. Бүгүнкү сабагыбызды кыргыз тил күнүнө карата ырлар менен баштайлы.

1 - б а л а:Кыргыз тили – жүрөгүмдүн байлыгы,Кыргыз тилим – кыялымдын кайрыгы.

Адам менен адам кылып сүйлөткөн,Кыргыз тилим – бул жашоомдун жарыгы.2 - б а л а:Эчен ашуу ашкан тил,Элибиз барктап баккан тил.Элдигин элим жоготпойЭнедей барктап баккан тил.3 - б а л а:Өнөр алды кызыл тил,Өзөгү өнгөн ыйык тил.Ак калпак элим сүйлөгөн,Ала-Тоом окшош бийик тил.4 - б а л а:Эчен жолду баскан тил,Акындын багын ачкан тил.Тоо булбулу Токтогул,Элди аралап тайманбай,Акыйкатка жол салган,Насаат ырын чачкан тил.5 - б а л а:Кылычты кыя чапкан тил,Кыргызым барктап баккан тил.Кызыл жалын от кечип,Кылымдап жолду баскан тил.Кырааты менен сүйлөсө,Кытайга дагы жаккан тил.6 - б а л а:Акындын багын ачкан тил,Акылды элге чачкан тил.

КЛАССТАН ТЫШКАРКЫ ИШТЕР

Сайкал СҮЙҮМБАЕВА,Бишкек шаарынын № 1 “Шоола” мектепке чейинки билим берүү

мекемесинин кыргыз тили сабагынан мугалими

КЫРГЫЗ ТИЛИМ – ЭНЕ ТИЛИММамлекеттик тил мыйзамынын 25 жылдыгына карата

өткөрүлгөн иш чара

Page 166: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

166 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Башына сактап так айткан,Бабабыз Манас баткан тил.

Б а л а:«Манастын бала чагы» (үзүндү)Күндөн, күнгө күн өтүп,Күн мезгили келиптир.Айдан, айдан ай өтүп,Ай мезгили келиптир.Ошо кезде эр МанасЖетиге жашы толуптур.

Кырк баланы кырк үйдөн,Манас бир күнү жыйнап алыптыр.Чоң Алтайдын талаага,Чогултуп оюн салыптыр.Кара-Кытай МанжууданСексен бала барыптырСес көрсөтүп кыркынаСестеңдешип калыптыр.

Токтолбой Манас оолугуп,Кара чокмор колунда.Балдарга эми жетти элеСексен бала чыркырапТоголонуп жыгылыпБашы сазга тыгылыпКырк баласы кыргыздынКалмактын сексен баласынКалтырбай сүрүп салыптыр.

М у г а л и м:Улут тили менен, салт-санаасы

менен улут дегендей «Бешикке са-луу» салтын көрсөтөлү.

Жылдыз болуп түбөлүк жансын десең,

Кармана бил кыргыздын салтынбекем.

Нарк-насилин үйрөнөлү элибиздинДүйнө элин суктантып турсак экен.Комуздун күүсү (акырын угулат)

Чоң эне (мугалим): Бешиктин жанында олтурат. Бешик жаб-дыктарын айтып берет:

Салт боюнча бала төрөлгөндө ат коюлуп, бешикке салынат.

Бул бешик, бешиктин олпогу, шейшеби, жаздыгы, бел боосу, ши-меги, күлтүгү.

Неберебизди бешикке салалы.1. Бешик энеси майлуу болсун

(май менен майлайт)2. Балакеттен алыс болсун (арча

түтөтөт)3. Чүкөлөрдү бешикке салатОңго, солго бешиктин башын

көтөрүп «Оң бол, оң бол» - деп чү-көлөрдү күлтүккө түшүрөт

4. Баланы бешикке жаткыратБешик энеси бек карма, балама

таттуу уйку бер, жаман көздөн сакта5. Бешиктин үстүн жабат, бе-

шикти баланын апасына берет6. Баланын апасы бешикти алып

оңго, алдыга, солго жүгүнүп, бешик-ти терметип, бешик ырын ырдайт.

Элин жоодон коргогон,Баатыр болоор бекенсиң.Эл таалайын ырдаган,Акын болоор бекенсиң.Алдей, алдей ак бөпөм,Ак бешикке жат бөпөм.

(Жүгүнүп бешикти четке коёт)Б а а р ы: Кыргыз тилим – жүрөгүм, Манас ата – туу туткан. Кыргыз тили – Мекеним, Менин өлкөм – Кыргызстан!

Бий: «Кара Жорго» элдик ыры ырына үч кыз, үч бала бийлешет.

Page 167: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

167Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын билим берүүчүлүк максаты: кыргыз элинин 7 касие-тинин бири “Ак калпакты” таанып билет. Калпактын өңү-түсүнө кара-та чечмеленишин билишет, калпак-ка түшүрүлгөн оюмдардын маани-маңызын жана калпакка катылган элдик философияны аныктап, аңдап билет.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: ку-рактык өзгөчөлүгүнө жараша улут-тук баш кийим калпактын түрлө-рүн кимдер кийип жүрөрүн билип алышат. Баш кийимдин сырларын ачып берүүдө окуучулардын көркөм окуусу, кеп маданияты жана сынчыл ой жүгүртүүсү өнүгүп, байланыш-туу кеби өсөт.

Тарбия берүүчүлүк максаты: улуттук сыймыгыбыз болгон кал-пакты кастарлап, ыйык тутуп сый-мыктанып жүрүүгө, кыргыздын жүзү ак калпак-деп өз мекенинин атуулу болууга үндөө.

Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү (таанып билүү)

Сабактын формасы: аралаш (эки окуучу, топ аралык, класс ара-лык иштөө)

Сабактын методу: интерактив-дүү (кластер, синквэйн)

Сабактын жабдылышы: 7 ыйык касиетти камтыган слайд, кал-пактын түрлөрүнүн сүрөттөрү.

Сабактын жүрүшү: а) уюштуруу учуруб) үй тапшырмасын суроов) жаңы теманы түшүндүрүү.Мугалимдин сөзү:Ак калпак кыргызды кыргыз кы-

лып, башка элден айырмалап таа-нытып турган касиеттүү Ала-Тоосу, Ысык-Көлү, боз үйү, комузу, жыл-кысы, Манас эпосу сыяктуу ата му-рас энчиси.

Мына баарыбыз Кыргызстанда жашайбыз. “Туулган жердин топура-гы алтын” демекчи, ар бир өлкөнүн өзүнө таандык касиеттүү жерлери, эпостору, буюмдары, жаныбарлары бар. Ошондой эле ар бир адам өз жерин, өз элин сүйбөсө, өз жеринин тарыхын, маданиятын билбесе анда ал өзүнө да, башкаларга да кайды-гер мамиле жасаган деп билебиз.

Кыргыз элибизде ыйык деп таа-нылган 7 касиеттерибиз:

1. Комуз2. Калпак3. Боз-үй4. Жылкы5. “Манас” эпосу6. Ала-Тоо7. Ысык-Көл Экранда слайд көрсөтүлөтЭми 7 касиетибиздин ичинен

“Калпакка катылган философия” дүйнөсүн аралайбыз.

КЕРИМОВА Гүлсайра БакасовнаБишкек шаарынын №70 мектеп – гимназиясынын кыргыз тили

жана адабият мугалими,

КАЛПАККА КАТЫЛГАН ФИЛОСОФИЯ(класстан тышкаркы тарбиялык сабак 10-класс)

Page 168: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

168 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Орус элинде деп айтылгандай “Все великое в простоте”. Калпак эмнеге окшошот деген суроого силердин жообуңар.

1. Тоого (Ала-Тоого)2. Пирамидага3. Боз үйгө4. Манастын “Кароол тоосуна”

Экранда слайд көрсөтүлөт

гана баш кийим эмес, ал элибиз-дин өткөн тарыхын тулку боюна сиңирген өзүнчө асыл мурас.

Суроолор: 1. Эмне үчүн калпакты ыйык

деп аташкан?2. Калпакты эмнеден жасайт?3. Калпакты кимдер киет?4. Калпак эмнеси менен сага

жагат?5. Калпакты кантип сактоо ке-

рек?6. Калпактын символикасын ай-

тып бересиңерби? 7. Калпактын 4 талаасы (сти-

хия) эмнени түшүндүрөт?8. Калпактагы катылган сырды

кантип чечмеледик

Калпактын түрлөрү боюнча (слайд) көрсөтүлөт

Калпак чексиз бийиктикти билдирет (бесконечная высота)

Калпакка катылган филосо-фия, “философия” деген сөз эм-нени билдирет (тереңдикти). Жү-рөгү кыргыз деп соккон ар бир кыргыз атуулу үчүн, калпак жөн

Page 169: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

169Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Ак калпак улуттук баш кийим-

дин эң сыйлуусу, аны бардык курак-тагы адамдар киет, кышкысын жы-луу, жайкысын күн өтүүдөн сактайт. Ак калпак баш кийим гана эмес Ала-Тоону элестеткен ыйык символ. Ак калпакты кош колдоп алып, жанына же таза, бийигирээк жерге коет.

Калпак 4 талаадан туруп, ал адам жашоосунун 4 башталышын - от, суу, аба, жерди туюнтат. Демек,

кыргыз калпагы адам жашоосунун негизи катары бааланат. Калпактын төбөсүнөн - 4 талаа бириккен жер-ден чыгарылган чачык асмандан түшкөн нурдун адам акылына сый-гарылгандыгын символдоштурат. Ак калпак майрамы 2011-жылдын 5-мартында кинорежиссер Рыспек Жабировдун демилгеси менен ка-был алынып белгиленип келе жа-тат.

Page 170: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

170 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Калпак боюнча ырларга көңүл бурсак 1-окуучу: Ак калпагы кыргыздын,Ак жүзүндөй нур кыздын.Ак кар баскан тоолордо,Ак нурундай жылдыздын2-окуучу: Ала-Тоонун койнунда,Акыл калчап бийиктен.Ар намыстуу уулдары,Аппак калпак кийишкен.3-окуучу: Сүлөөсүндөн, суусардан,Кастарланып тигилген.Тебетейлер байыртан,Баалуу башка кийимден.4-окуучу: Баш кийим бардык элде бар,Байыртан жашап келди алар.Атадан калган балагаАлардан кымбат эмне бар?Ак калпак кийген бир элдиАйтып бер десең мен даяр.5-окуучу: Ата-бабам энчилеп.Кийип келген калпагымБиз эмес чет элдиктер,Сүйүп келген калпагым6-окуучу: Манас ата башынан,Түшүрбөгөн калпагым.Аны көрүп душмандар,Бүшүркөгөн калпагым.7-окуучу: Кыйуусуна, кыйуусу.Эп келишкен калпагым.Кыргыз кийсе башына,Төп келишкен калпагым.8-окуучу: Эр жигиттин ажарын,Ачып турган калпагым.Ууртунан күлкүсүн,Чачып турган калпагым.9-окуучу Төбөсүнөн чачысы,Түшүп жүргөн калпагым.“Кыргыз уулу кийсе деп.Күтүп жүргөн калпагым”.10-окуучу Ала-Тоонун чокусун,Элестеткен калпагым.Өз ордуңду сактап кал,Келечектен калпагым.

Балдарга суроо.Калпак кандай?1. Эмне үчүн 5-март Ак калпак күнү

деп белгиленет?2. Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,3. Аскасы көк асманга тийген кезде,

кайсы ыр саптарынан. Автору ким? Ким аткарат?

1. Калпакка катылган философия эмне экен же эмнеде экен?

Калпак, жылуу, ак, ыйык, сал-кын, жарашыктуу.

Калпак-кыргыздын улуттук көр-көм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү.

Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери калпак жа-шоонун, улуулуктун, тазалыктын улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, ыйык тутуп, кыр-гыз элинин көрк катары маанилүү шаң-салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыр-гыз өмүрү 40-35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой узак уламалуу санжыра.

Элдик ишенимдер:1. Калпакчанды өлтүрүүгө бол-

бойт 2. Калпакты жерге койбо…3. Калпагыңды жоготсоң, ба-

шыңды жоготосуң4. Калпагыңды сатсаң, акылың-

ды сатасың5. Калпакчан жүрсөң, оорубайсың.Демек балдар, калпак жөнө-

көй сөз менен айтканда адамдын эң маанилүү баш кийими. Ал сууктан, оорудан сактайт.

Үйгө тапшырма: 1. Синквейн түзүү2. Элдик ишенимдердин маанисин

чечмелеп, өз ара ой бөлүшүү.

Page 171: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

171Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Класстан тышкаркы иш чара: Сахналаштырылган адабий кече

Сабактын максаты: А) Билим берүүчүлүк: окуучу-

лар Ч.Айтматов ааламына сүңгүп киришет.

Б) Тарбия берүүчүлүк: улуту-буздун рухий баалуулуктарын үй-рөнүү менен алар адептүүлүккө, патриоттуулукка, адамдык бийик сапаттарга тарбияланышат.

В) Өнүктүрүүчүлүк: окуучу-лардын ой жүгүртүүсү өнүгөт, таа-нып – билүүлөрү байыйт, сүйлөө кеби жана аткаруучулук жөндөм-дүүлүктөрү калыптанат.

1-алып баруучу: заманыбыздын залкар инсаны, Кыргыз эл жазуучусу Ч Айтматовдун 85 жылдык маареке-син кыргыз эли эмес бүткүл дүйнө жүзүндө белгилеп жаткан учур

2 -алып баруучу: кыргыз элин-де сөз өнөрү, көркөм сөз өтө жого-ру бааланып келген эмеспи. Залкар таланттардын арасында өзгөчө жа-нып турган жылдыз, сөз зергери – Ч.Айтматов. Жараткан берген та-лантты чаалыкпаган иштермандыгы айкалыштырып, не бир укмуш ажа-йып көркөм дүйнөнү адабият айды-ңында жаратып кетти.

1-алып баруучу: Кыргыздын бактысына жаралган улуу инсан ааламга кыргыз атын даңаза кылды.

Дүйнө элдери кыргыз десе-Чың-гызды, Чыңгыз десе-кыргызды түшүнүштү.

2-алып баруучу: Жаңырат жер жүзүндө Чыңгыз, ЧыңгызБабасы улуу Манас-кара кыргызТалантын анын таамай салыштырсаңКөктөгү жаркыраган Чолпон жылдызБилбейсиң, бирге жүрүп, бирге турупЧынында анын баркы жерге сыйгыз.

1-алып баруучу:Жаңырат ай ааламда; Чыңгыз,Чыңгыз!Атасы ак калпактуу тоолук кыргызӨмүрү сексен жашты басып өтүп,Аткарды зор иштерди адам кылгысДүйнөлүк жазуучу деп мына ушуну айтГүлдөдү аны менен көркөм турмуш!

2-алып баруучу: 20-кылымда-гы кыргыз адабиятынын тарыхын-да чыгаан жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы өзгөчө көркөм ку-булуш болгондугу талашсыз. Анын калемине таандык ар бир чыгарма-сы дүйнөлүк руханий маданияттын казынасына кошулган баалуу мурас болуу менен кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин жогорулашына да зор таасир берип келүүдө.

БЕКТЕНОВА Замира Муратбековна, Бишкек шаарынын №83 орто мектебинин кыргыз тили

жана адабияты мугалими

КЫРГЫЗДАН ЧЫККАН ЧЫҢГЫЗ – КӨКТӨГҮ ЖЫЛДЫЗ

Page 172: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

172 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Чынгыз жөнүндө документал-дуу фильм көрсөтүү (5 мүнөт)

(М.Шаханов менен болгон маеги)1-алып баруучу: Чыңгыз ата-

быздын «Биринчи мугалим» эле эмес, башка чыгармаларынан да би-ринчилер бар экендигин айта кетели.

1. «Биринчи мугалимим» – кыр-гызда чыккан биринчи мугалим – Дүйшөн.

2. «Саманчынын жолу» – бирин-чи тракторист – Субанкул.

3. «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» – деңизге биринчи балык улоого чыккан Кириск.

4. «Жамийла» – биринчи махаба-тына жеткен кыз – Жамийла.

5. «Бетме-бет» – согуштан би-ринчи качкан Ысмайыл.

6. «Делбирим» – биринчи Долон ашуусунан ЗИЛ машинасын чирке-гич менен ашам деген Ильяс.

7. «Ак кеме» – биринчи балык болуп Ак кемеде кызмат өтөгөн мат-рос атасына жетүүгө умтулган бала.

8. «Биринчи мугалим» – бирин-чи академик кыз – Алтынай.

9. «Кыямат» романында – баң-гичилик жөнүндө жана экологияны сактоо боюнча жазылган биринчи роман.

10. «Асма көпүрө» – кайрак жер-ди биринчи өздөштүрөм деген – Нурбек.

11. «Саманчынын жолу» – айы-лына согуштан биринчи келген – Ашыралы.

12. «Эрте келген турналар» – эрте келген турналарды көргөн – Анатай.

13. Өз энесине жаа тарткан би-ринчи маңкурт – «Найман эне» ула-мышы

2-алып баруучу: Ч.Айтматов-дун чыгармачылык өнөрканасын өз-дөштүрүү улуттук адабий илимибиз менен көркөм сыныбызда кыйла эле калыптанып, Айтматовтаануу про-фессионалдык денгээлде өсүп же-тилди дешке болот

1-алып баруучу:Ободо оттой жанган улуу жылдызУрматтап келет аны бир ууч кыргызТалантты түк ченебей берген экенТаймашса түмөн-түмөн адам чыккыс

2-алып баруучу: Ободо оттой жанган бул бир жылдызАл жылдыз билсең эгер улуу ЧынгызЧарчабай чамам жетсе жазар элемЧынгызды жылдыздан да бийик кылып

1-алып баруучу: Ооба, бүгүн катышуучулар менен бирдикте Чын гыз ааламына саякатка бир-ге баралы.

2-алып баруучу: Анда эмесе 6-класстардын окуучулары даярда-ган « Бугу эненин жомогуна» кө-ңүл бөлөлү

(«Майрык чаар жез кемпирге жоолукканы» 4 окуучу аткарат) (5мүнөт)

1-алып баруучу:Ободо оттой жанган ошол жылдызОюмдун тереңине батты чыккысБарамын бабалардын тарыхынаБарактап китеп бетин ачканымда

2-алып баруучу:Эл үчүн, эли үчүн эмгектенгенЭнеси кыргызымдын бугу деген

Page 173: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

173Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Байкагын мында жаткан улуу сырдыАдамзат табиятка түптүү делген

1-алып баруучу: Адабиятыбыз-дын чолпон жылдызы Чынгыз ата-быз бүтүндөй чыгармачылыгынын көрөңгөсүн, уюткусун өзүнүн Ата Журтунан алган. Балалыгы согуш күндөрүнө туш болуп, ушул киндик каны тамган жерден жан дүйнөсү Канткенде адам уулу АДАМ болот деген чоң суроого кабылганга чейин турмуш унивеситетинен сабак алган.

2-алып баруучу: Анын учкул кыялына канат байлаган ааламды тегерете ой жүгүрткөн акыл параса-тына кубат берген, улуулукка умту-луп, өргө сүйрөгөн туулган жердеги асыл адамдар жазуучунун адабий каармандары жана Шекер айылы.

1-алып баруучу:Согуш жылдар... эстен кетпейт

бул учурларУчуп кетти «ЭРТЕ КЕЛГЕН

ТУРНАЛАР»... Алдыныздарда 7-класстын

окуучулары «ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУР-НАЛАР» повестинен үзүндү тар-туулайт

«Мырзагүл менен Султанмурат-тын кезигүүсү» (2 окуучу аткарат)

(3 мүнөт)

1-алып баруучу : Чыңгыз ата-быздын чыгармаларын көрүп оту-руп, аны дүйнөдөгү кыргыз генийи экенине дагы бир ирет ынандык. Чыңгыз атадай генийди төрөгөн эне да гений экен, генийди жараткан кыргыз эли да гений эл экен.

2-алып баруучу: Адамзатка МА-НАС ата менен ЧЫҢГЫЗ атадай ге-нийди берген кыргыз эли өзүнүн ким экенин эми билет деп ойлоймун.

1-алып баруучу: Чыңгыз ата-быз чыгармалары менен кыргыз адабиятына терең психологизмди, курч драматизмди, лиризмди алып келди жана кыргыз адабиятында мурда болбогон Сейде, Жамыйла, Алтынай, Толгонай өңдүү жаңы мү-нөздөрдү жаратты. Эне – Ч Айтма-товдун символикасы.

2-алып баруучу: Анда эмесе, алдыңыздарда Чыңгыз атабыздын «Кылым карытар бир күн» рома-нындагы Найман эне менен Жоло-мандын образын окуучулар аткарып бермекчи ( 2 окуучу аткарат) (4мү-нөт)

1-алып баруучу:Мына бүгүн туулган күнү

Чыңгыздын Эл сыймыгы, анык уулу кыргыздынАалам угуп атак-даңкын бул кезде,Арасында жүргөн чагы жылдыздын

2-алып баруучу: Талбай эмгек кылып кыргыз элинеТааныттыңыз бүткүл дүйнө элинеТалантка бай, айкөл мүнөз алп агайТаазим кылам сизди тапкан энеге

1-алып баруучу: «Канткенде адам уулу адам болот?», « Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу» деген жөнөкөй, бирок терең фило-софиялуу ойлорун автор ар бир чы-гармасында чагылдырган. «Кыямат» романында «Бүгүнкү күндүн кудайы – Адам өзү», – дейт Ч. Айтматов.

Page 174: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

174 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

2-алып баруучу: Ошондуктан, автор адамдар бардыгы үчүн , ай-рыкча жаратылыш, табигат үчүн жооптуу экенин айтуу менен «адам-дын акыл-эсинде цивилизация жүр-мөйүнчө, дүйнөнүн гүлдөшү оор» экенин өзгөчө белгилейт.

11-классынын окуучусу «Акба-ранын көз жашы» (Көркөм окуу) (3 мүнөт)

1-алып баруучу: Адабияты-быздын чолпон жылдызы болгон Чыңгыз атабыздын чыгармачылыгы адамзаттын рухий байлыгына түз-дөн-түз тиешеси бар өзүнчө бир көп сырдуу дүйнө.

2-алып баруучу: Чыңгыз ата-быздын дээрлик көпчүлүк чыгарма-лары согуш темасына арналат. «Бет-ме-бет» повестинде да капасыз жа-рык жашоого караңгы согуш басып киргени, качкын Ысмайылдын таг-дырын сүрөттөө менен адабияты-бызга күтүлбөгөн өзгөчөлүк алып келгендиги байкалат .

1-алып баруучу: «Бетме-бет» повести 9-классынын окуучулары Ысмайылдын жана Сейденин рол-дорун аткарууда (2 окуучу аткарат) (3мүнөт)

1-алып баруучу:Кыргыз десем, Чынгыз келет эсимеЧынгыз десем, Кыргыз келет эсиме Кыргызым деп, Чынгызым деп

эргисемКубангандан жаш кылгырат көзүмө

2-алып баруучу:Бабам Манас бардык жерде

даңкталып,Аккуласы аалам жарып өтсө экен.

Агам Чынгыз бардык элде баркталып,

Алп таланты өскөн сайын өссө экен

1-алып баруучу:Чындыгында Чынгыз талант… Чынгыз да!Чыгармасы чыгып жетти жылдызгаКаалаганда кайда барса өз эркиБешиги бар, өз үйү бар кыргызда!

2-алып баруучу: Чыңгыз ата-нын биз үчүн үлгү болорлук асыл мурастары калды Ошол мурастарын окуп талдап, байкап отуруп Чыңгыз атабыздын чын эле керемет адам экенине дагы бир ирет ынандык

1-алып баруучу: Анткени, ушундай чакта, биз улуу насаатчы-быздын чыгармаларынан үлгү алып, мугалимдерибиз мектепте Дүйшөн-дөй жан үрөп окуучуларга билим берсе, карапайым адамдарыбыздан кайыш тон кийген чиновниктери-бизге чейин Танабайдай чынчыл болуп, акыйкат үчүн бюрократтар менен кармашса, Казангаптай болуп ата мурасыбызды бааласак,

2-алып баруучу: Кыздарыбыз Аселдей болуп махабатта турук-туу болушса, Толгонайдай болуп эл –жерибиздин тагдыры үчүн жан үрөп эмгек кылса, Бостондой болуп табиятыбыздын бүтүндүгүн коргоп, Сейдедей болуп ачуу чындыктын бетин ачып, Жамиладай болуп өз бактысы үчүн күрөшө алсак,

1-алып баруучу: Балдарыбыз Султанмураттай болуп жаштайы-нан ак эмгекке бышса гана татыктуу эл болуп жашап, улутубуздун рухун

Page 175: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

175Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

булгабай башкалардын алдында ба-шыбызды бийик көтөрүп жашаар элек дейм

2-алып баруучу: Ооба, кыргыз-дын улуу генийи Чынгыздын улуу сабактары бизде калды. Эми биз ошол каармандарга теңелели жана үлгү алалы.

1-алып баруучу: Чыңгыз Төрө-кулович Айтматовдун чыгармалары бул түбөлүк казылып бүтпөс кенч. Ал эми жазуучунун жаркын элеси

ар бирибиздин эсибизде жана жүрө-гүбүздө кала берет.

2-алып баруучу: Бүгүнкү өткө-рүлгөн эскерүү кечеси Аалам элине жарыгын чачкан кыргыздын өчпөс Чолпон жылдызына болгон таази-мибиз, сый-урматыбыз болсун!

Кыялбек Урманбетовдун сөзүнө жазылган «Чыңгыз кербен» аттуу обондуу ыры аткарылат, слайд жү-рүп турган учурда чыгармалардан үзүндү аткарган окуучулардын па-рады өтөт. (3 мүнөт)

Page 176: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

176 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Сабактын максаты:А) Билим берүүчүлүк: окуучу-

лар берилген суроолорго так, аргу-мент аркылуу толук жооп бергенге машыга алышат. Дебатка катышып, өз ойлорун айтууга көнүгө алышат.

Б) Өнүктүрүүчүлүк: логикалык ойлоосун, кругозорун, байланыш-туу кебин өстүрө алышат.

В) Тарбия берүүчүлүк: кыргыз элинин каада-салтын үйрөнүүгө, баалоого багыт бере алышат.

Сабактын тиби: билимдерин жалпылоо.

Сабактын жабдылышы: кадр-лар, фрагменттер (Ч.Айтматов “Жа-мийла” чыгармасынан, “Бозсалкын” тасмасынан)

Сабакты нформасы: дебат тү-рүндө өтүлөт.

Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу этабы (3 мүнөт)2) Чакыруу этабы (5 мүнөт)3) Сабактын негизги этабы (25

мүнөт)4) Сабакты жыйынтыктоо (10

мүнөт)5) Үйгө тапшырма (2 мүнөт)

Сабактын предмет аралык бай-ланышы: коом жана адам, тарых.

Уюштуруу этабы:Мугалим:– Саламатсыңарбы, балдар! Маа-

найыңар жакшыбы? Бүгүнкү өтү-лө турган сабагыбыздын темасы: “ Кыз ала качуу – кыргыз элинин салтыбы же бул кылмышпы?”- деп аталат. Сабакта оюбузду так, ар-гумент аркылуу тура жооп бергенге аракет кылабыз.

Чакыруу этабы:Мугалим:– Кыз ала качуу кыргыз коомчу-

лугунун күнүмдүк турмушунда ак-туалдуу, көйгөйлүү маселеге айла-нып калганы жалпыга маалым.

Кыргызстанда ала качуунун ке-сепеттерин иликтөө максатында су-рамжылоо жүргүзүлгөн. Сурамжы-лоонун жыйынтыгы боюнча Жи-бекке көңүл бурсак.

Жибектин сөзү:Кыз ала качууга көбүнчө эконо-

микалык жагдай түрткү болуп жат-каны белгиленген (колунда жоктор ала качуу менен азыраак чыгым жумшап, той өткөрүүнү көздөйт). Ошондой эле сурамжылоого ка-тышкандар алакачууга кыздын ма-кул болбогондугу түрткү болоорун билдиришкен. Мындан тышкары шашылыш үйлөнүш керек болгон-до кыз ала качууну ыңгайлуу экени көрсөтүлгөн.

Ал эми Борбор Азиядагы Америк- а университети менен “Сорос–Кыр-гызстан” фонду тарабынан жүргү-

Мунара АБДРАХМАНОВА,Бишкек шаары, №61-Автордук физика-математикалык

мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабиятынан мугалими

САБАКТЫН ТЕМАСЫ: КЫЗ АЛА КАЧУУ – КЫРГЫЗ ЭЛИНИН САЛТЫБЫ ЖЕ БУЛ КЫЛМЫШПЫ?

(Сабактан тышкаркы иш, 11 - класс)

Page 177: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

177Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

зүлгөн “Кыргыз айылдарындагы ала качуу” аттуу изилдөөсүндө “Эмне

үчүн ала качтыңар?”-деген суроого төмөндөгүдөй жооптор алынган.

Эмне үчүн ала качтыңар? %Бул колукту алуунун салттуу жолу 38Кыз никеге туруудан баш тартышы мүмкүн эле 29Кыздын башка адамга турмушка чыгышына жол бербеш үчүн 28Кыз никеге туруудан баш тарткан 12Кыздын ата-энеси макулдугун бербей коюшу мүмкүн 7Калың төлөй албай 3Кыз кош бойлу уболуп калган 2Жигиттин ата-энеси макул болбой коюшу мүмкүн эле 1

Жогорудагы иликтөөлөрдүн на-тыйжасында ала качууга ар кандай се-бептер негиз болуп жатканы байкалат.

Сабактын негизги этабы:Мугалимдин сөзү:– Ала качуу жөнүндө Жибектен

кыскача маалымат алдык. Эмесе балдар, ала качуу, силер-

дин оюңарча, кылмышпы же кыр-гыз элинин салтыбы? Оюңарды де-бат түрүндө өткөрөлү.

Дебаттын шарты боюнча ар бир окуучу өзүнүн оюн белгиленген убакытта (2 мүнөт) аргумент аркы-луу далилдеп айтып берет.

Балдар ‘’Алакачуу – кылмыш” жана “Ала-качуу – каада-салт” де-ген эки тайпага бөлүнүшөт. Ар бир тайпада экиден окуучу болот. Кал-ган окуучулар өздөрүнүн сунушта-рын, ойлорун дептерге жазышат.

Эки окуучу “кылмыш” деп жа-зылган орунга отурушат. Эки окуу-чу “каада-салт” деп жазылган орун-га отурушат.

Мугалим жребий (чучукулак) аркылуу кайсы тайпа биринчи баш-таарын айтат.

Болжол менен жазылган окуу-чулардын ойлору:

Ала качуу бул кылмыш-Ала качуу –бул кылмыш, себеби жигит

кыздын макул эместигин билип, күчкө са-лып ала качат. Мындай жол менен курул-ган үй-бүлөөлөрдүн көбү көпкө узабайт, акыры ажырашып тынышат. Кыз макул болсо кыргыздын салтын сактап, колун сурап, кудага түшүп, сөйкө салып үйлөнсө болот. (окуучунун сөзү)

-Кээде жигит өз алдынча бир чечимге келе албаса же үйлөнгүсү келбесе, анын же-ңелери же жакын туугандары: “Алып келе бер, кыз бараар жерине ыйлап барат”-дешип жигитти кылмышка түрткөн туугандар да аз эмес. Улуу кыргыз эли аялзатын жогору ту-туп, басмырлоодон алыс болгон.Ошондой эле кыргыз элинде адам укугуна аяр мамиле

Ала качуу бул кыргыз элинин салты-Ала качуу илгертеден келе жаткан

кыргыз элинин салты,-деп ойлойм. Се-беби биздин менталитетибизге кыз өзү-нүн сезимин жигитке билдиргени жат көрүнүш. Кыз ар дайым жигитке табыш-мактуу болуш керек. Улуу муундардагы айымдардын 80% пайызы ала качуу ар-кылуу үй- бүлө курушкан.

Мисалы, менин апамды атам ала качып алыптыр. Апам атамды мурун таанычу эмес экен. Сурасам, апамдын өзүнүн кө-ңүлүнө жаккан жигити да бар экен. Бирок менин апам азыр абдан бактылуу, балда-ры бар, атамды аябай сыйлайт, жакшы жашайт. Мен атайын апамдын курбула-рынан сурамжылоо жүргүзсөм, баары эле

Page 178: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

178 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

жасалган. Кызды алып калуу үчүн көптөгөн ыкмалар колдонулат. Мисалы, кыздын алды-нан, борсок жана кыргыздын менталитетинде ыйык саналган нерселер чачылат, же болбосо чоң энелер босогого туурасынан жатып алат. Мындай учурларда эч коркпой эле, эгерде кыздын көңүлү жок болсо, отурбай кете бер-гени дурус. Кыз ала качуу бул салт эмес, бул жапайлык. (окуучунун сөзү)

-Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов да ала качууга каршы болгон деп ойлойм. Биз аны “Жамийла” чыгармасынан ачык көрүп турабыз. Согуш убагында Жамийланын Да-ниярды ээрчип кетиши абдан жат көрүнүш. Ошого карабай Жамийла өзүнүн бактысы үчүн Даниярды ээрчип кетет. Балким, Жа-мийла Садык менен калса “Ак кемедеги“ Нургазыга окшогон балдар төрөлмөк же “Кызыл алмадагы” кичинекей каарман Ана-рага окшоп, ата-эненин ортосунда кыйнал-мак. Ошондуктан кыздар“ таш түшкөн же-ринде оор болот”дебей же “күйөөдөн чыкты деген атк акалбайын деп отуруп калбастан, Жамийладай болуп өз бактысына күрөшүү керек. (окуучунун сөзү)

ала качуу менен үй-бүлө курушкан экен. Апамдын курбулары мага “жакшы бала ала качып кетсе отура бер, эң негизгиси сени жакшы көрсө эле болду”- деп тама-шага салышат. (окуучунун сөзү)

-Азыркы учурда, өзгөчө шаар жерге-синде, бойго жеткен кыздардын көбү-нүн сүйлөшкөн жигиттери жок. Алар жумуштан түз эле үйлөрүнө келишет. Ошондуктан, алардын туугандары жак-шы балдар болсо ала качуу аркылуу кыз-дарын турмушка беришет. Сүйлөшүп, өз көңүлү менен чыккан кыздардын баары эле бактылуу болуп калышпайт. Үйлө-нүп, той берип, бүткөндөн кийин ажы-рашкандар да аз эмес. Мисалы, “Бозсал-кын” тасмасын алсак, негизги каарман – Асема өз көңүлү менен сүйлөшкөн жигити Муратка тийсе, мен ойлойм, ал бактысыз эле болмок. Ал эми эч качан аны көрбөгөн Сагын ала качуу аркылуу ага үйлөнбөдүбү. Асема менен Сагын эң бактылуу үй-бүлө болоруна биз күбө болдук. (окуучунун сөзү)

Сабакты жыйынтыктоо:Мугалимдин сөзү:-Убакыттын тардыгына байла-

ныштуу ала качуу боюнча өзүбүздүн оюбузду токтотобуз. Жыйырма би-ринчи кылымда кыз ала качуу жапайы көрүнүш. Албетте, окуучулар айткан-дай, алардын арасында бактысын таап кеткендер да жок эмес. Алгач ушул түшүнүктү ажыратып алсак. Кыргыз жигиттери кыздарды ала качуу деген салт эч жерде жазылбаганын билиши керек. Бул адам укугун тепсегендик, бул салтка жатпайт, бул, тескеринче, кылмыш. Ала качууга мыйзам да, ислам да, салт да каршы. Ала качуу боюнча мыйзамга толуктоолор кир-гизилген. Бул жөнүндө маалыматты кайрадан Жибектен уксак.

Жибектин сөзү:18-октябрда 2012-жылы Жогор-

ку Кеңештин депутаттары көп та-

лаш-тартыштан кийин мыйзамга өзгөртүү киргизишти. Эми, мый-зам боюнча, адам уурдаган, никеге турууга мажбурлап, кыз ала качкан адам 3-7 жылга чейин эркинен ажы-ратылат. Кылмыш – жаза кодекси-нин 155 беренеси.

Мугалим окуучуларга ыраазы-чылыгын билдирип, жеңүүчүнү аныктайт.

Үйгө тапшырма:Эссе. “Келечектеги менин үй-бү-

лөм”. Төмөнкү критерийлер менен

бааланат:1. Теманын ачылышы. 2. Сабаттуулук 3. Эссеңер кептин (речтин) кай-

сы стилине кирерин аныктагыла 4.Көлөмү бир барактан кем эмес

болуусу шарт.

Page 179: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

179Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

I Сабактын максаты:а) К. Жантөшевдин “Чолпонбай”

аңгемесиндеги сүрөттөлгөн сюжет-ти билишет, окуялар менен тааны-шышкан, мазмунун, идеясын тактап түшүнө алышат...

б) Өз Ата Журтун сүйүү, коргоо, сактоо, кадырлоо дегендей ыйык түшүнүктөрдүн ар бир атуулга тие-шелүү экендигин сезип тааный алы-шына жетишүү. Баш мыйзамдын тиешелүү беренеси менен кошумча тааныша алышат (58-беренени эске салуу керек).

в) Кыргыз элинин баатыр уул-кыздарынын өмүр жолдорунан (М: Чолпонбай, Дүйшонкул, Уркуя Са-лиева ж.б татыктуу өрнөк, үлгү алуулары, аларды даңазалап ысым-дарын бийик кармап жүрүүлөрүнө, ырларды үн кубултуп көрктүү ай-тууга үйрөнүшөт.

II Сабактын жабдылышы: “Баатырдын аты өчпөйт” аттуу

буклеттер. Зал ичи, декорациялар, альбомдор, Чолпонбайдын туулган жериндеги музейиндеги сүрөттөр, буклеттер, аудио-видео дисктер ж.б бүктөлмө буклеттер.

III Сабактын тиби:Инновациялык, интерактивдик

сабак, Интеграциялоо ыкмасынын көп түрдүүлүгү. Адабият, чечендик, тарых, этнопедагогика, искусство-нун түрлөрү, музыка.

IV Сабактын жүрүшү:1. Уюштуруу.Аудио-видео кассетадан М. Рыс-

кулбековдун “Эсте энелер” деген ыры акырын угузулат.

Мугалим: Арыбагыла, балдар! Кымбаттуу окуучулар! Согуш деген сөз баарыбызга тааныш, ал өлүм ме-нен жамандыктын ондогон түрлө-рүнүн белгиси символу-синоними! Согуш-өлүм, ажал, өксөө. жетим, жесир, арман, муң, кайгы, сагыныч менен кусалык, ый, кара кийүү, кү-түү, үмүт... дагы көп нерселерди өз ичине камтыган түшүнүк, кыйроо, талкалануу дагы, дагы... Эч качан согуш болбосун деп тилейт дүйнө-дөгү элдер, бирок эч качан согушту болтурбай коё алышпады.

Адамзаттын бир кемтиги дал ушул маселе... Тарыхтагы эң каар-дуу согуш 1939–45-жылдардын аралыгында болду. Бул дүйнөлүк экинчи согушка 61 өлкө катышкан. СССР деген биздин улуу өлкөдөн 20-27 млн адам курман болгон. Кыр-гыз жергесинен 370 миңдей киши кан майданга аттанышкан.

1-окуучу:Тарых билет, тарых айтат өткөндү,Жоо быркырап элдин канын

төккөндү.Ошол согуш, ошол 4 жыл кайгылуу,Кырчын жанды кыяматтан өткөрдү.

(Н. Байтемиров)

Дилдекан АБДЫЛДАБЕКОВА Талас областы, Кара-Буура району,

Ашымбек Шыйкымбеков атындагы орто мектебининкыргыз тили, адабияты мугалими. КР нын билим берүү отличниги,

“Кыргыз тили” төш белгисинин ээси.

ЧОЛПОНБАЙ - КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БААТЫР УУЛУ

Page 180: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

180 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Ошолордун бири биз бөтөнчө сыймыктана турган баатыр жерде-шибиз Ч.Түлөбердиев да болгон. Бү-гүнкү сабак ошол Чолпонбай баатыр атабыз жөнүндө болмокчу. Ошен-тип, сабакты эми өзүңөр улап кети-шиңерди өтүнөмүн. Сөз силерде, окуучуларым!... Көрктүү айтышатЖалын чачкан төшүн тосуп ажалга,Чолпонбайдай чанда чыгат адамда1-окуучу:Табышмак кылбай карасак,Таңдайга таттуу Талас ат.Өмүргө шерик өскөн жер,Өзүнө тартып каратат.2-окуучу:Миңдеген баатыр чыккан жер,Манастан баштап санасак,...Ошонун бири Чолпонбай,Обонго салсак жарашат.3-окуучу:Өмүрдүн берип мүрөгүн,Өлкө үчүн жаның үрөдүң.Акыйкат үчүн жан кыйып,Азаттык болду тилегиң.4-окуучу:Тытылып денең турса да,Туу болуп алга сүрөдүң.Дүйнөдө сендей сейрек аз,Дзотко тоскон жүрөгүн.5-окуучу:Кылкылдап учкан куу конуп,Кара жер үстү буу болуп,Казатта өлгөн баатырга,Каңырык түтөп чуу болуп.6-окуучу:Кол барбай аны көмүүгө,Көздөн жаш көлдөп суу болуп,Жеңиш күн болуп сен келдиң,Желпинген кызыл туу болуп.7-окуучу:Туягы биз да жетилип,Турмуш да кайра жаңырды.

Сансыз жыл өтсүн Чолпонбай!Салт кылып намыс арыңды.Чогуу:Жоокери болуп тынч күндүн,Сактайбыз ыйык наамыңды!(Кадырбек Жолдошбеков)

Эр Чолпонбай1-окуучу:Байкуштун аркасында даты калат,Баатырдын өлбөс-өчпөс даңкы калат.Ыпысык ал темирди тосуп калган,Жүрөгүң жүргөн экен атаганат...2-окуучу:Бул чындык, чыгарган жок,

эч ким ойдон,Ал сүзүп баратканда улуу Дондон.Энедей мээрим чачып карап турган,Күн көзүн сур булутка ката койгон.3-окуучу:Бир эрдик, бүт өлүмгө тете болгонКандуу согуш өмүрдү жулуп колдон.“Мекен” деп кырчын өмүр

кыйылганда,Болгону ал 20 жашта болгон.4-окуучу:Жаштыкка жаңы гана таң атканда,Жыландай сойлоп кетип баратканда,Билип туруп кайтпасын туулган

жерге,Эмне ойлоп, не сурады жараткандан.5-окуучу:Далдайган кең көкүрөк сүрү кандай,Бүркүттөй учуп жетип, эч тайманбай,ДЗОТто өлбөс болуп кала берген,Жердешим эр Чолпонбай, шер

Чолпонбай!

(Мая Осмонкулова)1-баяндоочу:Алар танк алдында калып, каны

төгүлбөсө, алар сууга чөгүп, отко күйбөсө, өз денелери менен душ-

Page 181: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

181Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

мандын огун тоспосо, азыр Мекен-дин жүрөгү эркин согот беле, биз-дей тынчтык ырын ырдайт беле, тынчтыктын көгүчкөнү эркин учат беле? (Сүрөттү көрсөтөт)

(Окуучулар баш кийимин алышып, аза күтүшөт). Чолпонбайдын эрди-гинин урматы үчүн салют атылат.

3. 1-баяндоочу: Биздин жерде-шибиз. Советтер Союзунун Баатыры Ч. Түлөбердиев 1923-жылы туулган. 7-классты бүтүргөндөн кийин 1941-жылы 13-декабрда армияга аттанган

1942-жылы 6-августта Дон да-рыясынын боюнда душмандын дзо-тун көкүрөгү менен тозуп, дүйнө элин таң калтырган эрдик көрсөт-көн кыргыз уулдарынын ичинен би-ринчи жоокер болгон. Чолпонбайга 1943-жылы 4-февралда СССРдин Баатыры наамы ыйгарылган.(Баян-дама кыскартылды)

4. Сабактын жүрүшүндө Чолпон-байдын эрдиги жөнүндөгү талдоо сабагын интеграциялоо ыкмасында улантылып, музыканын коштоосун-дагы чыгармалар, ырлар, талкуу, салыштыруулар менен толукталып улантылат. Бул максатта таяныч чекит борборунда “Баатыр” деген ким? деген суроонун тегерегиндеги талкуу-талаш талдоо сабагынын ва-рианттары ортого салынат.

Класстагы 18 окуучу 3 тайпага бөлүнүшөт да, ортого коюлган проб-леманын тегерегинде ой жүгүртүп, далилдеп, практикалык мисалдар аркылуу коргошот.

1-топ- “Билим” тобу, урааны-“Билимдүүгө дүйнө жарык”;

2-топ- “Тынчтык” тобу, урааны-“Тынчтык-дүйнөнүн кереметинен улуу”;

3-топ-“Өнөр” тобу, урааны-“Ө-нөрүң болсо өргө чап”;

1-топ: Берилген суроо боюнча концептуалдык таблица түзүшөт. (Баракчалар таркатылат). “Билим” тобу

Баатыр деген ким?1. Өз Мекенин коргогон адам,

Ата Журтунун көз каранды эмести-ги үчүн күрөшкөн атуул.

2. Баатыр бир өлөт...3. Баатыр элден туулат, эл үчүн

өлөт. Жана башка аныктамалар улантылат.

2-топ: Баатырлар жөнүндө клас-тер түзүшөт.

эл, жери үчүн өз жанын аябаган адам

Кубат Жуматаев Манас

баш болгон кыргыздын

Байтик, баатырларыАтаке,Шабдан, Тайлак Чолпонбай, баатырлар Дүйшонкул

3-топ. Эрдик, баатырдык, Ата Мекен тууралуу макалдарды жазуу жана чечмелөө.

М: Эр жигит эл четинде, жоо бе-тинде

Жоодо өлгөн салтанат, Жаздыкта өлгөн жаман ат. Чечендин көркү таңдайда, Баатырдын көркү маңдайда ж.б.Топтордун талкуу коргоосуна

5-7 минута убакыт берилет. Ал ара-лыкта музыкалык тыныгуу. С. Бей-шекеев “ Жоокер ыры”. Көрктүү окуулар Ж. Бөкөнбаев “Кош, Ала-Тоо уулуң кетти майданга”.

Баатыр

Page 182: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

182 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Согуш окуяларынан Чолпонбай-дын музейиндеги эрдик көрсөткөн мелодрамасы көрсөтүлөт.

4. Кийинки этапта Чолпонбай-дын музейинин түзүлүшүнүн тарых таржымалы жөнүндө түшүндүрүү-баяндама жасалат.

2-Баяндоочу. Ч. Түлөбердиевдин музейи 1982-жылы ачылган. Му-зейдин уюштуруучусу баатырдын классташы, биздин айылдын ардак-туу атуулу, согуштун ардагери, тарых мугалими Ашымбек Шыйкымбаев атабыз болгон. Ал адам Чолпонбай-дын эң жакшы билген жана курбу-сунун арбагынын астында атуулдук милдетин так аткарып, ушул эстелик музейди түзүп, элине, кийинки ур-пактарга эстелик катары калтырып кеткен. Албетте, музейди түзүүнүн канчалаган кыйынчылыктары болго-нун биз, окуучулар биле жүрүшүбуз керек. Музейдин астындагы мрамор тактачада ушул чакан айылдан со-гушка кеттип, кайрылып келбей кал-ган биздин 273 жердештерибиздин аттары оюлуп жазылган.

Эстен кетпейтЭки жүз жетимиш үч адам,Набыт болгон кан майдандан.

Катыгын желмогуздун беремин деп,Кетишкен жоону жеңип келемин деп.Чымгенттин кичинекей кыштагынан,Жеңишчил, эр жүрөк аталардын,Эрдиги эч убакта эстен кетпейт.Ар күнү жаңы түшкөн аппак карда,Тойлордо, татынакай ар бир таңда,Бала эстейт, кары эстейт, баары эстейт.

Нурийла Сейдакматова

Булар менен биз, кийинки муун сыймыктанабыз. Келгиле эмесе ошол аталарыбызды эскерип: Му-

зыкалык тыным. “Келген жок” ыр-дап коёлу.

5. Топтун мүчөлөрү берилген тапшырмаларды коргошот (плакат-ка, батман кагазга) иштелген тап-шырмалардын үлгүлөрүн калыстар тобу карап чыгышып, өз бааларын ыйгарышат.

6. Мугалимдин жыйынтык сөзү.Балдар! Музейде көптөгөн экс-

понаттар турат. Аларды топтоодо агайдын эмгеги зор. Эми балдар ошол агайдын элеси өчпөсүн деп, 1997-жылы ушул мектепке агай-дын аты ыйгарылган. Бир класстык бөлмөнү музей кылып ачып, (үй бүлөсү) азыркы күндө толукталып, жаңырып турганын көрүп жүрөсү-ңөр. Ондогон орден-медалдардын, “Ардак грамоталардын, сыйлыктар-дын ээси агайым Ашымбек Шый-кымбаевдин атын туу тутуп, алып жүрүүгө аракеттенгиле. Ушул Чол-понбай айылынан чыккан мугалим экениме сыймыктанам жана бүгүн-кү сабаты айылдан чыккан Баатыр атабыз Чолпонбайга, мени окуткан Ашымбек Шыйкымбаев агайыма гүлдесте катары арнамакчымын.

Балдар, силер бүгүн мыкты иш-тедиңер, рахмат! Өмүрлүү болгула!

Эч качан эрдик изи өчпөйт. Чолпонбай атабыздын эрдигин кы-лымдар боюу эскерип жүрүү улам кийинки урпактын милдети болуп кала бермекчи.

Өткөндө күндөр айга, айлар жылга,Жылдары жылып, сүрүп

кылымдарды,Бирок, сен түбөлүккө эл эсинде,Кала бердиң гүлгүңдөй он сегизде. Хор: “Кандуу согуш болбосун”

Page 183: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

183Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Илим казынасынан

Байгазиев Советбек. Ак калпак журтка жана адамзатка жарыгын чачкан «Манас» ааламынын өчпөс жылдызы ...........................................3

Абдыкерим Муратов. Кыргыз адабияты окуу китептери: Типтүү кемчилдиктери жана аларга коюлуучу талаптар .....................................13Cулайман Рысбаев.«Күн сайын сабакта беш мүнөттүк китеп окууну» уюштуруу технологиясы жана анын мазмуну тууралуу ...................29

Колдошев М.Манас менен кан Кошойдун жолугушуу окуясындагы таалим-тарбиялык көрүнүштөр ...................36

Анапияева А.Илим-изилдөө жана жаңы технологияларды кийирүү б агыты ..........44Оторбаева Салтанат БатырбековнаЭсенгул Ибраевдин поэзиясындагы тилдик кубулуштар ....................................48

Кенжебекова Ж.А.Сөйлеу мәдениеті және тіл әдебі ...............52

Дыйканбаева АйгеримКыргыз уламыштарынын тематикалык өзгөчөлүктөрү ......................56

Мамбетова Роза РыскановнаОрус мектебинин окуучуларынын кыргызча кебин калыптандырууда лексикалык материалдардын кептеги жыштыгын аныктоонун мааниси ..............63Сокурова Ж.К. Оюн ырларынын акын Т.Самудинов тарабынан иштелиши ................................68

Сокурова Ж.К. Т.Самудиновдун балдарга арналган ырларынын жанрдык өзгөчөлүктөрү .......73Ченкилова Нургүл.«Манас» эпосундагы ордо, тогуз коргоол оюндарынын чагылдырылышы ................78

Сабак – бїтпєгєн процесс

Койлубаева А.К. Тең байланыштагы татаал сүйлөмдү 5-класста окутуу .........................................84

Рахматова Гүлмира НасарбековнаСабак жөнүндө кыскача кириш сөз .............89

Джукешова ЧолпонКүз мезгили ...................................................98Мендеева Кыял ЖенишбековнаЧыпалак бала ...............................................100

Эшпаева Гүлайым Калыевна “Кыргызстаным” ырынын тексти менен иштөө .............................................103

Эшпаева Гүлайым Калыевна“Соода-сатык” модулу боюнча "Народный" дүкөндөрү тексти менен иштөө ..............108Оморова Айгүл Абдыкапаровна“Кагаздан жасалган миң турна” тексти менен иштөө .................................112Абакирова Фарида ӨскөнбаевнаСабактын кептик темасы: кызыктуу саякат сабактын грамматикалык темасы: этиштерди кайталоо ................................119Абакирова Фарида ӨскөнбаевнаСабактын кептик темасы: космонавтика. Сабактын грамматикалык темасы: Жөнөкөй жана тутумдаш баяндоочтор ..............................................122Каскеримова Бегимжан ЫдырысовнаСабактын кептик темасы: Сүрөт менен иштөө. .................................125 Сабактын грамматикалык темасы: Себеп бышыктооч ....................................125Каскеримова Бегимжан ЫдырысовнаЧ.Айтматовдун Ысык-Көл жөнүндө макаласынын үзүндүсү менен иштөө. Сабактын грамматикалык темасы: сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн кайталоо ................................127Каскеримова Бегимжан ЫдырысовнаЧ.Айтматовдун “Атамдан калган элестер” тексти менен иштөө Тең байланыштагы татаал сүйлөм..........130

МАЗМУНУ

Page 184: №6, 2016 - arabaev.kg · лимдердин илимий-методикалык табылгаларын айкалыштыруу менен кыргыз тили, адабиятын

184 Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары

Шайдуллаева Сайрагүл ШайдуллаевнаСабактын кептик темасы: «Манас» үчилтиги сабактын грамматикалык темасы: кыргыз тили боюнча өтүлгөндөрдү кайталоо ............................133

Шайдуллаева Сайрагүл ШайдуллаевнаСабактын кептик темасы: тексттер жана чыгармалардагы үзүндүлөр менен иштөө .............................................137 Сабактын грамматикалык темасы: Сырдык сөздөрдү кайталоо .....................137

Шайдуллаева Сайрагүл ШайдуллаевнаСабактын кеп темасы: Адабий чыгармалардын баалуулугу сабактын грамматикалык темасы: Киринди сөздөр .......................................141

Алымбекова Дилбар ЗарылбековнаЭтиштин терс формасы ..............................144

Мүсүралиева Нургүл НаспековнаСабактын темасы: Баяндоочтун курамына карай бөлүнүшү ......................147Сабак – бїтпєгєн процесс

Искакова ДамираКасым Тыныстановдун “Жаз” аттуу ырынын тексти менен иштөө ..................150

Эрмекбаева НурзаидаЧ.Айтматовдун «Бетме-Бет» повести .......153

Оморова Айгүл“Ысык-Көлдүн куту жана куну” тексти менен иштөө .................................156

Турусбекова Төркүнбү«Манас» эпосунун кыргыз элинин рухий турмушунда алган тарыхый орду жана бүгүнкү күндөгү мааниси .....................................................161

Класстан тышкаркы иштер

Сүйүмбаева СайкалКыргыз тилим – эне тилим Мамлекеттик тил мыйзамынын 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш чара ......................................................165

Керимова Гүлсайра БакасовнаКалпакка катылган философия ..................167

Бектенова Замира Муратбековна.Кыргыздан чыккан Чыңгыз – көктөгү жылдыз ........................................171

Абдрахманова МунараСабактын темасы: кыз ала качуу – кыргыз элинин салтыбы же бул кылмышпы? .......................................176

Дилдекан Абдылдабекова Чолпонбай – кыргыз элинин баатыр уулу ...............................................179

Илимий-методикалык журнал

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ:ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

Тїзїїчї Р. АбдуллаеваТех.редактору Р.Усупова

Дизайнери А.ЖунусбековаКомпьютердик калыпка салган Г.Ниязалиева

Басууга 07.04.2016-ж. кол коюлду. Офсет кагазы. Кагаздын форматы А-4. Кєлємї 11,5 б.т. Нускасы 500.

«Максат» басмасында басылды. Бишкек ш., Токтогул кєчєсї 217.