24
ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАРЫ ТУУРАЛУУ 2016-2017-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ИШ БАЯНЫ Адаттагыдай эле окуу жылдын башында салттуу түрдө ОшМЮИнин илимий иштери жана эл аралык байланыштары боюнча проректордун иш пландарын бекитилген. Биз өз ишибизди окуу жылынын башында Окумуштуулар Кеңешинде бекитилген «Ош мамлекеттик юридикалык институтунун илимий иштеринин жана эл аралык байланыштарынын 2016-2017-окуу жылына календардык иш планынын», «Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 2016-2017-окуу жылы үчүн илимий иштеринин жана эл аралык байланыштарынын комплекстүү иш планынын»жана«Ош мамлекет- тик юридикалык институтунунилимий изилдөөиштеринин жана эл аралык байланыштарынын 20016-2021- жылдардына стратегиялык планынын» негизинде иш алып баруудабыз. Алардын негизги маани-маңызы, багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт: Ош мамлекеттик юридикалык институтунун календардык, комплекстүү жана стратегиялык пландарын «Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдарына чейинки билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясынын», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнилимий иштерге тийиштүү токтомдорунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык Комиссиясынын жаңы талаптарына шайке шишке ашыруу; мамлекетиик деңгээлдеги тарыхый, саясий мааниге ээ олуттуу окуяларга байланышкан Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий жарлыктарын, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн тиешелүү токтомдорун ишке ашыруунун илимий-практикалык жагын биздин института толук камсыз кылуу;

2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

  • Upload
    others

  • View
    3

  • Download
    0

Embed Size (px)

Citation preview

Page 1: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН ИЛИМИЙ ИШТЕРИ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК

БАЙЛАНЫШТАРЫ ТУУРАЛУУ 2016-2017-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ИШ БАЯНЫ

Адаттагыдай эле окуу жылдын башында салттуу түрдө ОшМЮИнин илимий иштери жана эл аралык байланыштары

боюнча проректордун иш пландарын бекитилген. Биз өз ишибизди окуу жылынын башында Окумуштуулар Кеңешинде

бекитилген «Ош мамлекеттик юридикалык институтунун илимий иштеринин жана эл аралык байланыштарынын

2016-2017-окуу жылына календардык иш планынын», «Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 2016-2017-окуу

жылы үчүн илимий иштеринин жана эл аралык байланыштарынын комплекстүү иш планынын»жана«Ош мамлекет-

тик юридикалык институтунунилимий изилдөөиштеринин жана эл аралык байланыштарынын 20016-2021-

жылдардына стратегиялык планынын» негизинде иш алып баруудабыз. Алардын негизги маани-маңызы, багыттары

төмөнкүлөрдү камтыйт:

• Ош мамлекеттик юридикалык институтунун календардык, комплекстүү жана стратегиялык пландарын «Кыргыз

Республикасынын 2012-2020-жылдарына чейинки билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясынын», Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүнилимий иштерге тийиштүү токтомдорунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын

Жогорку Аттестациялык Комиссиясынын жаңы талаптарына шайке шишке ашыруу;

• мамлекетиик деңгээлдеги тарыхый, саясий мааниге ээ олуттуу окуяларга байланышкан Кыргыз Республикасынын

Президентинин расмий жарлыктарын, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн тиешелүү токтомдорун ишке ашыруунун

илимий-практикалык жагын биздин института толук камсыз кылуу;

Page 2: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ага караштуу Кыргыз Реcпубликасынын Жогорку аттестациялык комис-

сиясынын илимий жааттагы баардык иш аракеттерин, өзгөргөн жаңы талаптарын илимий иштерди жөнгө салуучу

ченемдик укуктук актыларды өз убагында факультеттердин, кафедралдардын жамаатына жана илимий изилдөөчүлөрдүн

назарына жеткирүү, алардын маани маңызын кенен түшүндүрүү;

• ОшМЮИнин аброюн көтөрүү максатында баардык Эл аралык, чөлкөмдүк жана ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конфе-

ренцияларга активдүү катышуу жана ОшМЮИнин алдында жогоруда көрсөтүлгөн конференцияларды уюштуруп, ишке ашыруу;

• ÎшÌÞÈ ïðîôåññîðäóê-îêóòóó÷óëàð æàìààòûíûí ñàïàòòûê êóðàìûí æàêøûðòóó максатында институттун алдындагы

магистратуранын, аспирантуранын жана докторантуранын ишин жандандыруу;

• ОшМЮИнин окутуучуларынын илимий изилдөө иштерине тиешелүү шарттарды түзүү (чыгармачылык дем алуу,

компьютердик-техникалык жардам, илимий командировка, диссертацияларды талкууну уюштуруу ж.б.);

• чет өлкөлөрдөгү юридикалык билим берүүчү окуу жайлар, илимий изилдөөчү уюмдар менен өз ара кызматташ-

тыкты,эки тараптуу мамилерди түзүү, анын алкагында студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды (3,6

айлык, 1 жылдык мөөнөткө окутууга) жана окутуучуларды тажрыйба алмаштыруу максатында стажировкалардан,

квалификациясын жогорулатуу курстарынан окутуу, илимий иш сапарларын уюштуруу;

• ОшМЮИнун базасына чет өлкөлүк ар түрдүү илимий-практикалык проекттерди, гранттарды жана чакан инвес-

тицияларды тартуу;

• окутуучулардын кандидаттык,докторлук диссертацияларынын үстүнөн иштөөсүн,алардын тал -

кууланышын уюштуруу , жаш окутуучуларды жана изденүүчүлөрдү иш жүзүндөгү илимий изилдөө иштерине кеңири

тартуу;

• кафедралардын аспиранттар, изденүүчүлөрүнүн жана ОшМЮИнин магистранттар курамын тактоо, алардын

илимий иштеринин аткарылышын иштиктүү көзөмөлдөө;

• кафедралардын базасында көйгөйлүү маселелер боюнча илимий окууларды, жумалыктарды, декадаларды жана

илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды туруктуу уюштуруу;

• институттун окутуучулары тарабынан даярдалган илимий макалаларды, эмгектекрди басмадан чыгарууга ар

тараптуу көмөк кылуу;

• ОшМЮИнин студенттерин ар тараптуу, ар түрдүү эл аралык илимий-практикалык семинарларга,проекттерге, гранттарга

жана студенттик изилдөө иштерине тартууга өбөлгө түзүү;

Page 3: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

• Олуттуу тарыхый-саясий даталарга, орчундуу укуктук проблемаларга, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө байланыштуу

чөлкөмдүк, республикалык жана эл аралык конференцияларды өткөрүү.

ОшМЮИнин ОКУТУУЧУЛУК-ПРОФЕССОРДУК КУРАМЫНЫН САПАТТЫК КӨРСӨТК/ЧТӨР/

Окуу

жылдары

ОПК

жалпы

саны

Алардын ичинде

Илимдин

докторлору

Илимдин

кандидат-

тары

Профессорлор//

профессордун

м.а.

Доценттер//до

центтин м.а.

Ага

Окутуу-

чулар

Окутууч-

р//үйрөнчүк

окутуч-р

1. 2012-13 199 1 36 1//4 12//29 59 84//10

2. 2013-14 197 1 44 1//5 17//35 67 62//10

3. 2014-15 205 2 43 2//6 14//34 76 67//6

4. 2015-16 210 5 42 4//7 18//24 80 58//9

5 2016-17 196 3 42 2//8 13//37 86 45//2

ОшМЮИнин 2013-14 – 2017-18-окуу жылдарындагы ОПК сапаттык көрсөткүчтөрү

Page 4: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

ОшМЮИнин ЖАНА КАФЕДРАДАРДЫН ИЛИМИЙ ИШТЕРИНИН АБАЛЫ

1 - 36

1 - 44

5 - 42

3 - 42

2012-13-жж. илимдин докторлору - 1,

кандидаттары - 36

2013-14-жж. илимдин докторлору - 1,

кандидаттары - 44.

2014-2015-жж. илимдин докторлору -

2, кандидаттары - 43

2015-16-жж. илимдин докторлору - 5,

кандидаттары - 42.

2016-2017-жж. илимдин докторлору -

3, кандидаттары - 42

2 - 43

Page 5: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

Жылдык отчеттун мезгилинде биздин дагы бир жетишкендигибиз ОшМЮИнин 13 кафедрасында эстен чыгып, унутта

калып кеткен ар бир кафедранын жалпы илимий-изилдөө иштеринин темаларын кайрадан жандандырып, бекитип ошол алкакта

иш алып барганга кириштик. Акыркы жылдардагы инстититуттун базасында аткарылып жаткан илимий иштердин алкагында

жалпы теманы аныктадык, анын чөйрөсүндө иш алып баруудабыз. Биз жалпы илимий багытыбыздын «Кыргыз

мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздери» - атуу шарттуу аталышты өзгөрткөн жокбуз. Дал ушул таризде ар бир кафедра

тиешелүү илимий иш чараларын жүргүзүүдө. Алар төмөнкүлөр:

ОшМЮИнин КАФЕДРАЛАРЫНЫН ОКУУ ЖЫЛДАГЫ ИЛИМИЙ ИШТЕРИНИН БОЛЖОЛДУУ ТЕМАЛАРЫ

Кафедранын

аталышы

Кафедранын илимий-изилдөөсүнүн темасы. ОПК сапаттык көрсөткүчтөрү

ОПК

жалпы

саны

Илимдин

доктору

Илимдин

кандид-ы

Изденүү-

чүлөр

1.

ЖУПК Жарандардын катышуусундагы мамлекеттик жергиликтүү

өзалдынча башкаруу органдардын ченемдүү эмес мүнөздөгү

актыларынын талашуу жөнүндөгү иштер боюнча сотко

таандуулуктун көйгөйлөрү.

23

-

5

3

2.

КЖУПК Совершенствование законодательства по борьбе смежду-

народным терроризмом и экстремизмом.

25

-

6

9

3. УТК

(юр. колледж) Демократия, жарандык коом жана мамлекет.

30 - 4 3

4.

КСЭК Судебная экспертиза как основная форма использования

специальных познаний в уголовном процессе.

14 - 6 12

5. ТДК Студенттердин тил маданиятын укуктук багытта өстүрүү

13 - 3 1

6. ИУК Социально-правовые проблемы предприниматель-ства в

Кыргызской Республике.

9 - 2 1

7.

АБУК Кыргыз Республикасынын бажы уюмуна кошулуу-сундагы

кээбир административдик жана бажы мамилелериндеги 11 2 3

Page 6: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

көйгөйлөр

-

8. МУТТК Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздеринин илимий-

практикалык көйгөйлүү маселелери.

13 2 4 7

9. ГТИК

(юр. колледж) Азыркы гуманитардык жана табигый илимдердин актуал-

дуу маселелери.

14 - 2 3

10 КМУК Кыргызстандын конституциялык өнүгүүсү: көйгөлөр жана

аны чечүүнүн жолдору.

10

1

2

7

11. МТЭК Юристтин ишмердүүлүгүнө заманбап маалымат техноло-

гияларды киргизүүнүн көйгөйлөрү.

4 - 2 2

12. ДТК Кыймыл сапаттарды өнүктүрүү.

10 - - 10

13 МЧТК

(юр. колледж) Мамлекеттик тилдин учурдагы көйгөйлөрү

17 - 2 15

Баары 196 3 42 66

2016-2017– ОКУУ ЖЫЛЫНДАГЫ ОшМЮИнин ОПК ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРЫ ЖАРЫК КӨРГӨН

ЖАНА БИР ДА МАКАЛАСЫ ЖАРЫК КӨРБӨГӨН ОКУТУУЧУЛАРДЫН РЕЙТИНГИ

№ Кафедранын

аталышы

Кафедрадагы

окуутуучулар

дын жалпы

Окуу жылда

жарык көргөн

илимий

Моногра-

Окуу

Окуу

усулдук

иштелмелер

Илимий жый-

нактарда,

ММК жарык

Кафедрада илимий

иштери натыйжалуу

окутуучулар

Окуу жыл ичи бир

да макаласы жарык

көрбөгөндөрдүн

Page 7: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

саны иштердин

жалпы саны

фиялар китептер

көргөн макала-

лардын жалпы

саны

тизмеси

1. Мамлекеттин,

укуктун

теория жана

тарыхы

14 56 3

1

1

51 Абытов Б.К.

Насиров Т.

Кольсариева Н.Ш.

Тайлакова С.Дж.

Акматова А.Т.

Жолдошов Т.

2. Кылмыш-жаза

укугу жана

процесси

22 25 3

1

4

.

17 Токторов Э.С.

Жусупов Б.А.

Орозов Ж.Ж.

Матаев К.К.

Мамрасулов К.

Укуев А.

3. Гуманитардык

табигый

илимдер

15 21 2

19 Маматов А.М.

Алибаев А.

Абдылдаева А.М.

Арыков А.

Сагирова Н.

Сулайман к Б

4. Тилдер

кафедрасы 12 19

1 2

16 Исабеков И.Н.,

Урманбетова А.А.

Насирова М.Т.

5.

6.

Жарандык укук

жана процесс 23 16 1 1 1

13 Пазылов Н.А.

Мазитов Р.Я.

Байженова Г.

Жумабай у М.

Айтмаматова /.

Утанов К.

Маалымат тех-

нологиялары

жана экономика

5 16 1 15 Арапов Т.Б.

Абдыкалык к Ж.

7. Криминалис-

тика жана

соттук

экспертизалар

18 15 2 13 Арстанбеков М.С.

Юсупалиев И.К.

Матамаров А.Н.,

Ахунжанов Р.А.

Исаков С.

Асанов Т.

8 Укук таануу 31 15 2 13 Ураимова Т.А.

Садиева Д.А.

Абдикерим к Г.

Жээнбаева А.

Чолпонбаева С.

Капарова А.

Таджибаев У.

Тайгараев Р.

Сыдыкова Ж.

9 Административ

дик жана бажы

укугу

12 14 14 Бабаева А.Д.

Сатарбаев А.М.

Жусупбаев К.А.

Бургоева А.

Кыдыров А.

Page 8: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

ОшМЮИнин 2016-2017 ЖЫЛДАГЫ КАФЕДРАЛАРДЫН ОПК ЖАРЫК КӨРГӨН ЖАНА ЭЧ БИР МАКАЛАСЫ

ЖАРЫЯЛАНБАГАН ОКУТУУЧУЛАРДЫН ПРОЦЕНТТИК КАТНАШТАГЫ

РЕЙТИНГИ

Пирматова А.

Абдиев И.

10

Конституция-

лык жана

муниципалдык

укук

8 12 1 2

9 Акпарова А.Т.

Мурзубраимов Н.Б.

Жусупова Н.Ы.

Саймидинов С

11 Ишкердүүлүк

укук 8 11 2

1 8 Макамбаева Д.И.

Кокоева А.М.

Сулайманова Г.Б.

Арым к. Дж.

Шарабидин к А.

12 Мамлекеттик

тил жана чет

тилдер

16 10 2 8 Муратбаева К.Н.

Алымбаева Б.А.

Исмаилова Р.У.

Абжапарова А.Ш.

13 Дене тарбия 12 2 2 Жолдошев М.Э.

Молдоматов А.Т.

Караев О.

Арыкбаев М.

Абдыраманов О.

Турдумаматова Г.

Бакиров К,

Рахманов М.

Алмазбеков Э.

Гулжигит у А.

Баары

196

232

7

7

20

198

№ Кафедранын

аталышы

Окутуучулар

дын

жалпы саны

Илимий мака-

ласы жарык

көргөн окутуу-

чулардын саны

Эч кандай илимий

макаласы жок

окутуучулардын

саны

Илимий макаласы

жоктордун %

катнашы

1. Тилдер кафедрасы 12 12 0 0,0

Page 9: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

2. Жарандык укук

жана процесс 23 22 1 4,4%

3. Мамлекеттин, укуктун теория

жана тарыхы 14 13 1 7.2%

4. Административдик жана бажы

укугу 12 11 1 8,4%

5. Криминалистика

жана соттук экспертизалар 18 16 2 11,2%

6. Мамлекеттик тил жана чет

тилдер 16 14 2 12.5%

7. Конституциялык

жана муниципалдык укук 8 7 1 12.5%

8. Кылмыш-жаза укугу жана

процесси 22 19 3 13.7%

9. Маалымат технологиялары жана

экономика 5 4 1 16,7%

10. Укук таануу 31 25 6 19.6%

11. Гуманитардык табигый илимдер 15 12 3 20%

12. Ишкердүүлүк укук 8 6 2 25%

13. Дене тарбия 12 2 8 83.4%

баары 196 163 33 17,1%

Page 10: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

ОшМЮИНИН АЛКАГЫНДА 2016-17-ОКУУ ЖЫЛЫНДА ӨТКӨРҮЛГӨН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК

КОНФЕРЕНЦИЯЛАР

2016-17-окуу жылында ОшМЮИнин алкагында бир катар институттун деңгээлинде, чөлкөмдүк жана эл аарлык илимий-

практикалык конференциялар өткөрүлдү. Алардын катарында төмөнкүлөрдү атоого болот:

«2016-жыл- тарых жана маданият жылынын» алкагында «Кыргыз элинин, мамлекетинин тарыхый, укуктук баскан

жолуна саресеп» - аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция (28-ноябрь 2016-жыл), “Кыргызстан укуктук

мамлекеттин жолунда” (15-декабрь 2016-ж.), “Флаг независимой Кыргызской Республики – моя гордость, гордость

страны» (3 марта 2017 г.); 2017-ж. 3-мартында ОшМЮИде биринчи жолу «Потенциал молодежи в евразийской инте-

грации: экономика, право, политика» в он-лайн режимдеги видеоконференция болду. Аталган конференцияга Азербайд-

жандын, Беларуссиянын, Казахстандын, Кыргызстандын - ОшМЮИ, Россиянын жана Украинанын жогорку окуу жайлары

катышты.

“Роль и место Апрельской революции в историко-правовом и политическом развитии суверенного и независимого

Кыргызстана”(6 апреля 2017 г.); «Приоритетные направления модернизации интеграционных процессов евразийского

экономичсекого союза». Международная научно-практическая конференция, Бесбаевские чтения. Совместно сАссоциация

азиатских университетов, Международный университет «МИТСО», Академия труда, социальных отношений и туризма

(АТСОТ), Ошский государственный юридический институт, Казахская Академия труда и социальных отношений

(КазАТиСО), 30 апреля 2017 г.; «2017-жыл - Ыйман, адеп жана маданият жылынын» - алкагында өткөрүлгөн «Кыргыз

мамлекетинин укуктук маданиятынын калыптануусуна саресеп» - аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция.

31-май 2017-жыл.

Жогоруда аталган, ОшМЮИнин алкагында өткөрүлгөн эл аралык илимий практикалык конференциялардын материалдары

биздин институттун атайын жыйнактарында жарык көргөн. Алар 2016-жылы «Известия вузов Кыргызстана» №11, 12 жана

«Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана» №12, ал эми 2017-жылдын эсебинен ОшМЮИнин ОПК илимий

макалалары институттун атынан чыккан атайын жыйнакта, «Известия вузов Кыргызстана» №12 жана «Наука, новые

технологии и инновации Кыргызстана» №11 санында жарыкка чыгууда.

ОТЧЕТТУК МЕЗГИЛДЕ, 2016-17-ОКУУ ЖЫЛЫНДА ОшМЮИде УЮШТУРУЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯЛАР

ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАР

Конференциянын аталышы

Конференция-

дагы

Баардык келген

докладдардын

Чет өлкөдөн

келген

Page 11: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

секциялардын

саны

саны докладдар

1 «Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы - улуттук мамле-

кеттүүлүктүн калыптануусунун маанилүү баскычы» -эл аралык илимий-практикалык

конференция. 26-февраль 2016-жыл.

3

139

7

2 «Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүндөгү Апрель 2010-ж революциясынын орду

жана ролу» - аттуу факультеттер аралык студенттик илимий-практикалык

конференция. 7 апрель 2016-жыл.

2

36

-

3 «Көз карандысыз Кыргызстандын конституциялык, укуктук негиздери:

мамлекеттүүлүктүн мыйзамдык бекемделиши»-аттуу эл аралык илимий-

практикалык конференция.

29-апрель 2016-жыл.

3

126

18

4 «2016-жыл- тарых жана маданият жылынын» алкагында «Кыргыз

элинин,мамлекетинин тарыхый, укуктук баскан жолуна саресеп» - аттуу эл

аралык илимий-практикалыкконференция. 28-ноябрь 2016-жыл.

2

122

11

5 «Көз карандысыз Кыргыз Рсепубликасынын Туусу – менин сыймыгым,

Мекендин сыймыгы» – «Флаг независимой Кыргызской Республики – моя

гордость, гордость страны» - аттуу чөлкөмдүк студенттик илимий-

практикалык конфереция. 3-март 2017-ж.

2

23

-

6 «Потенциал молодежи в евразийской интеграции: экономика, право,

политика». Международной научно-практической конференции студентов, магис-

трантов, соискателей, докторантов и аспирантов. Совместно с Ассоциацией азиатских

университетов, Международный университет «МИТСО», Академия труда, социаль-

ных отношений и туризма (АТСОТ), Ошский государственный юридический инсти-

тут, Казахская Академия труда и социальных отношений (КазАТиСО). 3 марта

2017 г.

3

177

29

7 Международная научно-практическая видеоконференция «Проблемы

интеграции ЕвразЭС», в онлайн режиме с участием Азербайджана, Беларусии,

Казахстана, Кыргызстана, Украины. 25 апрель 2017.

3 28 19

8 «Приоритетные направления модернизации интеграционных процес-

сов евразийского экономичсекого союза». Международная научно-практи-

Page 12: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

ческая конференция, Бесбаевские чтения.

Совместно сАссоциация азиатских университетов, Международный университет

«МИТСО», Академия труда, социальных отношений и туризма (АТСОТ), Ошский

государственный юридический институт, Казахская Академия труда и социальных

отношений (КазАТиСО). 30 апреля 2017 г.

4 100 17

9 «2017-жыл - Ыйман, адеп жана маданият жылынын» - алкагында өткөрүлгөн

«Кыргыз мамлекетинин укуктук маданиятынын калыптануусуна саресеп»- аттуу

эл аралык илимий-практикалык конференция. 31-май 2017-жыл.

2

107

19

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун эл аралык байланыштары

ОШ МАМЛЕКЕТТИК

ЮРИДИКАЛЫК

ИНСТИТУТУ

Новосибирск

юридикалык

институту

(ТФ)

КЭР Гансу

провинциясынын

жож жана ЮНЕСКО

ассоциациясы

Санкт-Петербург

мамлекеттик

университети

Башкирия

мамлекттик

университети

Хекси

университети,

КЭР

СФУ, Юридикалык

институту

КазАТиСО Урал

мамлекеттик

юридикалык

университети

Page 13: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

Акыркы жылдары ОшМЮИнин эл аралык, илимий-практикалык байланыштары кеңейүү үстүндө. Биздин байланыштар

Россия Федерациясынан - ММУ, Сибирь федералдык университетинин Юридикалык институту (СФУ), РИА Чыгыш

кол жазмалар институту (Санкт-Петербург), Урал мамлекеттик юридикалык университети (Екатеринбург),

Новосибирск юридикалык институту, Алтай мамлекеттик университети, Башкирия мамлекеттик университетин

камтыйт, Россия табигый илимдер академиясы. Республика Казахстандын - Казах эмгек жана социалдык катнаштар

академиясы(КазАТиСО), Л. Гумилев атындагы Евразия университети, КазМПУ, «Алаш» ИИБ, Шаакарим атындагы

Семипалатинск университети. Туркменистандын –«Мирас» эл аралык улуттук борбору, Индиянын - Калинга

индустриалдык-технологиялык институт юридикалык институт.

2016-2017-окуу жылында бир катар ОшМЮИнин окутуучулары эл аралык илимий конгресстерге, илимий-практикалык

конференцияларга катышып келишти. Мисалы, БРИКС(Бразилия, Россия, Индия, Китай, Словакия)уюмунун алкагында өткөн

“Х Евразийский конгрессе: экономики, право и безопасности”(2016-ж.)конгресске катышып келишти. Россия Федерация-

сынын Урал мамлекеттик юридикалык университетинин алкагында өткөн Европа-Азиялык укуктук конгресстин Х

мааракелик сессиясына Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору, профессор Э.С. Токторов жетектеген,

курамында профессор Б.К. Абытов, доцент С.Ж. Тайлакова болгон расмий делегация катышып келди. Абройлуу эл аралык

конгресстин жыйынынын жүрүшүндө биздин делегация УрМЮУ жетекчилиги, институттардын директорлору, кафедра баш-

чылары менен жемиштүү жолугушуууларды жүргүздү. Европалык-Азиялык укуктук конгресстин Х сессиясы «Азыркы учур-

дагы укук, саясат жана экономика: XXI кылымдын чакырыктары» - деп аталып бир катар олуттуу маселелрди ар

тараптан талкууга алды.

Россия табигый

илимдер

Академиясы

(РАЕ)

Университет

КИИТ (Индия)

Москва

мамлекеттик

университети

РИА Чыгыш кол

жазмалар

институту

(С-Петербург)

Page 14: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А
Page 15: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

Урал мамлекеттик юридикалык университетинин ректору, Урал мамлекеттик юридикалык университеттин

юридика илимдеринин доктору, профессор В.А. Бублик менен Прокуратура институтунун директору, юридика

илимдеринин доктору, профессор, В.Д.Грибанов менен.

Page 16: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

ОшМЮИнин делегациясы Россия Федерациясынын Президентинин укук иштери боюнча кеңешчиси, Росссиянын юристтер ассоцациясынын

тең төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор В.Ф. Яковлев, УрМЮУ Президенти, юридика илимдеринин доктору, профессор В.Д.

Перевалов менен(отургандар).

Page 17: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын укук боюнча комитетинин, Росссиянын юристтер ассоцациясынын төрагасы, атактуу

илимпоз, саясатчы, юридика илимдеринин доктору, профессор П.В. Кращениников менен.

Профессор Б.К. Абытов Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында өткөн “Дүйнөдө тынчтык болсун” – аттуу эл

аралык форумга катышып келди (2016-ж.). ОшМЮИнин ОПК ичинен Тайлакова С.Ж. бир катар эл аралык илимий-

практикалык конференциялдарга катышып келген. Мисалы, “Государство и право: эволюция, современное состояние и

Page 18: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

преспективы развития” Санкт-Петербург шаары (17-19-апрель 2017-ж.), “Совершенствование семейных прав и их

отражение в Констиутции Кыргызской Республики на современном этапе” Уфа шаары (15-16-май 2017-ж.). Андан башка

Колсариева Н.Ш., Арстанбеков М.С., Насиров Т.Н., Эркинбаева Д., Абдиев И., Кадырбаев Э., Жусупов Б.Ж., Акматова А.Т.

сыяктуулар бир катар чет өлкөлүк окуу жайлардын илимий-практикалык конференцияларына катышып келишти. Алардын

катрында КазАТиСО, УрМЮУ, РЭУ, НЮИ, ММУ, РТИАж.б. бар.

Эл аралык катнаштардын алкагында ОшМЮИнин 3 студенти Германии, России жана Кыргызстан (ОшМЮИ) катышкан эл

аралык жайкы мектепке СФУ алкагында катышып келишти. Биздин 3 студент 2017-ж. 17-23 апрелинде“Недели ШОС в

МГУ”чоң эл аралык деңгээлдеги жумалыкка катышып алдынкы орундарды ээлеп келишти. Мындай жумалык ар бир жылы

болуп турат.

Өз кезегинде эл арлык катнаштардын алкагында КазАТиСОнун 2 студенти обучались 2016-17-окуу жылында 3 жума бизде

окуп кетти.

ОшМЮИнин студенттери бир катар эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышып келишти. Мисалы:

1. 2016-ж. 23-24-апрелде аль Фараби атындагы КазУУ алкыганда өткөн Студенттердин эл аралык юридикалык

форумуна жана ОПК эл аралык илимий-пракутикалык конференциясына ОшМЮИден 5 студент профессордун м.а. С.Ж.

Тайлакованын жетекчилигинде катышып келген.

2. 2016-ж. 26-27-апрелде УрМЮУ өткөн “Эволюция Российского права” – аттуу эл аралык илимий-практикалык

конференцияга Э. Кадырбаев, И. Абдиев катышышкан

3. 2016-ж. 10-11-ноябрда УрМЮУ өткөн “Алексеевские чтения: учитель и ученики” – аттуу эл аралык илимий-

практикалык конференцияга профессордун м.а. Тайлакова катышкан.

4. 2016-ж. 24-25-ноябрда УрМЮУ өткөн “Правовая реформа в России” – аттуу эл аралык илимий-практикалык конферен-

цияга профессордун м.а. С.Ж. Тайлакова катышкан.

5. 2016-ж. 22-ноябрда ММУ “Кутахинские чтения. Обеспечение прав и свобод личности в современном мире”– аттуу

эл аралык илимий-практикалык конференцияга профессордун м.а. С.Ж. Тайлакова катышкан.

6. 2017-ж. 23-январдан 22-февралга чейин академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында биздин институттун

7 студенти жана окутуучубуз У. Бакиров КазЭСКА (КазАТиСО) атайын окуудан өтүп келишти;

7. 2017-ж.17-23 апрелинде “Неделя ШОС в МГУ” эл аралык студенттик конференцияга ОшМЮИден 3 студент: Жумаева

А., Зиядинова Г., Капмчыбекова Э. катышып келди. Биздин студент Жумаева Айдай (1СПр-15) аталган жумалыктын “Мыкты

доклады” номинациясы боюнча Дипломго ээ болгон;

8. 2016-17-окуу жылдын акырында ОшМЮИнин Б.Э. Курбаналиева, А.А. Жумаева, У.Д. Саипов, Н.А. Абатов, Г.М.

Зиядинова, Н.Б. Бегалиева сыяктуу 6 студенти “Россия юристтер ассоциациясынын” Тамбов чөлкөмдүк бөлүмүнөн

Page 19: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

"Мамлекеттин теориясы жана тарыхы боюнча V Бүткүл Россиялык студенттик Олимпиаданын” биринчи тандоо

турунан өтүшүп, каржылык шартка байланыштуу олимпиадага катыша албай калышты.

Ар жыл сайын окуу жайда түрдүү эл аралык илимий-практикалык жана теориялык иш-чаралар өткөрүлөт: тегерек столдор,

семинарлар, бет ачарлар, чет элден келген ар кыл делегациялар менен жолугушуулар, чет элдик профессорлордун лекциялары

ж.б.у.с.

ОшМЮИнин Д. Садиева жеткетеген «Юридикалык клиниканын» демилгеси мененОш шаарынын прокуратурасынын

атайын прокурору М. Зундуев жана ЮСАИД координатору Корри Джонсон менен биздин студенттер үчүн атайын 2 лекция

уюштурулган.

МАГИСТАРТУРА ЖАНА АСПИРАНТУРА БӨЛ/МДӨР/ ТУУРАЛУУ

2015-16-окуу жылынын башында ОшМЮИнин алдында «Магистратура» бөлүмү ачылып, ага алгачкы

22 магистрант 2 академтайпада 2 магистрдик программада кабыл алынып, учурда билимин улантышкан.

1-магистрдик программа «Мамлекеттик укуктук ишмердүүлүк»;

2-магистрдик программа «Кылмыш-жаза процесси, сот бийлиги, прокуратура жана адвокатура».

2017-18-окуу жылынын бирнчи жарымында магистранттардын биринчи 10 бүтүрүүчүлөрү, бештен эки магистрдик

программа боюнча окуусун аяктады. Алар тууралуу баяндама үстүбүздөгү окуу жылда толугураак баяндалат.

Алдын ала айтып коелу, 2017-18-окуу жылында биз 3 адистик боюнча аккредитациядан өттүк, алардын бири

«магистратура» болду. Эми биз магистратура бөлүмүнө кайрадан магистранттарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк алдык.

ОшМЮИнин «магистратура» бөлүмүн ОшМЮИнин професорунун м.а. С.Ж. Тайлакова жетектейт.

Тилекке каршы, мурда белгилүү болгондой бизде 2015-2017-окуу жылдары бир нече жолу мурдагы аспирантура бөлүмүн

жандандырууга тынымсыз аракеттер болгон. Бирок, 2015-16-17окуу жылында бул аракет толук ишке ашпай калды. Ошентсе

да биз ОшМЮИнин алкагында аспирантура бөлүмүн жандандыруу боюнча КР ББИМ илимий бөлүмүнө кайра-кайра уруксат

алуу маселеси менен кайрылуудабыз.

Иш арасында биз мурдагы буйруктун негизинде, мурда окуп, кийин окуусун уланта албай калган аспиранттарды кайрадан

тикелеп, илгери үмүт менен бир нече аспиранттарды жаңыдан кабыл алганбыз. Натыйжада 2016-17-окуу жылында

ОшМЮИнин алдындагы аспирантурасынын сырттан окуу бөлүмүндө 15 аспирант окуду.

Бир эмес, бир нече жолу КР ББИМ түздөн-түз кайрылып жатып, түштүктөгү жалгыз адистешкен юридикалык окуу жжайга

аспирантура бөлүмүн ачуу зарыл экендигин баса көрсөтүп жатып, акыры ийгиликке жетиштик. 2017-жылдын сентябр

айындагы министрликтин коллегиясында бизде аспирантура бөлүмүн ачуу маселеси коюлуп, оң жагынан чечилди

жана ББИМ 2017-18-окуу жылына 15 орун берген.

Page 20: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

Эми биз, 2017-18-окуу жылынан баштап КР ББИМ 29-сентябрдагы №1244/1 буйругуна ылайык ОшМЮИнин алдындагы

аспирантура бөлүмүн кайрадан толугу менен жандандырууга укук алдык. Аталган буйрукка ылайык биз төмөнкү адистиктер

боюнча аспиранттарды даярдай алабыз:

1. 12.00.08 - Кылмыш жаза укугу жана криминология, кылмыш жаза аткаруу укугу;

2. 12.00.09 - кылмыш процесси; криминалистика; ыкчам издөө ишмердүүлүгү;

3. 12.00.11 - Сот бийлиги, прокурордук көзөмөл, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу;

Алдын ала айта берели, үстүбүздөгү окуу жылга 17 аспирантты сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алдык. Алар тууралуу толук

маалыматтар кийинки окуу жылдын отчетунда айтылат.

Ошондой эле талапка ылайык ОшМЮИнин алдында КР ЖАК тааный турган, юриспруденция тармагы боюнча аспиранттарга

кандидаттык минимумдарды өзүбүздө тапшырууга уруксат берүүнү да суранып жатабыз. Анткени буга чейин ОшМЮИнин

кандидаттык минимдумарды кабыл алуу боюнча укугу болгон эмес. Биз болочок адисти калыптандырууга, илимий потенциалын жогорулатууга, жаш адистерге илимий-изилдөө иштерине

тиешелүү шарттарды түзүү, институт тарабынан ар тараптуу жардамдарды көрсөтүү иретинде ОшМЮинин аспирантурасы

жандандыруу максатында «ОшМЮИнин аспирантурасы тууралуу Жобосун» иштеп чыгып, бекитип, бүгүнкү күндө өз

ишмердүүлүгүн улантууда.

Максаттарга жараша биз кандидаттык минимумдардын окуу программаларын да даярдап койдук. Өзүңүздөргө маалым

болгондой КР Өкмөтүнүн №542 токтомуна ылайык «юриспруденция» тармагынын баардык адистиктери боюнча илимий

даражага талапкелер (темасы жана иликтөөлөрү 2015-ж. 30 августуна чейин бекитилгендерден башкасы) милдеттүү түрдө

аспирантураны окуп, бүтүрүүсү абзел. Демек, бул багытта да тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ошентип аспирантурабыз да толук кандуу иштей баштады. Бүгүнкү күнгө ОшМЮИнин аспирантура бөлүмүн т.и.к.,

доценттин м.а. А.Т. Акматова жетектейт.

2016-17-жж. ИЛИМИЙ НААМДАРГА СУНУШТОО, КР ӨКМӨТ/Н/Н АЛДЫНДАГЫ ЖАК ИЛИМИЙ

ТЕМАЛАРДЫН РЕЕСТРЛЕРИН СУНУШТОО ТУУРАЛУУ.

Отчеттук мезгилде биз КР ЖАК менен да тиешелүү иштерди алып бардык. ОшМЮИде баардык шарттар - мамлекеттик

аттестациялык комиссиянын лицензиясы, сапаттуу ОПК, тиешелүү илимий изилдөө база, илимий лабораториялар, КР(С)У

менен биргеликтеги 3 шифр менен кандидаттык, доктордук илимий даража алуу үчүн Атайын Кеңеш түзүлгөндүгүн,

магистратура түзүлгөнүн, жыл сайын ЖАК талабына ылайык рецензияланган журналдарга биздин ОПК илимий макалалары

жарык көрөөрүн эске алуу менен КР ЖАК төрагасы А. Мавляновго бир нече жолу төмөнкү маселелер менен кайрылып, кээ

бирлерин биздин пайдага чечүүгө аракет кылдык:

Page 21: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

1. ОшМЮИ доценттик, профессордук наамга сунуштоо укугун алууга;

2. кандидаттык минимумдарды кабыл алууга укук берилген жогорку окуу жайлардын катарына кошууга;

3. Юридикалык жана коомдук илимдер боюнча ЖАК сунуштаган жетектөөчү жана оппонент болуучу уюмдардын

катарына киригизүүгө;

4. ОшМЮИнин алдында аспирантураны кайра жандандырууга жана кандидаттык минимумдарды кабыл алууга

уруксат берүүгө;

5. Бир катар юридикалык илимдин кандидаттарына илимий жетекчи болууга укук берүүгө;

6. Юридикалык эмес багыттардагы диссертациялык темаларды да биздин институттка бекитип берүүгө;

7. ОшМЮИде бекитилген диссертациялык иштердин реестрин – темаларын бекитип берүү үчүн бир нече жолу

кайрылдык.

Ректораттын иш аракекттеринин натыйжасында КР ЖАК азырынча доценттик, профессордук наамга сунуштоо укугун

берди. Калган маселелер боюнча биздин аракеттерге ЖАК алгылыктуу жооп берген жок, т.а. ар түрдүү шылтоолор менен

уруксат бериле элек. Эң өкүнүчтүүсү ОшМЮИде бекитилген диссертациялык иштердин реестрин – темаларын бекитип

бербей, ар кандай шылтоолор менен бизге бөгөт коюп жатканын баса белгилөө абзел. Белгилей кетчү жагдай, бир дагы

юридикалык эмес багыттагы илимдер боюнча темаларды биздин институттун Окумуштуулар Кеңешинен бекитилишине

уруксат берилген жок.

Биз жаңы келген Жогорку аттестациялык комиссиянын жетекчилиги аталган маселелерди ар тараптуу карап, туура чечип

берет деген үмүттөбүз.

ОшМЮИнинИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ЛАБОРАТОРИЯЛАРЫ.

Отчеттук мезгилде, 2016-17-окуу жылында,ОшМЮИнин алкагындагы илимий-изилдөө борборлору жандандырылып, өз

иштерин алып барууда. Көрсөтүлгөн окуу жылында ОшМЮИнин алкагында 3 ИИЛ иштеди:

1. «ОшМЮИнин соттук экспертизалар боюнча илимий-изилдөө лабораториясы», жетекчиси химия илимдеринин

кандидаты, доцент А.Э. Исмаилов.

2. «ОшМЮИнин юриспруденция боюнча илимий-изилдөө лабораториясы», жетекчиси ректор, профессор Э.С.

Токторов.

3. «ОшМЮИнин гуманитардык илимдер боюнча илимий-изилдөө лабораториясы», жетекчиситарых илимдеринин

доктору,профессор Б.К. Абытов.

Ар бир илимий-изилдөө лабораториясынын Жоболору, жетекчилери жана курамы бекитилген.

Page 22: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

Ошентип, азыркы учурда ОшМЮИнин базасында КР ЖАК талаптарына ылайык илимий-изилдөөчү лабораториялар

түзүлүп, алардын өз дараметтерине жараша ишмердүүлүгүн улантууда. Мындай кадамдар ОшМЮИнин илимий дараметин

жогорулатууга зор салымын кошоору шексиз.

Эмки максат ошол лабораториялардын иштерин активдештирүү, натыйжалуу иш алып барууларын уюштуруу жана алдыга

коюлган максаттарды аткаруу милдет милдет.

ЖЫЛДЫК БАЯНДАМА КЕЗИНДЕГИ ИЛИМИЙ ИШТЕР ЖААТЫНДАГЫ КЭЭ БИР М/Ч/Л/ШТ/КТӨР:

• факультеттердин жандуу, натыйжалуу иш берип жаткан илимий иштеринин темалары, аныкталган багыттары дагы

эле так эмес. Бир да декан факультеттин илимий ишинин темасы тууралуу кам көрүп, аракет кылбай келе жатышат.

Тилекке каршы бир дагы декан өзүнүн факультетинин жалпы илимий темасы тууралуу кабардар эмес, билишпейт.

Классикалык түшүнүктөгү деканат окуу, тарбия иштери менен катар илимий иштерди да алып кетүүсү милдет эле, тилекке

каршы бизде андай болбой жатат.

• дагы эле кээ бир фундаменталдык кафедралар илимий изилдөө иштерине тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай, же өтө

солгун мамиле кылып келишүүдө, айрыкча «юриспруденция» жаатынын фундаменталдык кафедралары.

• ОшМЮИнин көптөгөн окутуучулары дагы эле илимий иштерине көңүл бурбай келишүүдө. Өзүңүздөр баамдагандай жыл

бою ОПК 50 жакын адамын бир дагы илимий макала жазган эмес жана бир дагы, конференцияга катышкан эмес. Кээ бир

окутуучуларыбыз 10-15 жыл мурда жазган илимий эмгектерин дагы эле бетке кармап жүрүшөт. Тилекке каршы окуу

департаменти, окуу иштери боюнча проректор жаңы окуу жылдын башталышында, сааттарды бөлүштүрүүдө, конкрустук

шайлоолордо мындай жагдайды, мүчүлүштүктөрдү эске албай келе жатат. Натыйжада жылда эле илимий ишти такыр

аткарбаган же тиешелүү деңгээлде көнүл бурбаган окутуучулар иш ордунда калып келе жатат. Ошондуктан мындай

абалдар кийинки аттестацияларда, штаттык кыскартууларда эске алынуусу милдет.

• чындыгында бир катар кафедраларда илимий иштер формалдуу болуп, тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат.

Көптөгөн кафедра башчылары, окутуучулар өз кафедраларынын илимий темаларын, негизги багыттарын билбейт. Мындай

абал бизге кафедралар тарабынан берилген илимий темалар кафедрада кенен талкууланып, ал багытта тийиштүү иштер

жүрбөй жаткандыгынан кабар берет.

• студенттерди илимий иштерге тартуу дээрлик жокко эсе, көбүнчө формалдуу түрдө болууда. Быйылкы жылы

магистрантардын жана студенттердин илимий иштери бир аз жанданды, бирок алар жетишсиз.

• ОшМЮИнин ОПК сырт жактардагы жана эл аралык илимий-практикалык конференцияларга өтө аз катышып

жатат. Чынында саналуу гана 3-5 адам институттун туусун сырт жакта көтөрүп жүрөт, калгандары ал тууралуу кам

санабайт. Демек бул багытта да ишти жандандыруу абзел.

Page 23: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

• институттка илимий гранттарды, чет өлкөлүк долбоорлорду тартуу дээрлик жок. Бул багытка барыбыз жапа

тырмак киришибиз милдет. Ар бир окутуучу сырттан гранттарды, долбоорлорду алып келгенге же тең укукта катышканга

аракет кылуубуз абзел.

БИЗДИН СУНУШТАР:

Баардык факультететр, кафедралар, ОПК тегиз киришип, ОшМЮИнин илимий дараметин мындан да жогорулатууга аракет

кылуубуз милдет. Ал үчүн биз төмөнкүлөрдү сунуш кылабыз:

► ар бир деканат, ар бир кафедра жана окутуучу өз илимий иштерин тиешелүү деңгээлде алып кетүүсү, коюлган

максаттарга жетүүсү милдет;

► кафедралар илимий иштерге формалдуу эмес, натыйжалуу, алгылыктуу иш алып баруулары зарыл;

► ОшМЮИнин ОПК эл аралык илимий практикалык конференцияларга катышуусун жандандыруу милдет. Алар жана

РИНЦке кирген журналдарга чыккан макалалар, ар бир окутуучунун илимий дараметинин баллдарын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт;

► жаңыдан ачылган «аспирантуранын» ишин жандандырып, аспиранттардын илимий иштерине баарыбыз көмөк

кылуубуз абзел;

► ОшМЮИнин «магистратурасын» кайрадан жандандыруу менен, ага жаңы магистранттарды, айрыкча өзүбүздүн

«бакавлаврдын» бүтүрүүчүлөрүн кабыл алууну уюштуруу милдет;

►кайрадан жандандырылган «Соттук-экспертизалар боюнча илимий-изилдөө лабораториясынын», жаңыдан түзүлгөн

««ОшМЮИнин юриспруденция боюнча илимий-изилдөө лабораториясынын», «ОшМЮИнин гуманитардык илимдер

боюнча илимий-изилдөө лабораториясынын» иштерин талапка ылайык жолго кою жана иш аракеттерин жандандыруу

милдет;

► ОшМЮИнин алдындагы «Юридикалык клиниканы» (жетекчиси Д. Садиева – ЮСАИД и америкалык юристтер

ассоциациясы менен биргелешкен долбоор), сырттан келген гранттрадын эсебинен иш алып баруусуна өбөлгө түзүү;

► студенттердин илимий иштерин, илимий-практикалык талкууларын, дискуссияларын жана дебаттарын жандандыруу,

андай иштерди чөлкөмдүк, республикалык жана эл аралык деңгээлге алып чыгууга өбөлгөлөрдү түзүү;

Page 24: 2016-2017- -2017-oshgui.kg/resurs/document/PDF-20180303131859-21232.pdfилимдер 15 21 2 Маматов А.М. Алибаев А. Абдылдаева А.М. Арыков А

► ар бир деканатта, ошол факультеттерге караган кафедралардын жана факультеттин жалпы илимий иштерин көзөмөлгө

алуу, факультеттердин студенттерин илимий иштерге тартуу максатында декандардын илимий иштер боюнча орун

басарларын кайрадан калыптандыруу керек.

► ОшМЮИнин илимий дараметин дагы жогорулатуу максатында студенттер, магистранттар, аспиранттар курамында

болгон «Жаш окумуштуулар кеңешин» же «Жаш окумуштуулар ордосун» түзүү максатка ылайык.

► ОшМЮИнин жана юридикалык клиниканын базасында «Юристердин эл аралык жайкы мектебин уюштуруу» сунуш

кылынат.

ОшМЮИнин Окумуштуулар Кеңеши «2016-17-окуу жылынын илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча

жылдык баяндаманы» угуп токтом кылат:

1. Илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректор, т.и.д., профессор Б.К. Абытовдун баяндамасы эске

алынып, канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Юриспруденция боюнча кафедраларга илимий иштерди жандандыруу милдеттендирилсин.

3. «Магистратуранын», «аспирантуранын» илимий изилдөө иштерин жандандыруу милдеттендирилсин (жооптуулар

С.Ж.Тайлакова, А.Т. Акматова).

4. Илимий иштерге такыр көңүл бурбаган окутуучуларга тиешелүү чаралар көрүлсүн, алардын илимий иштерге

аралашуусун камсыз кылуу ар бир кафедра башчысына жана деканга милдеттердирилсин. Ваканттык кызмат орундарына

уюшулган конкурстарда жана саат бөлүштүрүүдө илимий иштерге көңүл бурулсун (кафедра башчылары, декандар).

5. Аталган иш чараларды көзөмөлдөө ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору,

профессор Б.К. Абытовго милдеттендирилсин.